ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 183 «Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишимдерди бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция12.04.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 12-апрели № 183

Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишимдерди бекитүү жөнүндө

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кубаттуулугу 30 МВтка чейинки энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишим 1-тиркемеге ылайык;

- Кубаттуулугу 30 МВттан жогору энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө типтүү келишим 2-тиркемеге ылайык.

2. 1-пунктта көрсөтүлгөн типтүү келишимдерге инвестициялык макулдашуунун жана/же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча жетишилген өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров