Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-марты № 136
"Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ишкананын ишин жалпы жетектөөнү жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жүргүзөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржылануучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасын кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу схемасындагы "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасы" деген позиция алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 16-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Ишкананы юстиция органдарынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- Ишкананын ишин материалдык-техникалык, финансылык жана ушул токтомдон келип чыккан башка жагынан камсыздоо маселелерин чечсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 24 (3577) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |