Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 140 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун (мындан ары - КССУИ) иш тартибин аныктайт.
2. КССУИнин финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка ээ, өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде эсептик жана башка эсептери, тегерек мөөрү жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган штампы бар жана тиешелүү чөйрөдө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштерди жүзөгө ашыруучу мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат.
3. КССУИ мыйзамда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, мыйзамдарда белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. КССУИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, саламаттыкты сактоо жаатындагы улуттук жана мамлекеттик программаларды жана башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. КССУИнин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. КССУИнин иши саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте мамлекеттик аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
7. КССУИнин юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көч., 34.
8. КССУИнин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту";
- расмий тилде: "Национальный институт общественного здоровья при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ССМ КССУИ";
- расмий тилде: "НИОЗ МЗ КР".
2-глава. КССУИ максаты жана милдеттери
9. КССУИ максаты болуп калктын жана мамлекеттин муктаждыктарына багытталган медицина, коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо жаатында илимий изилдөө, билим берүү (дипломдон кийинки медициналык билим берүү, ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү), практикалык, профилактикалык жана өндүрүштүк ишти жүргүзүү аркылуу ден соолукту коргоо, чыңдоо жана оорулардын алдын алуу боюнча саясатты жана практиканы илимий жактан негиздөө жолу менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
10. КССУИ милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) илимдин багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү;
3) координациялоо боюнча илимий-практикалык жана билим берүү ишин жүргүзүү: инфекциялык контролдоо системалары, медициналык калдыктарды башкаруу, лабораториялык диагностиканы жакшыртуу, инфекциялык жана инфекциялык эмес ооруларды эпидемиологиялык көзөмөлдөө, моделдөө, коомдук жана практикалык саламаттык сактоо жаатындагы чакырыктарды болжолдоо;
4) коомдук ден соолук жана саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнүн медицинасы, эмгек медицинасы; инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын проблемалары жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташуу;
5) ординатура, магистратура, кошумча кесиптик билим берүү курстары жана күндүзгү, сырттан аспирантура, докторантура, изденүүчүлүк, PhD, DSc, анын ичинде коммерциялык негизде гигиена, эпидемиология, коомдук ден соолук жана саламаттык сактоо, эмгек медицинасы, социология медицинасы, лабораториялык иш, микробиология жана вирусология жана башка адистиктер боюнча илим аркылуу практикалык саламаттык сактоо үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруу;
6) практикалык саламаттык сактоо системасы үчүн ден соолук мамлекеттик саясатын түзүүдө илимий изилдөөлөрдүн жана иштелмелердин жыйынтыктарын ишке киргизүү боюнча координациялоо жана интеграциялоо ишин жүргүзүү;
7) ден соолукту сактоого жана чыңдоого, өмүрдү узартууга, сергек жашоо образын жайылтууга, оорулардын алдын алууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу;
8) ченемдик укуктук актыларды, стандарттарды, техникалык регламенттерди, коомдук ден соолук жана практикалык саламаттык сактоо программаларын иштеп чыгуу жана талдоо;
9) изилдөөлөрдү жүргүзүүдө эл аралык биоэтикалык ченемдердин жана талаптардын принциптерин сактоо жана жайылтуу;
10) изилдөөлөрдө илимий жана этикалык ченемдерди сактоо менен улуттук жана эл аралык коомдук ден соолук жана саламаттык сактоо саясатын эске алуу менен программаларды, илимий долбоорлорду иштеп чыгуу;
11) коомдук ден соолук жана саламаттык сактоонун артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди пландоо, ошондой эле биологиялык, химиялык, радиациялык коопсуздуктун тобокелдиктерин илимий болжолдоо жана моделдөө;
12) айлана-чөйрөнүн гигиенасынын артыкчылыктуу багыттары, климат, калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо боюнча эл аралык жана секторлор аралык кызматташууну өнүктүрүү;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн аткаруу.
3-глава. КССУИнин укуктары жана милдеттери
11. КССУИ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн илимий жана илимий-техникалык ишинин негизги багыттарын аныктоого;
2) илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга;
3) мыйзамда белгиленген тартипте келишимдерди түзүү менен Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн башка илимий жана башка уюмдары менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
4) белгиленген тартипте бирикмелерге, тармактар аралык илимий-техникалык комплекстерге, кеңештерге, ассоциацияларга (бирликтерге), анын ичинде эл аралык, коомдук уюмдарга кирүүгө жана алардын ишине катышууга;
5) КССУИнин бекитилген жобосунун негизинде иштеген түзүмдүк бөлүмдөрдү жана филиалдарды түзүүгө;
6) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды басып чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтардын базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
7) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура (адъюнктура), докторантура, PhD докторантурасы/профили боюнча докторантура аркылуу адистерди даярдоого;
8) белгиленген тартипте окумуштуулук даражаны изденип алуу үчүн диссертациялык иштерди коргоо жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө катышууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга;
10) илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан кирешелерди алууга;
11) илимий-техникалык кеңеш түзүүгө.
12) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна катышууга;
13) жогорку кесиптик дипломдон кийинки медициналык билим берүүнүн, ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн, кошумча медициналык билим берүүнүн негизги программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүүгө;
14) келишим боюнча акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик, коомдук жана жеке уюмдарга консультациялык жана эксперттик жардам көрсөтүүгө;
15) КССУИ тарабынан иштелип чыккан технологияларды республикада жана чет өлкөлөрдө ишке ашырууга;
16) КССУИнин ишин камсыз кылуу үчүн чет өлкөдөн алдынкы техниканын, технологиянын жана жабдуулардын үлгүлөрүн сатып алуу, саламаттык сактоо практикасына ишке киргизүүгө;
17) акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана алынган кирешелерди материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфраструктураны күтүүгө, илимий долбоорлорду колдоого, кадрларды даярдоого, КССУИнин кызматкерлерин социалдык жактан коргоого пайдаланууга.
12. КССУИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) өлкөнүн тармагынын муктаждыктарына ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
3) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
4) тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
5) заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктуну, технологияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруучулук-техникалык чечимдерин иштеп чыгууга;
6) илимий уюмдун интеллектуалдык ишинин натыйжасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого;
7) профили боюнча илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланышты чыңдоого;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке иштелменин, ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен КССУИнин ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
10) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун булактарын издөөгө;
12) КССУИге оперативдүү башкарууга берилген негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
13) илимий-маалыматтык ишти жүргүзүүгө;
14) илимдин ролун, анын ичинде өзүнүн ишин жана ишинин продуктун популярдаштыруунун эсебинен жогорулатууга;
15) КССУИнин, ошондой эле илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоону жүзөгө ашырууга;
16) өзүнүн иши үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
17) илимий кызматкерлерди аттестациялоону 5 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүүгө.
4-глава. КССУИнин түзүмү
13. КССУИнин түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан бекитилет.
14. Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиалдуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
5-глава. КССУИни башкаруу
15. КССУИни директор жетектейт.
16. КССУИнин директору Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри КССУИнин директорунун кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам КССУИнин директорунун кызмат ордуна эки мөөнөттөн ашык дайындала албайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы КССУИнин директорун сунушсуз эле өзүнүн демилгеси боюнча кызмат ордуна дайындоого жана бошотууга укуктуу.
КССУИнин директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
17. КССУИнин директору кызмат ордун төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар ээлей алат:
1) жогорку кесиптик билим;
2) илимий даражасы;
3) илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иште жалпысынан 5 жылдан кем эмес стажы жана 5 жылдан кем эмес жетекчилик кызматтарда иш стажы.
18. КССУИнин директору:
1) мекемени командалык жеке башкаруу принциптеринде башкарат жана мекеменин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) финансылык каражаттарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада учурдагы жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгы үчүн жооп берет, финансылык тартипти сактайт;
3) КССУИнин башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
4) кызматкерлерди ишке кабыл алууну жана бошотууну ишке ашырат, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн жооп берет;
5) илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт;
6) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
7) КССУИнин иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
19. КССУИнин директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) саламаттык сактоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
2) уюмду башкаруунун теориясын жана методдорун;
3) илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
4) эмгек жана финансы мыйзамдарынын негиздерин;
5) профиль боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимдериндеги илимий жетишкендиктерди;
6) чет өлкөлүк илимий уюмдардын илимий жетишкендиктерин жана тажрыйбасын;
7) орто мөөнөттүү мезгилге илим тармагын өнүктүрүү боюнча көз карашы (концепция, иштелме, технология же план).
20. КССУИнин директору жок болгон учурда (иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, кызмат ордунан бошотуу) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
21. КССУИнин директорунун орун басарлары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат. Директордун орун басарлары өзүнүн ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырат.
6-глава. КССУИнин илимий-техникалык кеңеши
22. Илимий-техникалык кеңеш КССУИнин консультациялык-кеңеш берүүчү органы болуп саналат. КССУИнин илимий-техникалык кеңешинин мүчөлөрү КССУИнин директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу эгерде жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу.
Илимий-техникалык кеңештин курамына КССУИде иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
23. Эгерде жыйналышка илимий-техникалык кеңештин курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, алар чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде илимий-техникалык кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, илимий-техникалык кеңештин чечимдери кабыл алынды деп эсептелет.
24. КССУИнин директору илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп саналат.
7-глава. КССУИнин каржылоо булактары
25. КССУИнин каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын илим фонду (мамлекеттик заказдын алкагында);
4) атайын каражаттар.
26. КССУИ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу жана ижара укугунда мүлккө ээ болушу мүмкүн.
27. КССУИнин ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-глава. Корутунду жоболор
28. КССУИни кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
29. КССУИнин документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.