Загрузка документа…
|
|
|
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 400 токтомуна) |
Органикалык өндүрүшкө сертификаттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Колдонуу чөйрөсү
1. Бул Жобо "Органикалык өндүрүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасында органикалык өндүрүштү ыктыярдуу сертификаттоонун жалпы принциптерин аныктайт.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) ички контролдоо системасы - сапатын камсыз кылуунун документтештирилген системасынын бөлүгү болуп саналган органикалык өндүрүш тобунун ички сапат системасы;
2) ыктыярдуу сертификаттоо (мындан ары - сертификаттоо) - шайкештикти ырастоочу форма, анын жүрүшүндө сертификаттоо боюнча орган органикалык өндүрүш, жүгүртүү жана маркалоо, органикалык өндүрүмдүн шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү талаптарга органикалык өндүрүш жана/же органикалык өндүрүм шайкеш келерин документ менен ырастайт;
3) булгануу - органикалык өндүрүмдүн же өндүрүштүн булганышы, же болбосо органикалык сертификаттоо үчүн өндүрүмдүн жараксыздыгына алып келген, негизинен микробдук же химиялык калдыктар менен байланышкан кандай болбосун материалдар менен байланышы;
4) арыз ээси - органикалык шайкештик сертификатын алуу үчүн сертификаттоо боюнча органга арыз менен кайрылган юридикалык же жеке жак;
5) түзөтүүчү иш-чаралар - бузуунун же шайкеш эместиктин себебин жоюу боюнча иш-аракеттер;
6) органикалык өндүрүш планы - органикалык өндүрүштүн бардык аспекттерине тийиштүү жазуу жүзүндөгү пландарды камтыган, органикалык өндүрүштүн оператору же органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу жана сертификаттоо боюнча орган менен макулдашылган органикалык өндүрүштү башкаруу планы;
7) текшерүү - органикалык өндүрүштүн операторунун же операторлор тобунун өндүрүштүк ишинин органикалык өндүрүштүн эрежелерине жана сертификаттоо талаптарына ылайык келишин текшерүү үчүн сертификаттоо боюнча органдын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн объектке баруусу;
8) жол-жоболоштуруу документтери - сертификаттоо боюнча орган жүргүзгөн процесстердин ырааттуулугу жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер;
9) бөлөк өндүрүү - өндүрүштүн же өндүрүштүк бирдиктин бир бөлүгү гана органикалык өндүрүш үчүн арналган кырдаал, участоктун калган бөлүгү органикалык эмес өндүрүш үчүн колдонулушу же органикалык өндүрүшкө өтүү процессинде болушу мүмкүн.
3-глава. Жалпы жоболор
3. Органикалык өндүрүштү сертификаттоо ыктыярдуу мүнөздө болот жана органикалык өндүрүштүн жана органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнүн эрежелерине жана стандарттарына шайкештиги үчүн жүргүзүлөт.
4. Органикалык өндүрүштү сертификаттоо улуттук аккредитация системасында аккредитацияланган органикалык өндүрүштү сертификаттоо боюнча органдар тарабынан жүргүзүлөт.
5. Өндүрүштүн бардык этаптарында (өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, таңгактоо, маркалоо, ташуу процесстери) органикалык өндүрүмдү өндүрүү процесстери органикалык өндүрүштү текшерүү, талдоо жана баалоо объекттери болуп саналат.
6. Өндүрүмдүн шайкештигин тастыктоо үчүн сыноолор аккредитацияланган сыноо лабораториялары (борборлору) тарабынан жүргүзүлөт.
7. Органикалык өндүрүш сертификаттары электрондук басып чыгаруучу түзүүштү колдонуу менен гана, мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделет.
8. Органикалык өндүрүш сертификаты төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) арыз ээсинин аталышын, дарегин, идентификациялык кодун жана байланыш маалыматтарын;
2) органикалык өндүрүмдү өндүрүүчүнүн (органикалык өндүрүштүн операторунун же операторлор тобунун) аталышын, дарегин, идентификациялык кодун жана байланыш маалыматтарын;
3) сертификаттоо боюнча органдын аталышын, дарегин, идентификациялык кодун;
4) органикалык өндүрүштүн категорияларын - өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы жана/же органикалык өндүрүмдү жүгүртүү (импорттоо, жүгүртүүгө чыгаруу ж.б.);
5) сертификаттын күчүнө кирген датасын жана категориялар боюнча жарактуулук мөөнөтүн;
6) датасын жана сертификатты берген сертификаттоо боюнча органдын жетекчисинин колтамгасын;
7) органикалык өндүрүш сертификатталган стандарттын аталышын;
8) шайкештик сертификатын берүүгө негиз болгон документтерди.
9. Сертификаттын күчү жайылтылууга тийиш болгон сертификатталган органикалык өндүрүш өндүрүмүнүн тизмеги органикалык шайкештик сертификатынын өзүндө же анын тиркемесинде көрсөтүлөт. Өндүрүмдөрдүн тизмеги өндүрүмдүн аталышын, идентификациялык коддорун, санын (товардын, өндүрүмдүн партиясын) жана жеткирүү датасын камтыйт.
10. Сертификаттын тиркемесинде ошондой эле параллель өндүрүү/кайра иштетүү (органикалык эмес өндүрүштүн болушу) жөнүндө маалымат чагылдырылат.
11. Органикалык шайкештик сертификатынын жарактуулук мөөнөтү үч жыл.
12. Арыз ээсинин аталышы, органикалык өндүрүштүн аталышы, анын юридикалык жана иш жүзүндөгү жайгашкан жеринин дареги, ошондой эле органикалык өндүрүш боюнча иш жүргүзгөн жеринин дареги (даректери) жана өндүрүмдүн аталышы мамлекеттик же расмий тилде же латын алфавитинин тамгаларын колдонуу менен көрсөтүлөт.
13. Органикалык шайкештик сертификатын чет тилинде тариздөөгө арыз ээсинин расмий кайрылуусу жана мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделген органикалык шайкештик сертификаты болгон же стандарттардын талаптары болгон учурда жол берилет.
14. Сертификаттоо боюнча органдар өз ишин төмөнкүлөр камтылган менеджмент системасынын негизинде жүзөгө ашырышат:
1) ISO/IEC 17065 стандартына ылайык сапат боюнча көрсөтмө жана документтештирилген иш жол-жоболору;
2) сертификаттоо боюнча органдын финансылык, техникалык жана адам ресурстарынын сыпатталышы;
3) сертификаттоо боюнча органдын персоналынын, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын, жоопкерчиликтерин жана отчеттуулуктарын бөлүштүрүү;
4) сертификаттоо жөнүндө чечим кабыл алуу процессинин ар бир этабы үчүн отчеттуулуктун жана көзөмөлдүн бекитилген жол-жоболору;
5) ар жылдык окутуу (потенциалды жогорулатуу) жана персоналды баалоо программасы;
6) тобокелдиктерди талдоого, баалоого жана башкарууга негизделген мониторинг жана сапатты контролдоо системасынын жол-жоболору;
7) сертификаттоо боюнча органдын логотибин жана сертификаттоо ыкмаларын колдонууга карата талаптарды, тыюу салууларды же чектөөлөрдү камтыган арыз ээлеринин укуктарынын жана милдеттеринин сыпаттамасы;
8) даттанууларды жана аппелияцияларды кароонун тартиби;
9) арыз ээлеринен алынуучу баалардын бекитилген прейскуранты;
10) органикалык өндүрүмгө сыноо жана талдоо жүргүзүү үчүн аккредитадияланган лабораториялар менен контракттар;
11) органикалык өндүрүмгө жана өндүрүшкө талаптарды белгилеген сертификаттоо боюнча органдын аккредитациялоо чөйрөсүнө кирген стандарттар.
4-глава. Сертификаттоо жүргүзүү тартиби
15. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү сертификаттоо процесси төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) сертификаттоо жүргүзүүгө арыздарды кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүү;
2) арыз ээси тарабынан зарыл документтерди берүү жана аларга сертификаттоо боюнча орган тарабынан талдоо жүргүзүү;
3) баалардын прейскурантын жана сертификаттоо боюнча жалпы нарк эсебин берүү;
4) сертификаттоо иштерин жүргүзүү келишимине кол коюу;
5) өндүрүштү, органикалык өндүрүштүн планын, ички контролдоо системасын талдоо жана баалоо (органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу үчүн);
6) органикалык өндүрүштүн талаптарына шайкеш эместиктер аныкталганда түзөтүү иш-чараларын жүргүзүү;
7) сыноо жүргүзүү үчүн өндүрүмдү тандоо;
8) арыз ээси түзөтүү иш-чараларынын планын аткаруусунун натыйжалары жөнүндө маалымат;
9) сертификаттоонун натыйжалары жөнүндө маалымат;
10) сертификат берүү же берүүдөн баш тартуу;
11) сертификатты тариздөө, каттоо жана арыз ээсине маркалоо укугун берүү;
12) органикалык өндүрүмдү өндүрүү, жүгүртүү жана маркалоо эрежелеринин жана стандарттарынын талаптарынын сакталышын контролдоо (пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү);
13) органикалык өндүрүштүн операторлорунун же операторлор тобунун органикалык өндүрүш эрежелерин жана стандарттарын сактоосуна контроль жүргүзүү.
16. Сертификаттоо боюнча органды арыз ээси өз алдынча тандайт. Органикалык шайкештикти тастыктоо арыз ээсинин демилгеси боюнча арыз ээси менен сертификаттоо боюнча органдын ортосундагы келишимдин шарттарында жүргүзүлөт. Органикалык өндүрүштүн шайкештигин тастыктоо стандарттарга жана келишимдин шарттарына шайкеш келүүнү белгилөө үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн.
17. Арыз ээсинин сертификаттоо боюнча органды тандоосу жана сертификаттоо боюнча органга органикалык өндүрүштү жана/же өндүрүмдү сертификаттоо жөнүндө арыз берүүсү сертификаттоо ишин баштоо үчүн негиз болуп саналат.
18. Органикалык өндүрүштү жана/же органикалык өндүрүмдү сертификаттоого арыз органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча берилет.
19. Сертификаттоо боюнча органга сертификаттоо иштерин жүргүзүүгө арыз берүүдө арыз ээси төмөнкү маалыматтарды камтыган документтерди берет, мында берилүүчү документтер "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы жана/же "Tunduk" мобилдик тиркемеси аркылуу алынышы мүмкүн:
1) арыз ээсинин жалпы мүнөздөмөсү: юридикалык жак үчүн - толук аталышы, жайгашкан жеринин дареги, идентификациялык коду же жеке жак үчүн - аты-жөнү, жашаган жери, салык төлөөчүнүн эсептик картасынын каттоо номери;
2) арыз ээсинин иши жөнүндө жалпы маалымат: мындай иш-аракеттер пландаштырылган жерлер жөнүндө маалымат: жердин аянты, жайгашкан жери;
3) органикалык өндүрүш жана/же органикалык өндүрүмдү жүгүртүү пландаштырылган өндүрүштүк бөлүмдөрдүн даректери;
4) иштин түрү - органикалык өндүрүштүн белгилүү чөйрөсүндө (өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы ж.б.) өндүрүү жана/же органикалык өндүрүмдү жүгүртүү (импорттоо, жүгүртүүгө чыгаруу ж.б.);
5) өндүрүш аймагында булгануунун потенциалдуу булактары жөнүндө маалымат (бир нече өндүрүштүк бөлүм болгондо - ар бир өндүрүштүк бөлүм боюнча);
6) өтүнмө мурда берилген сертификаттоо боюнча башка органдар жөнүндө маалыматтар, анын натыйжалары, эгерде шайкеш эместиктер табылса, көрүлгөн түзөтүү чараларынын сыпаттамасы;
7) арыз ээсинин сертификаттоо эрежелерин аткарууга жана сертификаттоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон кандай болбосун маалыматты берүүгө макулдугу жөнүндө арыз;
8) байланыш маалыматы (телефон номери, почта дареги, электрондук почта дареги).
20. Сертификаттоо боюнча орган арызды каттайт, арыз ээсине белгиленген тартипте бекитилген баалардын прейскурантын берет жана бир жумуш күндүн ичинде арызда берилген документтердин бар экендигин жана аныктыгын текшерет. Зарыл болгон учурда сертификаттоо боюнча орган арыз ээсине жетишпеген материалдарды берүү зарылдыгы жөнүндө кабарлайт.
21. Сертификаттоо боюнча орган төмөнкүлөрдүн негизинде сертификаттоо жүргүзүү мүмкүндүгүн аныктоо үчүн арыздарды карайт:
1) көрсөтүлгөн сертификаттоо чөйрөсүнүн (стандарттар);
2) сертификаттоо боюнча органда болгон ресурстардын;
3) арыз ээсинин жайгашкан жеринин жана каалагандай башка талаптарынын (мисалы, мөөнөтү, эмгек акы төлөө принциби, жумушчу тили);
4) арыз ээсинин өндүрүш аймагында булгануунун потенциалдуу булактарынын болушу/жоктугу.
22. Эгерде арыз ээси талап кылынган жетишпеген документтерди, маалыматтарды бербесе же сертификаттоо боюнча органдын сертификаттоону жүргүзүү үчүн жетиштүү ресурстары жок болсо, сертификаттоого арыз четке кагылышы мүмкүн. Мында сертификаттоо боюнча орган арыз ээсине кабыл алынган чечимдин негиздемесин көрсөтүү менен арызды четке кагуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.
23. Арыз ээси өз каалоосу боюнча сертификаттоо боюнча башка органды тандоого укуктуу.
24. Арызды кабыл алуу жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда, сертификаттоо боюнча орган арыз ээсине сертификаттоо иштерин жүргүзүү келишимин түзүү сунушун жөнөтөт, анда арыз ээсинин да, сертификаттоо боюнча органдын да укуктары жана милдеттери, ошондой эле келишимдин тараптарынын сертификаттоо боюнча иштердин алкагындагы иш-аракеттери чагылдырылат.
25. Мында сертификаттоо боюнча орган сертификаттоо иштерин жүргүзүү келишимин түзгөнгө чейин арыз ээсине сертификаттоо иштеринин наркынын толук эсебин берет.
26. Эгерде арыз ээси иштердин наркына макул болбосо, сертификаттоо иштерин жүргүзүү келишимин түзүүдөн баш тартууга укуктуу.
27. Келишимге кол коюлгандан кийин сертификаттоо боюнча орган арыз ээсин сертификаттоо программасына жана жылдык текшерүү планына киргизет. Келишимде алгачкы текшерүүнүн жана андан кийинки ар жылдык пландуу текшерүүнүн мөөнөттөрү белгиленет.
28. Сертификаттоо боюнча орган органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ай сайын сертификаттоо программасына киргизилген жаңы органикалык өндүрүштүн операторлору же операторлорунун топтору жөнүндө маалымат жиберет жана аларды операторлордун (операторлордун топторунун) реестрине киргизүү үчүн өтүнмө берет.
5-глава. Органикалык өндүрүштү эсепке алуу жана документтештирүү
29. Органикалык өндүрүштүн операторлору жана операторлор тобу төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
1) органикалык өндүрүш планына ылайык өндүрүштүк операциялардын жана өндүрүш ресурстарынын эсебин;
2) органикалык өндүрүштө колдонулган бардык материалдардын келип чыгышын, мүнөзүн жана санын аныктоо үчүн зарыл болгон эсебин жана төмөнкү документалдык жазууларды:
- өндүрүмдүн мүнөзү жана саны жөнүндө маалымат, анын ичинде толук техникалык маалыматы бар өндүрүмдүн этикеткалары;
- органикалык өндүрүштө пайдаланылуучу компоненттердин, материалдардын датасы, түрү жана саны, аларды пайдалануунун себептери жана зарылдыгы;
- органикалык өндүрүш үчүн компоненттерди жана материалдарды жеткирүүчүлөр жөнүндө маалымат;
3) өндүрүмдү өндүрүүнү, даярдоону, сатып алууну, кабыл алууну жана сактоону эсепке алуу журналдарын жана башка жазууларды, жеткирилген товарлар/көрсөтүлгөн кызматтар үчүн транспорттук жана төлөм документтери;
4) өндүрүлгөн жана жүгүртүүгө чыгарылган өндүрүмдү эсебин.
30. Өндүрүмдү кайра иштетүүчү операторлор үчүн алардын отчету өндүрүштүк бирдикке жеткирилүүчү ингредиенттердин, кошумчалардын жана өндүрүштүк көмөкчү каражаттардын келип чыгышына, мүнөзүнө, санына жана кайра иштетилген өндүрүмдүн курамына тийиштүү маалыматты камтууга тийиш.
31. Документтик жазуулар, отчеттор органикалык өндүрүмдү алууда текшерүүнүн натыйжаларын жана сертификаттоо боюнча орган талап кылган каалагандай маалыматтарды камтыйт. Документалдык жазуулар, журналдар жана отчеттор 5 жылдан кем эмес сакталат.
6-глава. Органикалык өндүрүмдү импорттоодогу сертификаттоо жол-жобосу
32. Органикалык өндүрүм импорттолгон учурда органикалык өндүрүштүн оператору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган органикалык өндүрүмдүн шайкештигин тастыктоонун натыйжаларын таануу жол-жобосунан өтөт.
33. Чет өлкөлүк органикалык шайкештик сертификаттарын таануу жол-жоболорун жүргүзүү боюнча иштер аккредитацияланган сертификаттоо органдарына жүктөлөт.
34. Таануу үчүн документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Арыз ээси түп нуска тексттин котормосунун аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
35. Таануу жол-жобосун жүргүзүү үчүн аккредитацияланган сертификаттоо боюнча органды арыз ээси тандайт.
36. Органикалык өндүрүмдү ташып келүүчү органикалык өндүрүштүн оператору органикалык сертификатты таануу жол-жобосунан өтүү үчүн сертификаттоо боюнча органга арыз менен кайрылат жана ага төмөнкүлөрдү берет:
1) өндүрүмдүн шайкештигин тастыктоочу документтерди:
- шайкештик сертификаттары (аны берген аккредитацияланган сертификаттоо боюнча орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускасы же көчүрмөсү);
- аккредитацияланган ата мекендик же чет өлкөлүк сыноо лабораториялары тарабынан аткарылган сыноолордун протоколдору (өткөрүү мөөнөттөрүн эске алуу менен берген аккредитацияланган лаборатория тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускасы же көчүрмөсү);
2) ал пайдаланган кубаттуулуктардын тизмесин жана анын импорттоочу катары ишине тиешелүү маалыматтарды;
3) импорттолуучу органикалык өндүрүмдү биринчи жүк алуучуга өткөрүп бергенге чейин мындай өндүрүмдү сактоо үчүн пайдалануу пландаштырылган кубаттуулуктардын тизмесин;
4) биринчи жүк алуучунун аталышы жана дареги (юридикалык жак үчүн - толук аталышы, жайгашкан жери, идентификациялык коду же жеке жак үчүн - аты-жөнү, жашаган жери, салык төлөөчүнүн эсептик картасынын каттоо номери) жана анын кубаттуулугунун тизмеги (бар болсо);
5) импорттолгон өндүрүмдү сактоо үчүн колдонула турган жайлардын сыпаттамасы, ташууну уюштуруунун сыпаттамасы.
37. Органикалык өндүрүштүн операторлору жана жүк алуучулар органикалык өндүрүм товарынын импорттолуучу партиялары жөнүндө маалыматты сактоого жана өлкөгө импорттоло турган ар бир партия жөнүндө органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз убагында билдирүүгө милдеттүү.
38. Сертификаттоо боюнча орган:
1) өтүнмөнү кабыл алат, арыз ээсине Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган органикалык өндүрүмдүн шайкештигин тастыктоонун натыйжаларын таануу боюнча иштерге белгиленген тартипте бекитилген баалардын прейскурантын берет жана иштин бул түрүн жүргүзүү келишимине кол коёт;
2) берилген документтердин толуктугун жана аныктыгын текшерет жана зарыл болгон учурда жетишпеген материалдарды берүү зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине билдирет;
3) өндүрүмдүн органикалык өндүрүштүн эрежелеринин жана стандарттарынын талаптарына шайкештигин, аларды берүү жана колдонуу мөөнөттөрүн белгилөө бөлүгүндө берилген документтерге экспертиза жүргүзөт;
4) берилген документтерде көрсөтүлгөн партияга ылайык келүүсүн аныктоо максатында убактылуу сактоо кампасында жана/же арыз ээсинин (алуучунун) кампасында ташып келинген өндүрүмдүн партиясын кароодон өткөрөт.
39. Берилген документтерди талдоонун жана өндүрүмдү кароонун натыйжасы оң болгондо, сертификаттоо боюнча орган Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган органикалык өндүрүмдүн шайкештигин тастыктоонун жыйынтыктарын таануу жөнүндө чечим кабыл алат.
40. Сертификаттоо боюнча орган импорттоочунун органикалык шайкештик сертификатын каттайт.
41. Документтер топтому толук болбогондо же сертификаттоо боюнча орган айрым документтердин аныктыгынан күмөн санаса, арыз ээсине аккредитацияланган сыноо лабораториясында жөнөкөйлөтүлгөн сыноо программасы боюнча импорттолуучу өндүрүмдү сертификаттоо жол-жобосун жүргүзүү сунушталат.
42. Мында жөнөкөйлөтүлгөн сертификаттык сыноо программасы боюнча сертификаттоо жүргүзүү процедурасы Кыргыз Республикасы менен эквиваленттүүлүк жөнүндө макулдашуу түзгөн экспорттоочу өлкөнүн сертификаттоо органы тарабынан же эквиваленттүүлүк жөнүндө макулдашуусу жок, бирок органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таанылган өлкө тарабынан берилген сертификат менен коштолгон импорттолуучу органикалык өндүрүмгө карата гана жүргүзүлөт.
43. Жөнөкөйлөтүлгөн сертификаттык сыноо программасы боюнча сертификаттоо жүргүзүү процедурасы боюнча иштерди жүргүзүү мөөнөтү арыз кабыл алынгандан баштап арыз ээсине органикалык шайкештик сертификатын бергенге чейин, өндүрүмгө сыноо жүргүзүүгө кеткен убакытты эсепке албаганда органикалык өндүрүмдүн бардык түрлөрү үчүн эки жумуш күндөн ашпоого тийиш.
44. Тышкы кароодон өткөрүүдө жана сертификаттоо боюнча орган өндүрүмдүн белгиленген талаптарга шайкеш келбей калышына алып келиши мүмкүн болгон сактоо жана (же) ташуу шарттарын бузуунун ачык кесепеттерин аныктаганда, сертификаттоо боюнча орган аныкталган бузуулар таасир этиши мүмкүн болгон бардык көрсөткүчтөр боюнча сыноолорду жүргүзүүнү дайындоого укуктуу.
7-глава. Органикалык өндүрүштү топтук сертификаттоо
45. Топтук сертификаттоо органикалык өндүрүш жүргүзүүнүн окшош системалары жана географиялык жакындыгы бар органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобунун (мындан ары - топ) биргелешип сертификат алуусуна багытталат.
46. Бир айыл аймагынын же бир калктуу конуштун аймагында органикалык өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органикалык өндүрүштүн операторлору органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу катары сертификатталышы мүмкүн.
47. Топтук сертификаттоодо органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу бир бүтүн катары сертификатталат жана органикалык өндүрүштүн операторлорунун органикалык өндүрүштү өз алдынча сертификаттоого укугу жок.
48. Сертификаттоо максаттары үчүн сертификаттоо боюнча орган өндүрүштү талдайт жана баалайт, органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобунун ички контролдук системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жана текшерүү жүргүзөт.
49. Сертификаттоо боюнча органдар бүтүндөй топтун эсебин жүргүзөт, ошондой эле топко кирген ар бир оператор боюнча негизги маалыматтарды алат.
50. Органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобун сертификаттоого арызды кароонун тартиби органикалык өндүрүштүн өзүнчө оператору үчүн белгиленген сертификаттоо жөнүндө арызды кароонун жалпы тартибине окшош.
8-глава. Органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобуна талаптар
51. Топтун мүчөлөрү (операторлору) бири-бирине географиялык жактан жакын болууга тийиш болгон окшош өндүрүштү жүргүзүү системаларын колдонууга тийиш.
52. Органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу ички уюштуруу түзүмүн жана ички контролдоо системасын (сапатты) бекитүүсү керек, анын ичинде:
1) топтун бардык мүчөлөрүнүн (операторлорунун) жана алардын өндүрүшүнүн толук маалыматтарын;
2) органикалык өндүрүштүн эрежелерине жана стандарттарына ылайык ички стандарттарды;
3) органикалык өндүрүштүн жалпы планын (өндүрүш планы жана маркетинг планы);
4) ички контролдоо системасынын жетекчисинин ишинин ачыктыгын жана калыстыгын камсыз кылуу саясатын;
5) кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу жол-жобосун;
6) тобокелдиктерди талдоонун жана баалоонун негизинде топтун мүчөлөрүн (операторлорун) жыл сайын ички текшерүүнүн бекитилген документтештирилген жол-жобосуна негизделген ички контролдоо системасын;
7) органикалык өндүрүштүн мыйзамда белгиленген талаптарга, эрежелерге жана стандарттарга шайкештигин белгилөө үчүн топтун бардык мүчөлөрүнүн (операторлорунун) бардык ички текшерүүлөр боюнча документтерин жүргүзүүнү;
8) бүткүл өндүрүш чынжырында органикалык өндүрүмдүн сапатын камсыз кылуучу тобокелдиктерди башкаруунун документтештирилген жол-жоболорун, анын ичинде: органикалык өндүрүмдү өндүрүүнү, ташууну, сактоону, кайра иштетүүнү жана жүгүртүүгө чыгарууну (анын ичинде экспорт).
53. Органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу анын бардык мүчөлөрүнүн (операторлорунун) өндүрүшүнүн органикалык өндүрүштүн эрежелерине шайкеш келишин камсыз кылуу үчүн жалпы жоопкерчилик тартат.
54. Топтун бир мүчөсүнүн органикалык өндүрүштүн эрежелерине жана органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеши бүткүл органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобунун сертификаттоо статусун жоготууга алып келет.
55. Топтун айрым мүчөлөрү (операторлору) топтун сыртында жеке органикалык өндүрүштүн операторлору катары сертификаттоону жана сертификаттарды колдоно алышпайт.
9-глава. Органикалык өндүрүштү талдоо жана баалоо
56. Сертификаттоо боюнча иштердин келишиминде ошондой эле тараптар макулдашкан органикалык өндүрүштү текшерүүнүн планы, анын ичинде органикалык өндүрүштү текшерүү жүргүзүү мөөнөттөрү чагылдырылат.
57. Арыз ээси сертификаттоо боюнча органдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө документтерге жана өндүрүш объекттериндеги бардык жайларга эркин кирүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле текшерүү максаттары үчүн зарыл маалыматтарды берет.
58. Сертификаттоо боюнча орган органикалык өндүрүштүн текшерүү чөйрөсү жана объекттерине тиешелүү маалыматтарды, анын ичинде өндүрүштүк бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, органикалык өндүрүштүн процесстери жөнүндө маалыматтарды чогултат жана текшерет.
59. Шайкештикти баалоо боюнча бардык иш-чаралар өндүрүш процесстерин жакшы түшүнгөн жана өндүрүштүн органикалык өндүрүш эрежелеринин жана стандарттарынын талаптарын сактоо жөндөмдүүлүгүн же сакталышын көрсөтө алган өндүрүштүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда жүзөгө ашырылат, жеринде текшерүү алдын ала кабарлоосуз жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо.
60. Өндүрүштө тыюу салынган заттарды колдонууну текшерүү өндүрүмдүн компоненттеринин, өндүрүмдүн өзүнүн жана өндүрүмдүн кайра иштетилген үлгүлөрүн чогултуу жана талдоо жолу менен жүргүзүлөт.
61. Органикалык өндүрүштү талдоо жана баалоо төмөнкүлөргө карата жүргүзүлөт:
1) органикалык өндүрүш планынын болушу;
2) техникалык документтери;
3) персоналдын компетенттүүлүгү;
4) персоналдын потенциалын жогорулатуу жана окутуу программалары;
5) өндүрүштүн курамдык элементтерин кириш контролдоо системалары;
6) өндүрүштү контролдоо системалары;
7) ички текшерүүлөрдүн эсебин жүргүзүү;
8) өндүрүштүн жайгашкан жеринин картасы жана кадастрдык маалыматтар;
9) органикалык өндүрүмдү сактоо, таңгактоо, маркалоо.
62. Органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобунун өндүрүштүк бирдиктеринин шайкештигин текшерүү, ошондой эле төмөнкүлөрдү талдоону жана баалоону камтыйт:
1) топтун ички контролдоо системалары жана методдору;
2) ички документтерде төмөнкүлөрдүн болушу:
- топтун мүчөлөрүнүн (операторлордун) каттоосу жана толук тизмеси;
- топтун мүчөлөрү (операторлору) менен макулдашуу;
- ички текшерүүнүн протоколдору жана бардык операторлордун жана тобокелдиктерге ички баа берүүнүн сыпаттамалары;
3) операторлордун топтун ички контролдоо системасынын талаптарын сактоосу;
4) потенциалдуу тобокелдик факторлору;
5) мүчөлөрдү (операторлорду) топтун курамынан чыгаруу механизминин болушу.
63. Органикалык өндүрүштүн операторлорунун же органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобунун өндүрүштүк пландары төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) органикалык өндүрүшкө же кайра иштетүүгө өтүүгө тийиш болгон өндүрүш бирдиктеринин, жер участокторунун, анын ичинде алардын кадастрдык номеринин, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, жаныбарлардын же чектеш аймактарда өстүрүлгөн өндүрүмдүн сыпаттамасы;
2) кайра иштетилүүчү же органикалык катары өндүрүлө турган өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын же өндүрүмдүн сыпаттамасы;
3) мал чарбачылыгында - мал чарба курулуштарын, жайыт жерлерин, ачык аянттарды, кык сактоочу жерлерди, кык чачуу планын, мал чарба азыктарын жана тоюттарды сактоо, таңгактоо жана кайра иштетүү үчүн жайлардын толук сыпаттамасы;
4) балчылыкта - уюктардын жайгашуусу жана белгилениши менен тиешелүү масштабдагы карта жана алардын кыймылынын планы, эгерде алар бар болсо, зарыл учурда колдонулууга тийиш болгон фармакологиялык заттар жана алып салуу мөөнөттөрү менен башкаруу методикасы;
5) өндүрүштүн жана жүгүртүүнүн башка тармактарында - ишкана органикалык өндүрүмдү өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү жүзөгө ашырууну пландаштырган бардык объекттердин даректери жана сыпаттамасы;
6) кайра иштетилген өндүрүмдү сертификаттоо үчүн - сапаттын ички системасынын сыпаттамасын жана өзүн өзү контролдоо, жыштык жана ырастоо ыкмаларын камтыган органикалык жүгүртүү жана кайра иштетүү планы;
7) тыюу салынган заттар менен булгануу коркунучун болтурбоо боюнча көрүлүүчү алдын алуучу иш-чаралар, органикалык жана органикалык эмес өндүрүмдүн физикалык байланышын же аралашуусун болтурбоо үчүн түзүлгөн физикалык тоскоолдуктар жана сактоочу жайларда жана органикалык өндүрүштүн бүткүл чынжырында көрүлүүчү тазалоо чаралары;
8) алардын курамын, булагын, пайдаланылышын жана коммерциялык жеткиликтүүлүгүн көрсөтүү менен пайдаланылган ресурстардын тизмеси;
9) эсепке алуу системасынын сыпаттамасы;
10) өндүрүштүн жылдык планы (өндүрүш планы жана маркетинг планы);
11) сертификаттоо боюнча орган сураган ар кандай кошумча маалымат.
64. Өндүрүштү талдоо жана баалоо актысы негиздүү чечимдин кабыл алынышын камсыз кылуучу баалоо боюнча кыска жана түшүнүктүү жазуу болуп саналат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) сертификаттоо боюнча орган, өндүрүштүн абалына талдоо жана баалоо жүргүзгөн жак (жактар) жөнүндө маалыматтар;
2) өндүрүштү жана өндүрүмдү сертификаттоого арыз берүүчү жөнүндө маалымат;
3) өндүрүштүн абалына талдоо жана баалоо жүргүзүлө турган жердин дареги (даректери);
4) сертификатталуучу өндүрүмдүн жөнүндө, анын ичинде аны идентификациялоону камсыз кылуучу маалыматтар;
5) өндүрүштүн абалына талдоо жана баалоо жүргүзүү датасы;
6) өндүрүштүн абалына талдоо жана баалоо жүргүзүү үчүн негиз;
7) сертификатталуучу өндүрүшкө жана өндүрүмгө карата мыйзамдарда белгиленген талаптарды аткаруу боюнча өндүрүштү талдоонун жана баалоонун натыйжалары;
8) өндүрүштүн абалын талдоодо жана баалоодо белгиленген байкоолор жана күбөлүктөр (шайкештикти кыскача баяндаган жана ырастоочу фактылар менен шайкеш келбестиктерди кеңири баяндаган);
9) сертификаттоонун жүрүшүндө ырасталган талаптарга ылайык келүүчү өндүрүмдү чыгарууга өндүрүштүн жөндөмдүүлүгү (жөндөмсүздүгү) жөнүндө тыянактар келтирилген корутунду;
10) отчетко тиркемелердин тизмеси (бар болсо);
11) өндүрүштүн абалына баалоо жана талдоо жүргүзүүдө алынган башка маалыматтар.
65. Органикалык өндүрүштүн оператору же операторлорунун тобу органикалык жана органикалык эмес өндүрүшкө тиешелүү бир нече өндүрүштүк бирдиктерди башкарган учурларда, сертификаттоо органдары төмөнкүлөрдү текшерет:
1) өзүнчө жана параллелдүү органикалык жана органикалык эмес өндүрүштү жүргүзүүдө өнүмдүн органикалык тазалыгын коргоо боюнча документтерди жана чараларды;
2) айрым өндүрүштүк операцияларды башкаруу планын;
3) органикалык жана органикалык эмес өндүрүштү айырмалоо үчүн буфердик зоналарды;
4) параллелдүү өндүрүштө өндүрүштүн каалаган этабында органикалык өндүрүмдү идентификациялоо системаларын;
5) бардык этаптарда, анын ичинде техникалык каражаттарды жана жабдууларды пайдаланууда органикалык өндүрүштүн аралашуусуна жана булганышына жол бербөөчү талаа жана технологиялык операцияларды;
6) органикалык жана органикалык эмес өндүрүмдү өзүнчө кайра иштетүүнү камсыз кылган өндүрүмдү сактоочу жайларды;
7) сертификатталган жана сертификатталбаган өндүрүмдүн, ошондой эле башка органикалык жана органикалык эмес стандарттарга ылайык сертификатталган өндүрүмдөрдүн ортосундагы так ажыратууну камсыз кылуучу документтерди жана эсепке алууну.
66. Өндүрүштү талдоо жана баалоо актысына талдоо жүргүзгөн адам (адамдар) кол коет жана сертификаттоо жүргүзүүгө арыз берүүчүнүн (жетекчинин же анын өкүлүнүн) отчетто баяндалган материалдар менен таанышкандыгы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
67. Өндүрүштүн абалын талдоо жана баалоо актысында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- өндүрүштө аныкталган бузуулар жана шайкеш эместиктер;
- арыз ээси тарабынан түзөтүү иш-чараларынын планын иштеп чыгуу жана аныкталган бузууларды жана шайкеш эместиктерди жоюунун мөөнөттөрү;
- сертификаттоо боюнча органга аныкталган бузууларды жана шайкеш эместиктерди четтетүүнүн документтештирилген далилдерин берүүнүн мөөнөттөрү;
- арыз ээсинин түзөтүү иш-чараларынын планынын аткаруусун сертификаттоо боюнча орган тарабынан текшерүү ыкмасы.
68. Өндүрүштү талдоо жана баалоо актысы эки нускада түзүлөт: бири сертификаттоо боюнча органда калат, экинчиси сертификаттоо жүргүзүүгө арыз берген адамга берилет.
69. Арыз ээсинин өндүрүшүнүн органикалык өндүрүштүн белгиленген талаптарына шайкештиги/шайкеш эместиги жөнүндө чечим кабыл алуу критерийи болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өндүрүштө бузуулардын жана шайкеш эместиктердин жоктугу/болушу;
2) арыз эээси тарабынан макулдашылган же белгиленген мөөнөттө түзөтүүчү иш-чаралар планынын аткарылышы/аткарылбашы;
3) сертификаттоо боюнча орган тарабынан арыз ээсинин түзөтүүчү иш-чаралар планын аткаруусунун алгылыктуулугун жана натыйжалуулугун таануу/тааныбоо.
70. Өндүрүштөгү бузууларды жана шайкеш эместиктерди белгиленген мөөнөттүн алкагында четтетүү үчүн арыз ээси сертификаттоо боюнча органдын кароосуна жана бекитүүсүнө түзөтүү иш-чараларынын планын иштеп чыгууга жана сунуштоого милдеттүү.
71. Арыз ээси тарабынан түзөтүү иш-чараларынын планын аткаруунун жыйынтыгы боюнча сертификаттоо боюнча орган өндүрүштү талдоонун жана баалоонун натыйжалары жөнүндө чечим кабыл алат жана бул тууралуу арыз ээсине кабарлайт.
10-глава. Өндүрүмдү сыноодон өткөрүү жол-жобосу
72. Органикалык өндүрүштү талдоо жана баалоо процессинде же андан кийин сертификаттоо боюнча орган сыноо жүргүзүү үчүн органикалык өндүрүштүн үлгүлөрүн тандайт.
73. Сыноо үчүн органикалык өндүрүмдүн үлгүлөрүн тандоо, маркалоо, пломбалоо жана үлгүлөрдү алуу жол-жобосун документтештирүү сертификаттоо боюнча орган тарабынан өтүнмө ээсинин катышуусунда эки нускада үлгүлөрдү алуу актысын тариздөө менен жүргүзүлөт: актынын бир нускасы арыз ээсинде, экинчи нускасы сертификаттоо боюнча органда сакталат.
74. Сертификаттоо боюнча орган үлгүлөрдү аккредитациядан өткөн сыноо лабораториясына өткөрүп бергенге чейин үлгүлөрдү туура тандоо, алардын сакталышы, таңгактын коопсуздугу, ташуу шарттарынын сакталышы жана сыноолордун аныктыгына таасир этүүчү башка жол-жоболор үчүн жоопкерчилик тартат.
75. Тандалып алынган үлгүлөр органикалык өндүрүмдү сыноо жүргүзүү камтылган аккредитация жаатындагы ISO/IEC 17025 стандарты боюнча аккредитацияланган сыноо лабораториясына тапшырылышы керек.
76. Сыноолордун протоколдору үч нускада түзүлөт, анын экөө сертификаттоо боюнча органга берилүүгө тийиш - бир нускасы сертификаттоо боюнча органда сакталат, экинчиси башка документтер менен бирге арыз ээсине берилет.
77. Сыноолордун протоколдору сертификаттоо боюнча органда сертификаттын жарактуулук мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө сакталууга тийиш.
78. Сыноо лабораториясында протоколдорду сактоо мөөнөтү анын сапат системасынын ички жол-жоболору менен аныкталат.
11-глава. Сертификат берүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим
79. Органикалык шайкештик сертификатын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим органикалык өндүрүштү текшерүүнүн, талдоонун жана баалоонун, лабораториялык сыноолордун натыйжаларын жана түзөтүү иш-чараларынын планын ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча сертификаттоо боюнча орган тарабынан кабыл алынат.
80. Чечим оң болсо, сертификаттоо боюнча орган органикалык шайкештик сертификатын берет жана сертификатка каттоо номерин ыйгарат.
81 .Органикалык шайкештик сертификаты органикалык өндүрүштүн бир оператору же операторлор тобу чыгарган өндүрүмдүн тобуна таризделиши мүмкүн.
82. Мында сертификатка тиешелүү болгон конкреттүү өндүрүмдүн тизмесин камтыган тиркеме таризделет (зарыл болсо).
83. Сертификатты берүүдөн баш тартуу себептерин негиздөө менен жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Арыз ээсине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттануу укугу жөнүндө билдирилиши керек.
84.Топтук сертификаттоодо топтун мүчөлөрүнүн (операторлорунун) биринин өндүрүшү органикалык өндүрүштүн эрежелерине, органикалык өндүрүшкө белгиленген талаптарга шайкеш келбесе же контролдоо системасы органикалык өндүрүштүн эрежелерин сактоо жагынан натыйжасыз болуп саналса сертификаттоо боюнча орган органикалык өндүрүштүн тобун сертификаттоодон баш тартат.
85. Сертификаттоо боюнча орган органикалык өндүрүштү жана/же органикалык өндүрүмдү сертификаттоону ырастоочу документтерди жана материалдарды, сертификаттардын көчүрмөлөрүн жана сертификатты берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимдерди берилген күндөн тартып беш жыл бою сактайт.
86. Сертификаттын түп нускасы жоголгон учурда оператордун же органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобунун ыйгарым укуктуу адамы сертификаттын дубликатын берүү жөнүндө арыз менен сертификаттоо боюнча органга кайрылат.
87. Сертификаттоо боюнча орган арызды алган күндөн тартып, беш жумуш күндүн ичинде "дубликат" деген тиешелүү белгиси бар сертификаттын дубликатын берүүдөн баш тартуу же берүү жөнүндө чечим кабыл алат, бул жөнүндө беш жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирет.
88. Сертификаттын дубликатынын жарактуулук мөөнөтү сертификаттын түп нускасынын жарактуулук мөөнөтүнө туура келиши керек.
89. Ар бир сертификаттоо боюнча орган өзү тарабынан берилген шайкештик сертификаттарынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн эсепке алууну уюштурат.
90. Сертификаттоо боюнча органдын аккредитациялоо аттестатынын колдонулушу жокко чыгарылган учурда, ал тарабынан мурда берилген сертификаттар алар берилген мөөнөттүн чегинде, бирок аккредитациялоо боюнча орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук аккредитациялоо системасынын реестрине аккредитациялоо аттестатынын жарактуулугун жокко чыгаруу жөнүндө жазуу киргизилген датадан тартып эки жылдан ашык эмес мөөнөттө колдонулат.
12-глава. Органикалык өндүрүшкө мониторинг жүргүзүү
91. Органикалык шайкештик сертификатын берген сертификаттоо боюнча орган органикалык өндүрүштүн жана/же органикалык өндүрүмдүн шайкештигин мезгил-мезгили менен пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү, талдоолорду жана баалоону жүргүзөт.
92. Сертификаттоо боюнча органдар жылына бир жолудан кем эмес пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүшөт.
93. Пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн натыйжалары сертификаттоо боюнча орган тарабынан берилген органикалык шайкештик сертификатын тастыктоо, токтото туруу же жокко чыгаруу боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
94. Сертификаттоо боюнча орган органикалык өндүрүштүн операторлорунун же операторлор тобунун ишине пландан тышкаркы текшерүүлөрдү төмөнкүдөй негиздердин бири болгондо жүргүзөт:
1) пландуу текшерүүлөрдүн натыйжасында аныкталган органикалык өндүрүштүн эрежелерине жана стандарттарына шайкеш эместиктерди четтетүүнү текшерүү максатында;
2) органикалык өндүрүмдүн сапатына карата дооматтар жөнүндө даттануу/негизделген маалымат келип түшкөндө;
3) оператордун же органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобунун сертификаттоо боюнча органга пландан тышкары текшерүү жүргүзүү боюнча кайрылуусу;
4) органикалык өндүрүштүн оператору же операторлорунун тобу тарабынан бузуулар жөнүндө маалыматтар келип түшкөндө.
95. Органикалык өндүрүштүн операторуна же операторлор тобуна билдирүү менен сертификаттоо боюнча орган тарабынан жыл сайын пландуу текшерүүлөр жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы текшерүүлөр операторго же органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобуна билдирбестен жүргүзүлөт.
96. Текшерүүлөрдүн натыйжалары, корутундулар жана сунуштар акт түрүндө таризделет.
13-глава. Сертификаттоо чөйрөсүн кеңейтүү
97. Төмөнкүлөр көбөйгөн учурда сертификаттоо чөйрөсүн кеңейтүү жүргүзүлөт:
- органикалык өндүрүштүн оператору же органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу тарабынан өндүрүлгөн өндүрүмдүн номенклатурасы;
- органикалык өндүрүштүн операторунун же органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобунун өндүрүш аянттары.
98. Сертификаттоо чөйрөсүн кеңейтүүнү каалаган органикалык өндүрүштүн оператору же органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу сертификаттоо боюнча органга арыз жөнөтөт.
99. Сертификаттоо боюнча орган кошумча өндүрүш аянтчасын жана/же кошумча өндүрүмдү өндүрүү шарттарын текшерет жана баалайт.
100. Текшерүүнүн жана баалоонун натыйжалары оң болсо, органикалык өндүрүштүн операторуна же органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобуна сертификаттоонун кеңейтилген чөйрөсүнүн сыпаттамасын камтыган жаңы сертификат же органикалык өндүрүштүн кеңейтилген чөйрөсүнө кошумча сертификат берилет.
101. Жаңы сертификат берилгенде мурунку сертификат жокко чыгарылып, сертификаттоо боюнча органга кайтарылып берилиши керек. Органикалык өндүрүштүн кеңейтилген чөйрөсүнө кошумча сертификат берүүдө мурунку сертификат жокко чыгарылбайт.
102. Мында жаңы же кошумча сертификаттын жарактуулук мөөнөтү биринчи сертификатта көрсөтүлгөндөй эле болот.
14-глава. Сертификаттын колдонулушун токтото туруу же жокко чыгаруу
103. Сертификаттоо боюнча орган тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө органикалык өндүрүштүн оператору же операторлорунун тобу органикалык өндүрүштүн жана органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнүн эрежелеринин жана стандарттарынын талаптарын сактабаганы аныкталган учурда сертификаттын колдонулушун токтотот.
104. Сертификаттоо боюнча орган жана органикалык өндүрүштүн оператору (операторлор тобу) бузууларды оңдоонун мөөнөтүн макулдашат жана белгилешет.
105. Эгерде органикалык өндүрүштүн оператору же операторлорунун тобу сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, сертификаттоо боюнча орган сертификаттын колдонулушун токтотот.
106. Сертификатты жокко чыгаруу сертификаттоо боюнча орган тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт, эгерде:
1) органикалык өндүрүштүн оператору же операторлорунун тобу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды жойбосо;
2) органикалык өндүрүштүн оператору же операторлорунун тобу органикалык сертификат жайылтылган өндүрүштү жана/же өндүрүмдү өндүрүүнү жоюуга же токтотууга байланыштуу сертификатты кармоочунун аталышынын өзгөрүшүнөн улам сертификаттын жарактуулугун жокко чыгаруу жөнүндө суроо-талап жөнөтсө.
107. Органикалык өндүрүштүн операторунун же операторлор тобунун органикалык шайкештик сертификатынын колдонулушун убактылуу токтоткон же жокко чыгарган сертификаттоо боюнча орган бул жөнүндө органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт.
108. Органикалык өндүрүштүн операторунун же операторлор тобунун аталышы же дареги өзгөргөн учурда, алардын өндүрүштүк бирдиктеринин жайгашкан жерин өзгөртпөстөн, жокко чыгарылган сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн сактоо менен жаңы сертификат берилет.
15-глава. Органикалык өндүрүмдү маркалоо
109. Өндүрүмдү органикалык деп маркалоо укугу органикалык шайкештик сертификатын берүү менен бир убакта келип чыгат жана сертификаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин сакталат.
110. Органикалык өндүрүмдү маркалоону өндүрүмдүн таңгагында, идиштеринде, жарнакта жана ар кандай документтерде колдонууга жол берилет.
111. Органикалык өндүрүмдү маркалоо "органикалык", "биологиялык", "экологиялык" терминдерин же ушундай эле маанидеги башка сөздөрдү жана алардын "орг", "био", "эко" деген сөздөр түрүндө кыскартууларын камтууга тийиш.
112. Органикалык өндүрүмдү маркалоо бир түстө (ар кандай түстө) жана өндүрүмдүн фону менен карама-каршы, ачык, окула турган жана көзгө көрүнүктүү болушу керек.
16-глава. Маалыматтын купуялуулугу
113. Сертификаттоо боюнча орган сертификаттоо процессинде бардык деңгээлдерде алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.