Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы N 118 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-февралы № 61
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 16-пунктта:
2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү, анын ичинде курулуш тармагынын катышуучулары менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу;";
- 18-пунктунун 4-6-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) инвесторлордон финансылык каражаттарды тартуу үчүн шарттардын жагымдуулугун жогорулатуу үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар кандай механизмдерди, анын ичинде курулуш тармагынын катышуучулары менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну колдонуу менен андан ары турак жай курулушу жүргүзүлө турган жер участокторун МИКке берет, мында инвестициялык конкурстун шарттары МИКтин сайтына ачык жарыяланат;
5) Программаны каржылоонун кошумча булактарын тартуу үчүн МИКтин акционеринин/Директорлор кеңешинин чечими менен МИКтин турак жай фондунун бир бөлүгү тикелей сатуу методу менен сатылат. Биринчилик турак жайды тикелей сатууда турак жайды кайра сатууга 3 (үч) жылга чейинки мөөнөткө чектөө коюлат, экинчилик турак жайды тикелей сатууда кайра сатууга чектөөлөр коюлбайт. МИКтин акционеринин/Директорлор кеңешинин чечими менен белгиленүүчү тикелей сатуунун шарттары МИКтин сайтына жайгаштырылат;
6) курулуш тармагынын катышуучулары менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу курулуш жүргүзүүдө жаңы турак жайды куруу же эски турак жайды реконструкциялоо үчүн жеке сектордун инвестицияларын тартуу каралган. Механизмдин маңызы инвестициялык макулдашууга ылайык курулуш объектин куруу, эксплуатациялоо жана жеке өнөктөш (инвестор) тарабынан МИКке өткөрүп берүү болуп саналат. Инвестициялык макулдашуунун шарттары МИКтин сайтына жарыяланууга тийиш.";
- 19, 27-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) инвестициялык каражаттарды берүүдө эл аралык донорлордун өзгөчөлүгүн жана шарттарын эске алып, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын чектелүү экендигин көңүлгө алуу менен ушул Программанын алкагында турак жайды каржылоонун үч негизги багыты аныкталат: "Социалдык ипотека", "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека". "Социалдык ипотека" жана "Жеңилдетилген ипотека" багыттары боюнча негизинен "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" турак жайды каржылоо механизмин ишке ашыруу пландалууда. "Арзан ипотека" багыты боюнча турак жай каржылоонун ар кандай механизмдери аркылуу турак жайды каржылоо жеткиликтүү болот.";
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. "Турак жайды үлүштүк куруу" долбоору:
1) мамлекеттик бюджетке жүктөмдү азайтуу жана калкты кеңири масштабда камтууну камсыз кылуу максатында үлүштүк курулуш механизми аркылуу көп кабаттуу турак жайды куруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан баштапкы төгүмдү МИКке берүүнү караган турак жайды каржылоо механизми ишке ашырылат;
2) МИК турак жайды үлүштүк курулуш аркылуу турак жай курууга катышуу үчүн курулуш компанияларга ачык аккредитациялоону жүргүзөт;
3) турак жай каржылоонун бул механизми республиканын бардык жарандары, анын ичинде өлкөнүн чегинен сырткары эмгек иши менен алектенген жарандар үчүн жеткиликтүү болот.";
- 22-пунктта:
8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) бул Программанын катышуучуларын турак жай менен ыкчам камсыз кылуу максатында МИК турак жайды сатып алат, анын ичинде курулуш этабында сатып алат;";
9-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) бул Программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон турак жай фондун системалаштыруу максатында ушул Программанын катышуучуларынын турак жай куруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар, МИК, банктар жана турак жай чөйрөсүнүн башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу электрондук сервис иштелип чыгат жана ишке киргизилет.";
- 29-пункттун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мындан тышкары турак жай курууга жеке инвесторлордун финансылык каражаттары жеке сектордун инвестицияларын тартуу менен курулуш тармагынын катышуучулары менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, турак жай сертификаттары, фондулук инструменттер аркылуу тартылат.";
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Бул Программаны ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстар турак жай сатып алуунун же куруунун механизмдерин каржылоого багытталат.";
- 32-пунктта "финансы" деген сөз "коммерция" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын:
3) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 1-главанын 2-пунктунда:
12, 14-16, 18-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
17-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) турак жайды каржылоо - МИКтин өнөктөш банктары аркылуу ипотекалык кредит, кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай, ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо, каржылоонун жашыл принциптерин колдонуу менен лизинг жана турак жайга кредит берүү, турак үй курулушун үлүштүк каржылоо механизми сыяктуу турак үйдү сатып алуу же куруу механизмдеринин жыйындысы;";
- 2-главада:
3-пунктта "МИК-ТАКК ипотекалык кредити." деген сөздөр алып салынсын;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. "Арзан ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо төмөнкү тандоо критерийлерине ылайык келген жарандарга жеткиликтүү болот:
№ | Турак жайды каржылоо механизми | Жарандардын категориясы | Тандоо критерийлери |
1 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай жана башка механизмдер) | Эмгек иши менен алектенүү чөйрөсүнө карабастан жарандар | - курактык ценз Программага катышууга арыз берген учурда 21 (жыйырма бир) жаштан тартып пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна карата 70 (жетимиш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга карата акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйгө менчик укугун өткөрүп берүү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
";
5-пунктта:
"- акыркы 2 (эки) жыл ичинде катышуучунун никеси бузулган учурда катышуучунун мурунку жубайында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 2 (эки) жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйдүн жана турак үйгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу" сөздөр алып салынсын;
"28 (жыйырма сегиз)" деген сөздөр "35 (отуз беш)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктта:
3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ТАКС алкагында ТАКК аманатчыларынын алдында ушул Тартиптин критерийлерин эске албастан, Программанын турак жайды каржылоо механизмдерин колдонуу менен турак жай-аманат салымын ачуу жана кредит берүү жөнүндөгү башкы макулдашууда белгиленген милдеттенмелер аткарылат. ТАКК аманатчыларынын тизмеси жана турак жай менен камсыз кылуу шарттары МИКтин сайтына жарыяланат;";
төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:
"31) көп кабаттуу турак үйдү курууга баштапкы төгүмдү берүүнү караган үлүштүк курулуш - турак жайды каржылоо механизминин алкагында Программага катышууга ушул Тартиптин тандоо критерийлерин эске албастан Кыргыз Республикасынын жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары эмгек иши менен алектенген жарандарына уруксат берилет. Мында жарандар ушул Тартиптин 3-главасына ылайык МИКтин расмий веб-сайтында каттоодон өтүү менен Программага катышууга өтүнмөнү электрондук формада тапшырат;";
төмөнкүдөй мазмундагы 81 - 83-пунктчалары менен толукталсын:
"81) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон республиканын жарандарына тандоо критерийлерин жана Программанын катышуучуларынын тизмесин түзүү жол-жобосун эске албастан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын өзүнчө чечимдери менен турак жайды каржылоо берилиши, анын ичинде турак үйдү сатып алуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Турак жайды берүү жол-жобосу жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен жөнгө салынат;
82) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 672 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Координациялык кеңештин чечими менен министрликтер жана ведомстволор үчүн МИКтин турак жай фондундагы турак жай бирдиктеринин санынан 20%дан ашпаган өлчөмдө турак жайды каржылоону биринчи кезектеги тартипте алуу укугуна квота берилет;
83) МИКтин турак жай фондун түзүүгө катышкан министрликтерге жана ведомстволорго (курулушка катышуу, курулушту каржылоо же МИКтин балансына кыймылсыз мүлк объекттерин акысыз/акы төлөнүүчү негизде өткөрүп берүү) Программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүүнүн жол-жобосун эске албастан турак жайды ижарага биринчи кезекте алуу укугу берилет;";
- 3-главада:
расмий тилдеги 8-11-пункттардагы "и ЖСКК" деген сөздөр алып салынсын;
мамлекеттик тилдеги 8, 9, 11-пункттардагы "жана ТАККнын", "жана ТАККга" деген сөздөр алып салынсын;
13, 14-пункттардагы "МИК/ТАКК" деген сөздөр "МИК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
15-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-главада:
2-пункттун "Эскертүү" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Турак үйдү сатып алуу, эгерде жашаган жери боюнча калктуу конушта жер участогу бар болсо, этабы менен каржылоо механизмин пайдалануу менен турак үй (жеке турак жай) куруу.";
14-пункттун "Эскертүү" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өнөктөш банктын ички талаптарына ылайык жол-жоболор";
16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
16 | Ипотекалык кредитти камсыз кылуу (күрөө) | Ипотекалык кредитке сатып алынып жаткан турак үй. Ипотекалык кредиттин предметин (күрөөнү) алмаштырууга жол берилет. Курулуш мезгилиндеги жер участогу жана курулуштан кийин жеке турак үй. Курулуш мезгилинде үлүштүк курулуш келишиминин шарттарында курулуп жаткан турак жайга мүлктүк укук жана курулуштан кийин турак үй. Ипотекалык кепилдик - зарылдыгына жараша. Берилген ипотекалык кепилдикке барабар болгон ипотекалык кредиттин негизги суммасы төлөнгөн учурга чейин колдонулат |
";
- 6-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-глава. Үлүштүк турак жай курулушу аркылуу каржылоонун шарттары
№ | Ипотекалык кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Программанын катышуучусу (максаттуу топ) | Бардык жарандар, анын ичинде өлкөнүн чегинен сырткары жерлерде иштеген жарандар |
2 | Максаттуу багыты | Үлүштүк турак жай курулушун андан ары каржылоо үчүн баштапкы төлөмдү берүү |
3 | Ижара предмети | "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" үлүштүк каржылоо механизминин алкагында курулуп жаткан турак үйдөгү батир. Төлөө графигине жана ижара келишимине ылайык турак үйдүн наркы толук төлөнгөнгө чейин менчик укугу МИКке таандык |
4 | Ижара акысы жана баштапкы төлөм (жеке салым) | Ижаранын наркы жана баштапкы төлөмдүн өлчөмү каржылоо булактарын, курулуштун наркын эске алуу менен МИКтин өзүнчө чечими менен белгиленет. Баштапкы төлөм турак үйдүн наркынын 20%ынан тартып жана андан жогору. Турак үйдүн, ижара объектинин толук наркы берилген учурда ижара объекти Программанын катышуучусунун менчигине 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде өтөт |
5 | Валюта | Кыргыз сому |
6 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Комиссиялык жыйымдар МИКтин өзүнчө чечими менен белгиленет. Ар айлык ижара төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн комиссия өнөктөш банктын тарифтерине ылайык |
7 | Турак үйдү ижарага берүү боюнча шарттарды өзгөртүү | Эки айдын төлөмүнөн кем эмес өлчөмдөгү сумма төлөнгөн шартта ижаралык турак үйдү сатып алуу мөөнөтүн азайтууну эске алуу менен (ижарачынын каалоосу боюнча) |
|
| учурдагы график боюнча келечектеги төлөмдөрдүн эсебине ижара төлөмүн төлөө мүмкүндүгүнө жол берилет. Графикке ылайык ижара төлөмдөрүнүн суммасынын толук калдыгын төлөө жолу менен бүтүм жасалган учурдан тартып ижаралык турак үйдү мөөнөтүнөн мурда сатып алуу мүмкүндүгүнө жол берилет |
8 | Камсыздандыруу | Ижара объектин "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жыл сайын милдеттүү камсыздандыруу |
9 | Катышуучуларга мониторинг жүргүзүү | МИК ижара келишиминин шарттарына ылайык ижара объектинин максаттуу пайдаланылышына жана талаптагыдай күтүлүшүнө мониторинг жүргүзөт |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-глава менен толукталсын:
"7-глава. 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында болгон окуялардын натыйжасында жаракат алган жарандар үчүн "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" механизминин алкагында турак үй берүүнүн шарттары
№ | Параметрлер | Эскертүү |
1 | 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында болгон окуялардын натыйжасында жаракат алган жарандар үчүн тандоо критерийлери | - "Апрель элдик революциясынын Баатыры" деген атайын төш белги менен сыйлануу; - жашаган жери Бишкек шаарында же Бишкек шаарынан 100 (жүз) км чейинки радиуста; - 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында болгон окуялардын натыйжасында ден соолугуна оор зыян, анча оор эмес зыян жана жеңил зыян келтирилгендигин тиешелүү соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен ырастоо; - төлөө жөндөмдүүлүгү - акыркы 3 (үч) айдагы кирешесин ырастоо менен үй-бүлөнүн кирешеси ай сайын ижара акысы боюнча төлөмдү жабууга тийиш |
2 | Ижара мөөнөтү | Ижаранын максималдуу мөөнөтү - 25 (жыйырма беш) жылдан ашык эмес |
3 | Ижара боюнча пайыздык ставка | Жылдык 4 (төрт) % |
4 | Валюта | Кыргыз сому |
5 | Төлөө графигине жана ижара келишимине ылайык турак үйдүн наркы толук төлөнгөнгө чейин менчик укугу | Ижара келишимине ылайык турак үйдүн толук наркы толук төлөнгөнгө чейин турак үй МИКтин менчигинде болот |
6 | Менчик укугунун ижарачыга өтүү мөөнөтү | Төлөө мөөнөтү бүткөндө же турак үйдүн толук наркы мөөнөтүнөн мурда төлөнгөндө. Ижара объектин ижарачынын менчигине тариздөө мөөнөтү ижара келишиминин тиркемесине (төлөө графиги) ылайык акыркы сумма төлөнгөндөн кийин 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде |
7 | Ижара төлөмүнүн суммасы | Эсептөөлөр турак үйдүн 1 (бир) квадрат метринен алынат (Эсептөө методикасы ижара объектин камсыздандырууну, коммуналдык кызматтар жана ижара объектин талаптагыдай абалда күтүүгө кеткен чыгымдарды кошпогондо, батирдин наркынын бөлүгүнөн, ижара акысынан турат) |
8 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Башкаруу үчүн кандай болбосун комиссиялык жыйымдар жок, ай сайын ижара төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн комиссия - өнөктөш банктын тарифтерине ылайык |
9 | Ижара акысы жана баштапкы төлөм (жеке салым) | Ижаранын наркы жана баштапкы төлөмдүн өлчөмү каржылоо булактарын, курулуштун же даяр турак үйдү сатып алуунун наркын эске алуу менен МИКтин өзүнчө чечими менен белгиленет |
10 | Турак үйдү ижарага берүү боюнча шарттарды өзгөртүү | Эки айдын төлөмүнөн кем эмес өлчөмдөгү сумма төлөнгөн шартта ижаралык турак үйдү сатып алуу мөөнөтүн азайтууну эске алуу менен (ижарачынын каалоосу боюнча) учурдагы график боюнча келечектеги төлөмдөрдүн эсебине ижара төлөмүн төлөө мүмкүндүгүнө жол берилет. Графикке ылайык ижара төлөмдөрүнүн суммасынын толук калдыгын төлөө жолу менен бүтүм жасалган учурдан тартып ижаралык турак үйдү мөөнөтүнөн мурда сатып алуу мүмкүндүгүнө жол берилет |
11 | Камсыздандыруу | Ижара объектин "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жыл сайын милдеттүү камсыздандыруу |
12 | Катышуучуларга мониторинг жүргүзүү | МИК ижара келишиминин шарттарына ылайык ижара объектинин максаттуу пайдаланылышына жана талаптагыдай күтүлүшүнө мониторинг жүргүзөт |
13 | "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" механизминин алкагында турак үй алуу | Жаран жубайы менен биргеликте мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" механизми боюнча турак үй менен бир жолудан ашык эмес камсыз кылынат |
14 | Кепилдик берүүчүгө/гарантка коюлуучу талаптар | Эгерде жаран катталган никеде болсо, туруктуу кирешеси бар/жогуна карабастан анын жубайы да милдеттүү түрдө кепилдик берүүчү болуп калат |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-февралындагы № 15 (3568) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер/чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-глава. "Каржылоону кеңейтүү" долбоору | |||||
1 | Бюджеттик саясаттын алкагында бюджеттик каражаттарды жыл сайын бөлүп берүү | Программаны ишке ашырууга 5,5 млрд. сомдон кем эмес сумма каржыланды | 2021-2026-жылдар | ФМ, ЭКМ, МИК (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттары |
2 | Мамлекеттик турак жайды каржылоо секторуна бюджеттен тышкары финансы каражаттарын тартуу | 18,5 млрд. сомдон кем эмес суммада финансылык каражаттар тартылды | 2021-2026-жылдар | ЭКМ, ФМ, МИК (макулдашуу боюнча) | Эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары |
3 | МИКтин уставдык капиталынын деңгээлин активдердин 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө камсыз кылуу | МИКтин инвестициялык жагымдуулугу жогорулады | Дайыма | МИК (макулдашуу боюнча) | МИКтин каражаттары жана эл аралык донорлордун, инвесторлордун каражаттары |
2-глава. "Турак жай фондун көбөйтүү" долбоору | |||||
4 | Өлкөнүн бардык шаарларында жана калктуу конуштарында турак жай куруу үчүн селитебдик зоналарды уюштуруу | Өлкөнүн бардык шаарларында жана калктуу конуштарында турак жай куруу үчүн тиешелүү инфратүзүмү менен жер участоктору бөлүнүп берилди | 2021-2026-жылдар | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттары |
5 | Турак жай курулушун каржылоо | 740 миң кв.метрден кем эмес көлөмдө турак жайды сатып алуу жана курулушу каржыланды | 2021-2026-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги | МИКтин каражаттары, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары, республикалык бюджеттин каражаттары |
6 | Өлкөнүн калкынын турак жай менен камсыз болуусуна талдоо жүргүзүү | Турак жай менен камсыз болуу жөнүндө жылдык отчеттор даярдалды | 2021-2026-жылдар | Улутстатком (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин чегинде |
7 | Курулушта заманбап технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен турак жай долбоорлорун иштеп чыгуу | Арзан турак жай долбоорлору иштелип чыкты | 2021-2026-жылдар | Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин жана эл аралык донорлордун каражаттары |
3-глава. "Турак жайды каржылоо жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу" долбоору | |||||
8 | Бюджеттик кредиттерди трансформациялоо жана банк менен МИКтин маржасын азайтуу аркылуу мамлекеттик ипотекалык кредиттер, анын ичинде мурда берилген кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды төмөндөтүү | Мамлекеттик ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставка этабы менен жылына 4-6 пайыз деңгээлине чейин төмөндөдү | 2021-2026-жылдар | ЭКМ, ФМ, МИК (макулдашуу боюнча) | МИКтин каражаттары, эл аралык донорлордун каражаттары, республикалык бюджеттин каражаттары |
9 | Турак жайды каржылоо механизмдерин ишке ашыруу аркылуу калкты турак жай менен камсыз болуусун жогорулатуу | 15000 кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыздалды | 2021-2026-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча), ЭКМ, ФМ | МИКтин каражаттары, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары, республикалык бюджеттин каражаттары |
10 | Турак жайды каржылоонун исламдык принциптерин иштеп чыгуу жана киргизүү | Исламдык ипотекалык продукттары иштелип чыкты жана киргизилди | 2021-2022-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча), УБ (макулдашуу боюнча) | МИКтин каражаттары, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары |
11 | Турак жай программасынын катышуучуларына жана субъекттерине преференцияларды жана жеңилдиктерди берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү | Турак жай программасынын катышуучуларына жана субъекттерине турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу бөлүгүндө преференциялар жана жеңилдиктер берилди | 2022-2023-жылдар | ЭКМ, МИК (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин чегинде |
12 | Турак жайды кредиттөө чөйрөсүндө жашыл каржылоо принциптерин киргизүү | Жашыл ипотека долбоору ишке киргизилди | 2021-2026-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча), ЭКМ, ЖРЭТКМ | МИКтин каражаттары, эл аралык донорлордун жана фонддордун каражаттары |
13 | Турак жайдын курулушун үлүштүк каржылоо механизмин киргизүү | Турак жайдын курулушун үлүштүк каржылоо механизми ишке киргизилди | 2024-2026-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча) | МИКтин каражаттары |
4-глава. "Кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү" долбоору | |||||
14 | Санариптик технологияларды киргизүү аркылуу Программага катышуу үчүн арыз берүү жол-жоболорун өркүндөтүү | Скоррингди жакшыртуу максатында МИКтин электрондук порталы аркылуу маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу функциясы кеңейтилди | 2021-2026-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча), ЭКМ, СӨМ | МИКтин каражаттары, эл аралык донорлордун каражаттары |
15 | Мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууга карата сервистин деңгээли тууралуу макулдашууларды түзүү (SLA-келишим) | МИК менен мамлекеттик органдардын ортосундагы сервистин деңгээли тууралуу макулдашууга жетишилди | 2021-2022-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча), ЭКМ, СӨМ | МИКтин каражаттары |
16 | Турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында жарандар тарабынан сатып алынган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун электрондук формасын киргизүү | Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо процесстерин санариптештирүү жүзөгө ашырылды | 2022-2023-жылдар | СӨМ | Бекитилген бюджеттин чегинде |
17 | Программанын катышуучуларынын турак жай куруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар, МИК жана банктар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу электрондук сервисти киргизүү | Ушул Программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон турак жай фондун системалаштыруу үчүн электрондук сервис киргизилди | 2023-2026-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча) | Эл аралык донорлордун каражаттары |
Кыскартуулардын тизмеси:
МИК | - | "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому |
Мамкурулуш | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |