Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-марты № 95
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашуу жол-жобосун регламенттештирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:
- 54-2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Маселени мамлекеттик органдын локалдык актысы менен чечүү зарылдыгы көрсөтүлгөн Юстиция министрлигинин корутундусу алынганда, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору Президенттин Администрациясы тарабынан каралууга тийиш эмес.";
- 54-4-пунктунда:
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдердин жана инвестициялык макулдашуулардын долбоорлорун жактыруусу жана макулдашуусу жөнүндө тескемелердин долбоорлорун кошпогондо, тескемелердин долбоорлору - 3 жумуш күн;";
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдердин жана инвестициялык макулдашуулардын долбоорлорун жактыруусу жана макулдашуусу жөнүндө тескемелердин долбоорлору - 10 жумуш күн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |