Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 477 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 177
Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо жана көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны жүргүзүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
"Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 18, 22, 23, 26, 27, 28-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, программалык-максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте ведомстволук жана функциялык классификацияларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишти жүргүзсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы № 429 "Мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүү жана ишке ашыруу тартиби жөнүндө, илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 20-августундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын илим жана интеллектуалдык менчик жагдайындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-октябрындагы № 736 "Мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүү жана ишке ашыруу тартиби жөнүндө, илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы № 429 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 479 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы № 429 "Мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүү жана ишке ашыруу тартиби жөнүндө, илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук илимдер фонду жөнүндө" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.Жапаров |