Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы № 320 токтомуна) |
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
Азык-түлүк коопсуздугу өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоонун башкы багыттарынын бири жана анын мамлекеттүүлүгүн жана азык-түлүк көз карандысыздыгын сактоонун фактору болуп саналат. "Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатындагы негизги багыттарды белгилейт.
Буга чейин азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 618 токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун программасында жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планында чагылдырылган жана алардын алкагында ишке ашырылган.
Баалоонун жыйынтыктары боюнча аталган Программа 98,9%га аткарылган (бардыгы 177 иш-чара коюлган), ал эми калган 1,12% финансы каражаттарынын жетишсиздигинен аткарылган эмес.
Ушуга байланыштуу жогоруда аталган Программада каралып, аткарылбай калган иш-чаралардын бөлүгү ушул Программага киргизилген.
Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш маселелеринин жогорку артыкчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу кеңеши тарабынан 2019-2023-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын (мындан ары - Программа) иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.
Ушул Программада Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI(1) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш программасын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 141 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга планын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылга иш-аракеттер планынын максаттары эске алынды жана азык-түлүк коопсуздугун жана сапаттуу тамак-аш азыктарын камсыздоо боюнча жоболорду аткарууга багытталды.
Ошондой эле 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү жаатындагы күн тартибинде каралган Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча өзүнө алынган милдеттенмелердин жана анын 17 максатын, алардын ичинен № 2 "Ачкачылыкты жоюу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, тамактанууну жакшыртуу айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү" максатын аткаруу үчүн жоопкерчиликтин алкагында Программага ТӨМдүн тиешелүү милдеттери жана индикаторлору киргизилген.
Ушул Программада саламаттык сактоо, билим берүү, экономикалык жана социалдык сектордун тармактарын өнүктүрүү программаларына интеграцияланууга тийиш болгон талаптар жана чектөөлөр аныкталган. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча тармактык программалардын ишинин натыйжалары ден соолукту жана тамактануунун сапатын камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын маанилүү бөлүгү катары каралууга тийиш.
1.2. Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун учурдагы абалын баалоо
Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун (мындан ары - АКжТ) абалын баалоо бүгүнкү күндө төмөндөгүлөрдү көрсөтүп жатат.
1. Тамактануу рационунун компоненттерине жана энергетикалык камтышына болгон минималдуу талаптарды канааттандыруу даражасы. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - УСК(1)) маалыматы боюнча 2017-жылы тамак-аштын орточо суткалык энергетикалык баалуулугу калктын киреше деңгээли боюнча камсыздалган эки квинтилдүү топторунда гана минималдуу ченемден жогору (2101 ккал) болгон. Калктын бешинчи квинтилдик тобунда гана белокторду жана майларды орточо керектөөнүн минималдуу ченеминен жогору болгону белгиленген. Калктын эң камсыздалган бешинчи квинтилдик тобунда (1 млн. 249 миң адам) баалоого алынган бардык үч көрсөткүч боюнча белгиленген деңгээлден жогору тамактануусу аныкталган.
2014-жылдан тартып 2017-жылга чейинки убакытта тамактануунун орточо суткалык энергетикалык баалуулук көрсөткүчтөрү өзгөрүлгөндүгүн белгилөө зарыл.
Региондор боюнча алганда Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Ош шаарында (2,2 млн. адам) кыйла жагымсыз абал түзүлгөн. Жаш курактык топтору боюнча алсак, 1-3 жаштагы балдардын (423 миң адам) тамактануусу боюнча абалы начар экени белгиленди, буларда килокалориялардын орточо деңгээли минималдуу деңгээлден 23%га, белоктуку - 45%га, майлардыкы - 40%га төмөн болгону белгиленген.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 138 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобого ылайык азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн нан жана нан азыктары, картөшкө, мөмө жана жер-жемиштер, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, кант, өсүмдүк майы, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары, жумуртка базалык азыктар катары аныкталган.
3. Адамдын рационунун камсыздалуусу керектөө ченемине карата базалык азыктарды иш жүзүндө керектөөнүн катышы менен бааланат. Бул көрсөткүч боюнча эт жана эт азыктары (62,8%), мөмөлөр жана жемиштер (27,6%), жумуртка (47,1%), кант (89,2%) менен камсыздоо деңгээли жетишсиз болуп саналат. Калган базалык азыктар (картөшкө, жер-жемиш, бакча, сүт жана сүт азыктары) боюнча жетиштүү көлөмдө камсыздалган.
4. Стратегиялык жана оперативдик азык-түлүк запастарынын көлөмү керектөө ченемине ылайык, мамлекеттик материалдык резервдеги дандын жетиштүү запастары менен аныкталат. Сактоодогу азык-түлүктүн көлөмү жана номенклатурасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жөнгө салынат.
5. Тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгү үй чарбаларынын жалпы чыгымдарындагы тамак-ашка болгон жыйынды чыгымдарынын үлүшү катары аныкталат жана бул көрсөткүч 2017-жылы 43% түзгөн. Мында, 49%ды түзгөн анын 2012-жылдагы көрсөткүчүнө салыштырмалуу төмөндөп келе жаткан динамика байкалат. Бул көрсөткүч биринчи квинтилдик топто - 51%дан жогору, бешинчи квинтилдик топто - 37,0%га чейинки деңгээлде турат (өлкө боюнча орточо 42,9%) .
6. Социалдык топтор боюнча тамактануу чыгымдарын дифференциялоо көрсөткүчү (бешинчи жана биринчи квинтилдик топтордун ортосундагы тамактануу наркынын катышы) 2017-жылы 2,05ти түздү. Мында бул көрсөткүч 2012-жылдан 2017-жылга чейин 1,92ден (2013-жылы) 2,08ге (2016-жылы) чейин эле өзгөрдү.
2012-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын экономикасында калктын тамак-аш азыктарын алуусун жакшыртуу үчүн бир катар жакшы тенденциялар байкалды: катуу жакырчылык деңгээлинен өттүк, жумушсуздук 8,4%дан 6,9%га чейин азайды; жалпы жакырчылык 38%дан 25,6%га чейин кыскарды; экономикалык өсүш жылына орточо 4%ды түздү; калктын анык акчалай кирешеси, ошондой эле алардын сатып алуу жөндөмү 20%дан жогору өстү; инфляция турукташты, мунун ичинен азык-түлүк инфляциясы турукташып, анын орточо мааниси 2,6% түздү; балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпулдун анык өлчөмү 70%га өстү.
Азыркы учурда үй чарбаларында тамак-ашка жан башына орточо чыгым белгиленген минималдык ченемдерден төмөн. Калктын сатып алуу жөндөмүнүн төмөндүгү калктын көпчүлүк бөлүгүнүн сапаттуу тамак-ашка болгон экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздай албайт.
Балдардын, жаштардын жана аялдардын муктаждыктары талаптагыдай эске алынбай жатат.
7. Айрым азыктар боюнча азык-түлүк коопсуздугу айрым азыктардын накталай түрдөгү импортунун көлөмү менен анын ички рыноктогу сыйымдуулугунун катышы катары аныкталат. 2017-жылы босоголук көрсөткүч (20%) нан жана нан азыктары (60,7%), өсүмдүк майы (71,7%), кант (33%), мөмө-жемиштер (35,9%) боюнча ашык болгон.
8. Ата мекендик жана импорттук өндүрүштөгү тамак-аш азык-түлүктөрүнүн коопсуздук көрсөткүчтөрүнө шайкеш келүүсүнө баалоо жүргүзүү - Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан техникалык регламенттердин иш жүзүндөгү талаптарына туура келүүсү боюнча жүргүзүлөт. Продукциянын шайкештигин баалоо жана ырастоо үчүн лабораториялык потенциал болуп жаткан керектөөнү канааттандыруу үчүн жетишсиз. Өндүрүүчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу үчүн даярдалган консультанттар тарабынан опурталдарды жана контролдук критикалык чектерди анализдөө системасын (ХАССП) киргизүүгө көмөк көрсөтүү зарыл.
2019-жылдын апрель айындагы абалга карата ЕАЭБдин Тастыктоочу (сертификация) аккредитацияланган органдарынын жана сыноочу лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрине (мындан ары - ЕАЭБдин бирдиктүү реестри) өзүнө ИСО/МЭК 17065 жана ИСО/МЭК 17025 эл аралык стандарттарына ылайык аккредитациядан өткөн Кыргыз Республикасындагы 14 тастыктоочу органды жана 34 сыноо лабораториялары киргизилген жана иштеп жатат.
Ата мекендик товарлардын сапатын ырастоо соода тармагындагы техникалык тоскоолдук болбошу үчүн өлкө улуттук сапат системасы эл аралык деңгээлде таанылуусуна жетишүүсү зарыл.
9. Азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугуна жетүү чараларын жүзөгө ашырууда ведомстволор аралык координациялоонун жетишсиздиги, региондук бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) ролдорунун, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен ишти интеграциялоо, бизнес-коомчулукту, жарандык коомду ишке тартуу иштеринин начарлыгы байкалууда.
2. Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун негизги талаптары жана көйгөйлөрү
Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу калктын бардык топтору үчүн жетиштүү көлөмдөгү азык-түлүктүн болушу жана жеткиликтүүлүгү, азыктардын сапаты жана коопсуздугу менен камсыздалат.
2.1. Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугунун негизги базалык продуктуларынын болушун камсыздоодогу негизги көйгөйлөр:
1. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү темптерин калктын жогорку темпте өсүшүнө салыштырып караганда, жалпы экономиканын өсүү темпинен төмөн экени белгиленет. 2012-2017-жылдардагы мезгилде жалпы экономика 30,8% өсүп, ал эми айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүүсү 13,9% түздү (реалдуу баалар менен алганда). Өлкөнүн калкынын өсүү динамикасы негизги тамак-аш азыктарын айыл чарбада өндүрүү темпин көтөрүүнү жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууну талап кылат.
Айыл чарба секторун өнүктүрүү жана айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу бардык катышуучулар, мунун ичинен аялдар (фермерлер, ишкерлер, кызматтарды алуучулар) өз дараметтерин ишке ашырууга колдоону канчалык теңдикте алышканына жараша болот.
2. Кыргыз Республикасында кант, кондитердик азыктар, өсүмдүк майы, мөмө жана жемиштер, нан жана нан азыктары боюнча азык-түлүк көз карандысыздыгы жетишилген жок.
3. Жалпы эле Кыргыз Республикасы боюнча эт жана эт азыктарын, мөмө-жемиштерди, жумуртканы, кантты керектөөдө жетишсиздик бар.
4. Майда товардык чарба жүргүзүүдөн, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү өндүрүштүк интеграциялоонун натыйжалуу формаларынын (кооперативдер, кластерлер) жоктугунан улам болгон айыл чарба өндүрүшүнүн атаандаштыкка жарамдуулугунун жана өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгү азык-түлүк коопсуздугунун негизги азыктарын жетишсиз өндүрүүнүн себептеринин бири болуп жатат.
5. Айыл чарба өндүрүшү үчүн негизги жаратылыш ресурстарын пайдалануу иши туруктуулукту камсыздоо үчүн стабилдештирүүгө жана дайыма жакшыртып турууга муктаж. 2016-жылы жалпы айдоо аянты 1205,3 миң га түздү (бүткүл аймактын 6% аянты). 2003-2016-жылдар ичинде бир туруктуу тургун үчүн айдоо аянты 0,25 гектардан 0,2 гектарга чейин, мунун ичинен сугат жер аянты - 0,16 гектардан 0,13 гектарга чейин азайган. Жерлердин мелиорациялык абалынын кадастрынын маалыматы боюнча (2016-жылы) айдоо аянттарынын 85% жакшы абалда, 6% канааттанарлык абалда, 9%(3) канааттанарлык эмес абалда болгон.
Республикада пайдаланылып жаткан жалпы суу ресурстарынын көлөмү жылына 10-12 млрд. куб. метр түзөт. Суу булагынан сууну керектөөчүгө жеткирүүдөгү суунун коромжулугу 1,7-2,3 млрд. куб. метрди түзөт.
2.2. Кыргыз Республикасынын калкы үчүн тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгү боюнча негизи көйгөйлөр төмөнкүлөр:
1. Эмгекке жарамдуу курактагы калк арасында экономикалык жактан активдүү эмес адамдардын үлүшү өсүүдө (2012-жылы - 29,1%дан 2017-жылы - 32,9%га чейин). Активдүү эмес калк студенттерден жана күндүзгү окуу формасындагы окуучулардан, пенсионерлерден жана жеке чарбасында иштеген адамдардан турат, алардын көпчүлүгү төрөт курагындагы аялдар, булар акы төлөнбөгөн үй кызматкерлери категориясындагылар.
Айыл жериндеги аялдар көбүнчө майда масштабдагы айыл чарба продукциясын иштетүү, ошондой эле бакчаларында жемиштерди жана жашылчаларды өстүрүү менен алектенишет. Аялдардын иш менен камсыздалуусу жана өз алдынча иш жүргүзүүсүн фокустук колдоо айыл чарба өндүрүшүнүн өсүүсүнө жана алардын өздөрүн, ошондой эле башка эркектер менен аялдарды да иш орундары менен камсыздоосуна шарт түзөт.
2. Балалуу жана кирешеси аз үй-бүлөлөр үчүн социалдык жөлөкпул берүү системасында бир катар маанилүү кемчиликтер бар, маселен, эмгек дараметтери дурус жана өздөрүн азык-түлүк менен камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар айрым үй-бүлөлөр 10 жыл жана андан ашык убакыт жөлөкпул алып келишет.
3. Калктын өздүк чарбаларынын эсебинен алган кирешелери 13% түзөт. Экономикалык иштин айрым түрлөрү (айыл чарбасы, саламаттык сактоо, билим берүү ж.б.) боюнча анык эмгек акылардын төмөн деңгээли, калктын контролдонбогон жана жөнгө салынбаган эмгек миграциясы, социалдык коргоо жана социалдык камсыздандыруу системаларынын жетишсиз натыйжалуулугу калктын азык-түлүктү жетиштүү алуусуна чектөөлөрдү жаратууда. Калктын калориялуулугу төмөн жана толук кандуу эмес тамактануучу биринчи квинтилдик тобунун көп бөлүгү - ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, багуучусунан айрылган үй-бүлөлөр, көп балалуу үй-бүлөлөр, айылдагы жери жок адамдар.
4. Мектеп окуучуларына берилүүчү рациондуу тамактанууну уюштуруу, мектеп бакчаларынан жана огороддорунан алынган азык-түлүктү пайдалануунун жакшы практикаларын, коомчулуктун салымын легалдаштыруу, тамактануунун сапатына мониторинг, баалоо жүргүзүү жана жөнгө салуу, ошондой эле тамак-аштын сапатын контролдоо проблемалары чечиле элек.
5. Заманбап кампа жана логистика инфраструктурасынын, негизги тамак-аш азыктарын алуунун чектелишине алып келе турган азык-түлүк соккусу болгон учурда иш-чараларды жүргүзүү үчүн макулдашылган механизмдердин жана так алгоритмдердин жоктугу - калктын аялуу катмарынын үлүшүнүн күтүүсүз көбөйүү опурталына шарттарды түзөт.
6. Айыл чарба азык-түлүктөрүнүн өздүк наркынын жогорулашы, өлкөдө же дүйнө жүзү боюнча түшүмдүн төмөн болушу же экспортерлор тарабынан азык-түлүктүн импортунун токтоп калышы менен шартталган азык-түлүктөргө болгон баанын жогорку волатилдүүлүгү - калктын азыктарды алуусуна чоң кедерги болушу мүмкүн.
2.3. Тамактануу сапатын жакшыртуудагы негизги көйгөйлөр төмөнкүлөр:
1. Калк арасында темирдин жетишсиздик анемиясы жайылуусунун жогорку деңгээли (37,8% кош бойлуулар жана 34,2% темир жетишсиздигинен жабыркагандар (БТКА), 42,6% балдар), ички темир жетишсиздиги (41% аялдар), фолаттардын жетишсиздиги (42% боюнда жок аялдар), йод тартыштык оорулары (61,6% кош бойлуу аялдар жана 43,1% мектеп курагындагы балдар), дененин ашыкча салмагы жана семирүү (35,7% аялдар жана 9% - 5 жашка чейинки балдар), дене салмагы жетишпегендик (7,3% аялдар жана 18% 15-19 жаштагы кыздар).
2. 5 жашка чейинки балдардын 13% өсүүсүнүн кечигүүсү байкалган (мунун ичинен 13,8% эркек балдар жана 12% кыздар, 11,8% шаардык жана 13,4% айылдык балдар).
3. Өлкөнүн калкынын тамактануусунда трансгендүү май кислоталарынын (ТМК) көп экени байкалууда. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (мындан ары - ДССУ) биргелешип иргеп жасалган изилдөөсү (2016-жыл) боюнча, коомдук тамактануу тармагындагы орточо алынган тамактын бир порциясынан өлкө тургундары бир суткага сунушталган керектөө ченеминен 70,8% - 170,4% ТМК жана тузду 82,9-99,0% алышат.
4. Тамактануу маселесине түз кийлигишүүдө кош бойлуу аялдар үчүн фолий кычкылы менен темир препараттарын, өтө арык балдарга терапиялык тамактанууну уюштуруу, 6-24 ай курагындагы балдардын үйдөгү тамагын байытуу үчүн полимикронутриент кошулмаларын сатып алуу маселелери боюнча саясий деңгээлде иш жок.
5. Туура тамактануу принциптери, жетишсиз же ашыкча тамактануу кесепеттери, тамактын зыяндуу компоненттери жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги тамактануу ченеминин бузулушуна маанилүү терс таасирин тийгизет. Тамактануу маселесин окутуу - медициналык эмес билим берүү мекемелеринде (мектеп, жож, аож) артыкчылыктуу болуп эсептелбейт.
6. Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнөн кийин тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө (мисалы, байытылган ундун, балдардын азыктарынын, йоддолгон туздун коопсуздугу жөнүндө) көпчүлүк техникалык регламенттер (ТР) актуалдуулугун жоготуп коюшту жана 2017-жылдын 12-августунан тартып Бажы бирлигинин 021/2011 "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" ТР күчүнө кирди. Бирок "Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында байытылбаган унду киргизүүгө тыюу салынганы ЕАЭБдин жана Дүйнөлүк соода уюмунун товарлардын эркин жүгүртүлүшү жөнүндө жоболоруна ылайык мыйзамсыз болуп эсептелет. Ошондой эле байытылган унга иштелип чыккан стандарттарды актуалдаштыруу керек.
7. Калктуу конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жагындагы көйгөйлөр суу түтүктөрүндөгү суунун микробдук жана химиялык булгануусунан улам сапаттуу тамак-аш менен камсыздоодо коркунуч жаратууда.
2.4. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоодогу негизги көйгөйлөр:
1. Кыргыз Республикасындагы тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү ЕАЭБдин техникалык регламенттери, анын ичинде тамак-аш азыктарынын коопсуздугу, ХАССП системасы, ИСО 22000:2005 системасы, "Алиментариус кодекси" жана башка эл аралык стандарттар жөнүндө маалыматтары начар.
2. Азык-түлүк өндүрүүнүн жана сатуунун бардык этаптарында коопсуздукту камсыздоо принциби боюнча тамак-аш азыктарынын коопсуздугун контролдоо системасы өркүндөтүүгө муктаж.
3. Импорттук жана ички өндүрүштүн жасалма жана мыйзамсыз продукциясын айкындоо жана утилдештирүү үчүн инструменттер жок.
4. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу боюнча эл аралык стандарттары боюнча билими бар квалификациялуу кадрлар жетишсиз.
2.5. АКжТ маселелерин башкаруу проблемалары:
1. АКжТ маселелерин жөнгө салуучу "Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун башкарууну жакшыртууга, мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн азык-түлүк коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү жана анын индикаторлору жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Азык-түлүк коопсуздугун баалоо индикаторлорунун колдонулуудагы системасы АКжТ иш жүзүндөгү абалды толугу менен көрсөтө албайт.
2. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо секторлор аралык милдет болуп саналат, аны чечүүдө ден соолук жана тамактануунун сапаты, калктын аярлуу катмарын социалдык колдоо, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого байланышкан маселелерди, тамак-аш азыктарынын коопсуздугун, ички рынок үчүн айыл чарба өндүрүшүнүн жетиштүүлүгүн жана туруктуулугун, ошондой эле Азык-түлүк коопсуздугу программасын өз убагында жана толук каржылоону камсыздоо маселелерин түздөн-түз же кыйыр түрдө чечүүчү улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги бардык бийлик органдары катышууга тийиш.
3. АКжТ маселелерин чечүү натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү, донордук долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын, жарандык коомду кошкондо, мамлекеттик бийлик органдары менен бардык кызыкдар тараптардын жергиликтүү жана региондук деңгээлдеги ишин координациялоонун жана интеграциялоонун жогорку деңгээлин талап кылат.
4. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мүчөлүгүнө, эл аралык келишимдерге байланышкан милдеттенмелерин, ошондой эле ТӨМгө жетүү боюнча милдеттенмелерин эске алуу зарыл. Келечекте Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге катышуусу азык-түлүк кризистеринин мезгилинде АКжТ үчүн тобокелдиктердин деңгээлин төмөндөтүүгө тийиш. Ошондой эле ЕАЭБде кабыл алынган ченемдик актылардын алкагында ички азык-түлүк рыногун коргоо маанилүү.
5. Өлкөнүн калкынын бардык катмарына багытталган маалыматтык-билим берүү ишинин жетишсиздиги, Кыргыз Республикасында АКжТны камсыздоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл болгон илимий-изилдөө иштеринин жоктугу.
3. Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыздоо саясатынын стратегиялык максаты жана багыттары
Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун стратегиялык максаты болуп тамак-аш азыктарынын болуусун, жеткиликтүүлүгүн жана анын коопсуздук талаптарын туруктуу камсыздоо аркылуу калктын тамактануусунун сапатын жакшыртуу саналат.
Стратегиялык максатка жетүү саясатынын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Калктын керектөөсү үчүн азык-түлүктүн болушун жакшыртуу.
2. Калк үчүн азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
3. Калктын тамактануу статусун жакшыртуу.
4. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун жогорулатуу.
5. АКжТ программасын башкаруунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалуу системасын түзүү.
2023-жылга карата максаттарга жетүү даражасы Программаны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасында көрсөтүлгөн индикаторлордун системасы менен аныкталат.
4. "Калктын керектөөсү үчүн азык-түлүктүн болушун жакшыртуу" багытындагы саясат жана чаралар
Багыттын максаты. Негизги тамак-аш азыктарынын ата мекендик өндүрүшүнүн көлөмдөрүн көбөйтүү жана туруктуулугун жогорулатуу, ички рынокко азык-түлүктү жеткирүүлөрдүн туруктуулугун жогорулатуу.
Максатка жетүү боюнча чараларды ишке ашыруу төмөнкү артыкчылыктардын алкагында жүргүзүлөт:
- негизги тамак-аш азыктарынын ата мекендик өндүрүшүн өбөлгөлөө жана колдоо;
- тамак-аш азыктарынын мамлекеттик резервин башкарууну жакшыртуу, тамак-аш азыктарынын ички рыногунун туруктуулугун жогорулатуу.
4.1. Милдеттер жана чаралар.
1-артыкчылык. Негизги тамак-аш азыктарынын ата мекендик өндүрүүчүлөрүн өбөлгөлөө жана колдоо.
1.1-милдет. Негизги тамак-аш азыктарынын өндүрүшүн өстүрүүнү өбөлгөлөө.
Учурдагы абалды талдоо жана негизги тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча зарыл болгон чараларды аныктоо үчүн жыл сайын негизги тамак-аш азыктары боюнча ички рыноктун балансынын божомолуна негизделген сунуштар иштелип чыгат, аларда негизги таасир эткен факторлор, ошондой эле Кыргызстанда боло турган түшүмгө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтары эске алынат.
Айыл чарбасын каржылоонун колдонулуудагы инструменттерин, анын ичинен жеңилдетилген кредит берүүнү пайдалануу менен, ички өндүрүшү жетишсиз болгон негизги тамак-аш азыктарынын айыл чарба өндүрүшүнө (нан жана нан азыктары, мөмөлөр жана жемиштер, кумшекер, өсүмдүк майы, жумуртка) колдоо көрсөтүлөт.
Мөмө-жемиштерди өндүрүү көлөмүн көбөйтүү үчүн бак өстүрүүчүлүктү өнүктүрүүгө шарттарды түзүүгө багытталган ведомстволук максаттуу программа иштелип чыгат жана ишке ашырылат.
Үрөндөр менен камсыздалууну жакшыртуу, кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү, жаңы сугат жерлерди пайдалануу азык-түлүк коопсуздугунун негизги азыктарынын ички өндүрүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Азык-түлүк коопсуздугунун негизги тамак-аш азыктарын аларды көп өндүргөн региондордон аз өндүргөн региондорго ооштуруу механизмдерин түзүү өлкөнүн региондорунда азык-түлүк коопсуздугунун негизги азыктары менен камсыздалууну жакшыртат.
1.2-милдет. Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
Жайыттарды жана суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу бул ресурстарды пайдаланууну башкаруу механизмдерин жакшыртууну жана бул ресурстарга калктын бардык тобунун, анын ичинен коомдун аялуу тобунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууну талап кылат.
Мал чарбачылыгындагы жана канаттуулар чарбасындагы товардык үйүрдү асыл-тукум курамга алмаштырып жаңылоо менен өндүрүштү интенсификациялоо, фермерлердин сапаттуу үрөндөрдү пайдалануусу айыл чарбасынын туруктуулугунун өсүү фактору болуп саналат.
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүүнү аларды потенциалды өстүрүү жана экономикалык натыйжалуулук үчүн интеграциялоонун ар кандай формаларына бириктирүү чаралары менен байланыштыруу зарыл. Фермердик чарбалардын кирешелерин көбөйтүү жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн тамактануусун жакшыртуу проблемаларын чечүү үчүн чакан фермердик чарбалардын кооперациясы колдоого алынууга тийиш.
2-артыкчылык. Тамак-аш азыктарынын мамлекеттик резервдерин башкарууну жакшыртуу, тамак-аш азыктарынын ички рыногунун туруктуулугун жогорулатуу.
1.3-милдет. Азык-түлүк запастарына мониторинг жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу.
Мамлекеттик материалдык резервдер системасында сакталуучу тамак-аш азыктарынын номенклатурасын кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөр бааланат жана сунуштар берилет.
1.4-милдет. Ички азык-түлүк рыногундагы тамак-аш азыктары менен узак мөөнөткө камсыздоо үчүн тышкы сооданын туруктуулугун камсыздоо.
Тамак-аш азыктары менен тышкы сооданын баланстуулугун камсыздоо саясаты Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге катышуу факторун жана керектүү азык-түлүктөрдү башка өлкөлөрдөн импорттоо мүмкүндүгүн эске алууга тийиш, бул түшүмдүүлүккө, экономикалык, саясий жана башка ички факторлорго карабастан, азык-түлүктүн болуусун камсыздоодогу тобокелдиктерди азайтышы керек.
5. "Калк үчүн азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо" багытындагы саясат жана чаралар
Багыттын максаты. Кыргыз Республикасында белгиленген ченемдерге ылайык калктын тамак-аш азыктарына экономикалык жана физикалык туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн социалдык-экономикалык шарттарды түзүү.
Максатка жетүү боюнча чаралар төмөнкү артыкчылыктардын алкагында ишке ашырылат:
- социалдык аялуу катмарга басым жасоо менен калк үчүн азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;
- азык-түлүктүк шок шарттарында калкка азык-түлүк менен жардам берүүнү камсыздоо системасын түзүү.
5.1. Милдеттер жана чаралар.
1-артыкчылык. Социалдык аялуу катмарга басым жасоо менен калкка азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу.
2.1-милдет. Калктын аялуу катмарына тамак-аш азыктарынын кепилденген жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
Милдеттерди аткарууда киреше алып келүүчү ишти жүргүзүү, тамак-аш азыктарын сатып алуу же өндүрүү мүмкүндүгү жок калктын өзгөчө муктаж болгон катмарын биринчи кезекте колдоону камсыздоого багытталган чараларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бөлүнөт.
2.2-милдет. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү киреше алып келүүчү иш менен алектенүүгө же тамак-аш азыктары менен өзүн өзү камсыздоого өбөлгөлөө.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн пилоттук программаларынын ишинин натыйжаларын талдоонун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө комплекстүү социалдык жардам көрсөтүү боюнча чаралардын системасы иштелип чыгат.
2.3-милдет. Мектептеги тамактанууну жакшыртуу.
Мектептеги тамактануу стандарттарын өзгөртүүнү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү пайдалануу менен тамактанууну уюштуруунун формаларынын натыйжалуу механизмдерин пайдаланууну камтыган мектептеги тамактануу системасы жакшыртылат.
2-артыкчылык. Азык-түлүктүк шок шарттарында калкка азык-түлүк менен жардам берүүнү камсыздоо системасын түзүү.
2.4-милдет. Азык-түлүктүк шок шарттарында калкка азык-түлүк менен жардам берүүнү камсыздоонун концептуалдык механизмдерин иштеп чыгуу.
Бул сыяктуу тобокелдиктерди жеңүү үчүн талдоолор жүргүзүлөт жана азык-түлүктүк шок мезгилде калкка азык-түлүк менен жардам берүүнү камсыздоонун концептуалдык механизмдери иштелип чыгат.
2.5-милдет. Тамак-аш азыктарына ички бааларды мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү.
Бааларды турукташтырууга багытталган мамлекеттик жөнгө салуунун комплекстүү чаралары иштелип чыгат, ал тамак-аш азыктарына баалардын өтө жогорулоо коркунучу келип чыккан учурда колдонулат, бул калктын азык-түлүккө болгон жеткиликтүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет.
6. "Калктын тамактануу статусун жакшыртуу" багытындагы саясат жана чаралар
Багыттын максаты. Ар бир адамдын өмүрүнүн циклинин бардык этаптарында туура тамактанууга жана туура тамактануу, тамактануу адеби (практикасы) жөнүндө билимин тереңдетүү үчүн тамактануу тууралуу илимий негизделген маалыматты алууга укугун камсыздоо.
Максатка жетүү боюнча чаралар төмөнкү артыкчылыктардын алкагында ишке ашырылат:
- тамактанууну жакшыртуу үчүн жагымдуу саясий шарттарды кеңейтүү жана колдоо.
- тамактануу сапатын жогорулатуу жана тамактануу боюнча спецификалык чаралар менен камтуу.
- кадрдык потенциалды күчтөндүрүү жана калктын сапаттуу тамак-аш азыктарына болгон туруктуу суроо-талабын калыптандыруу.
6.1. Милдеттер жана чаралар.
1-артыкчылык. Тамактанууну жакшыртуу үчүн жагымдуу саясий шарттарды кеңейтүү жана колдоо.
3.1-милдет. Колдо болгон азыктардын жана туруктуу өнүктүрүүнүн негизинде туура тамактануу боюнча жетектөөчү принциптерди түзүү.
Бардык кызыкдар тараптардын күч-аракеттерин натыйжалуу координациялоо үчүн өлкөдө иш жүзүндө жеткиликтүү болгон тамак-аш азыктарын эске алуу менен жетектөөчү принциптерди иштеп чыгуу керек.
Үй-бүлөдө тамак-ашка жеткиликтүүлүк боюнча учурдагы абалды жана тамактанууга тең укуктуу эместиктин таасирин жакшы түшүнүү үчүн жынысы, курагы жана социалдык-экономикалык статусу үй-бүлөдөгү статусу боюнча бөлүү менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн сапаттуу жана адекваттуу азык-түлүккө жеткиликтүүлүгүн баалоо үчүн фактылык маалыматтарды чогултууга жана жүрүм-турумун жана практикаларын изилдөөгө басым жасоо менен терең изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Мындай маалыматтар саясаттын адекваттуу чараларын иштеп чыгуу жана ар кандай типтеги программалардын же механизмдердин конкреттүү контексттерде даректүүлүгүнүн потенциалдуу натыйжалуулугун баалоо үчүн негиз болот.
3.2-милдет. Пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу тамактануунун сапатын жакшыртуу.
Бул милдеттин алкагында пилоттук иш-чаралар азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана тамактанууну жакшыртуу жаатында функциялык талдоо жүргүзүүгө жана АКжТ программасын ишке ашыруунун региондук планы иштелип чыгууга багытталат, анын ийгиликтүү тажрыйбалары башка региондордо кеңири пайдалануу үчүн жайылтылат.
3.3-милдет. Сапаттуу тамак-ашты пайдалануу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү.
Кыргызстан өтө майлуу азыктардан, транс-майлардан, кумшекерден жогорку калориялуу тамак-аш азыктарына жана эне сүтүн алмаштыруу үчүн балдардын жасалма тамак-аш азыктарына тыюу салуу же жарнамалоону олуттуу чектөө боюнча ченемдик укуктук базаны (мыйзам) түзүү аркылуу тамактанууга байланышкан тигил же бул оорунун өтө жайылуусун эске алуу менен калктын кызыкчылыгын коргоого тийиш.
3.4-милдет. Тамактануу боюнча иш-чараларды программалык каржылоо механизмдерин жана тамак-аш боюнча өзгөчө жана сезимталдуу кийлигишүүлөргө чыгымдар жөнүндө финансылык отчеттуулук системасын түзүү жана маалыматтарды жайылтуу.
Калктын тамактануу статусун жакшыртуу үчүн тамак-аш боюнча интервенцияларды максаттуу каржылоо жана натыйжалуу пайдалануу зарыл. Бул максатта Программада төмөнкүлөр каралган:
- тамактанууга жана азык-түлүк коопсуздугуна бөлүнүүчү бюджетке, ошондой эле тамак-аш боюнча өзгөчө жана сезимталдуу кийлигишүүлөргө чыгымдар жөнүндө отчетко талдоо жүргүзүү жана бардык деңгээлде маалыматты жайылтуу;
- тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча иш-чараларга финансылык чыгымдарга (бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы) үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү.
2-артыкчылык. Тамактануунун сапатын жогорулатуу жана ал боюнча спецификалык чараларды камтуу.
3.5-милдет. Стандарттык медициналык кызмат көрсөтүүлөр аркылуу тамактануу боюнча иш-чараларды жакшыртуу.
Микронутриенттик жетишсиздиктин таасирин азайтуу жана 2025-жылга карата Кыргыз Республикасында тамактануу боюнча ТӨМ индикаторлоруна жетүү үчүн 5 жашка чейинки балдардын арасында 2,5 эсеге, ал эми репродуктивдүү курактагы аялдардын арасында 7 эсеге тамактанууну жакшыртуу боюнча атайын иш-чараларды ишке ашыруу керек. Бул үчүн:
- темир препараттары жана фолий кычкылы менен кош бойлуу аялдарды саплементациялоо иш-чараларын улантуу, эмчек эмизген энелерди жана төрөт курагындагы аялдарды, анын ичинен өспүрүм кыздарды саплементациялоону баштоо;
- эмчек сүтүн гана эмизүүгө көмөк көрсөтүү, узак убакыт эмчек эмизүү иш-чараларын күчтөндүрүү;
- өтө арык балдар үчүн терапевттик тамактарды сатып алуу жана коомдоштуктардын деңгээлинде тамактануусу бир аз бузулган балдарды кароо боюнча ДСУ/ЮНИСЕФтин сунуштарын киргизүү.
3.6-милдет. Тамактанууга байланышкан жугуштуу (уулануулар, паразитардык оорулар) жана жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу: ашыкча салмак жана семирүү, 2-типтеги кант диабети, жүрөк жана кан тамыр оорулары.
Жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын жайылуусун азайтуу чаралары республиканын калктуу конуштарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын, санитария объектилерин курууга, реконструкциялоого жана модернизациялоого, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү кадрдык потенциалды күчтөндүрүүгө, өздүк гигиена эрежелерин, сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоого, калктын сапатсыз тамак-ашты жана тузду колдонуусун чектөө боюнча чараларды көрүүгө, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын жайылышына жана алар менен калктын оорусуна эпидемиологиялык көзөмөлдү түзүүгө багытталууга тийиш.
3.7-милдет. Нерв түтүкчөсүнүн дефектилеринин регистрин түзүү.
Жетишсиз тамактануудан улам аялдарда фолаттардын жетишсиздигинин жогору жайылуусу балдардын баш жана жүлүн мээсинин өрчүүсүнүн тубаса кемтиктеринин көбөйүүсүнө алып келүүдө.
3-артыкчылык. Кадрдык потенциалды күчтөндүрүү жана калктын сапаттуу тамак-аш азыктарына туруктуу суроо-талабын калыптандыруу.
3.8-милдет. Тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча кадрдык потенциалды күчтөндүрүү.
Туура тамактануу, туура эмес тамактануунун кесепеттери жана үй чарбаларынын деңгээлинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жөнүндө окутуу үчүн окутуучуларды даярдоо, адистерди кайра даярдоо жана билим берүү уюмдары (бала-бакчалары, мектептер, колледждер, университеттер) аркылуу маалыматты жайылтуу калктын маалымдуулугуна жана тамактануудагы туура эмес адаттарын өзгөртүүгө олуттуу салымын кошот.
3.9-милдет. Калкты туура тамактануу маселелерине активдүү тартуу жана калкка тамактануу рационунун диверсификациясы, балдарды тамактандыруудагы адекваттуу практика, фортивикацияланган ун жана туз жөнүндө маалымдоо.
Бул милдет адамдын тамактануу адеби менен ден соолугунун ортосундагы себептик-кесепеттик байланыштар жөнүндө улуттук изилдөөлөрдүн натыйжаларын кеңири талкуулоо; тамактануу адаттары жана ден соолугунун абалы жөнүндө алардын натыйжаларын кеңири талкуулоо менен коомдук пикирди сурамжылоо; жакшы тажрыйбаларды документтештирүү жана аны жайылтуу, калктын маалымдуулугун гана жогорулатпастан, анын өз ден соолугуна жана тамактануусуна болгон жоопкерчилигин да жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү интерактивдүү берүүлөрдү ТВ жана радиодо уюштуруу аркылуу жетишилет.
7. "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун жогорулатуу" багытындагы саясат жана чаралар
Багыттын максаты: Адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн тобокелдиктерди жок кылууга багытталган тамак-аш чынжырчасынын бардык этаптарында тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо системасын түзүү.
Максатка жетүү боюнча чаралар төмөнкү артыкчылыктардын алкагында ишке ашырылат:
- өндүрүштүк-сатып өткөрүү азык-түлүк чынжырчасынын бардык этаптарында тамак-аш коопсуздугун камсыздоо;
- өндүрүштүк-сатып өткөрүү чынжырчасынын бардык катышуучуларына жана калкка маалымдоо, тамак-аш коопсуздугу боюнча билим берүүнү/окутууну жана илимди өнүктүрүү.
7.1. Милдеттер жана чаралар.
1-артыкчылык. Өндүрүштүк-сатып өткөрүү азык-түлүк чынжырчасынын бардык этаптарында тамак-аш коопсуздугун камсыздоо.
4.1-милдет. Тамак-аш коопсуздугун башкаруу системасын өркүндөтүү.
Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун контролдоону жакшыртуу үчүн мамлекеттик органдардын ортосундагы ведомстволор аралык координацияны жана өз ара байланышты камсыздоо зарыл.
Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоонун улуттук системасын өркүндөтүү үчүн Техникалык регламенттердин талаптарына туура келбеген, анын ичинде жаныбарлардан алынган продукциялар жана чийки заттар бөлүгүндө, мамлекеттик ветеринардык-санитардык контролдоого таандык тамак-аш азыктарынын мониторинги; жаныбарларды, жаныбарлардан алынган продукцияларды жана чийки затты ташуу ишин (транспорттоо) контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ветеринардык-санитардык ченемдерге туура келбеген, тыюу салынган жана зыяндуу заттардын калдыктары аныкталган учурда тамак-аш азыктарын алып салуу жана утилдештирүү жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун бекитүү болжолдонот.
4.2-милдет. Бардык өндүрүштүк-сатып өткөрүүчүлүк чынжырчасы (талаадан табакка чейинки) боюнча тамак-аш азыктарынын коопсуздугун контролдоонун инфраструктурасын жакшыртуу.
Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу азык-түлүк өндүрүштүк сатып өткөрүүчүлүк чынжырчасынын ар бир этабында ЕАЭБдин Техникалык регламенттеринин (ТР) талаптарын аткаруу системасын өркүндөтүү, Азык-түлүк айыл чарба уюмдарынын (мындан ары - ФАО) стандарттарына, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Эл аралык эпизоотологиялык бюросунун (мындан ары - ЭЭБ) сунуштарына ылайык жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продукциялардын коопсуздугун көзөмөлдөөнүн комплекстүү бирдиктүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу менен камсыздалат.
Зыяндуу, өзгөчө кооптуу зыяндуу организмдердин жана карантиндик объектилердин, жаныбарлардын өзгөчө кооптуу жугуштуу ылаңдарынын очокторун, мал көмүлгөн жайларды электрондук карталоо иши киргизилет.
4.3-милдет. Базарларды жасалма продукциядан коргоо.
Жасалма продукт түшүнүгүн киргизүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарынын сатылышын контролдоо (көзөмөлдөө) жөнүндө жобо иштелип чыгат жана кабыл алынат.
Ошондой эле бүткүл өндүрүштүк-сатуу чынжырчасы боюнча өндүрүүдө, сатууда жана ташууда жоопкерчиликти жогорулатуу бөлүгүндө "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет, Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарынын сатылышын контролдоо (көзөмөлдөө) жөнүндө ченемдик укуктук акты кабыл алынат.
2-артыкчылык. Өндүрүштүк-сатуу чынжырчасынын бардык катышуучуларына жана калкка маалымдоо, тамак-аш коопсуздугу боюнча билим берүүнү/окутууну жана илимди өнүктүрүү.
4.4-милдет. Квалификациялуу адистерди даярдоо, технология, тамак-аш коопсуздугу жаатында илимий изилдөөлөрдү артыкчылыктуу өнүктүрүү.
Тамак-аш азыктарын өндүрүү, сактоо жана сатуу жаатындагы инновациялык технологиялар, эл аралык стандарттардын негизинде тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу принциптери боюнча квалификациялуу адистерди даярдоону күчөтүү зарыл.
Калктын тамактануусу жаатындагы илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын күчөтүү жана айыл чарба чийки затынын, тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга багытталган өндүрүш технологияларын иштеп чыгуу талап кылынат.
4.5-милдет. Маалымдоо системасын өркүндөтүү.
Өндүрүштүк-сатуу чынжырчасынын бардык катышуучуларынын, тамак-аш азыктарын керектөөчүлөрдүн тамак-аштын коопсуздугу жөнүндө маалымат алышы тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча маалыматтык кампанияларды күчөтүү аркылуу кызыкдар тараптарга сунуштарды берүү жана маалымдоо, билим берүү системасын өркүндөтүү аркылуу жетишилет.
Программанын алкагында пландалган, калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маалымат кампаниялары, материалдар жана башка чаралар региондук жана улуттук деңгээлде үй-бүлөдө жана жамааттарда жынысына, курагына, иш менен камсыздалуусуна жана таасирдүүлүк деңгээлине жараша максаттуу аудиториянын ар кандай муктаждыктарын, кызыкчылыктарын жана артыкчылыктарын эске алууга тийиш.
8. "Азык-түлүк коопсуздугун башкаруунун натыйжалуу системасын жана Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасынын мониторингин жана баалоо системасын түзүү" багытындагы саясат жана чаралар
5.1-милдет. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү.
Мыйзамдык негизди өркүндөтүү АКжТ системасын башкаруу механизмдерин күчөтөт жана конкреттештирет.
АКжТны камсыздоо маселелери боюнча сектордук/тармактык өнүктүрүү программаларынын бардык максаттарын, милдеттерин жана индикаторлорун ушул Программага каршы келбей жана бирдикте болуусун камсыздоо пландаштырылууда. АКжТ программасын каржылоонун максаттуу мүнөзүн жогорулатууга, программалык бюджеттөө принциптерин колдонууну кеңейтүүгө жетүү маанилүү.
Төмөнкүлөр аркылуу мониторинг жана баалоо системасы өзгөртүлөт:
- индикаторлордун учурдагы системасын өркүндөтүү жана толуктоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугунун негизги азыктарынын болуусуна жана тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгүнө көзөмөлдү жакшыртуу;
- тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча жаңы индикаторлорду киргизүү;
- жынысы, курагы, иш чөйрөсү, социалдык абалы жана региону боюнча агрегацияланган сандык индикаторлорду киргизүү;
- ТӨМ индикатору менен интеграциялоону жана синхрондоштурууну өркүндөтүү.
5.2-милдет. Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш азыктары программасын ишке ашыруу боюнча улуттук жана региондук деңгээлде бийлик органдарынын иш-аракеттеринин майнаптуулугун жогорулатуу.
Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү учурдагы абалды ыкчам жана туура баалоого, проблемаларды жана жетишкендиктерди аныктоого, АКжТ боюнча андан аркы иш-аракеттердин натыйжалуу пландарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Программанын индикаторлору АКжТга мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасына интеграцияланат.
Ар кандай каражаттарды пайдалануу менен Программаны ишке ашыруу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эл аралык уюмдарды, донорлорду, жарандык секторду кошкондо бардык кызыкдар болгон тараптар менен улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде бийлик органдарынын иштерин координациялоону жана интеграциялоону жакшыртуу боюнча чаралар пландаштырылууда.
9. Ишке ашыруудагы опурталдар
Ушул Программаны аткаруу төмөндөгү ишке ашыруу опурталдары менен коштолот:
- Программаны аткаруу үчүн саясий-укуктук опурталдар башкаруунун институттук схемасын өзгөртүү зарылдыгы менен байланышкан, бул тиешелүү укуктук чечимдерди жана ар бир мамлекеттик орган үчүн азык-түлүк коопсуздугу маселелеринин статусун өзгөртүүдөгү оор милдеттерди чечүүнү талап кылат. Мындан тышкары институттук схеманы формалдуу өзгөртүү опурталы бар, ал болсо ушул Программанын милдеттерин чечүүдө мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоонун жетиштүү деңгээлин камсыздай албайт.
Институттук схеманын өтө майнапсыздыгы АКжТ программасын ишке ашырууну камсыздоо үчүн ресурстары аз жана даярдалган кадрлары жок региондордо даана көрүнөт.
Бул опурталды жеңилдетүү үчүн ушул Программаны аткарууга мониторинг жүргүзүү сапатын жакшыртуу, АКжТны камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди чечүүнү контролдоо бөлүгүндө Азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу боюнча кеңештин ролун күчтөндүрүү чаралары ишке ашырылат:
- Программаны аткаруу үчүн финансылык опурталдар бюджеттик ресурстар чектелүү болгон шарттарда ишке ашыруу үчүн сунушталган чаралар жана долбоорлор менен шартталган. Тышкы каржылоого болгон чоң көз карандылык донорлордун жана өнүктүрүү институттарынын Программаны каржылоосунун натыйжалуулугуна жараша шартталат. Бул опурталды жеңилдетүү үчүн донор уюмдар менен байланышта иштөөнү тереңдетүү чаралары ишке ашырылмакчы;
- Программаны аткаруудагы дагы бир опурталдык бул - форс-мажордук жагдайлар, мындай жагдай келип чыкса, АКжТ камсыздоосунун мобилизациялык сценарийлерин ишке ашыруу керек болот. Бул жагдай айыл чарба өндүрүшү үчүн жаратылыш-климатикалык шарттардын катаал болушу, ошондой эле ар кандай зыянкечтердин жайылып кетүү ыктымалдыгы, сугат суусунун жетишсиздиги менен байланышкан. Өсүмдүктөрдүн жапырт илдетке чалдыгуу ыктымалдыгы да бар, ал илдеттердин булагы коңшу мамлекеттер болушу мүмкүн.
10. Каржылоо көлөмдөрү жана булактары
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу программасынын Иш-чаралар планындагы (мындан ары - Иш-чаралар планы) максаттарга жетүү үчүн каржылоонун бардык жеткиликтүү булактары мобилизацияланмакчы.
"2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу программасынын Иш-чаралар планынын бюджети" тиркемесинде (мындан ары - Иш-чаралар планынын бюджети) Планды каржылоонун керектөөлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар келтирилген. Иш-чаралар планынын бюджетинде ошондой эле жетпеген каржылоо көлөмдөрү - "финансылык ажырым" бааланган, ал өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен конструктивдүү байланышта иштөө предмети болуп бере алат.
Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жалпы наркы 2019-2023-жылдар мезгилине (чараларды жана милдеттерди каржылоодогу керектөө) 12567,5 млн. сомду түзөт. Мүмкүнчүлүктөр жалпысынан - 11939,8 млн. сом (95%) деңгээлинде бааланууда. Каржылоого камтылбай калган бөлүгү 627,6 млн. сомду же 5%ды түзөт.
Иш-чаралар планынын бекитилген каржылоосу (11939,8 млн. сом) төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан - 2235,9 млн. сом (ишке керектүү болгон башка күндөлүк чыгымдар жана Программанын иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысы. МКП долбоорлорун каржылоону эсепке албаганда);
- жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралган каражаттардын чегинде;
- азык-түлүк коопсуздугуна жетүүгө түздөн-түз тиешеси бар жана ага көмөктөшүүчү МКП долбоорлорун ишке ашырууга каралган каражаттар - 9070,2 млн. сом (2019-2021-жылдарда, республикалык бюджеттен тең каржылоону кошуу менен);
- башка булактардан берилүүчү каражаттар, анын ичинде донордук жамааттардын каражаттары - 634,0 млн. сом (программанын иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары).
Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан бекитилген каржылоо көлөмү Планды ишке ашырууга катыша турган ар кайсы министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин эмгектерине сарптоолордун баалоо наркы түрүндө болот.
Иш-чаралар планын толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржылоонун жетпеген көлөмүн (627,6 млн. сом) башка булактардан, анын ичинен донордук жамааттардан издеп табуу зарыл.
Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан кошумча каржылоо талап кылынбайт. Каржылоо ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттеринде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
Башка булактардан каржылоонун жетпей жаткан көлөмү (627,6 млн. сом) төмөнкүлөргө керек:
1. 5 жашка чейинки балдардын диарея оорусун дарылоо үчүн темир препараттарын жана фолий кычкылын, цинк препаратын, өтө арык балдарга терапиялык тамак-аш сатып алууга (549,5 млн. сом);
2. АЧТММнын Борбордук жана Ош лабораторияларын толук жабдууга (31,9 млн. сом);
3. Ар кандай окутуучу жана маалымат иш-чараларын жүргүзүүгө, эксперттерди ишке тартууга, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, маалыматтык-методикалык материалдарды даярдоого, көбөйтүүгө, которууга жана жайылтууга ж.б. (31,3 млн. сом);
4. ОАжМСЭКД үчүн экспресс-анализдерди жүргүзүү максатында эки мобилдүү көчмө лабораторияларды сатып алууга (14,9 млн сом).
Сөздүк:
1. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу - колдонулуп жаткан тамак-аш азыктары зыян эместигине жана ден соолукка эч коркунуч келтирилбей турганына негиздүү ишенимдин болушу.
2. Туура тамактануу (баланстуу, рационалдуу) - бул адамдын өсүшүнө, кадыресе өнүгүүсүнө, ден соолугун чыңдоого жана оорулардын алдын алууга өбөлгө болуучу тамактануу, мында адамдын организминин энергияга, азык-заттарга, микроэлементтерге жана витаминдерге болгон суткалык талабы канааттандырылууга тийиш, ошондой эле булардын ортосундагы оптималдуу баланс сакталышы керек.
3. Ашыкча тамактануу - тамак-аш азыктарын ашыкча керектөө, бул патологиялык абалдын жана оорулардын жаралышына алып келет.
4. Тамак-аш азыктарынын сапаты - азыктарды демейдегидей керектөө шарттарында адамдын тамак-ашка болгон талабын канааттандырууга жөндөмдүү тамак-аш азыктарынын мүнөздөмөсүнүн жыйындысы.
5. Квинтилдик топ - калктын 20%ын камтыган топ.
6. Сектор аралык кызматташуу - АКжТда жалпы максатка жетүүнү камсыздоочу иш-чараларды жүргүзүү боюнча ар кандай мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын иш-аракеттерин координациялоо.
7. Микронутриенттик жетишсиздик - адамдын организминде микроэлементтердин жана витаминдердин жетишсиз келишинен улам пайда болгон патологиялык абал.
8. Кыска бойлуулук - узак убакыт бою азыктарды туура эмес керектөөнүн (тамактануунун өнөкөт бузулушу) же өнөкөт оорунун натыйжасында балдардын боюнун өспөй токтоп калышы.
9. Байытылган (фортифицирленген) тамак-аш азыктары - оорулардын алдын алуу максатында киргизилген, организмге жетишпеген бир же андан көп керектүү ингредиенттер (витаминдер, минералдар, белоктор, амино же май кычкылдары) жана башка заттар кошулган тамак-аш азыгы.
10. Тамак-аш азыктары - жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн алынуучу, минералдык, жасалма же биотехнологиялык жол менен алынган азыктар, ал адамдын тамакка кошуп пайдалануусу үчүн арналып, накта, иштетилген же кайра иштетилген түрдө болот.
11. Жетиштүү тамактануу укугу - мында ар бир адам каалаган учурда жетиштүү тамак-аш азыктарын алууга табигый жана экономикалык мүмкүнчүлүгү болот.
12. Жашоо минимумунун азык-түлүк бөлүгү - адамдын ден соолугун жана өмүрүн камсыздоо үчүн күнүнө 2100 ккал энергетикалык баалуулуктагы тамак-аш азыктарынын минималдуу топтому, жашоо минимумунун көлөмүнөн 65%ын түзөт.
13. Азык-түлүктүк шок - өлкөнүн калкынын көбүнүн азык-түлүк алуу мүмкүндүгүн чектөөчү койгон азык-түлүктүн баасынын тез жогорулап кетүүсү.
14. Жашоо минимуму - адамдын керектөөлөрүн минималдуу жол берилген деңгээлде канааттандыруучу жана анын жашоо-тиричилигин камсыздоочу тамак-аш азыктарынын, азык-түлүк эмес товарлардын, милдеттүү төлөмдөр жана жыйымдар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жана чыгымдардын стандарттуу топтомунун наркы.
15. Оорулардын алдын алуу - оорулардын пайда болуу жана жайылуу ыктымалдыгынын алдын алууга же азайтууга же болбосо токтотууга, кайталанышын жана өтүшүп кетүүлөрдүн алдын алууга багытталган иш-чаралар.
16. Санитардык-эпидемиологиялык талаптар - адамдын жашоо чөйрөсүндөгү адам үчүн коопсуздук критерийлери, ченемдик укуктук актыларда белгиленген, адамдын жашоо-тиричилигине жагымдуу шарттарды түзүү боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы талаптар.
17. Тамак-аш коопсуздугунун менеджмент системасы - керектелүүчү тамак-аштын коопсуздугун камсыздоочу өндүрүштөгү иш-чаралар комплекси.
18. Калктын социалдык аялуу катмары - жакырчылык чегинен төмөн жашаган калк.
19. Үй-бүлөнүн эмгектик дарамети - ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн жаш курагына жана ден соолугуна жараша эмгектенүүгө катышуу чектерин аныктоочу үй-бүлөнүн кумулятивдүү мүнөздөмөсү.
20. Жасалма тамак-аш азыктары - атайы касиеттери өзгөртүлгөн (жасалма) жана (же) белгисиз касиетке же сапатка ээ тамак-аш азыктары, алар жөнүндө маалыматтар көз көрүнөө толук эмес же туура эмес болот.
21. Азык-түлүктүн табигый жеткиликтүүлүгү өлкөнүн бардык аймактарында калкты тамак-аш азыктары менен туруктуу түрдө камсыздап туруу үчүн азык-түлүктүн болушун жана азык-түлүк базарларынын туруктуу иштеген инфраструктурасын карайт (чекене жана дүң соода, азык-түлүк агымдарынын логистикасы жана башкаруусу; региондор аралык жана мамлекеттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, мамлекеттик запастар).
22. Азык-түлүктүн экономикалык жеткиликтүүлүгү мамлекет тарабынан белгиленген ченемден кем эмес жана балансталган тамактанууну камсыз кылуучу көлөмдөрдө жана ассортиментте тамак-аш азыктарын керектөө үчүн калкта ресурстардын болушун карайт.
Кыскартуулар:
ИИКА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инвестициларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик |
АК БА | - | азык-түлүк коопсуздугун баалоо үчүн базалык азыктар |
ДССУ | - | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму |
ЖОЖ | - | жогорку окуу жайы |
ДАП | - | дүйнөлүк азык-түлүк программасы |
ДСУ | - | дүйнөлүк соода уюму |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
Ветфитосанинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
КМК | - | кепилденген минималдуу киреше |
ОАжМСЭКД | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти |
БТКА | - | бала төрөө курагындагы аялдар |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
АҮАЖ | - | аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпул |
АСЖ | - | ар айлык социалдык жөлөкпул |
ИСО/МЭК | - | эл аралык стандарттар |
ДМЧА | - | ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ЭЭБ | - | Эл аралык эпизоотологиялык бюро |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ВЖТ | - | ведомстволор аралык жумушчу топ |
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
УСИИ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
АКжТ | - | азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу |
КРӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
КРӨ облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн блустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
АКжТК | - | Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеш |
ООЖ | - | орто окуу жайы |
ТМК | - | трансгендик майлуу кычкылдар |
ББ ТР | - | Бажы бирлигинин техникалык регламенттери |
ФАО | - | азык-түлүк жана айыл чарба уюму |
ММРФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду |
ХАССП | - | опурталдарды жана контролдук критикалык чекиттерди анализдөө системасы |
СМБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы стандартташтыруу жана метрология борбору |
ТӨ | - | туруктуу өнүктүрүү максаттары |
(1) Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетени. 2018-ж., УСК.
(2) Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетени. 2014, 2016, 2018-ж., УСК.