Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 183 токтому менен бекитилди) |
Кубаттуулугу 30 МВтка чейинки энергиянын кайра жаралуучу
булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө
№ __________ типтүү келишим
Бишкек ш. | 20___-ж. ___________________ |
Мындан ары "Берүүчү" деп аталуучу, Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары - ЭКБ) субъектинин атынан ___________, ___________ негизинде иштөөчү ____________ бир тараптан жана мындан ары "Сатып алуучу" деп аталуучу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын атынан ___________________ негизинде иштөөчү экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар,
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) жоболорун көңүлгө алуу менен;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 01-13/214 буйругун аткаруу максатында,
төмөнкүлөр тууралуу ушул Келишимди түзүштү:
1. Терминдер жана аныктамалар
Ушул Келишимдин максаттары үчүн төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө системасы (ЭКЭАМӨС) - адистештирилген, метрологиялык аттестацияланган техникалык каражаттардын, программалык каражаттардын, байланыш каражаттарынын комплексинен турган, электр энергиясын коммерциялык эсепке алууну, коммерциялык эсепке алуунун маалыматтарын берүүнү, аларды иштеп чыгууну, аныктыгын баалоону, маалыматтар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн кошуп алганда, автоматташтырылган режимде жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү система. ЭКЭАМӨС электрондук кол тамганы пайдаланууну кошкондо документтештирүү системасы менен толукталышы мүмкүн;
электр энергиясынын көлөмдөрүн өткөрүп берүү актысы - бул Тараптар кол койгон, белгилүү бир эсепешүү мезгил ичинде берилген ЭКБ (мындан ары - "ЭКБ-электрэнергия") пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү чагылдырылуучу жана берилген электр энергиясынын сапатына жана көлөмүнө Сатып алуучу тарабынан дооматтардын жоктугун ырастоочу акт;
диспетчердик өтүнмө (өтүнмө) - эксплуатациялоочу уюм тарабынан объекттин электр жабдууларын иштен же резервден чыгарууга уруксат берүү жөнүндө жоопкерчиликтүү ниети таризделүүчү суроо-талап. Өтүнмө таризделет жана тиешелүү диспетчердик борборго кароого жана чечим кабыл алууга берилет;
диспетчердик команда (команда) - диспетчер тарабынан диспетчердик байланыш каналдары боюнча берилүүчү жана технологиялык иштөө режимдерин жана диспетчерлештирүү объекттеринин эксплуатациялык абалын башкаруу боюнча конкреттүү иш-аракеттерди (иш-аракетти) жасоо (жасоодон баш тартуу) көрсөтмөсүн камтыган команда;
диспетчердик персонал - диспетчердик субъекттин жумушчулары (диспетчерлери), алар энергетика системасынын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу менен анын электр энергетикалык режимин оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат;
диспетчердик иш жүргүзүү - тиешелүү диспетчердик борбор менен макулдашуу боюнча гана көрсөтүлгөн технологиялык режимдер же эксплуатациялык абал өзгөрүлө турган электр энергетикалык объекттердин технологиялык режимдерин жана эксплуатациялык абалын башкарууну уюштуруу;
диспетчердик макулдашуу (макулдашуу) - электр энергетика объекттеринин технологиялык режимдерин жана эксплуатациялык абалын башкаруу боюнча конкреттүү иш-аракетти (иш-аракеттерди) жасоого (жасоодон баш тартууга) бир диспетчердик борбордун диспетчери байланыш каналдары аркылуу экинчи диспетчердик борбордун диспетчерине же оперативдүү персоналына берүүчү уруксат;
диспетчердик башкаруу - тиешелүү диспетчердик борбор менен макулдашуу боюнча гана көрсөтүлгөн технологиялык режимдер же эксплуатациялык абал өзгөрүлө турган электр энергетикалык объекттердин технологиялык режимдерин жана эксплуатациялык абалын башкарууну уюштуруу;
эсептешүү борбору - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген, электр энергиясынын көлөмү жана жоготуулары боюнча маалыматтарды жыйноо, иштеп чыгуу, аныктыгын текшерүү, талдоо, электр энергиясынын баланстарын түзүү, электр энергетика рыногунун бардык катышуучулары үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле электр энергетика рыногунун катышуучуларынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөргө мониторинг жүргүзүү боюнча борборлоштурулган маалыматтык-аналитикалык системаны пайдалануу менен кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак;
маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган системасы (МТИБС) - аппараттык каражаттардан (компьютерлер, серверлер, перифериялык түзүлүштөр, маалыматтарды берүү каналдары, коммуникациялык түзүлүштөрү ж.б.) жана программалык камсыз кылуудан (операциялык система, программалык тиркемелер ж.б.) турган электр энергиясын эсепке алуунун маалыматтарын автоматтык түрдө топтоо жана иштеп чыгуу системасы;
электр энергиясын жана кубаттуулукту коммерциялык эсепке алуу каражаттары (коммерциялык эсепке алуу каражаттары) - Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген электр энергиясын жана кубаттуулукту эсепке алуунун метрологиялык аттестацияланган өлчөө түзүлүштөрүнүн жана приборлорунун жыйындысы, алардын көрсөткүчтөрүнүн негизинде акы төлөнүүгө тийиш болгон электр энергиясынын жана кубаттуулуктун сарпталышы аныкталат. Коммерциялык эсепке алуу каражаттары Тараптардын баланстык тиешелүүлүгүнүн чегинде (бөлүү чеги) орнотулат жана "КУЭТ" ААКтын ЭКЭАМӨС системасына жана эсептешүү борборунун МТИБСына интеграцияланууга тийиш;
электр энергиясын жана кубаттуулукту коммерциялык эсепке алуунун контролдук каражаттары (коммерциялык эсепке алуу контролдук каражаттары) - Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген электр энергиясын жана кубаттуулукту эсепке алуунун метрологиялык аттестацияланган өлчөө түзүлүштөрүнүн жана приборлорунун жыйындысы, алардын көрсөткүчтөрүнүн негизинде акы төлөнүүгө тийиш болгон электр энергиясынын жана кубаттуулуктун сарпталышы аныкталат. Контролдук эсепке алуу каражаттары алар иштен чыккан учурда коммерциялык эсепке алуу каражаттарын алмаштыра алат жана "КУЭТ" ААКтын ЭКЭАМӨС системасына жана эсептешүү борборунун МТИБСына интеграцияланууга тийиш;
электр энергиясын берүүчү ишкана - электр энергиясын өндүрүүчү ишкананын берүү түйүндөрү менен бөлүштүрүүчү ишкананын же негизги керектөөчүнүн туташуу түйүнүнүн ортосунда электр энергиясын берүүчү мамлекеттик, жеке юридикалык же жеке жак;
берүүчү - жөнгө салынуучу тарифтер боюнча бөлүштүрүүчү ишканаларга ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын берүүнү жүзөгө ашыруучу ЭКБ субъекти;
бөлүштүрүүчү ишкана - белгиленген аймакта керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоочу мамлекеттик, жеке юридикалык же жеке жак;
эсептөө мезгили - төлөнүүгө тийиш болгон берилген ЭКБ-электр энергиясынын көлөмү эске алынган, ушул Келишимде көрсөтүлгөн убакыт мезгили;
финансылык эсептөө системасы - Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларына жана мыйзамдарына ылайык эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн электр энергиясы үчүн төлөмдөр төлөнгөн жана алынган система;
Келишимдин шарттарын олуттуу бузуу - бул Тараптардын биринин ушул Келишимдин шарттарын экинчи Тарап үчүн натыйжада ушул Келишимди түзүүдө укуктуу болгонунан олуттуу деңгээлде ажырагандай зыянга алып келген бузуусу, анын ичинде Сатып алуучу тарабынан берилген ЭКБ-электр энергиясын 3 (үч) ай жана андан ашык убакыт аралыгында акы төлөө мөөнөттөрүн бузуусу;
электр энергиясынын көлөмү - Тараптардын менчигинин чегинде берилген жана коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын көрсөткүчтөрү боюнча аныкталуучу электр энергиясынын физикалык көлөмү;
баланстык тиешелүүлүк чеги - менчик ээлеринин (пайдалануучулар) ортосунда электр энергиясы менен камсыздоо системасын бөлүү сызыгы;
техникалык шарттар - Сатып алуучуну электр тармактарына туташтыруу үчүн милдеттүү болгон техникалык талаптардын сатып алуучу тарабынан аткарылышынын көлөмүн регламенттөөчү документ;
техникалык жоготуулар - электр энергиясынын жана кубаттуулуктун аны Сатып алуучунун электр тармактары аркылуу берүүдө технологиялык чыгымы;
энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы;
отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан лицензиялоо жана электр энергиясына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетика комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.
2. Келишимдин предмети
2.1. Берүүчү ЭКБ-электр энергиясын менчик чегине -бөлүштүрүүчү түзүлүшкө (мындан ары - БТ) берүүнү жүзөгө ашырат, ал эми Сатып алуучу ЭКБ-электр энергиясын техникалык мүмкүндүккө ылайык келген көлөмдө, бирок ушул Келишимде каралган шарттарда __________ (орнотуунун түрүн көрсөтүү) электр станциясы тарабынан иштелип чыккан жана өздүк жана чарбалык муктаждыктарына керектелбеген бардык электр энергиясынын 50 (элүү) пайызынан кем эмес өлчөмдө кабыл алат.
Тараптар Сатып алуучуда ЭКБ объекти иштеп чыгарган, бирок керектебеген электр энергиясынын 50 (элүү) жана андан ашык пайызын өздүк жана чарбалык муктаждыктарына сатып алуу мүмкүндүгү болбогон учурда Берүүчү сатып алуучу сатып албаган электр энергиясын келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сата тургандыгына макулдугун билдирет.
2.2. Электр энергиясын берүүнү жана кабыл алууну Тараптардын менчик чеги болуп саналган, ушул Келишимдин 1-тиркемесинде берилген, "КУЭТ" ААКтын ЭКЭАМӨС системасына жана эсептешүү борборунун МТБИС интеграцияланган ЭКБ-электр энергиясын ЭКЭАМӨС коммерциялык эсепке алуу каражаттары менен жабдылган, Сатып алуучунун менчигинде болгон ар бир кошулуу боюнча белгиленген кубаттуулуктун техникалык шарттары уруксат берген өлчөмдөрдө Тараптар жүзөгө ашырат.
2.3. Тараптар ушул Келишимдин алкагында гана шарттарды, тартипти, укуктарды жана жоопкерчиликти регламенттөөчү ыктыярдуу макулдашууну түзүп жаткандыгына макулдугун билдирет. Ар кандай жазуу жүзүндөгү кабарлоолорду жана дооматтарды, анын ичинде Тараптардын керектөөчүлөрүнөн жазуу жүзүндөгү кабарлоолорду жана дооматтарды ар бир Тарап Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине ылайык электр энергиясы менен камсыздоо келишимдери боюнча өздөрүнө алган милдеттенмелерине ылайык жеке өзү чечет.
3. ЭКБ-электр энергиясын берүү шарттары
3.1. ЭКБ-электр энергиясын берүүнүн көлөмү жана мөөнөттөрү ушул Келишимдин 2-тиркемесинде аныкталган.
3.2. Берүүчү жыл сайын 1-октябрга чейин алдыдагы жылга ЭКБ-электр энергиясын берүүнүн болжолдуу көлөмдөрүн 2-тиркемеге ылайык форма боюнча айларга жана кварталдарга бөлүү менен ушул Келишимге ылайык бөлүштүрөт.
3.3. Сатып алуучу берүү/керектөө боюнча өзүнүн диспетчердик графиктерин түзүүдө Берүүчүдөн ЭКБ-электр энергиясын берүү артыкчылыктуу тартипте киргизилет.
3.4. ЭКБ-электр энергиясын берүүнү диспетчердик башкаруу тартиби ушул Келишимдин 4-тиркемесинде камтылган Тараптардын оперативдүү персоналынын иш-аракеттерин регламенттөөчү жабдууларды Берүүчүнүн оперативдүү персоналы менен Сатып алуучунун ортосундагы оперативдүү тейлөө боюнча өз ара мамилелери жөнүндө жобо менен аныкталат.
3.5. Тараптар оперативдүү тартипти, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан нускамалардын, көрсөтмөлөрдүн, жоболордун жана башка ченемдик-техникалык документтердин талаптарын так сакташат.
4. ЭКБ-электр энергиясын эсепке алуу тартиби
4.1. Ушул Келишим боюнча ЭКБ-электр энергиясын берүүнүн эсептөө мезгили бир календардык айга белгиленет.
4.2. Берилген ЭКБ-электр энергиясынын иш жүзүндөгү көлөмү комиссиялуу түрдө ай сайын коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын жана/же ЭКЭАМӨС көрсөткүчтөрү боюнча эсептик айдан кийинки айдын биринчи күнүндө Бишкек убактысы боюнча саат 05-00гө (UTC+1) аныкталат (электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу үчүн эсептөө-контролдоо приборлору орнотулган жер, алардын мүнөздөмөлөрү, эсептегичтердин номерлери жана тиешелүүлүгү ушул Келишимдин 1-тиркемесинде берилген) жана ушул Келишимдин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча эсептешүү айынан кийинки айдын 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен эсептөө мезгилине Берүүчү менен Сатып алуучунун ортосунда электр энергиясын берүү боюнча эки тараптуу акт менен ырасталат.
4.3. Ушул Келишимдин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча Тараптар кол койгон электр энергиясын кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары Тараптардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
4.4. Тараптардын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө колдонулуучу электр энергиясын эсепке алуунун эсептик жана контролдоочу каражаттарынын жана ЭКЭАМӨС бардык электр чынжырлары, ошондой эле кысуучу кураштыруулар, ток жана чыңалуу трансформаторлорунун коммутациялык аппараттары комиссиялуу түрдө Тараптардын ар биринин өкүлү тарабынан өзүнүн пломбасын орнотуу менен пломбаланууга тийиш.
4.5. Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан Электр орнотмосунун түзүлүштөрүнүн эрежелеринин талаптарына ылайык келүүгө жана Тараптардын ЭКЭАМӨС жана эсептешүү борборунун МТИБСы менен интеграцияланууга тийиш.
4.6. Коммерциялык эсепке алуу приборлорунун схемаларында колдонулуучу, көрсөткүчтөрүнүн негизинде Берүүчү менен Сатып алуучунун ортосундагы эсептөөлөр аткарылуучу өлчөө трансформаторлорун жүктөөдө кайра орнотуу, алмаштыруу, өзгөртүү Тараптардын макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Тараптар бул жөнүндө жумуш башталганга чейин 5 жумуш күн мурда бири-бирине кабарлоого, ал эми коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын бузулгандыгы аныкталган учурда - бул тууралуу экинчи Тарапка дароо жана расмий түрдө билдирүүгө милдеттүү.
4.7. Тараптар Сатып алуучунун ЭКЭАМӨС жана эсептөө борборунун МТИБСнун колдонуудагы автоматташтырылган электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу системасынын маалыматтары менен үзгүлтүксүз алмашууну, ошондой эле жалпы эсепке алуу системасынын жалпысынан туура иштешин камсыз кылууга тийиш.
4.8. Эсептешүү борборунун МТИБСнын эсептегичи иштен чыккандыгына байланыштуу эсептегичтер боюнча маалыматтарды алуу мүмкүн болбогон учурда эсептегичтер боюнча маалыматтарды алуунун биринчи резервдик булагы Сатып алуучунун ЭКЭАМӨС системасы, экинчи резервдик булагы болуп тараптар комиссиялуу түрдө алган көрсөткүчтөр болот.
4.9. Туташтырууда коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын бузулушу аныкталганда Эсептөөлөрдө ЭКБ-электр энергиясын контролдук эсепке алуунун каражаттары колдонулат, алар электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарына коюлган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
4.10. Контролдук эсепке алуу приборлору жок же бузулган учурда Тараптардын ортосунда берилген электр энергиясынын көлөмү да эки тараптуу акт түзүү менен эсептөө жолу менен аныкталышы мүмкүн.
4.11. Берүүчү электр энергиясын контролдук эсепке алуу каражаттары жок болгон же коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын иштөөсү бузулган учурда электр энергиясын эсепке алуу каражаттарынын сакталышын жана туура иштөөсүн камсыз кылуу менен электр энергиясын берүүгө жол бербөөгө тийиш.
4.12. Берилүүчү ЭКБ-электр энергиясынын тарифтери өзгөргөн учурда Тараптар эсепке алуу каражаттарынын көрсөткүчтөрүн жаңы тарифтер киргизилген дата менен аныкталган күнү Бишкек убактысы боюнча саат 05-00дө (UTC+1) комиссиялык түрдө алышат жана ушул Келишимдин 4.2-пунктунун талаптарына окшош эки тараптуу акт түзүшөт.
5. ЭКБ-электр энергиясын төлөө тартиби
5.1. ЭКБ-тарифи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
5.2. Ушул Келишимдин 4.3-пунктуна ылайык таризделген Берүүчүдөн Сатып алуучуга түшкөн ЭКБ-электр энергиясынын иш жүзүндөгү көлөмүн ырастаган берүү көлөмүнүн актысына кол коюлгандан кийин Берүүчү ушул актынын негизинде Сатып алуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөө үчүн белгиленген үлгүдөгү эсеп-фактураны берет.
5.3. Эсептөө мезгили үчүн ЭКБ-электр энергиясын берүү үчүн эсептөө Сатып алуучу тарабынан эсеп-фактураны алган күндөн тартып __________ календардык күндүн ичинде Берүүчү тарабынан берилген эсеп-фактуранын негизинде жүргүзүлөт.
5.4. Төлөм Берүүчүнүн алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен жүргүзүлөт. Бардык төлөмдөр кыргыз сому менен төлөнөт.
5.5. Сатып алуучу тарабынан берилген эсеп-фактураны төлөө мөөнөттөрүн бузуу үчүн Берүүчү Сатып алуучуга мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн мөөнөтү өтүп кеткен сумманын 0,1%ы өлчөмүндөгү туумду эсептейт. Туумдун жалпы суммасы мөөнөтү өтүп кеткен сумманын 5%ынан ашпайт.
Ушул Келишим боюнча башка милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Тараптардын ар бири ушул Келишимдин шарттарына ылайык жоопкерчилик тартат. Күнөөлүү Тарап экинчи Тарапка мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн аткарылбаган милдеттенменин 0,1%ы өлчөмүндө, бирок Келишимдин аткарылбаган бөлүгүнүн суммасынын 5%ынан ашпаган өлчөмдө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык акча каражаты менен туум төлөйт.
5.6. Эсептөөлөрдө кандайдыр бир техникалык каталар аныкталса жана эсептөө мезгили үчүн берилген эсеп-фактурага оңдоолорду киргизүү зарыл болгон учурда Тараптар мындай өзгөртүүлөрдү кийинки эсептөө мезгилине киргизет.
5.7. Сатып алуучу берилген эсеп-фактуранын тууралыгын талашып-тартышкан учурда, ал бул тууралуу эсеп-фактураны алган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде Берүүчүгө кабарлайт жана Берүүчүгө негиздерди көрсөтүү менен каршы пикири менен катты берет. Ошол эле учурда Сатып алуучу каршы пикири жок бөлүгүн ушул Келишимде белгиленген мөөнөттө төлөөгө милдеттүү.
5.8. ЭКБ пайдалануу менен өндүрүүчүлөр үчүн берилген электр энергиясына тарифтерди киргизүүдө же өзгөртүүдө ЭКБ-электр энергиясын Сатып алуучу тарабынан төлөм ал күчүнө кирген күндөн тартып жаңыдан бекитилген ЭКБ-тарифи боюнча төлөнөт.
6. Тараптардын укуктары жана милдеттери
6.1. Берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
6.1.1. Ушул Келишимдин шарттарынын сакталышын контролдоо үчүн 1-тиркемеге ылайык Сатып алуучунун жана (же) үчүнчү жактардын электр орнотмолоруна, өлчөө каражаттарына сутканын жумуш убактысында жана саатында эң жогорку жүктөмдү тоскоолдуксуз колдонуу мүмкүндүгүнө, анын ичинде:
а) Сатып алуучунун өкүлүнүн катышуусунда берилген ЭКБ-электр энергиясынын санын жана сапатын контролдоо жана эсепке алуу;
б) ЭКБ-электр энергиясын берүүнүн белгиленген режимдерин контролдоо;
6.1.2. Ушул Келишимде каралган учурларда жана тартипте Сатып алуучуга ЭКБ-электр энергиясын берүүнү толугу менен же жарым-жартылай токтотууга (чектөөгө). Ошол эле учурда Берүүчү пландалган өчүрүүлөр жөнүндө Сатып алуучуга кеминде 5 (беш) күн мурда милдеттүү түрдө кабарлоого;
6.1.3. Төмөнкү учурларда ЭКБ-электр энергиясын берүүнү толугу менен же жарым-жартылай токтотууга:
а) Берүүчүнүн өкүлдөрүнө Сатып алуучунун электр энергиясын (кубаттуулукту) эсепке алуу приборлорун колдонууга уруксат бербегендиги үчүн;
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 359 "Электр коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген талаптарды бузуучу маанилерге чейин Сатып алуучунун күнөөсү боюнча электр энергиясынын сапатынын көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү үчүн.
6.2. Берүүчү төмөнкүлөргө милдеттенет:
6.2.1. Ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде берилген пункттардагы менчик чегине электр энергиясын берүүнү электр энергиясынын сапатына стандарттардын талаптарына жана Келишимде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген шамал энергетикалык орнотмолордун, фотоэлектрдик күн модулдарынын жана алардын топторунун базасында генерациялоо объекттерине карата техникалык талаптарга жооп берген сапатта камсыз кылууга;
6.2.2. Сатып алуучуга энергетикалык жабдууларды оңдоо графигин макулдашууга жөнөтүүгө, аны оңдоого чыгаруу ушул Келишимде каралган ЭКБ-электр энергиясын берүүнүн үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн;
6.2.3. Кыргыз энергетика системасын иштеп чыгуунун туруксуздугунан улам анын ишенимдүүлүгү жана туруктуулугу бузулган учурда, ЭКБнын кубаттуулугун өндүрүүнү чектөө;
6.2.4. ЭКБ-орнотмолорун өчүрүүгө алып келген авариялык кырдаалдар келип чыккан учурда авариялык кырдаалды тез арада жоюу жана ылайыктуу мөөнөттө ЭКБ-орнотмонун нормалдуу иштөө схемасын калыбына келтирүү боюнча бардык чараларды көрүү;
6.2.5. Кийин эсептешүү борборун МТИБС менен интеграциялоо менен Тараптардын ортосундагы эсептешүүлөрдө колдонулуучу менчик чектеринде тейлөө ЭКЭАМӨС орнотуу, эксплуатациялоо жана тейлөө.
6.3. Сатып алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
6.3.1 Ушул Келишимдин шарттарынын сакталышын контролдоо үчүн 1-тиркемеге ылайык Берүүчүнүн жана (же) үчүнчү жактардын ЭКБ-орнотмолоруна, коммерциялык эсепке алуу каражаттарына сутканын жумуш убактысында жана саатында эң жогорку жүктөмдү тоскоолдуксуз колдонуу мүмкүндүгүнө, анын ичинде:
а) Берүүчүнүн өкүлүнүн катышуусунда берилген ЭКБ-электр энергиясынын санын жана сапатын контролдоо жана эсепке алууга;
б) ЭКБ-электр энергиясын берүүнүн белгиленген режимдерин контролдоого;
6.3.2 Берилген ЭКБ-электр энергиясын төлөө боюнча милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарууга;
6.3.3 Кыргыз энергетика системасын иштеп чыгуунун туруксуздугунан улам анын ишенимдүүлүгү жана туруктуулугу бузулган учурда, ЭКБнын кубаттуулугун өндүрүүнү чектөөгө.
6.4. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
6.4.1 Ушул Келишимдин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн көлөмдө жана мөөнөттө ЭКБ-электр энергиясын кабыл алууга;
6.4.2 өзүнүн тармактарына берилген ЭКБ-электр энергиясын тоскоолсуз кабыл алууну камсыз кылууга;
6.4.3 электр энергиясын кабыл алууну камсыз кылуучу энергетикалык жабдууларды жана кошулууларды өчүрүүгө алып келген авариялык кырдаалдар келип чыкканда Сатып алуучу тиешелүү энергия көлөмүн камсыз кылуучу кошулууларды туташтыруунун резервдик схемасын колдонуу менен бөлүштүргүч түзүлүштө тийиштүү которууларды жасоого же авариялык кырдаалды тез арада жоюуга жана электр жабдуусунун нормалдуу иштөө схемасын калыбына келтирүү боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Уруксат берилген чоңдуктардан ашык берилген ЭКБ-электр энергиясын кабыл алууну камсыз кылууда үзгүлтүктөр ЭКБ-электр энергиясы Тараптардын өкүлдөрү тарабынан кол коюлган тиешелүү акт менен таризделет, ал Сатып алуучуга ЭКБ-электр энергиясынын жетишсиз берилгендигинен улам Берүүчүгө алынбай калган пайданын ордун толтуруу үчүн негиз болот;
6.4.4 Сатып алуучунун энергетикалык жабдууларын оңдоо өндүрүлгөн ЭКБ-электр энергиясын алуунун үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн болгон аны оңдоо графигин Берүүчүгө макулдашууга берүү. Ошол эле учурда Сатып алуучу тарабынан Сатып алуучунун тармагына берилген ЭКБ-электр энергиясын кабыл алууну камсыз кылуучу кошулуулардын Берүүчү менен макулдашылган резервдик туташуу схемаларын пайдалануунун варианттары берилүүгө тийиш. Резервдик схемаларды колдонуу мүмкүн болбогон учурда Сатып алуучунун энергетикалык жабдууларын пландуу оңдоолорду жүзөгө ашыруу убагында жүктөмдү төмөндөтүү жана Берүүчүнүн ЭКБ-электр энергиясын өндүрүүнү минималдуу жол берилген маанилерге чейин төмөндөтүү варианттары иштелип чыгып, макулдашылышы керек.
6.5. Тараптар эсептик жана контролдук эсепке алуу каражаттарын контролдоо жана көрсөткүчтөрдү алуу үчүн эсептик жана контролдук эсепке алуу каражаттарына уруксат берилген Тараптардын персоналынын тизмелик курамына ылайык эсептик жана контролдук эсепке алуу каражаттарын колдонуу укугуна ээ, аларга карата квалификациялык талаптарды жана иштөө шарттарын Тараптар кошумча макулдашат.
6.6. Тараптардын ар бири экинчи Тараптан эсептик каражаттардын туура эмес иштешине негиздүү шектенүү пайда болгон учурда аларды кезексиз текшерүүнү талап кылууга укуктуу. Бул жагдайлардын ар биринде эки тараптуу акт түзүлөт. Жыйынтыктары ырасталбаган текшерүүнү демилгелеген Тарап башка катышуучуга ал тарткан чыгымдарды төлөп берет.
6.7. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы оперативдүү тартипти, нускамалардын, көрсөтмөлөрдүн, жоболордун жана башка ченемдик техникалык документтердин талаптарын так сактоого милдеттенет.
7. Тараптардын жоопкерчилиги
7.1. Бул Келишим Сатып алуучунун ЭКБ-электр энергиясын кайсы болбосун башка Берүүчү менен ЭКБ-электр энергиясын берүү келишимдерин түзүү укуктарын, ошондой эле Берүүчүнүн башка сатып алуучулар менен ЭКБ-энергиясын берүү боюнча келишимдерди түзүү укуктарын чектебейт.
7.2. Тараптар менчик чектеринде электр энергиясынын коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын сакталышы үчүн чектерди бөлүштүрүү актысына ылайык жоопкерчилик тартат.
7.3. Берүүчү Сатып алуучуга ЭКБ-электр энергиясын берүүдөгү төмөнкүлөргө байланыштуу келип чыккан үзгүлтүктөр үчүн жоопкерчилик тартпайт:
- өткөрүп берүүчү уюмдун электр тармактарындагы өчүрүүлөргө, анын ичинде Орто Азиянын жана Казакстан Республикасынын БЭС кирген мамлекеттердин электр тармактарынын жана энерготармактарынын станцияларынын үзгүлтүккө учурашынан улам системалуу автоматиканын иш-аракеттеринен келип чыккан өчүрүүлөргө;
- Сатып алуучу тарабынан ушул Келишимдин шарттарын олуттуу бузуулар;
- персоналдын туура эмес аракеттери же Сатып алуучунун жабдууларын туура эмес иштетүү.
7.4. Ар бир Тарап экинчи Тараптан коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын туура эмес иштешине негиздүү шектенүү пайда болгон учурда аларды кезексиз комиссиялык текшерүүнү жана зарыл болгон учурда коммерциялык эсеп каражаттарын алмаштырууну талап кылууга укуктуу. Бул жагдайлардын ар биринде эки тараптуу акт түзүлөт. Текшерүүнүн демилгечиси болгон Тарап, анын жыйынтыгы ырасталбаган учурда экинчи Тарапка ал тарткан чыгымдарды төлөп берет.
8. Купуялуулук
8.1. Тараптар бул Келишимге Кошумча макулдашууга кол коюу менен купуялуу болгон маалыматтын толук тизмесин аныктоого укуктуу.
9. Форс-мажор
9.1. Эгерде Тараптар бул Келишим түзүлгөндөн кийин алар алдын ала көрө албаган жана акылга сыярлык чаралар менен алдын ала албаган өзгөчө окуялардын натыйжасында келип чыккан ал жеткис жагдайлардын (форс-мажор) келип чыгышынан улам болгонун далилдешсе жана Тараптар өздөрүнүн милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруу үчүн өзүнөн көз каранды болгон бардык мүмкүн болгон чараларды көрүшсө, анда Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
9.2. Форс-мажордук жагдайларга төмөнкүлөр кирет:
а) ар кандай согуш (жарыяланган же жарыяланбаган), басып кирүү, куралдуу кагылышуу же чет өлкөлүк душмандын аракети, блокада, эмбарго абалы, революция, иш таштоо, баш аламандык, талап-тоноо, жарандык толкундоолор, террористтик акт же өнөктүк, саботаж;
б) ЭКБ-түзүлүшүнө суунун жетиштүү келишине тоскоол болгон суу жетишсиз мезгили же бүткүл өлкө боюнча суунун тартыштыгы;
в) чагылган, өрт, жер титирөө, суу ташкындары же суунун, бороондун, циклондун же куюндун таасиринен улам келип чыккан ар кандай башка зыяндар сыяктуу табигый кубулуштар жана кырсыктар;
г) өрт, жарылуу же химиялык, биологиялык же башка булгануу.
9.3. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган Тарап төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы жана күтүлүп жаткан узактыгы жөнүндө экинчи Тарапка мындай жагдайлар келип чыккан күндөн тартып 3 (үч) календардык күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирүүгө жана алардын келип чыгышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органдары тарабынан зарыл ырастоону берүүгө;
б) форс-мажордук жагдайлардын кесепеттерин төмөндөтүү, милдеттенмелерди аткарууга тоскоолдуктарды жоюу жана ушул Келишимге ылайык өз милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарууну кайра баштоо үчүн ага көз каранды жана ага жеткиликтүү болгон зарыл чараларды керүүгө;
в) экинчи Тарапка ушул Келишимге ылайык өз милдеттенмелерин аткарууну жандандыруу жөнүндө билдирүүгө.
9.4. Билдирүүнүн жоктугу же өз убагында билдирилбегендиги Тарапты ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуучу негиз катары форс-мажордук жагдайларга таянуу укугунан ажыратат (эгерде билдирүүнүн жоктугунун өзү форс-мажордук жагдайлардан улам болбосо).
9.5. Форс-мажордук жагдайлар болгон учурда, Тараптардын ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруу мөөнөттөрү мындай жагдайлар созулган убакытка пропорционалдуу же Тараптардын мындай кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон убакытка пропорционалдуу жылдырылат. Эгерде форс-мажордук жагдайлар катары менен 10 (он) күндөн ашык уланса же мындай жагдайлардын кесепеттерин жоюу үчүн Тараптарга талап кылынган убакыт 15 (он беш) күндөн ашса, Тараптар ушул Келишимди аткаруу үчүн алгылыктуу альтернативалык жолдорду аныктоо үчүн кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
9.6. Форс-мажордук жагдайлар токтотулгандан кийин өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган (же талаптагыдай аткарбаган) Тарап өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну форс-мажордук жагдайлар аяктагандан тартып мүмкүн болушунча тез арада улантууга тийиш.
10. Келишимдин юридикалык күчү
10.1. Бул Келишим Тараптардын укук улантуучулары үчүн милдеттүү болуп саналат.
10.2. Мекемесин кайра уюштурууга барам деген Тарап өзүнүн ою жөнүндө экинчи Тарапты кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү. Ошондой эле кайра уюштуруу процесси аяктагандан кийин:
а) тиешелүү Тарап (же анын укук улантуучусу, эгерде кайра уюштуруу ушул Келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди укук улантуучусуна өткөрүп берүүгө алып келсе) экинчи Тарапка жаңы уюштуруу документтерин жана мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн токтоосуз берүүгө милдеттенет;
б) ушул Келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди Тараптын укук улантуучусуна өткөрүп берүүгө алып келсе, мындай укук улантуучу жана башка Тарап кайра уюштуруу аяктаган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ушул Келишимге укук улантуучусунун маалыматтарын жана ага байланыштуу башка зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кошумча макулдашууну түзөт.
10.3. Бул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө түзүлүп, Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган шартта жарактуу болуп саналат.
10.4. Эгерде ушул Келишимдин кайсы бир шарттары жараксыз деп таанылса, анда ушул Келишимдин калган шарттары күчүндө калат.
10.5. Реквизиттер өзгөргөн учурда Тараптар бардык өзгөртүүлөр жөнүндө 3 (үч) жумуш күндүн ичинде бири-бирине билдирүүгө милдеттүү. Билдирбегендиктен же өз убагында билдирбегендиктен келтирилген бардык чыгымдар күнөөлүү Тарапка жүктөлөт.
10.6. Бир дагы Тарап экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз Берүүчү ЭКБ-түзүлүшүн куруу жана ишке киргизүүнү каржылаган кредиторлорго өз укуктарын өткөрүп берген учурду кошпогондо (бул учурда Сатып алуучунун макулдугу талап кылынбайт) ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жактарга өткөрүп бере албайт.
11. Талаш-тартыштарды чечүү
11.1. Ушул Келишимден келип чыккан же ага байланыштуу же андан келип чыккан бардык талаш-тартыштарды, пикир келишпестиктерди, талаптарды же дооматтарды, анын ичинде аны аткарууга, бузууга, токтотууга, жокко чыгарууга же жараксыз деп таанууга байланыштуу талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө умтулат.
11.2. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында макулдашууга жетишпеген учурда, кандайдыр бир талаптарды койгон Тарап экинчи Тарапка жазуу жүзүндө доомат жөнөтөт. Дооматты алган Тарап аны алган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде экинчи Тараптын дооматына жазуу жүзүндө жооп бериши керек. Эгерде дооматка жооп көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе же дооматка берилген жооп жана/же Тараптын андан аркы аракеттери/аракетсиздиги экинчи Тарапка туура келбесе, мындай Тарап талаш-тартышты 11.3-пунктка ылайык чечүүнү баштоого укуктуу.
11.3. Ушул Келишимден келип чыккан же ага ылайык келип чыккан, анын ичинде аны аткарууга, бузууга, токтотууга, жокко чыгарууга же жараксыз деп таанууга байланыштуу бардык талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер, талаптар же дооматтар Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясындагы соттордо чечилет.
12. Келишимдин колдонуу мөөнөтү жана аны токтотуу
12.1. Бул Келишим бардык тиркемелери менен коммерциялык эксплуатация (ЭКБ-түзүлүштөрүн Сатып алуучунун электр тармактарына туташтыруу) башталган күндөн тартып күчүнө кирет жана электр энергиясын берүү боюнча финансылык жылдын аягына чейин, ал эми өз ара эсептешүүлөр боюнча - алар толук аяктаганга чейин жарактуу.
12.2. Бул Келишим төмөнкү учурларда токтотулат:
а) анын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
б) Тараптардын макулдашуусу боюнча;
в) аны мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун чечиминин негизинде;
г) Тараптар ушул Келишимдин шарттарын олуттуу түрдө бузган учурда.
12.3. Бул Келишимдин мөөнөтүнүн акташы же анын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу Тараптардын ушул Келишим боюнча эсептешүүлөрүнө байланыштуу жана ушул Келишимди токтотуу учурунда аткарылбаган милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт жана токтотпойт.
12.4. Эгерде ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтү бүтөрүнө бир ай калганда Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка Келишимди бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү бербесе, Келишимдин мөөнөтү жыл сайын узартылган болуп эсептелет.
13. Башка шарттар
13.1. ЭКБ-түзүлүштөрүнүн жайгашкан жеринин схемалык планы, анын техникалык мүнөздөмөлөрү ушул Келишимдин тиркемелеринде баяндалган.
13.2. Берүүчү Тараптардын ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусуна олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон ЭКБ-түзүлүштөрүнүн техникалык мүнөздөмөлөрүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө Сатып алуучуну кабарлоого милдеттүү.
13.3. Бул Келишимге төмөнкү бардык тиркемелер анын ажырагыс жана зарыл бөлүгү болуп саналат жана аларга Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлушу керек:
Тараптардын менчик чеги жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын тизмеси (1-тиркеме);
Берүүчү тарабынан Сатып алуучунун электр тармактарына берилген электр энергиясынын көлөмдөрү (2-тиркеме);
202______-жылдын _____________ айы үчүн Берүүчү менен Сатып алуучунун менчик чегинде электр энергиясын кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы (3-тиркеме);
Берүүчүнүн оперативдүү персоналы менен Сатып алуучунун оперативдүү персоналынын ортосундагы өз ара мамилелери жөнүндө жобо (4-тиркеме);
ЭКБ объектинин жайгашкан жеринин схемалык планы, техникалык мүнөздөмөлөрү (5-тиркеме).
Эскертүү. Ушул Келишимге отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын "ЭКБ субъекти тарабынан иштелип чыккан жана Бөлүштүрүүчү ишканага берилген электр энергиясына тарифтер жөнүндө" буйругу тиркелет жана Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
14. Тараптардын юридикалык даректери,
банк реквизиттери жана кол тамгалары
Берүүчү:
______________________________ | Сатып алуучу:
______________________________ |
| Кубаттуулугу 30 МВтка чейинки энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө № _________ 1-тиркеме |
Тараптардын менчик чеги жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын тизмеси
№ |
ПС, диспетчер. туташтыруунун аталышы |
Менчик чеги |
Эсепке алуу каражатын орнотуу жери | Электр энергиясын контролдук эсепке алуу каражатын орнотуу жери |
Эсептегичтер | Ток трансформаторлору | Чыңалуу трансформаторлору |
Эсептешүү коэф-ти |
Эскертүү | ||||
тип | номер | тактык классы | трансформациялоо коэф-ти | тактык классы | трансформациялоо коэф-ти | тактык классы | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
ЭСКЕРТҮҮ:
Берүүчү ______________________________ | Сатып алуучу ______________________________ |
| Кубаттуулугу 30 МВтка чейинки энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө № _________ 2-тиркеме |
Берүүчү тарабынан электр энергиясын Сатып алуучунун
электр тармактарына _____________ жылдын айлары
боюнча берилген көлөмдөрү
Кварталдар | Сатып алуучунун тармактарына берилген көлөмдөр кВт*саат |
|
|
1-квартал | 0,0 |
Январь | 0 |
Февраль | 0 |
Март | 0 |
2-квартал | 0,0 |
Апрель | 0 |
Май | 0 |
Июнь | 0 |
3-квартал | 0,0 |
Июль | 0 |
Август | 0 |
Сентябрь |
|
4-квартал | 0,0 |
Октябрь |
|
Ноябрь | 0,0 |
Декабрь | 0,0 |
|
|
Бардыгы | 0,0 |
Берүүчү _____________ | Сатып алуучу _____________ |
| Кубаттуулугу 30 МВтка чейинки энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө № _________ 3-тиркеме |
___________ Берүүчү менен ______________ Сатып алуучунун менчик чегинде
электр энергиясын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы
20____-жылдын ______________ айы үчүн
№ | Подстанция, диспетчердик туташтыруунун аталышы | Эсептегич |
Эсептешүү коэффициенти |
Электр энергиясынын көлөмү |
Эскертүү | |||
Эсептегичтин № | Көрсөткүч |
| ||||||
| Учурдагы | Мурунку | Көрсөткүчтөрдүн айырмасы | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Берилген жалпы электр энергиясы, кВт. саат
Берүүчү ___________________ "КЭЭБ" ААК менен макулдашылды ______________________ | Сатып алуучу ______________________________ |
| Кубаттуулугу 30 МВтка чейинки энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө № _________ 4-тиркеме |
Берүүчүнүн оперативдүү персоналы менен
Сатып алуучунун оперативдүү персоналынын
ортосундагы өз ара мамилелери жөнүндө
жобо
| Кубаттуулугу 30 МВтка чейинки энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти менен электр энергиясын берүүгө № _________ 5-тиркеме |
ЭКБ-объектинин жайгашкан жеринин схемалык планы,
техникалык мүнөздөмөлөрү