Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 1-марты ПЖ № 50
Кыргыз Республикасынын Президентинин республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык кызматчыларынын ишин жөнгө салуучу айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Республикалык маанидеги шаарларда башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун биринчи абзацы "Мамлекеттик" деген сөздөн кийин "же муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- II бөлүмдүн 5-главасында:
1-пункттун "Республикалык маанидеги шаардын мэриясы" графасында:
"Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-А" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Аппарат жетекчиси (*) (***)";
"Башкы кызмат орду" тобунун "Б-А" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Башкармалыктын начальниги (*) (***)";
"Улук кызмат орду" тобунун "У-Б" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Башкы инспектор";
"Кенже кызмат орду" тобунда:
"К-А" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Улук инспектор";
"К-Б" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Инспектор";
5-главага эскертүүдө:
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"(***) - административдик муниципалдык кызмат орду Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратында пилоттук негизде 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилге киргизилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:
- II бөлүмдүн 1-главасында:
3-пунктта "Вице-мэр" деген сөз "Мэрдин орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11-пункт "Башкы адис" деген сөздөрдөн кийин ", башкы инспектор" деген сөздөр менен толукталсын;
12-пункт ", улук инспектор" деген сөздөр менен толукталсын;
13-пункт ", инспектор" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 18-декабрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-мартындагы № 18 (3571) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |