Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 521 Жарлыгына) |
Шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321, 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173, 2023-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 241, 2024-жылдын 19-февралындагы ПЖ № 31 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине (мындан ары - муниципалдык резерв) талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартибин аныктайт.
2. Муниципалдык резерв - шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.
3. Муниципалдык резервди түзүүнүн максаты - шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын бош кызмат орундарына кыйла квалификациялуу жана келечектүү башкаруучу кадрларды өз убагында дайындоо.
2. Муниципалдык резервди түзүү жана анын иштөө тартиби
4. Муниципалдык резервге төмөнкү адамдардын ичинен тандоо жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын улуттук кадрлар резервинде (мындан ары - Улуттук резерв) тургандардын;
- квалификациялык талаптарга шайкеш келген Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын.
5. Чет мамлекеттин жарандыгы бар жана шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын бош кызмат орундарына дайындоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тиешелүү талаптарга шайкеш келбеген адамдар муниципалдык резервге талапкер боло албайт.
6. Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин (алардын орун басарларынын) кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык резервге киргизүүгө конкурс өткөрүү үчүн конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт, анын сандык жана жеке курамын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчиси бекитет.
7. Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин (алардын орун басарларынын) кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык резервге тандоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси, комиссиянын төрагасы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директору;
- мамлекеттик кызматтын же муниципалдык кызматтын ардагери;
- жарандык коомдун же эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча эки адамдан көп эмес);
- ыйгарым укуктуу органдын өкүлү, комиссиянын катчысы.
8. Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна дайындоо үчүн муниципалдык резервге киргизүүгө конкурс ыйгарым укуктуу орган тарабынан жарыяланат жана өткөрүлөт.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү комиссия тарабынан аныкталат жана конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун текстинде көрсөтүлөт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Райондук маанидеги шаардын мэринин (анын орун басарларынын) жана айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн муниципалдык резервге киргизүүгө конкурс өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен Кыргыз Республикасынын ар бир облусунда комиссия түзүлөт.
10. Райондук маанидеги шаардын мэринин (анын орун басарларынын) жана айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн муниципалдык резервге тандоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- ыйгарым укуктуу органдын директорунун орун басары же болбосо ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси, комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин өкүлү;
- мамлекеттик кызматтын же муниципалдык кызматтын ардагери;
- жарандык коомдун же эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча эки адамдан көп эмес);
- ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери (комиссиянын катчысы).
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Райондук маанидеги шаардын мэринин (анын орун басарынын) жана айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн муниципалдык резервге киргизүүгө конкурс ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмү тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын көмөктөшүүсү менен жарыяланат жана өткөрүлөт.
12. Ыйгарым укуктуу орган муниципалдык резервге конкурс өткөрүү жөнүндө тиешелүү акт чыккандан кийин эки жумуш күндүн ичинде бул маалыматты өзүнүн ведомстволук веб-сайтына жайгаштырат.
13. Конкурска катышууга каалоосун билдирген адамдар кулактандырууда көрсөтүлгөн дарек боюнча комиссиянын төрагасынын атына арызды жана документтерди берет.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
- жеке арыз;
- конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууга тиркелген форма боюнча резюме;
- негизги жана/же кошумча билимин тастыктаган документтердин нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
14. Ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын көмөк көрсөтүүсүндө:
- документтерди кабыл алат;
- Улуттук резервде турган адамдарды кошпогондо, конкурстун катышуучуларын тестирлөөдөн өткөрүүнү уюштурат;
- документтерди кабыл алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (талапкердин соттуулугун бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн) жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (иштеген мезгилдери жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн), анын ичинде ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суроо-талаптарды жиберет. Суроо-талаптардын жыйынтыктары талапкердин өздүк ишине тиркелет.
15. Ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмү берилген документтерди карап чыгат жана белгиленген талаптарга ылайык келген талапкерлерди тестирлөөгө, ал эми Улуттук резервде турган адамдар үчүн аңгемелешүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талаш учурлар боюнча документтер конкурстук комиссия тарабынан каралат, ал талапкерлерге уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Улуттук резервде турбаган, муниципалдык резервге конкурстук тандоого катышууга каалоосун билдирген адамдар ыйгарым укуктуу органда компьютердик тестирлөөдөн өтөт.
Компьютердик тестирлөөнүн этаптары төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) жалпы мыйзамдарды билүү;
2) талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо.
Мыйзамдарды билүүсүн компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө баллдын жалпы санынан 60%дан төмөн эмес балл алган талапкерлер, талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөө этабына жиберилет.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарды аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдө босоголук барьер белгиленбейт.
Тесттик тапшырмалардын саны, тесттик тапшырмаларга киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Тестирлөөнүн жыйынтыктары протокол менен таризделет жана комиссиянын катчысына берилет.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарды аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет.
17. Аңгемелешүү комиссия тарабынан өткөрүлөт.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия талапкерди муниципалдык резервге киргизүүгө сунуштоо же болбосо анын талапкерлигин четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын ар бир мүчөсү талапкерди муниципалдык резервге киргизүүгө сунуштоо боюнча "макул" же "каршы" деп гана добуш берет.
Комиссиянын чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Талапкер добуштардын бирдей санын алган учурда, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Талапкер муниципалдык резервге киргизүү үчүн сунушталбаган учурда, ал жалпы негиздерде муниципалдык резервге кирүү үчүн кийинки конкурстук тандоого катышууга укуктуу.
Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын курамынын жарымынан кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча жыйналыш аралыктан (онлайн режиминде) өткөрүлүшү мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321, 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
18. Муниципалдык резервге киргизүүгө конкурстук тандоонун жыйынтыктары протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коет.
Муниципалдык резерв түзүлүүчү форма ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
Конкурстук комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
19. Муниципалдык резервдин курамы жана түзүмү комиссиянын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет жана ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтына жайгаштырылат.
20. Муниципалдык резервди түзүү жана анын иштөөсү боюнча ушул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер ыйгарым укуктуу орган тарабынан мыйзамдарга жана ушул Жобого каршы келбеген бөлүгүндө аныкталат.
21. Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери муниципалдык резервде турган адамдардын арасынан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.
Райондук маанидеги шаарлардын мэрлери муниципалдык резервде турган адамдардын арасынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан дайындалат.
Республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басары) муниципалдык резервде турган адамдардын арасынан мэр тарабынан өз алдынча дайындалат.
Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан муниципалдык резервде турбаган жана мыйзамдарда каралган квалификациялык талаптарга шайкеш келген адамдар дайындалышы мүмкүн, алар кийин дайындалган күндөн тартып 3 айдын ичинде белгиленген тартипте муниципалдык резервге киргизилет.
22. Айыл өкмөттөрүнүн башчылары муниципалдык резервде турган адамдардын арасынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан дайындалат.
221. Кыргыз Республикасында пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кайра уюштурулгандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган айыл өкмөтүнүн башчылары пилоттук мезгилде кошумча конкурстук жол-жоболорду өтпөстөн квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда арызы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет.
(КР Президентинин 2024-жылдын 19-февралындагы ПЖ № 31 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Муниципалдык резервден чыгаруунун тартиби
23. Резервдеги адамдын муниципалдык резервде туруу мөөнөтү ал муниципалдык резервге киргизилген күндөн тартып үч жылды түзөт.
Муниципалдык резервде турган адам төмөнкү учурларда анын курамынан белгиленген мөөнөткө чейин чыгарылат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылганда;
- соттун айыптоочу өкүмү менен муниципалдык кызматчы катары иштөөгө же муниципалдык кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынганда;
- белгиленген талаптарга ылайык келбөө фактысы аныкталганда же билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматтар берилгенде;
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана/же ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда атайын текшерүүдөн өтпөгөндүгү жөнүндө маалыматтарды алуу;
- дайындоо үчүн региондук жана муниципалдык кадрлардын резервдери түзүлүүчү бош кызмат орундарынын ичинен каалаганын ээлөө;
- жеке арызын бергенде;
- адам каза болгон учурда.
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321, 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173, 2023-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 241 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
24. Муниципалдык резервдин курамынан чыгаруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен таризделет.
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тиешелүү буйругу ушул Жобонун 23-пунктунда каралган негиздерди ырастаган документтер же маалыматтар ыйгарым укуктуу органга келип түшкөн датадан тартып беш жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алынат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 241 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
25. Муниципалдык резервден чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.