Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-июну № 80-28
Аламүдүн айыл аймагынын “Күчтүү аймак” социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын (2022-2026-ж.ж.), Калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө жана жаңы конуштарды түзүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын программасын, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн түзүмдүк жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлгөн муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин жана Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 133-27 токтому менен бекитилген Аламүдүн айыл аймагынын Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелеринин 18-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөрдү бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, айыл аймагын өнүктүрүү, Аламүдүн айыл аймагында жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1. Аламүдүн айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга “Күчтүү аймак” социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы (1-тиркеме);
2. Калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө жана жаңы конуштарды түзүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын программасы (2-тиркеме);
3. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн түзүмдүк жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлгөн муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси (3-тиркеме).
2. Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 133-27 токтому менен бекитилген Аламүдүн айыл аймагынын Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелеринин 18-пунктуна өзгөртүү киргизилсин жана төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“18. Жарандардын жана юридикалык жактардын жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн курулуш жүргүзүү ниетине өзгөртүү жана аларга менчик, ижара, туруктуу жана убактылуу пайдалануу укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктүн түрлөрүн/максатын өзгөртүүгө байланыштуу арыздарын кароодо жер, турак жай жана шаар куруу мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын, ушул жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин, шаар куруу (аймактык) зоналаштырууну, шаар куруу регламентин жана техникалык регламенттерди жетекчиликке алуу керек.
Жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү негизги, шарттуу уруксат берилген жана көмөкчү болуп бөлүнөт. Пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүүнүн тартиби жер участогунун категорияларынын бирине жана/же түрүнө таандыктыгына жараша болот.
Жер участогун пайдалануунун шарттуу уруксат берилген түрүн өзгөртүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан уруксат алуу талап кылынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы курулуш ниетине жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрүнүн/багытынын өзгөрүшүнө байланыштуу жер участокторун жана кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүн өзгөртүү боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын карайт жана айылдык кеңеш тарабынан бекитилген муниципалдык менчикти башкаруу тартибин эске алып чечим кабыл алат.
Жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрү жөнүндө маалымат Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КМРР) камтылат. Бул жер участогунун кошумча мүнөздөмөсү. Аталган аймактык зона үчүн пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнүн тизмесин шаар куруу регламентинен билүүгө болот.
Аталган регламент аймактык зонанын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен пайдалануунун уруксат берилген түрүн белгилениши жана участокту пайдалануунун ар кандай түрлөрүнүн айкалышы каралышы мүмкүн.
Пайдалануунун түрүн өзгөртүүнүн жол-жобосу (атап айтканда, тартиби, мөөнөтү, документтердин тизмеси) шаар куруу регламентинде аныкталышы мүмкүн.
Эгерде жерге шаар куруу регламенти белгиленбесе, участокту пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын атайын комиссиясына кайрылуу жолу менен жүргүзүлөт.
Төмөнкү учурларда жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү мүмкүн эмес:
- ижарачынын талабы боюнча - эгерде ижара келишими муниципалдык менчикте турган участок үчүн түзүлсө;
- жерди пайдалануучу өз алдынча - эгерде участок пайдалануунун белгилүү бир түрү үчүн менчикке/ижарага берилсе;
- эгерде пайдалануунун суралып жаткан түрү үчүн шаар куруу ченемдеринде, шаар куруу (аймактык) зоналарга бөлүштүрүүдө, Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелеринде пайдалануунун уруксат берилген ушул түрүнө ылайык иш жүргүзүүгө жол бербеген өлчөмдөрдүн жана параметрлердин чеги белгиленсе.
Көмөкчү түрүн негизги жана шарттуу уруксат берилгенине гана кошумча тандоого болот. Аны пайдалануунун уруксат берилген негизги түрүнүн ордуна белгилөөгө тыюу салынат.
Пайдалануунун шарттуу уруксат берилген түрүн өзгөртүү үчүн жер участогун пайдалануунун жаңы шарттуу уруксат берилген түрүнө уруксат алуу керек.
Ушул Эрежелердин ушул пунктунда аталган учурлардан башка бардык учурларда жер участогунун менчик ээси/ижарачысы, инвестор (заказчы) же анын ыйгарым укуктуу өкүлү жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү үчүн арызды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жиберет. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- Жер участогунун планын, жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлк объектине укук ырастоочу документтерди кошо алганда, жер участогуна менчик же пайдалануу укугуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документи;
- участокту пайдалануунун уруксат берилген түрүнүн кыскача сыпаттамасы, объекттердин багыты, пайдалуу аянты, унаа токтотуучу жайлардын саны, талап кылынган инженердик камсыздоонун жүктөмү, курулуш жүргүзүү ниеттери;
- инженердик тармактарды жана курулмаларды эксплуатациялоочу тиешелүү райондук кызматтар тарабынан берилген инженердик тармактарга кошуунун болжолдуу техникалык шарттары (бар болсо).
Жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүүгө даярдык көрүү стадиясында инженердик тармактарга кошууга техникалык шарттар алынбаган учурда, арызда долбоорлонгон объектти тиешелүү кызматтардын инженердик-техникалык тармактарына кошуу үчүн шарттарды чогултууга тапшырма камтылышы мүмкүн.
Жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү боюнча иштердин баасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте бекитилген прейскурант менен аныкталат жана менчик ээси, инвестор (заказчы) же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан төлөнөт.
Долбоордук документтердин материалдарынын курамы, макулдашуучу органдардын тизмеси, макулдашуу предмети жана мөөнөттөрү долбоорлонуучу объекттердин түрлөрүнө, алардын тигил же бул зонада жайгашканына карата жекече ылайыктап белгиленет. Бул маалыматтар ченемдик укуктук актыларда, техникалык ченемдик документтерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.
Жер участогун пайдаланунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү боюнча даярдалган документтер курулушка уруксат алуу же курулушка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арызга тиркеме катары райондук архитектурага берилет. Тиешелүү райондун архитектура жана шаар куруу органы арызды каттайт жана тиешелүү корутундуларды берүү формасында жүргүзүлүшү мүмкүн болгон документтерди макулдашуу үчүн тиешелүү органдарга суроо-талаптарды жөнөтөт.
Тиешелүү райондун архитектура жана шаар куруу органы жалпы зоналык макулдашуу жүргүзөт - документтердин шаар куруу регламенттерине, Жер участогунун бекитилген жана ырасталган планына, ошондой эле коомдук угуунун жыйынтыгы боюнча белгиленген атайын макулдашуунун шарттарына шайкештигин текшерүүнү ишке ашырат.
Долбоорлонуп жаткан курулуштун, реконструкциялоонун жер участогу экологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн аракеттенүү зоналарынын карталарында бөлүнгөн зоналардын чегинде жайгашкан учурда, долбоордук документтерди макулдашууга райондун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары катышат. Бул учурларда документтерди макулдашуунун предмети болуп анын ушул Эрежелердин жоболоруна жана башка ченемдик укуктук актыларга шайкештиги саналат.
Райондун инженердик-техникалык кызматтары долбоордук документтерди ушул кызматтар менен кыймылсыз мүлктүн ээсинин ортосунда документтерди иштеп чыгууга чейин же иштеп чыгуу процессинде берилген же түзүлгөн жер участогун пайдалануунун уруксат берилген ишке ашыруунун техникалык шарттарын камсыз кылуу боюнча техникалык шарттарга же келишимдерге шайкештигин текшерет.
Долбоордук документтерди өрт көзөмөлүнүн органдары, райондун мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары, башка органдар ченемдик укуктук актыларга, техникалык ченемдик документтерге ылайык макулдашат.
Ушул Эрежелерде, башка ченемдик укуктук актыларда жана техникалык ченемдик документтерде белгиленген макулдашуунун предметине долбоордук документтердин шайкеш эместиги гана макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн. Мындай шайкеш эместиктер болгон учурда долбоордук документтер аларды четтетүү үчүн арыз ээсине кайтарылып берилет.
Курулушу мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен толук же жарым-жартылай каржыланган объекттерди долбоорлоого байланышкан учурларда жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү боюнча документтер архитектура жана шаар куруу органына караштуу шаар куруу кеңешинде каралууга тийиш. Шаар куруу кеңеши жер участогунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү боюнча документтерди макулдашуу процесси башталганга чейин жүргүзүлөт.
Ушул Эрежелерде белгиленген мүнөздөмөлөрдөн тышкары, шаар куруу кеңеши кошумча мүнөздөмөлөрдү - долбоорлонуучу объекттин үнөмдүүлүгүн, пайдалануунун функционалдык ыңгайлуулугун жана архитектуралык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн карай алат.
Макулдашылган документтер ченемдик укуктук актыларда жана техникалык ченемдик документтерде аныкталган тартипте экспертизалоого тийиш”.
3. Аламүдүн айыл өкмөтү:
а) өз ишинде “Күчтүү аймак” Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын (2022-2026), Аламүдүн айыл аймагынын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конуштарды түзүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программасын, ушул токтом менен бекитилген Түзүмдүк жана ведомстволук мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин жетекчиликке алсын;
б) “Күчтүү аймак” Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын (2022-2026), Аламүдүн айыл аймагынын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конуштарды түзүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программасын, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин, ошондой эле Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 133-27 токтому менен бекитилген Аламүдүн айылдык аймагынын жер пайдалануу жана курулуш эрежелеринин 18-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөрдү Аламүдүн айыл өкмөтүнүн маалымат такталарында жана сайтына жайгаштырсын;
в) ушул токтом менен бекитилген Аламүдүн айыл өкмөтүнүн түзүмдүк жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жетекчиликке алсын жана сактасын;
г) Аламүдүн айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине киргизилген муниципалдык кызматтардын стандарттарын жана акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтерин (бааларын), прейскуранттарын айылдык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизсин;
д) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө Административдик регламенттерди иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |