Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 токтомуна) |
Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруунун, өткөрүүнүн тартибин жана түзүмүн аныктайт.
2. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза (мындан ары - экспертиза) илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти, тиешелүү илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын түзүмүнүн жана мазмунунун илимий негиздүүлүгүн камсыз кылуу, илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка кесепеттерин аныктоо, илимий-техникалык потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо, изилдөөлөрдүн деңгээлин жана алардын натыйжаларын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүк колдонулат:
эксперттик кеңеш - илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин конкурсуна өтүнмөлөрдү эксперттик баалоо жана аткарылган илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер боюнча отчетторду кабыл алуу боюнча жогорку коллегиалдуу орган.
2-глава. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизанын түзүмү
4. Экспертиза илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан илимдин багыттары (медициналык, айыл-чарбалык, социалдык-гуманитардык, табигый-илимий, техникалык) боюнча 5-7 адамдан түзүлгөн эксперттик кеңештер (мындан ары - Кеңеш) тарабынан жүргүзүлөт. Экспертизаны жүргүзүү үчүн келишимдик (контракттык) негизде илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер, адистер, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрү тартылат.
5. Кеңеш өз ишинде илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү Эксперттик кеңеш жөнүндө жобону жетекчиликке алат.
6. Экспертиза илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук иштерди жана улуттук/мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду (мындан ары - илимий долбоорлор) талдоо жана баалоо боюнча иш-аракеттердин төмөнкүлөр боюнча системасын билдирет:
- илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка кесепеттерин аныктоо;
- илимий-техникалык потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо;
- изилдөөлөрдүн деңгээлин жана анын натыйжаларын аныктоо.
7. Экспертиза төмөнкүлөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлөт.
1) илимий долбоорлорду республикалык бюджеттен каржылоо мүмкүндүгүн;
2) илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын.
8. Республикалык бюджеттен каржылануучу илимий долбоорлорду толук жана объективдүү талдоо жана баалоо үчүн Кеңеш жыл сайын алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду угат жана коюлган максаттарга жана милдеттерге ылайык келүүсүн баалайт, ошондой эле алардын ишке ашырылышына жана алынган натыйжаларга мониторинг жүргүзөт.
9. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча төмөнкү бөлүктөрдөн турган негизделген корутунду даярдалат:
- маселенин сыпатталышы;
- талдоонун натыйжалары боюнча тыянактар;
- сунуштар.
3-глава. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби
10. Илимий долбоорлорго экспертиза жүргүзүү үчүн тармактык орган анын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү (илимий-техникалык кеңеш) тарабынан каралган жана тандалып алынган илимий долбоорлорду илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
11. Илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тармактык органдар тарабынан сунушталган илимий долбоорлорду экспертизаны жүргүзүү үчүн тиешелүү багыт боюнча Кеңешке жөнөтөт.
Ошондой эле гранттык каржылоого талапкер болгон илимий жана илимий-техникалык мекемелердин, жогорку окуу жайларынын, ошондой эле чыгармачыл илимий жамааттардын жана айрым окумуштуулардын илимий долбоорлоруна экспертиза жүргүзүлөт.
12. Экспертизанын жүрүшүндө ар бир илимий долбоор боюнча талдоо жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталат жана белгиленет:
- ар бир илимий долбоор боюнча каржылоонун көлөмү жана булактары;
- республикалык бюджеттен каржыланып жаткан илимий долбоорлор менен мүмкүн болгон кайталануу маселелери;
- Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү улуттук жана мамлекеттик программаларына шайкештиги;
- социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн багыттарына шайкештиги;
- илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишмердүүлүктү ишке ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка натыйжалары;
- илимий долбоорлордун эффективдүүлүгү жана натыйжалуулугу.
13. Экспертиза ар бир илимий долбоор боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Өзүнчө илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук иштерди ишке ашыруунун же аны улуттук же мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программанын жана долбоордун курамына киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу, ошондой эле илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленген талаптарга шайкештиги жөнүндө бирдей маанидеги тыянактарды жана сунуштарды камтыган корутунду даярдалат.
14. Кеңештин илимий-техникалык долбоорду улуттук же мамлекеттик илимий-техникалык программанын курамына киргизүүнүн же айрым илимий-техникалык долбоорлорду ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу тууралуу тиешелүү багыт боюнча корутундусу Кеңештин жалпы жыйналышында каралат.
15. Корутундуларды Кеңештин жыйналышында кароонун алдында аларды деталдуу иштеп чыгуу максатында алар Кеңештин атайын түзүлгөн секцияларынын жыйналыштарында (Кеңештин бир нече мүчөсү жана ишке тартылган эксперттер тарабынан) алдын ала талкууланышы мүмкүн.
16. Тиешелүү багыт боюнча Кеңештин эки экспертинин терс корутундусу болгон учурда долбоорду Кеңештин жалпы жыйналышында кароо четке кагылат. Эксперттердин каршы (оң жана терс) же оң баасын алган долбоорлор Кеңештин жыйналышында белгиленген тартипте каралат.
17. Илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмеги (мындан ары - Тизмек) Кеңеш тарабынан илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген төмөнкү документтерди талдоонун негизинде аныкталат:
- илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илимий-техникалык кеңешинин илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын болжолдуу тизмегин аныктоо жөнүндө чечимин;
- коомдук талкуулоонун жыйынтыктарын.
18. Кеңеш берилген документтерди карап чыгат жана учурдагы кырдаалды талдоонун жыйынтыктарын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүсүнүн комплекстүү болжолунун негизинде бул багыттардын артыкчылыгынын илимий негиздүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарат.
Ошол эле учурда Кеңеш багыттардын аталыштарын өзгөртүүгө жана Тизмекти негиздүү толуктоого укуктуу.
19. Кеңештин корутундусун эске алуу менен илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин бекитүүсүнө Тизмекти киргизет.
20. Кеңеш Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык экспертизанын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат.
21. Экспертизаны жүргүзүү мөөнөтү Кеңешке түшкөн күндөн тартып эки айдан ашпашы керек.
22. Кеңештин төрагасы кол койгон экспертизанын жыйынтыгы боюнча корутунду илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
4-глава. Кеңештин ишинин тартиби
23. Кеңештин жыйналыштары бир жылда эки жолудан кем эмес илимий долбоорлорду конкурстук тандоо мезгилинде жана алардын аткарылышы боюнча отчетторду кабыл алуу учурунда жүргүзүлөт.
24. Кеңештин жыйналышы мүчөлөрдүн үчтөн экисинен (2/3) кем эмеси катышкан шартта укуктуу болуп саналат.
25. Каралып жаткан маселелер боюнча Кеңештин чечими, эгерде ал үчүн Кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе кабыл алынды деп эсептелет, ошол эле учурда тармактык органдын заказчысынын өкүлдөрү болуп саналган Кеңештин мүчөлөрү добуш бербейт.
26. Зарыл болгон учурда Кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин жыйналышына чакырылат.
27. ИТКнин тарабынан илимий долбоорлорго жана отчетторго объективдүү эмес баа берилген эки учур аныкталган учурда Кеңештин мүчөлөрү анын курамынан чыгарылат.
28. Кеңештин мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө ИТК чечиминин негизинде саатына 40 сом өлчөмүндө илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
29. Кеңештин мүчөлөрү экспертиза жүргүзүү мезгилинде орточо эмгек акысын сактоо менен негизги ишинен бошотулат.
30. Финансы маселелери боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жыл сайын илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти каржылоого жалпы чыгымдардын көлөмүнүн эсебинен эксперттерге эмгек акы төлөөгө жана экспертиза жүргүзүүгө байланышкан башка чыгымдарды жабууга каражаттарды карайт.
Аталган каражаттарды пайдалануу тартиби илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.