Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2006-жылдын 3-апрели № 219
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызматына тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575, 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335, 2024-жылдын 22-февралындагы № 75 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик өрткө каршы кызматын реформалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 24-августундагы № 271 Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөту токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 75 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. "Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтому менен бекитилген Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, финансы полициясы органдарынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацындагы "жарандык коргонуу" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик өрткө каршы кызмат органдарында" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын ИИМинин, Кыргыз Республикасынын ӨКМинин кесиптик өрткө каршы күзөтүндө өрттүн алдын алууга жана өчүрүүгө байланышкан кызмат орундарындагы иштөө убактысы.";
2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"2003-жылдын 1-октябрына чейин ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарынан анык аскер кызматына аныкталган мамлекеттик өрткө каршы кызматтын аскер кызматындагы аскер кызматчыларына "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясынын "а" пунктчасына ылайык аларга пенсия дайындоодо иштеген жылдарына беш жылдык мөөнөттүн чегинде бир окуу жылы алты ай кызмат өтөөгө барабар эсеби боюнча циклдердин санына же аскердик даярдык бөлүмдөрүнө карабастан жарандык жогорку окуу жайларындагы же орто окуу жайларындагы окуу мезгили кошумча кошулат (бирок 17 жаштан эрте эмес).";
- 3-пункттун "г" пунктчасынын он жетинчи абзацы:
"жазык-аткаруу системасынын," деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик өрткө каршы кызматынын" деген сөздөр менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункттун "г" пунктчасынын жыйырма сегизинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-пунктта:
биринчи абзац "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын башкы башкармалыгынын" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац "жазык-аткаруу системасынын," жана "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги," деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө "Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын" жана "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын;
- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызматы мамлекеттик өрткө каршы кызматтын подразделениелеринин жана аппараттарынын аскер кызматчыларына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата.";
- 22-пункт "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине" деген сөздөр менен толукталсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- айыл жеринде чарбалар аралык өрткө каршы командаларды уюштуруу жөнүндө" Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1988-жылдын 9-июнундагы № 215 токтому;
- "Эл чарба объектилеринен өзгөрүп туруучу төлөмдү алардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн алуу тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 2-июлундагы № 326 токтому;
- "Кыргызстан Республикасында өрт коопсуздугунун ролун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 16-июлундагы № 339 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик салык инспекциясынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан аткарылуучу жумуштарга жана кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 28-июнундагы № 359 токтомунун 2-пункту жана № 4 тиркемеси.
9. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри |
| Ф.Кулов |