Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 477 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 токтомуна) |
Илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, программалык-максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, программалык-максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыкты жана илимий жана илимий-техникалык ишти республикалык бюджеттен каржылоо тартибин аныктайт.
2. Илимий жана илимий-техникалык ишти (Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын кошпогондо) каржылоону илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
3. Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоого республикалык бюджетте каралган каражаттар төмөнкүлөр үчүн пайдаланылат:
- илимдин жана илимий-техникалык иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, максаттуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- конкурстук негизде илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин, илимий жамааттардын жана уюмдардын илимий изилдөөлөрүнө мамлекеттик заказ боюнча гранттарды берүү;
- тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоо;
- илимдин жана илимий-техникалык иштин келечектүү жана жаңы багыттары боюнча илимий кадрларды даярдоо, анын ичинде кадрларды чет өлкөлөрдө даярдоо программаларын ишке ашыруу;
- илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды (журналдарды, электрондук материалдарды жана башкаларды) жарыялоо, сатып алуу жана камсыз кылуу;
- илимий форумдарды (конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды жана башкаларды) өткөрүү жана аларга катышуу;
- илимий инфраструктураны түзүү;
- илимий программаларга жана долбоорлорго көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны жүргүзүү жана уюштуруу.
4. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүк колдонулат:
илимий-техникалык программалар боюнча иштердин башкы уюмдары (аткаруучулары) - белгиленген тартипте каржылоону ачуу үчүн программалар жана долбоорлор боюнча иштерди аткаруучу илимий жана илимий-техникалык мекемелер, жогорку окуу жайлары, ошондой эле убактылуу чыгармачыл илимий жамааттар.
2-глава. Каржылоонун булактары жана формалары
5. Илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоонун булагы болуп жылдык чыгымдарынын көлөмүнүн кеминде бир пайызын түзгөн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттары саналат.
6. Республикалык бюджеттен каржылоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) базалык;
2) программалык-максаттуу каржылоо;
3) гранттык каржылоо.
3-глава. Базалык каржылоо
7. Чыгымдардын бардык беренелери боюнча базалык каржылоо илимий жана илимий-техникалык уюмдарга илимий инфраструктураны жана мүлктү, анын ичинде имараттарды, жабдууларды жана материалдарды учурдагы камсыздоого, кызматкерлердин эмгек акысына ченемдер боюнча бөлүнөт.
8. Илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мыйзамдардын ченемдерине ылайык базалык каржыланууга тийиш болгон илимий жана илимий-техникалык уюмдардын тизмегин бекитет, каржылоо үчүн керектүү сумманы илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо үчүн зарыл болгон каражаттарга жыйынды өтүнмөгө киргизет.
4-глава. Программалык-максаттуу каржылоо
9. Программалык-максаттуу каржылоо конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча улуттук жана мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында жүзөгө ашырылат.
10. Улуттук илимий жана илимий-техникалык программалар жана долбоорлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт.
11. Улуттук илимий, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду конкурстук тандоо илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат, анын жыйынтыктары республикалык бюджеттен каржылануучу долбоорлорду жана программаларды түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберилет.
12. Каржылоонун көлөмүн көрсөтүү менен түзүлгөн улуттук илимий, илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун тизмеси көрсөтүлгөн финансылык каражаттарды илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бөлүп берүү үчүн финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жиберилет.
13. Мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программалар жана долбоорлор мамлекеттик заказдын алкагында конкурстук негизде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
14. Мамлекеттик заказдын алкагында илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын 1-июлга чейин конкурстун жыйынтыктарына ылайык республикалык бюджеттен каржыланууга тийиш болгон мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программалардын темаларынын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун тизмегин түзөт жана аны келерки жылга илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо үчүн зарыл болгон каражаттарга жыйынды өтүнмөгө киргизет.
15. "Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" деген 2215-чыгымдар беренеси боюнча республикалык бюджеттин каражаттары мыйзамдарда белгиленген тартипте илимий жана илимий-техникалык экспертизадан өткөн мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду каржылоого бөлүнөт.
5-глава. Гранттык каржылоо
16. Гранттык каржылоо конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча илимий жана инновациялык долбоорлорду колдоого Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш тарабынан аныкталуучу илимий багыттардын артыкчылыктарына ылайык жүзөгө ашырылат.
17. Гранттык каржылоого конкурстук тандоо илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан илимий жана илимий-техникалык мекемелерден, жогорку окуу жайларынан, ошондой эле чыгармачыл илимий жамааттардан жана айрым окумуштуулардан түшкөн сунуштардын негизинде жүргүзүлөт.
18. Илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын 1-июлга чейин конкурстун жыйынтыгы боюнча каржылоо суммасын "Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" деген 2215-берене боюнча каржылоо үчүн зарыл болгон каражаттарга жыйынды өтүнмөгө киргизет.
6-глава. Каржылоо тартиби
19. Илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каржылоонун жалпы көлөмүн жана иштин ар бир багыты боюнча өзүнчө көлөмдөрдү көрсөтүү менен илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо үчүн зарыл болгон каражаттарга жыйынды өтүнмөнү даярдайт жана аны кезектеги жылга учурдагы жылдын 1-августуна чейин республикалык бюджеттин долбоорун жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун түзүү үчүн финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
20. Жыйынды өтүнмө илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илимий-техникалык кеңеши тарабынан алдын ала каралат.
21. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кезектеги жылга республикалык бюджетти бекиткенден кийин илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте каржылоону ачуу үчүн финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга программалар жана долбоорлор боюнча иштердин, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин башкы уюмдарынын-аткаруучулардын бекитилген чыгымдар сметаларын берет.
22. Бюджеттик каражаттар бөлүнгөн илимий-техникалык программалар боюнча иштердин башкы уюмдары (аткаруучулары), илимий жана илимий-техникалык мекемелер, жогорку окуу жайлары, ошондой эле чыгармачыл илимий жамааттар жана айрым окумуштуулар бул каражаттарды максаттуу багыты боюнча так сарптоого жана илим жана финансы маселелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча аларды пайдалануу боюнча зарыл маалыматтарды, ошондой эле аткарылган иштер боюнча отчетторду берүүгө милдеттүү.
23. Бузуулар аныкталган учурда мыйзамсыз пайдаланылган каражаттарды бюджетке кайтаруу боюнча чаралар көрүлөт, зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тиешелүү программаларды, долбоорлорду, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди каржылоону токтотуу жөнүндө сунуштар киргизилет. Мыйзам бузууларга жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.