Загрузка документа…
27-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин жөнгө салат. Борбор Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын (мындан ары - Кызмат) карамагында турат.
Борбор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ушул Жобону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кызматтын актыларын жетекчиликке алат.
3. Борбор мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
4. Борбордун өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары болот.
5. Борбордун расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы "Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Центр ветеринарной диагностики и экспертизы" при Службе ветеринарии, развития животноводства, пастбищ и кормов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики";"
2) кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ВДЭБ";
- расмий тилде: "ЦВДЭ".
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Борбордун юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, М.Рыскулов көчөсү, 33.
7. Борбор өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык органдары, мамлекеттик, коомдук, илимий уюмдар жана башка юридикалык/жеке жактар менен өзүнүн компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
2-глава. Борбордун милдеттери жана функциялары
8. Борбордун милдеттери:
- жаныбарлардын вирустук, бактериялык жана мителик ылаңдарын аныктоо боюнча өз убагында, анык, квалификациялуу диагностикалык иштерди, химиялык-токсикологиялык, радиологиялык жана башка изилдөөлөрдү, ошондой эле жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукттарга (чийки заттарга) ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү;
- жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалоо методдорун өркүндөтүү жана Борбордун аймактык ветеринардык лабораторияларынын ишин башкаруу;
- зооантропонозду кошкондо, жаныбарлардын ылаңдарынын диагнозун аныктоо жана ылаңдар менен күрөшүү чараларын уюштурууга байланышкан маселелерди чечүүдө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кызматтын аймактык органдарына жана башка жеке жана юридикалык жактарга өзүнүн компетенциясынын чегинде методикалык, консультативдик жана практикалык жардам көрсөтүү.
9. Борбор төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча:
- Борбордун ишинде колдонулган келип түшкөн диагностикумдарга контролдук сыноолорду жүргүзүү жана аларды колдонуу боюнча сунуштамаларды берүү;
- ченемдик укуктук актыларга ылайык жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукттардын (чийки заттардын) биологиялык коопсуздугу боюнча милдеттүү талаптарды камсыз кылуу боюнча тамак-аш азыктарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык сыноолорду жүргүзүү;
- жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүн жана ветеринардык лабораторияларын аккредитациялоо процессине даярдоо жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык техникалык компетенттүүлүгүн ырастоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- ченемдик укуктук актыларга ылайык жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукттарга (чийки заттарга) ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү;
- ченемдик укуктук актыларга ылайык жаныбарлардын ылаңдарына жана жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукттарга (чийки заттарга) салыштырып сыноолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- ченемдик укуктук актыларга ылайык лабораториялык диагностика жана экспертиза үчүн жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукциялардын (чийки заттарга) пробаларын (үлгүлөрүн) жана патологиялык материалдарды алуу;
- изилдөөлөрдүн жыйынтыгын сыноолордун протоколу түрүндө юридикалык жана жеке жактарга белгиленген тартипте берүү;
2) кызматтарды көрсөтүү:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүн жана ветеринардык лабораторияларын зарыл диагностикалык каражаттар менен камсыз кылуу;
3) колдоо көрсөтүү:
- эпизоотияга каршы жана эпидемиологияга каршы иш-чараларды тез арада жүргүзүү үчүн өзгөчө кооптуу зооантропоноздук оорулар аныкталган учурлар жөнүндө Кызматка (анын аймактык бөлүмдөрүнө) жана башка тиешелүү уюмдарга маалымдоо;
- Кызматка берүү үчүн жаныбарлардын өзгөчө кооптуу ылаңдарынын диагнозу аныкталгандыгы жөнүндө Кызмат тарабынан белгиленген форма боюнча оперативдүү жана үзгүлтүксүз маалыматты даярдоо;
- ветеринардык диагностикалык методдордун илимдин алдынкы жетишкендиктерине шайкештигин эсепке алуу, жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалык изилдөөлөрдүн жаңы методдорун изилдөө жана жалпылоо;
- Борбордун ветеринардык лабораторияларынын ишин координациялоо;
- Борбордун аймактык ветеринардык лабораторияларында жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын текшерүү боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу;
- материалдык-техникалык камсыздоо, кадрдык курам жана практикалык лабораториялык иштин потенциалынын маалыматтар базасын түзүү;
- ветеринардык диагностика жана экспертиза жаатында илимий-изилдөө мекемелери менен кызматташуу.
3-глава. Борбордун укуктары
10. Милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн Борбор төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- жаныбарлар ылаңдаган учурда сунушталуучу жаңы диагностикалык каражаттарды жана методдорду пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштамаларды берүү менен аларга өндүрүштүк сыноолорду жүргүзүүгө;
- Кызматка ветеринардык иштин жана ветеринардык диагностиканын натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- белгиленген тартипте эл аралык жана региондук конференцияларга, семинарларга жана тренингдерге, ошондой эле эл аралык донорлордун долбоорлорун даярдоого катышууга жана Кызмат менен макулдашуу боюнча ветеринардык-диагностикалык иштин маселелери боюнча эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүн жана ветеринардык лабораторияларын аккредитациялоо жана аттестациялоо боюнча комиссиялардын ишине катышууга;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык/жеке жактардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
- Борбордун ишине байланышкан конкурстарды, семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, илимий-изилдөө институттары менен макулдашуу боюнча көз карандысыз экспертизаларды жүргүзүү үчүн адистерди тартууга;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга.
4-глава. Борбордун ишин уюштуруу
11. Борборго директор жетекчилик кылат, ал Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Борбордун директорунун орун басарлары Борбордун директорунун сунушу боюнча Кызматтын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
13. Борбордун директору:
- Борбордун ишине түздөн-түз жетекчилик кылат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- жаныбарлардын ылаңдарын ветеринардык диагностикалоону жана жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукттарды (чийки заттарды) экспертизалоону уюштурууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары чет мамлекеттер менен болгон мамилелерде Борбордун атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө документтерге белгиленген тартипте кол коёт;
- Борбордун кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана Борбордун кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Борбордун чыгымдар сметасын, штаттык расписаниесин, түзүмүн, штаттык санын, эмгек акы төлөө фондун жана аймактык ветеринардык лабораториялары жөнүндө жобону Кызматка бекитүүгө берет;
- Борбордун айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга сунуштарды Кызматка берет;
- Борбордун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлайт жана тартиптик жазаларды колдонот;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ветеринардык лабораторияларынын кызматкерлерин мыйзамдарда белгиленген тартипте квалификациясын ырастоо үчүн 3 жылда бир жолу аттестациялоону жүргүзөт;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктерин жана кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана ээлеген кызмат ордунан бошотот;
- Кызмат менен макулдашуу боюнча Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш пландарын бекитет;
- Кызматка Борбордун иши жөнүндө отчетту квартал сайын жана жылдын жыйынтыгы боюнча берет;
- лабораториялык изилдөөлөрдүн жаңы методдорун киргизүүгө шарт түзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борборду жетектөөгө жана ишине байланышкан башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Борбордун директору жок учурда анын директорунун милдеттерин аткаруу Борбордун директорунун орун басарына жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Борбордун түзүмүнө Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрү жана Борбордун ветеринардык лабораториялары кирет.
5-глава. Мүлк жана финансы
15. Борбордун негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
16. Борборду каржылоо республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынан жүргүзүлөт.
17. Борбор оперативдүү башкаруу укугунда мамлекеттик имаратты, жабдууларды, инвентарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
6-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
18. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу, жоюлган же кайра уюштурулган учурда мүлктү бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Борбордун иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.