Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-ноябры № 257
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 203, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2022-жылдын 31-майындагы № 293, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 515, 2023-жылдын 31-октябрындагы № 583, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 175, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 , 2025-жылдын 13-августундагы № 490 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 203 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 203, 2022-жылдын 31-майындагы № 293 , 2025-жылдын 13-августундагы № 490 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-2-пункту "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу мамлекеттик ишканаларга" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктунун 1 жана 2-пунктчалары жана 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-8-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте:
- ушул токтомго ылайык келтирүү максатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |