Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 183
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишимдерди бекитүү жөнүндө
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кубаттуулугу 30 МВтка чейинки энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишим 1-тиркемеге ылайык;
- Кубаттуулугу 30 МВттан жогору энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишим 2-тиркемеге ылайык.
2. 1-пунктта көрсөтүлгөн типтүү келишимдерге инвестициялык макулдашуунун жана/же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча жетишилген өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |