Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 19-февралы ПЖ № 31
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 "Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 "Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жободо:
- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:
"221. Кыргыз Республикасында пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кайра уюштурулгандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган айыл өкмөтүнүн башчылары пилоттук мезгилде кошумча конкурстук жол-жоболорду өтпөстөн квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда арызы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-февралындагы № 14 (3567) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |