Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 136 токтому менен бекитилди) |
"Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Ишкананын уюмдаштыруу документи болуп Устав эсептелет.
3. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - Министрлик) саналат.
4. Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Бишкекский штамповочный завод".
6. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "БШЗ" МИ";
- расмий тилде: "ГП "БШЗ".
7. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте финансы-кредиттик мекемелердеги алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдик алган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалдары ал бекиткен жоболордун негизинде иштейт. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын ишине толук жоопкерчилик тартат. Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик каттоого алынууга тийиш.
12. Ишкананын юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти, 1.
13. Ишкананын иши керектөөчүлөргө ок атуучу куралга ок-дарыларды, аскердик багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, анын ичинде мамлекеттик коргоонун тапшырыгына ылайык башка чөйрөдөгү иштерди аткаруу болуп саналат.
2-глава. Ишкананын максаттары,
милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын ишинин негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын улуттук коопсуздукту, коргоо жөндөмдүүлүгүн, укук тартибин, айлана-чөйрөнү коргоону, эл чарбасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу менен байланышкан стратегиялык маанидеги товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгын канааттандыруу;
- Ишкана тарабынан товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү боюнча түздөн-түз мамлекеттик тапшырыкты аткаруу;
- мамлекеттик программаларды жана жалпы республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
- пайда алуу.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул Уставда белгиленген максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
- өндүрүлгөн продукцияны сатууну камсыз кылуучу тиешелүү инфратүзүмдү түзүү, капиталды, финансылык ресурстарды жана тартылган каражаттарды натыйжалуу башкаруу аркылуу максималдуу кирешелүүлүккө жетүү.
16. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- аскердик багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу;
- куралдарды жана ок-дарыларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана сатуу рыногунда суроо-талаптарга ээ болгон продукциялардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) башка түрлөрүн өндүрүү, оңдоо, сатуу;
- продукцияны өндүрүү, жаңы түрлөрүн өздөштүрүү, продукцияны стандартташтыруу жана сертификаттоо, өндүрүштүн экологиясы жана жарандык коргонуу жаатындагы Ишкананын ишинин стратегиясын жана тактикасын түзүү;
- куралды жана аскердик техниканы, ошондой эле тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген аскердик багыттагы башка продукцияларды импорттоо, экспорттоо;
- маркетинг ишин жүргүзүү, рыноктун конъюнктурасын изилдөө, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү, продукциялардын жаңы түрлөрүн өздөштүрүү жана аларды рынокко алып чыгуу;
- соода-коммерциялык ишти уюштуруу;
- жарнама ишин жүзөгө ашыруу, көргөзмөлөргө, жарманкелерге катышуу.
Уруксат талап кылынган иштин түрлөрү боюнча Ишкана өзүнүн ишин лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүзөгө ашырат.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
- кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
- менчик ээсинин макулдугу менен өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардан гранттарды жана каражаттарды тартууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдин негизинде жеке адамдарды Ишканада жумуш аткаруу үчүн белгиленген тартипте тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;
- зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарына ылайык чарбалык башкаруу укугунда өзүнө таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды менчик ээсинин макулдугу менен келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
- Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Ишкана ушул Уставда аныкталган өз максаттарына жетүү, милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана алар үчүн жумуштарды аткарып жана кызматтарды көрсөтүп жаткан мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттерди так аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек, жарандык, кылмыш-жаза мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
- чарбалык башкаруу укугунда берилген мамлекеттик мүлктү сактоону камсыздоого;
- коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
- өндүрүш ишин жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздукту камсыздоого, техникалык коопсуздук эрежелерин жана жаратылышты пайдалануунун белгиленген режимин сактоого;
- "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык объектти иштетүүнүн тартибин камсыздоого, ошондой эле стратегиялык объекттерди иштетүүнүн жана эксплуатациялоонун режимине коюлуучу талаптарды камсыздоого.
Ишкана өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга укугу жок.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырды, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү болгон, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
4-глава. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы
20. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын уставын иштеп чыгуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же аны жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
- Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюмдаштыруучуга киргизүү;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
- Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
- Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
- коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
21. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ишканага тейлөөчү иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына келүүгө;
- аткаруучу органдын отчетторун угууга;
- Ишкананын директорун ээлеген кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлөөчү иш чөйрөлөрүндө тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
22. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
- Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
- Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузууларын ага белгилүү болгон фактылары тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
- Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыры болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлөөчү иш чөйрөлөрүндө тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттенмелерге ээ.
5-глава. Ишкананын аткаруу органы
23. Ишкананын ишин директор жетектейт, ал кызмат ордуна Ишкананын жетекчисинин кызмат ордунун квалификациялык талаптарына ылайык келген, мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
24. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бошотулат.
25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
26. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын ишине жана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандырылбаган баа алса;
- Ишкананын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялык эмес иш-аракеттери;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) ишке ашыруу;
- Ишкананын алдыдагы жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизүү;
- Ишкананын таза кирешесинин республикалык бюджетке которула турган бөлүгүнүн өлчөмүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизүү;
- Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
- Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
- кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
- бухгалтердик жана статистикалык эсептерди жүргүзүүнү уюштуруу;
- ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн керектүү материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин кайсы болбосун чөйрөсү менен байланышкан зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
- Ишкананын кызматкерлеринин ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
- коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын тармактык саясатты башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган Ишкананын тейлөөчү иш чөйрөлөрүндөгү башка милдеттерге да ээ.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын билдирет;
- Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө техникалык коопсуздуктун сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- аскердик багыттагы продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
32. Ишкананын директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун үч орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлөө учуруна чейин анын милдеттерин аткаруу тиешелүү буйруктун негизинде директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
Ишкананын директору жок учурда анын милдеттерин тиешелүү буйруктун негизинде директордун орун басарларынын бири аткарат.
36. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды колдонот.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ички аудитти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
38. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы төлөө тартибин аныктайт.
39. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
6-глава. Ишкананын жетекчилик курамы
40. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар төмөнкүлөр болуп саналат:
- директор;
- директордун орун басарлары;
- башкы бухгалтер.
41. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
42. Төмөнкүлөр Ишкананын жетекчилик курамына кире албайт:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга укуктуу Кыргыз Республикасынын жарандары;
- менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
- канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
- менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектте мурда жетекчилик кызмат орундарын ээлеген, банкроттукка алып келген адамдар;
- мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда болгон мезгилде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
7-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
43. Ишкана өзүнүн ишин мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилген үч жылдык мезгилге стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жылдык иш планынын негизинде жүргүзөт.
44. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилелерди жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдерди түзөт.
45. Ишкана келишимдин предметин тандоону, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын эркин аныктоону жүзөгө ашырат.
46. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
- ички аудиторго (ички аудит кызматына), эгерде мындай кызмат болсо;
- Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
48. Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык ишин жүргүзөт.
49. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын баяндоону;
- тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрүн;
- Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногуна мамлекеттин катышуу зарылдыгын негиздөөнү;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
- товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
- уюштуруучу планын;
- финансылык планды;
- тобокелдерди талдоону.
50. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын алдыдагы жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетторду киргизет.
51. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
52. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
53. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин текшерүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
8-глава. Ишкананын мүлкү жана финансы
54. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана өзүнө бекитилип берилген мүлккө менчик укугу берилген эмес. Мүлктү пайдаланууга негиз болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттин менчиги болуп саналган жана Ишкананын балансына берилген башка мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен чарбалык башкаруу укугу саналат.
55. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
56. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
- мүлк, анын ичинде кирешелер, бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү колдонуунун натыйжасында алынган же сатып алынган продукция;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай булактар.
57. Ишкананын өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен түшкөн кирешелердин эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык мүлккө болгон укукту жүзөгө ашырат.
58. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
59. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте инвентаризациялоонун жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
60. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүнө ылайык, бирок 50 пайыздан кем эмесин кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен анын алыш-бериш эсебине которот.
9. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
61. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык биригүү, кошулуу, бөлүнүү же өзгөртүлүп түзүлүү түрүндө жүргүзүлөт.
Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
62. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго өзгөртүлүп түзүлүшү мүмкүн.
63. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же жоопкерчилиги чектелген коомго өзгөртүлүп түзүлүшү мүмкүн, анын акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттик менчикте болот (акционерлөө).
Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн ачык акционердик коом же чарбалык коом анын бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында укук улантуучусу болуп саналат.
64. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
65. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасынан жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясына Ишкананын жетекчиси жетекчилик кылат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
Эгерде жоюлуп жаткан Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
66. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.