|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы N 455 токтомуна) |
Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жана убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген социалдык маанилүү товарларга (мындан ары - товарлар) бааларды колдонуу тартибин аныктайт.
2. Товарлардын өзгөчөлүгүнө жараша жөнгө салуу методдору төмөнкүлөр аркылуу колдонулат:
1) максималдуу же минималдуу бааларды (тарифтерди) белгилөө;
2) белгиленген бааларды (тарифтерди) белгилөө;
3) бааларга (тарифтерге) максималдуу же минималдуу соода үстөктөрүн белгилөө;
4) чарбакер субъекттер жана (же) мамлекеттик органдардын ортосунда макулдашууларды түзүү аркылуу бааларды (тарифтерди) белгилөө.
Максималдуу же минималдуу бааларды белгилөө сыяктуу жөнгө салуу методдорун колдонууда белгиленген баалар товарларга дүң жана чекене бааларды жөнгө салуу жүзөгө ашырылат.
Чарбакер субъекттер жана/же мамлекеттик органдардын ортосунда макулдашуу түзүү жолу менен бааларды (тарифтерди) белгилөө "Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Бул Тартипте "Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде аныкталган түшүнүктөр, ошондой эле төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
өндүрүүчү - социалдык маанилүү товарларды өндүргөн чарбакер субъект же жеке ишкер;
импорттоочу - социалдык маанилүү товарларды чет өлкөдөн сатып алган жана кийин сатуу үчүн аларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келген чарбакер субъект же жеке ишкер;
калькуляция - экономикалык негизделген бааларды аныктоо үчүн аны өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгашалардын беренелерин жана болжолдонгон пайданы чагылдырган товардын бирдигинин наркы;
ортомчу - максаты соода операцияларын жасоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдөн турган, өндүрүүчүнүн, импорттоочунун жана керектөөчүнүн ортосундагы товарды сатуу системасында чарбакер субъект же жеке ишкер;
товардык коштоочу документтер - товарлардын кыймылынын бардык жолдорунда товарлардын партиясын идентификациялоо үчүн зарыл жана жетиштүү маалыматты камтыган документтер.
4. Республикадагы жана региондордогу социалдык маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу мезгилинде чекене бааларга мониторингди жума сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жүргүзөт.
Мониторинг ошондой эле монополияга каршы орган тарабынан ушул Тартиптин сакталышы үчүн контролду жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлөт жана текшерүү болуп саналбайт.
Мониторинг социалдык маанилүү товарларга бааларды жөнгө салуунун натыйжалуулугун баалоо максатында соода объекттерден маалыматтарды туруктуу түрдө фото жана видео тартуу (жаздыруу) аркылуу чогултуу, социалдык маанилүү товарларды сатуу пункттарында түздөн-түз бааларды көрсөтүү менен актыларды түзүү аркылуу жүргүзүлөт.
Жалпыланган мониторинг монополияга каршы органга берилет.
2-глава. Максималдуу дүң жана/же чекене бааларды, бааларга минималдуу жана максималдуу үстөктү белгилөө үчүн документтерди (эсеп материалдарын) берүү тартиби жана чечимдерди кабыл алуу тартиби
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө Кыргыз Республикасынын баа түзүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, рыноктун катышуучулары тарабынан максималдуу дүң жана/же чекене бааларды, бааларга минималдуу жана максималдуу үстөктү аныктоо үчүн маалыматты (эсеп материалдарын) мамлекеттик монополияга каршы органга берет.
6. Максималдуу дүң жана/же чекене бааларды белгилөө үчүн өндүрүүчү, импорттоочу же ортомчу тарабынан бааларга максималдуу (минималдуу) дүң жана чекене үстөктү белгилөө үчүн дүң уюмдар жана чекене соода уюмдары тарабынан төмөнкү материалдар берилүүгө тийиш:
1) коштоочу кат (эркин формада);
2) бааларга мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенге чейинки квартал үчүн товарды сатуу көлөмү жөнүндө жана бааны мамлекеттик жөнгө салуу колдонулган мезгилде сатуунун күтүлүүчү көлөмү жөнүндө маалыматтар;
3) чыгымдардын беренелери боюнча чыгымдарды негиздеген товарды жана материалдарды өндүрүүнүн же жеткирүүнүн толук өздүк наркын эсептөө;
4) зарыл пайданын эсеби;
5) акыркы отчеттук мезгил (жыл) жана акыркы отчеттук дата үчүн статистикалык жана салыктык отчеттуулуктун тиркемелери менен бухгалтердик баланстын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
7. Жетекчинин жана башкы бухгалтердин колу коюлууга жана субъекттин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон эсептик материалдар 1 нускада, ошондой эле электрондук алып жүрүүчүлөрдө берилет.
8. Бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген социалдык маанилүү товарларга дүң бааларды жана/же чекене бааларды белгилөөдө монополияга каршы орган өндүрүүчү, импорттоочу же ортомчу тарабынан берилген, ушул Тартиптин 15, 16, 17-пункттарын эске алуу менен түзүлгөн эсептик материалдарды 10 жумуш күндүн ичинде карайт жана дүң жана/же чекене бааларды белгилөө жөнүндө чечимди кабыл алат.
Эгерде өндүрүүчү, импорттоочу же ортомчу тарабынан ушул Тартиптин 6-пунктунда каралган документтерди берүүдө пакет толук эмес берилген же документти берүүдөн баш тартылган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде жана монополияга каршы орган тарабынан жүргүзүлгөн товардык рыноктордогу кырдаалды актуалдаштырылган талдоонун (мониторинг) негизинде монополияга каршы орган бааны белгилөө жөнүндө чечимди кабыл алат.
9. Берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти өндүрүүчүнүн, импорттоочунун же ортомчунун жетекчиси тартат.
10. Монополияга каршы орган тарабынан максималдуу дүң жана/же чекене баалар белгиленген товарларды өндүрүүдө жана/же сатууда чыгымдардын беренеси өзгөргөн учурда өндүрүүчү, импорттоочу же ортомчу бааларды кайра карап чыгуу жөнүндө монополияга каршы органга кайрыла алат.
11. Өндүрүүчү, импорттоочу же ортомчу белгиленген бааларды кайра карап чыгуу жөнүндө арызды төмөнкү документтерди тиркөө менен монополияга каршы органга берет:
1) киргизилүүчү сунуштардын негиздүүлүгү боюнча түшүндүрмө кат; чыгымдардын беренелерин чечмелөө менен иш жүзүндөгү калькуляция;
2) келишимди түзүү датасына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада сатып алуулардын баасы;
3) финансылык-экономикалык иштин көрсөткүчтөрү.
12. Монополияга каршы орган белгиленген бааларды кайра карап чыгуу жөнүндө арызды 5 жумуш күндүн ичинде карайт жана дүң жана/же чекене бааларды белгилөө жөнүндө чечимди кабыл алат.
Эгерде арызда ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык талап кылынган документтер тиркелбесе, монополияга каршы орган 10 жумуш күндүн ичинде арыз берүүчүгө документтерди берүүнү сунуштайт. Арыз берүүчү көрсөтүлгөн мөөнөттө жетишпеген документтерди бербесе, монополияга каршы орган бааларды кайра карап чыгуудан баш тартат.
3-глава. Максималдуу дүң жана чекене бааларды түзүү жана колдонуу тартиби
13. Товарга максималдуу дүң жана/же чекене баалар өндүрүүчүлөр, импорттоочулар же ортомчулар республиканын региондору боюнча берген эсептеринин негизинде монополияга каршы орган тарабынан товардын ар бир түрүнө белгиленет.
14. Товардын дүң жана/же чекене баасы өндүрүүчү, импорттоочу же ортомчу тарабынан өндүрүлгөн жана/же сатылуучу товардын ар бир түрүнө белгиленет жана монополияга каршы орган тарабынан белгиленген максималдуу баадан ашпоого тийиш.
15. Ата мекендик товарлардын дүң баасы жана/же чекене баасы төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
1) товардын толук өздүк наркы;
2) рентабелдүүлүктүн жол берилген деңгээли;
3) Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр;
4) дүң жана/же чекене үстөктөр.
Өздүк наркына товарларды өндүрүүгө жана сатууга түздөн-түз кирген тиешелүү документтер менен ырасталган чыгашалар эске алынат:
- товардын бирдигин чыгаруу үчүн чийки затты, материалдарды, отунду, энергияны, материалдык ресурстарды чыгымдоо ченемдерин жана (же) материалдык ресурстардын жылдык ченемдерин колдонуунун натыйжасында чийки зат жана материалдар;
- персоналдын эмгек акысы, анын ичинде эмгек мыйзамдарына ылайык эмгекке акы төлөө системасында каралган эмгек шарттары үчүн кошумча төлөмдөрдү жана үстөктөрдү төлөө. Мында эмгекке акы төлөө чыгымдарын аныктоодо товарды өндүрүүдө аракеттенген персоналдын иш жүзүндөгү саны жана орточо айлык эмгек маянасы эсепке алынат;
- рыноктун субъекттеринин административдик персоналынын эмгек акысына жалпы жетекчилик менен байланышкан чыгымдар;
- алардын баланстык наркына жана бекитилген ченемдерине же эксплуатациялоо мөөнөтүнө жараша негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациялык чегерүүлөрү;
- учурдагы жана капиталдык оңдоого жана негизги каражаттардын наркынын өсүшүнө алып келбеген башка оңдоо-калыбына келтирүү иштерине жумшалуучу каражаттар, алар ишти жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө документтердин негизинде баанын нарктык бөлүгүнө киргизилет;
- ырастоочу документтердин негизинде баанын чыгаша бөлүгүнө киргизилүүчү өндүрүлүүчү жана сатылуучу товарларга түздөн-түз байланышкан чыгашалар;
- учурдагы активдерди кеңейтүүгө, калыбына келтирүүгө, жаңылоого, колдоого, реконструкциялоого, негизги каражаттарды техникалык жактан кайра жабдууга, бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген товарларды өндүрүүгө түздөн-түз тартылган жаңы активдерди түзүүгө жана сатып алууга багытталган инвестициялык программаны (бар болсо) ишке ашырууга зайымдык каражаттар үчүн сый акы төлөөгө чыгымдар;
- чыгымдар мезгилиндеги эске алынган камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү, салыктар, жыйымдар жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөр.
Товарларды өндүрүүгө кеткен чыгымдар төлөө убактысына карабастан, алар тиешелүү болгон отчеттук мезгилдин товарларынын наркына кошулат. Аларга карата алар кайсы мезгилге таандык экендигин так аныктоо мүмкүн болбогон чыгымдардын айрым түрлөрү (өндүрүштү даярдоого жана өздөштүрүүгө чыгымдар, атайын шаймандардын жана каражаттардын эскиришинин ордун толтуруу) ошондой эле сезондук өнөр жай тармагынын чыгымдары бекитилген сметаларга ылайык өндүрүштүн чыгымдарына кошулат.
Товарлардын наркына киргизилүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк валютада жүргүзүлгөн жана төлөнгөн чыгымдар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан операциялар жасалган датага белгиленген курс боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында чагылдырылат.
16. Импорттолуучу товарларга дүң баа жана/же чекене баа төмөнкүлөргө жараша түзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада келишим түзүлгөн датага карата сатып алуулардын баасына;
2) товарды бажылык тариздөө үчүн белгиленген жыйымдардан (төлөмдөрдөн), импорттук бажы алымынан (импорттук алымдар алынууга тийиш товарлар);
3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктарга жана башка милдеттүү төлөмдөргө;
4) дүң үстөктөргө, анын ичинде товарларды сатып алуу, акыркы пунктка чейин транспорттоо жана сатуу боюнча чыгымдарга жана рентабелдүүлүктүн жол берилген деңгээлине.
17. Ортомчулар аркылуу жеткирилген товарларга дүң баа жана/же чекене баа төмөнкүлөргө жараша түзүлөт:
1) тиешелүү товардык коштоочу документтер менен ырасталган товар өндүрүүчүнүн же импорттоочунун товарынын дүң баасына;
2) Кыргыз Республикасынын салык, бажы мыйзамдарына ылайык салыктарга жана башка милдеттүү төлөмдөргө;
3) дүң үстөктөргө, анын ичинде товарларды сатып алууга, акыркы пунктка чейин транспортировкалоо жана сатуу боюнча чыгымдарга жана рентабелдүүлүктүн жол берилген деңгээлине.
18. Рентабелдүүлүктүн жол берилген деңгээли - бул өндүрүүчүнүн, импорттоочунун, ортомчунун мамлекеттик органдарга, анын ичинде салык, бажы жана статистика органдарына берген отчетторуна ылайык бааларга мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенге чейин 6/12 ай мурда түзүлгөн рентабелдүүлүк.
Бааларга мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүдө рентабелдүүлүктүн деңгээлин ырастоо үчүн өндүрүүчү, импорттоочу, ортомчу ушул Тартиптин 6-пунктунда каралган материалдар жана арыз жана материалдар менен бирге тийиштүү отчетторду монополияга каршы органга берет.
4-глава. Бааларга максималдуу же минималдуу үстөктү белгилөө жолу менен жөнгө салууда товарларга бааларды түзүү жана колдонуу тартиби
19. Бааларга максималдуу же минималдуу үстөк коюу жолу менен жөнгө салуу колдонулган учурда товарга дүң баа ушул Тартиптин 15, 16, 17-пункттарына ылайык өндүрүлгөн жана/же импорттолгон товардын ар бир түрүнө өндүрүүчү же импорттоочу тарабынан белгиленет.
Дүң жана чекене үстөктөрдүн өлчөмү товарды ортомчуларга же керектөөчүлөргө саткан чарбакер субъект же жеке ишкер тарабынан товарды сатууга байланыштуу чыгымдарга жараша аныкталат жана ортомчулардын санына карабастан дүң жана чекене соода чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн үстөктүн максималдуу (минималдуу) деңгээлинен ашпашы керек.
5-глава. Ушул Тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
20. Жөнгө салынуучу товарлардын бааларын аныктоонун жана колдонуунун ушул Тартибин бузууларга төмөнкүлөр кирет:
1) товарга жөнгө салынуучу бааларды жогорулатуу;
2) ушул Тартипти бузууда товардын толук өздүк наркын түзүү;
3) жөнгө салынуучу товардын баасын белгилөө үчүн монополияга каршы органга документтерди бербөө же ушул Тартиптин талаптарын бузуу менен берүү.
21. Монополияга каршы органда болгон маалыматтар, материалдар, жеке жана юридикалык жактардын арыздары, мониторингдин жыйынтыктары боюнча, ошондой эле башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтар боюнча белгиленген ушул Тартип бузулган учурда чарбакер субъект же товарларды өндүрүүчү, жеткирүүчү же сатуучу жеке ишкер Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.