Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 175
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жободо:
- 17-19-пункттарда "жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн", ", анын аймактык бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр алып салынсын;
- 20-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптарды бекитет;";
- 22-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| Тиркеме |
“Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруу
схемасы
|
|
|
|
| ||
”. |
| |||||
|
|
|
|
|
|
|