Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 11-апрели № 87
Баа түзүү жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу максаты жана предмети
1. Ушул Мыйзамдын максаты баа түзүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
2. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында баа түзүү боюнча мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин белгилейт, бааны жөнгө салуу методдорун, ошондой эле аны киргизүүнүн жана колдонуунун негиздерин жана жол-жоболорун аныктайт.
3. Бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салуу боюнча ушул Мыйзамдын жоболору ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн чарбакер субъекттердин, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана жеке жактардын товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) жайылтылат.
2-берене. Баа түзүү жөнүндө мыйзамдар
Баа түзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизделет жана жарандык мыйзамдардан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:
1) баа - товар бирдигинин наркынын акчалай туюнтулушу;
2) тариф - жумуш жана кызмат көрсөтүү бирдигинин наркынын акчалай туюнтулушу;
3) баа түзүү - товарга (жумушка, кызмат көрсөтүүгө) бааларды (тарифтерди) белгилөө жана колдонуу процесси;
4) бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салуу - ушул Мыйзамда белгиленген негизги принциптерди сактоо менен бааларды (тарифтерди) жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан бааларды белгилөө жана колдонуу процессине таасир этүү;
5) эркин баа (тариф) - баалардын (тарифтердин) өсүүсүн кармап турууга багытталган баа боюнча макулдашууларды кошпогондо, эркин атаандаштык шарттарында суроо-талаптын жана сунуштун таасири астында рынок шарттарында түзүлүүчү баа (тариф);
6) дүң-өткөрүүчү баа - өндүрүлгөн (анын ичинде подряддык келишим боюнча өндүрүлгөн) товарга өндүрүүчү тарабынан, ошондой эле алар мамлекетке алып келген товарга аны андан ары сатуу үчүн импорттоочу тарабынан коюлган баа;
7) сатып алуу баасы - ички рынокто айыл чарба продукциялары мамлекет тарабынан сатып алына турган дүң баа;
8) чекене баа - чекене сатып алуу-сатуу келишими боюнча жеке өзү пайдалануусу үчүн түздөн-түз калкка сатыла турган товардын баасы;
9) келишимдик баа - жарандык мыйзамдарда аныкталган тартипте продукцияны сатуучунун (өндүрүүчүнүн) жана сатып алуучунун (керектөөчүнүн) ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча коюлуучу, келишимде белгиленген баа;
10) өздүк нарк - товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүгө жана сатууга күндөлүк сарптоолордун акчалай туюнтулушу, баанын курамдык бөлүгү;
11) соода (дүң же чекене) үстөгү - сатуучунун товарларды жеткирүү жана сатуу менен байланышкан чыгымдарынын ордун толтуруу, ошондой эле керектүү пайданы алуу үчүн багытталган дүң же чекене баанын бөлүгү;
12) пайда - товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн кирешенин аларды өндүрүүгө жана сатууга кеткен сарптоолордон ашып кетүүсү;
13) арзандатуу - тараптардын макулдашуусу менен белгиленген товардын баштапкы баасын төмөндөтүү;
14) бааларга мамлекеттин кыйыр таасир этүү методу - аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын финансы-кредиттик, салык-бюджеттик жана башка механизмдер аркылуу бааларды түзүү жана колдонуу процессине экономикалык таасир этүүсү;
15) жөнгө салынуучу баа (тариф) - бааларды (тарифтерди) жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленүүчү, же ушул органдар белгилеген белгилүү бир чектөөлөрдү эске алуу менен чарбакер субъект тарабынан аныкталуучу баа (тариф);
16) белгиленген баа (тариф) - белгилүү бир деңгээлде так туюнтулган акчалай чоңдукта ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленүүчү жөнгө салынуучу баа (тариф);
17) максималдуу (минималдуу) баа (тариф) - чоңдугу жогорку жана (же) төмөнкү чектер менен чектелген жөнгө салынуучу баа (тариф);
18) максималдуу (минималдуу) соода үстөгү - бааларды жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленүүчү жөнгө салынуучу баага чектөө;
19) бааны макулдашуу - рыноктун катышуучуларынын жана (же) рыноктун катышуучулары менен мамлекеттик органдардын ортосундагы келишим, анда белгилүү бир мөөнөткө товарлардын баасы жана (же) товарларга бааны турукташтыруу боюнча чаралар белгиленет жана бекитилиши мүмкүн;
20) ыйгарым укуктуу органдар - баа түзүү саясатын иштеп чыгууну жана бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
21) чарбакер субъект - юридикалык жактарды каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик каттоодон өтүүгө жана (же) лицензияланууга тийиш болгон, киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашыруучу коммерциялык уюм, ошондой эле салык мыйзамдарына ылайык катталган, киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашыруучу жеке ишкер;
22) бааларга мониторинг жүргүзүү - баалардын (тарифтердин) өзгөрүүлөрүн андан ары талдоо жана баалоо үчүн чарбакер субъекттердин эркин жана жөнгө салынуучу бааларына (тарифтерине) үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү;
23) социалдык мааниге ээ товарлар - эң зарыл жана күн сайын талап кылынуучу товарлар.
4-берене. Баа түзүүнүн негизги принциптери
Баа түзүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) баа түзүү саясатын өнүктүрүү, экономикалык өсүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу максаттарына багыттоо;
2) эркин жана жөнгө салынуучу баалардын (тарифтердин) айкалышы;
3) экономикалык жактан негизделген сарптоолорго жана кайра өндүрүүнү кеңейтүү үчүн салыктарды эске алуу менен жетиштүү пайда алууга жараша товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салуу;
4) баа түзүү чөйрөсүнүн катышуучуларынын ишинин маалыматтык ачык-айкындуулугу;
5) мамлекеттик экономикалык социалдык саясаттын чараларын аткаруунун алкагында өзүнүн өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырууда келтирилген чыгымдарды компенсациялоо үчүн бекер жана кайтарымсыз негизде товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) мамлекет тарабынан субсидиялоо.
5-берене. Эркин бааларды (тарифтерди) колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) тараптардын макулдашуусу менен белгиленүүчү баалар (эркин баалар) колдонулат, алар суроо-талап жана сунуш, сатып алуу мүмкүнчүлүгү, керектөөчүлүк тандоосу, атаандаштык жана башка экономикалык факторлор менен аныкталат.
2. Эркин баа түзүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жана сатуучуну тандоо эркиндиги, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жүгүртүү эркиндиги;
2) берилүүчү товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр), баалар (тарифтер), сатуунун шарттары жөнүндө ишенимдүү маалыматтын болуусу жана жеткиликтүүлүгү;
3) атаандаштык эрежелеринин сакталуусу.
6-берене. Жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди) колдонуу чөйрөсү
1. Жөнгө салынуучу баалар (тарифтер) Кыргыз Республикасынын ички рыногунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте, менчигинин түрүнө жана чарба жүргүзүүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан чарбакер субъекттер жана жеке адамдар тарабынан пайдаланылат.
2. Мамлекет чарбакер субъекттердин, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана жеке адамдардын төмөнкүдөй товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды жана тарифтерди жөнгө салат:
1) Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык табигый монополиялар чөйрөсүндөгү товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө);
2) Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине кирген дары каражаттарына;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылуучу аракка (минималдуу дүң-өткөрүүчү жана чекене баа);
4) тамеки жана никотин камтылган заттардын бардык түрлөрүнө, анын ичинде ысытылуучу тамекиси бар заттарга, никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумуна (буга кошуп электрондук сигареттерге) жана алардын эритмелерине (минималдуу дүң-өткөрүүчү жана чекене баа);
5) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө;
6) Кыргыз Республикасынын азык-түлүк рынокторунда социалдык мааниге ээ товарларды сатуу үчүн соода орундарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө;
7) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүүлөргө;
8) катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып чыгуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө;
9) мамлекеттик материалдык резерв фондунан брондон чыгарылып, сатылуучу товардык-материалдык баалуулуктарга;
10) мамлекеттик запастарды толуктоо үчүн республиканын аймагында сатып алуу баалары боюнча сатып алынуучу айыл чарба продукцияларына.
3. Атаандаштык абалы үчүн азыраак терс кесепеттери бар жол менен келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн болбогондо, калкты социалдык жактан коргоо жана керектөөлөрүн канааттандыруу, азык-түлүк коопсуздугун, тамак-аш азыктарынын түздөн-түз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында социалдык мааниге ээ товарларга бааларды мамлекеттик убактылуу жөнгө салууга жол берилет.
Мамлекет бир жыл ичинде 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө укуктуу жана зарыл учурда чарбакер субъекттердин жана жеке жактардын төмөнкү товарларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгө салууну узартат:
1) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу социалдык мааниге ээ товарларга;
2) үстөмдүк абалды ээлеген Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин социалдык мааниге ээ товарларына.
4. Баа түзүүнү жөнгө салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан сатып алуу-сатуунун (берүүнүн) тикелей келишимдерин түзүүдө максималдуу баалар (тарифтер) белгиленген учурларда, чарбакер субъекттер тарабынан белгиленген максималдуу баалардын (тарифтердин) алкагындагы келишимдик баалар колдонулат.
5. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 5-8-пункттарында көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, кызмат көрсөтүүнүн кандай болбосун башка түрлөрүнө бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салууга жол берилбейт.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети уставдык капиталда катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке тиешелүү болгон коммерциялык банктар көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөлөр, айып пулдар, салыктар жана мамлекеттик алымдар үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөргө баа коюуга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча талаптарды белгилөөгө укуктуу.
7-берене. Бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун методдору жана формалары
1. Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу процессинде жөнгө салуунун төмөнкүдөй методдору колдонулушу мүмкүн:
1) максималдуу же минималдуу бааларды (тарифтерди) белгилөө;
2) белгиленген бааларды (тарифтерди) белгилөө;
3) бааларга (тарифтерге) максималдуу же минималдуу соода үстөктөрүн белгилөө;
4) чарбакер субъекттер жана (же) мамлекеттик органдардын ортосунда макулдашуу түзүү жолу менен бааларды (тарифтерди) белгилөө.
2. Баа түзүү процессине мамлекеттин кыйыр таасир этүү формалары болуп салыктык-бюджеттик, акчалай-кредиттик, бажылык-тарифтик жөнгө салуу, товардык же сатып алуу интервенциясы саналат. Бааларды (тарифтерди) кыйыр жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченемдик укуктук актылары жана тармактык мыйзамдар менен аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамда аныкталган баа түзүү принциптерине ылайык республикада мамлекеттик кызыкчылыктарга жана түзүлүп жаткан социалдык-экономикалык кырдаалга негизделген бааларды (тарифтерди) жөнгө салуунун конкреттүү методун жана конкреттүү формасын тандоо жөнүндө чечим кабыл алат.
8-берене. Бааларды макулдашуулар
1. Мамлекеттин кызыкчылыктарын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бааларды (тарифтерди) турукташтыруу, калкты социалдык жактан коргоо, баалардын өсүшүнүн жол берилген деңгээлине карата тараптардын милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктоо максатында чарбакер субъекттер жана (же) мамлекеттик органдар баа боюнча макулдашууларды түзүшөт жана кол коюшат.
2. Бааны макулдашуу жарандык мыйзамдардын ченемдерине ылайык түзүлөт. Келишим ыктыярдуу гана мүнөздө болот, анын катышуучулары турган жерине, уюштуруу-укуктук формасына жана рыноктогу абалына карабастан бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.
3. Соңку продукциянын негизги өндүрүүчүлөрүнүн, сырьелорду жана материалдарды, ресурстарды берүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучулардын ортосунда баа келишимин даярдоонун жана түзүүнүн максаттары - макулдашуунун катышуучуларынын - ишканалардын ишин чыгарылуучу продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, сатуунун көлөмүн көбөйтүү, өз ара эсептешүүлөрдү өркүндөтүү, макулдашуунун катышуучуларынын продукцияларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды турукташтыруу, жарандардын экономикалык кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү жолу менен турукташтыруу болуп саналат.
4. Бааны макулдашууда тараптар бааларды жөнгө салуунун формаларын, методдорун, мөөнөттөрүн макулдашат.
5. Монополияга каршы мыйзамдардын ченемдерин бузган чарбакер субъекттердин бааларды макулдашуусуна тыюу салынат.
9-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) баа түзүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;
2) жөнгө салынуучу секторлордо бааларды мамлекеттик жөнгө салуу механизмин аныктайт;
3) Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык мааниге ээ товарлардын тизмегин бекитет;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылуучу аракка, тамеки жана никотин камтылган заттардын бардык түрлөрүнө, анын ичинде ысытылуучу тамекиси бар заттарга (электрондук тамекилерди кошо), никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумуна жана алардын эритмелерине минималдуу дүң-өткөрүүчү жана чекене бааларды белгилейт.
10-берене. Баа түзүүнү жөнгө салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдардын ыйгарым укуктары
1. Белгиленген тартипте бекитилген ыйгарым укуктарга ылайык баа түзүү саясатын иштеп чыгуу функциялары жүктөлгөн ыйгарым укуктуу органдар:
1) баа түзүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө сунуштарды иштеп чыгышат;
2) социалдык мааниге ээ товарлардын тизмегине киргизилген, Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык мааниге ээ товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат.
2. Белгиленген тартипте бекитилген ыйгарым укуктарга ылайык баа түзүүнү жөнгө салуу жана контролдоо функциялары жүктөлгөн ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) бааларды мамлекеттик жөнгө салууну, буга кошуп чарбакер субъекттердин атаандаштык жана баа түзүү эрежелерин сактоосун контролдоону;
2) чарбакер субъекттердин жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди) колдонуусун, алардын бааларды (тарифтерди) колдонуунун белгиленген тартибин сактоосун, аныкталган бузууларды жоюу боюнча жазма буйруктардын аткарылышын контролдоону;
3) бааларга мониторинг жүргүзүүнү.
11-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдарында жана автомобиль транспорту жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык бааларды мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат.
12-берене. Чарбакер субъекттердин укуктары жана милдеттери
1. Чарбакер субъекттер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде аларга карата мыйзамдарга ылайык бааны мамлекеттик жөнгө салуу колдонулбаса, өз алдынча же сатып алуучу менен макулдашуу боюнча товарга (жумушка, кызмат көрсөтүүгө) бааны (тарифти), соода (ортомчу) үстөгүн (арзандатууну) белгилөөгө;
2) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аларга карата ыйгарым укуктуу органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары тарабынан бааларды түзүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынган чечимдерге даттанууга.
2. Чарбакер субъекттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамда белгиленген алардын ыйгарым укуктарынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар кабыл алган чечимдерди аткарууга;
2) баа түзүүнүн тартибин, ошондой эле өздүк наркка тийиштүү сарптоолорду эсептөөнүн тартибин сактоого, Кыргыз Республикасынын салык жана камсыздандыруу мыйзамдарында каралган баага (тарифке) толук көлөмдө киргизилүүчү салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү толук көлөмдө эсепке алууга, ушул Мыйзамда белгиленген тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленген жөнгө салынуучу бааларды (тарифтерди) жана аларды жөнгө салуунун колдонуудагы тартибин бузууга жол бербөөгө;
3) бааларды (тарифтерди) жөнгө салуу жана ушул Мыйзамда белгиленген баа түзүүнүн тартибинин сакталышын контролдоо үчүн зарыл болгон толук жана ишенимдүү маалыматты ыйгарым укуктуу органга берип турууга;
4) баа түзүүнүн белгиленген тартибинин бузулуусун өз алдынча аныктаган учурда, аны жоюу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө.
13-берене. Баа түзүү жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоо
1. Баа түзүүгө мамлекеттик контроль (көзөмөл) бааларды (тарифтерди) белгилөөнүн, өзгөртүүнүн жана колдонуунун укук ченемсиздигине жана негизсиздигине байланышкан бузуулардын алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу үчүн багытталган жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин регламенттөөчү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Баа түзүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл эркин жана жөнгө салынуучу бааларга (тарифтерге) мониторинг жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
14-берене. Баа түзүүнү жөнгө салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттердин, ыйгарым укуктуу органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын баа түзүү жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги
Чарбакер субъекттер, ыйгарым укуктарына ылайык баа түзүүнү жөнгө салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
15-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 40 Мыйзамынын 2-статьясынын тогузунчу абзацы, 11-статьясынын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи бөлүктөрү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 199-ст.);
2) "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 4, 348-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 22 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 22-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1059-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 9-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |