Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 204 токтомуна) |
2024-2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
2024-2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасы (мындан ары - Программа) формалдуу эмес экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана иш менен камсыз болгон бардык типтеги жумушчуларды социалдык-укуктук жактан коргоону күчөтүүгө багытталган. Программа 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген) жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекилген), ошондой эле Эл аралык эмгек уюмунун (мындан ары - ЭЭУ) № 204 "Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү жөнүндө" сунушунун жетектөөчү принциптеринин алкагында иштелип чыккан. Бул документ бардык түрдөгү жумушчулардын жана ишканалардын ишин башкарууну жакшыртуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик органдардын жана формалдуу эмес экономиканы кыскартуу боюнча кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, ошондой эле бул күн тартибинин маалымдуулугун жана коомдук колдоосун жогорулатуу аркылуу бардык түрдөгү жумушчулардын, ошондой эле экономикалык бирдиктердин формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүүгө көмөктөшүү боюнча бир катар маанилүү чараларды камтыйт.
Көрүлгөн чараларга карабастан, формалдуу эмес (байкоого алынбаган) экономиканын деңгээли кыйла жогору бойдон калууда. Бул мамлекет үчүн салыктык түшүүлөрдүн жоголушуна алып келет жана анын өлкөнү өнүктүрүүгө инвестиция салуу жөндөмдүүлүгүн жана мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Дүйнөлүк практикада формалдуу эмес экономиканын кыскарышы расмий сектордун көбөйүшүнө, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө түзөт, бул экономикалык өсүштү жана өнүгүүнү камсыз кылат. Формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун кыскарышы коомдогу теңсиздикти жана жакырчылыкты кыскартууга жөндөм түзүүчү татыктуу эмгек акы жана социалдык жеңилдиктер менен көбүрөөк формалдуу жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Экономиканы формалдаштырууну колдоо эмгекчилердин укуктарынын мыкты корголушун камсыз кылат, адилеттүү жана туруктуу эмгек шарттарын түзөт. Формалдуу экономикага өтүү саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык камсыздоо системасы сыяктуу социалдык инфраструктуранын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Расмий сектор адатта мамлекеттик фонддорго салыктарды жана салымдарды кошкондуктан, анын экономикадагы үлүшүн көбөйтүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана кеңейтүү үчүн көбүрөөк ресурстарды камсыз кылат жана социалдык-экономикалык көйгөйлөр менен кыйла натыйжалуу күрөшүүгө жөндүм түзөт.
Рыноктун бардык катышуучуларына бирдей шарттарды камсыз кылуу жана мыйзамсыз акча агымдарына бөгөт коюу туруктуу жана үзгүлтүксүз экономикалык өсүшкө жетишүүнүн, жашоо деңгээлин жогорулатуунун жана жагымдуу ишкер чөйрөнү түзүүнүн башкы алдын ала шарттарынын бири болуп саналат. Формалдуу эмес экономика өтө татаал көрүнүш болуп саналат. Формалдуу эмес экономиканын көйгөйү жана мүнөзү ар түрдүү аспекттер, формалар жана таасир этүүчү факторлор менен шартталган. Бир катар жумушчулар жана экономика субъекттери үчүн формалдуу эмес мамилелер бул алардын тандоо маселеси эмес, бирок татыктуу формалдуу жумуш орундары жок болгон учурда жалгыз чечим болуп саналат. Ушуга байланыштуу Программанын актуалдуулугу формалдуу эмес экономикадан жана иш менен камсыз кылуудан формалдуу экономикага жана иш менен камсыз кылууга өтүүнү камсыз кылуу боюнча биргелешкен мамилелерди, милдеттерди жана чараларды калыптандырууда турат.
2. Кыргыз Республикасында формалдуу эмес экономика жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр
2.1. Кыргызстанда формалдуу эмес экономиканын масштабы
Формалдуу эмес экономика Кыргызстандагы улуттук экономиканын олуттуу бөлүгүн түзгөн калыптанган экономикалык көрүнүш болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - КР УСК) маалыматы боюнча 2021-жылы байкоого алынбаган экономиканын үлүшү ИДПнын болжол менен 23-25%ын түздү. 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасында өндүрүш тарабынан бааланган байкоого алынбаган (жашыруун жана формалдуу эмес) экономиканын көлөмү 155 млрд. сомдон ашты же ИДПга карата 21%ды түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу 0,2 пайыздык пунктка көбөйгөн, бул чекене соода жаатында 97,1 млрд. сомдук кошумча дүң наркын түзүү менен ИДПда 13,1%ды түзүп, анын жогорулашы менен шартталган, кыйла аз деңгээлде ал иштетүү өнөр жайында (2,1%), курулушта (1,9%), транспорттук иште жана жүктөрдү сактоодо (1,9%) жана мейманкана жана ресторан иштеринде (0,7%)(1) орун алган. Мындай учурда, формалдуу эмес секторго "салык салуудан жана (же) социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качуу үчүн жашыруун жүргүзүлгөн киреше алып келүүчү жана мыйзамсыз эмес экономикалык иш-аракеттер" кирет.
2.2. Кыргызстанда формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун масштабы
Ишканалардын формалдуу эмес ишинин негизги көрүнүштөрүнүн бирине өзгөчө көңүл буруу зарыл - формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу, анын көлөмү каралып жаткан мезгилде (2010-2021-жылдар) өсүп, анын түзүмүнүн өзгөрүшү менен коштолгон. Формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу дээрлик бардык тармактарга таасирин тийгизет, бирок алардын ичинен бир нечесине көңүл топтолгон жана гендердик мүнөзгө ээ. Статистикалык маалыматтарга ылайык 2010-жылдан 2021-жылга чейин формалдуу эмес сектордо иштегендердин саны жалпы 70,9%дан 66,5%га чейин төмөндөгөн, бирок дагы эле жогору бойдон калууда. Жалпысынан формалдуу эмес сектордогу жумушчулардын арасында аялдарга караганда эркектер басымдуулук кылат (тиешелүүлүгүнө жараша 71% жана 59,2%). Формалдуу эмес сектордогу иш менен камсыз кылуунун үлүшү шаарларда айыл жерлерине караганда төмөн (тиешелүүлүгүнө жараша 62,2% жана 69,0%). Иш менен камсыз болгон жаштардын жалпы санынын 80% формалдуу эмес сектордо эмгектенет. Кыргыз Республикасында 60 жаштан жогорку курактагы жумушчулардын болжол менен 50% формалдуу эмес сектордо иштейт. Акыркы он жылдыкта иштегендердин орточо курагы өстү жана келечекте бул тенденция күчөйт, бул өлкөдө жумушчу күчтүн улгайышына алып келет (себептердин бири болуп "жаш" эмгек миграциясы саналат). Өтө аялуу кесиптерде иштеген жана аз айлык алган - экономиканын формалдуу эмес секторунун жумушчулары - социалдык камсыздоо системасына салым кошууга жөндөмсүз. Кыргыз Республикасында жакырчылыкта же жакырчылыктын чегинде жашаган көптөгөн адамдар үчүн төгүмдөр чегерилбейт. Өлкөдөгү жумушчулардын жарымынан көбү (52%) күнүнө 500 сомдон аз сумма менен жашайт.
Формалдуу эмес экономикалык мамилелер оор кесепеттерге алып келет. Формалдуу эмес экономикага мүнөздүү ийкемдүүлүккө жана Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү үчүн киреше булагы катары анын маанилүүлүгүнө карабастан, ал татыктуу эмгекке кепилдик бербейт. Формалдуу эмес жумуш көбүнчө катаал, кооптуу жана ден соолукка зыяндуу эмгек шарттары менен мүнөздөлөт. Формалдуу эмес жумушчулар расмий түрдө жок: алар каттоодо турбайт, таанылбайт, аларга эмгек мыйзамдарынын коргоо ченемдери колдонулбайт.
Формалдуу эмес иштеген жумушчулардын жана экономикалык бирдиктердин болушунун себеби болгон негизги факторлор болуп төмөнкүлөр саналат: эмгек рыногунун түзүмү, социалдык-экономикалык факторлор, өндүрүмдүүлүктүн төмөндүгү, жумушчулардын арасында билим деңгээлинин төмөндүгү, формалдуу эмес компаниялар үчүн кредиттик жеткиликсиздиги, рынокторго жана негизги коомдук бакубаттуулукка жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликсиздиги.
2.3. Формалдуу эмес экономиканын жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун негизги кыймылдаткыч фактору - Кыргызстандын эмгек рыногунун түзүмү
Микро жана чакан ишканаларга, ошондой эле жеке ишкердикке негизделген Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун түзүмү өз алдынча иш менен камсыз кылуунун жогорку деңгээлин жана микробизнести өнүктүрүүнү шарттайт. Бул экономикалык модель негизинен кызмат көрсөтүү секторунун өсүшүнө өбөлгө түзөт, ошол эле учурда ири инвестицияларды, өндүрүш масштабында үнөмдөөнү жана мыйзамдын сакталышын талап кылган сектор катары жетишсиз өнүгүп жатат. Кыргыз Республикасында эмгек рыногунун өнүгүшү негизинен анын калкынын демографиялык мүнөздөмөлөрү менен аныкталат. Өлкөнүн калкынын өсүшү эмгек рыногунда сунуштун өсүшүнө алып келди: 2010-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде жумушчу күчтүн саны 9,1%га көбөйүп, 2,7 млн. адамды түздү. Ушул эле мезгилде иштеген аялдардын үлүшү 41%дан 38%га чейин төмөндөгөн, ал эми 50 жаштан жогору иштегендердин үлүшү 16%дан 22%га чейин өскөн. Айыл жеринде иштегендердин үлүшү иш жүзүндө өзгөрүүсүз калды (2021-жылда 64%).
2010-2021-жылдар мезгилинде орто ишканалардын кошумча дүң наркынын (1 ишканага эсептелген) 0,5%га жана дыйкан чарбалары боюнча 0,3%га төмөндөшүнүн фонунда чакан ишканалардын жана жеке ишкерлердин кошумча дүң наркынын 0,2%га өсүшү байкалган. Ошол эле мезгилде орто ишканалардын санынын кыскарышы (3%) чакан ишканалардын (43%), ошондой эле жеке ишкерлердин (76%) жана дыйкан чарбаларынын (41%) өсүшү менен коштолгон. Ушундай эле тенденциялар бул ишканалардагы жумушчуларга карата да орун алууда: орто ишканалардын кыскарышы (11%) жана чакан ишканалардын (17%), жеке ишкерлердин (76%) өсүшү. Орто көлөмдөгү формалдуу ишканалардын саны кыскарып баратканы болжолдонууда, алар чаканга (жеке ишкерлер, чакан ишканалар) караганда кыйла байкаларлык жана "көзгө көрүнүктүү".
Эмгек рыногунун өсүшү микробизнестин жана өз алдынча иш менен камсыз кылуу санынын өсүшүнө түздөн-түз байланыштуу: жеке ишкердиктин негизинде иштеген микробизнес ишканалары өзүн өзү иш менен камсыз кылуунун жогорку деңгээлин жана конкреттүү тармактарда, атап айтканда соода жана кызмат көрсөтүү, курулуш, кайра иштетүү өндүрүшү, транспорт жана логистика чөйрөсүндө көп сандагы жаңы жумуш орундарын камсыз кылат. Жеке адамдарда жана жеке ишкерлерде жалданып иштегендер бүгүнкү күндө бардык формалдуу эмес эмгек рыногунун 76% түзөт. Экономиканын жогоруда аталган секторлору Кыргыз Республикасынын ИДПсына олуттуу салым кошот, бирок ошол эле учурда формалдуу эмес экономиканын жогорку деңгээлине өбөлгө түзүп, улуттук экономиканын түзүмүнүн олуттуу фрагментациясын шарттайт.
Кыргыз Республикасындагы салык системасы, атап айтканда микробизнестерге жана жеке ишкерлерге салыктык кыйынчылыктарды болтурбоого мүмкүндүк берүүчү патенттик салык режими формалдуу эмес эмгек рыногунун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары ишканаларга карата талаптар минималдуу - бухгалтердик эсепке жана документ жүгүртүүгө талаптар жок жана текшерүүлөр иш жүзүндө жүргүзүлбөйт. КНС жана жалпы салыктык режим жайылтылуучу чакан, орто жана ири бизнеске карата коюлуучу катуу талаптарга салыштырмалуу, жүгүртүү тууралуу жана жумушчулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө анык маалымат берүү үчүн дем берүүлөр жокко эсе.
2.4. Формалдуу эмес экономиканын жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун үлүшүн кыскартууга мамлекеттик улантуучулук
Азыркы учурда өлкөдө формалдуу эмес экономиканын жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун үлүшүн кыскартуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын милдеттерин аныктоочу мыйзамдык база түзүлгөн, салыктарды төлөөдөн качуу, контрабанда жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамсыз көмүскө жүгүртүү менен байланышкан башка аракеттер үчүн административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленген. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси салык мыйзамдарынын аткарылышын мамлекеттик контролдоонун негизги принциптерин жана тартибин, анын ичинде формалдуу эмес экономиканы аныктоо жана кыскартуу боюнча чараларды аныктайт. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети формалдуу эмес экономикага каршы күрөштү күчөтүүгө, салык системасын өркүндөтүүгө, ишкердикке дем берүүгө жана жумушчуларды социалдык коргоону камсыздоого багытталган түрдүү токтомдорду жана тескемелерди кабыл алууда, б.а. өлкөдө иш менен камсыз кылуунун жана экономикалык бирдиктердин бардык түрлөрүндө формалдуу эмес иштеп жаткан жумушчулардын үлүшүн кыскартууга багытталган дем берүүчү жана жазалоочу чаралар көрүлүүдө.
Өлкөнүн жетекчилиги формалдуу эмес экономиканы кыскартууга карата саясий умтулууларын билдирет. Салык салуу чөйрөсүндө санариптик салык отчеттуулугу жана электрондук санариптик кол тамгасы бар кассалык аппараттарды колдонуу киргизилди. Ошондой эле ишкерлер үчүн электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭКК) ишке киргизилип, ишканалардын ишин формалдаштырууга шарт түзүүдө.
Социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасында ишкердикке дем берүү, экономиканын көмүскө секторунан чыгуу жана эмгек акы фондунун реалдуу өлчөмүн легалдаштыруу максатында түшкөн пайдасынын көлөмү 30 млн. сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлдү. Ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга жана салык мыйзамдарына шайкеш келтирүү жана аларды салык режимдеринин түрлөрүнө ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөр киргизилди. Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө жарандардын пенсиялык системага финансылык катышуусунун узактыгына жараша пенсиянын татыктуу деңгээлин, пенсиялык төлөмдөрдүн адилеттүүлүгүн түзүү жана камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү каралууда. Белгилей кетсек, төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жарандардын жеке камсыздандыруу эсептери боюнча эсепке алынат жана пенсиянын өлчөмүндө чагылдырылат. Келечектеги пенсиянын өлчөмү төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүнө жана аларды төлөө мезгилине түздөн-түз көз каранды. Төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы канчалык көп болсо, жеке камсыздандыруу эсебинде пенсиялык топтоо ошончолук көбөйөт.
Иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүн канааттандырууга жана иш менен камсыз кылуу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү сервисти жакшыртууга багытталган жаңы технологиялар активдүү киргизилүүдө. "Жумуш издегендерди жана иш берүүчүлөрдү маалыматтык колдоо", "CV-matching", "Электрондук эмгек келишими" жана "Чек арасыз жумуш" системасын өнүктүрүү", "Социалдык контракт", "Жаштар стажировкасы" сыяктуу түрдүү сервистер киргизилген. Бирок азыркы учурда формалдуу эмес иштеп жаткан ишканалар жана жумушчулар менен иштөө боюнча конкреттүү чаралар көрүлбөй жатат.
Кыргыз Республикасында формалдуу экономикага өтүү жана формалдуу эмес экономиканы кыскартуу боюнча төмөнкүдөй бир катар маанилүү чаралар көрүлдү:
- 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген) жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген) формалдуу экономикага өтүү алкактарын аныктады;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети формалдуу эмес экономиканы кыскартуу боюнча саясий эркин көрсөттү, экономиканын көмүскө секторун кыскартуу боюнча иш-чаралар пландары иштелип чыгат жана кабыл алынат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелеринин ортосунда 2022-жылдын 29-апрелинде Башкы макулдашуу түзүлгөн, бул формалдуу эмес экономиканы жана иш менен камсыз кылууну кыскартууда мамлекеттик органдар менен кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга өбөлгө түзөт;
- 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасы кабыл алынган (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 94 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген), ал жаңы чакырыктарды эске алуу менен бизнести туруктуу өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттин жана жеке сектордун чараларынын жана демилгелеринин жыйындысы болуп саналат. Бул бизнес үчүн жагымдуу жана болжолдуу чөйрө түзүүгө өбөлгө болот жана формалдуу экономикага өтүүнү жеңилдетет;
- түшкөн пайданын көлөмүн чектебестен бирдиктүү салыктын негизинде иштөө режими кеңейтилген (буга чейин 30 млн. сомго чейин болгон). Жылдык түшкөн пайдасынын көлөмү 8 млн. сомго чейинки бирдиктүү салыктын негизинде иштеген жеке ишкерлер мөөнөтсүз салык төлөөдөн бошотулду, бул ишкерлер үчүн формалдуу секторго өтүү үчүн маанилүү дем берүү болуп саналат. Бошотууларды алуу үчүн ишкер бир эле учурда бир катар шарттарды аткарууга тийиш: контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу менен иштөө, экиден ашык жалданма жумушчуларды тартпоо, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды аткаруу. Соода иши менен алектенген субъекттер үчүн кошумча шарт бар - соода объектинде иш жүргүзүү;
- салык салуу чөйрөсүндө санариптик салык отчеттуулугу жана электрондук санариптик кол тамгасы бар кассалык аппараттарды колдонуу киргизилди. Ошондой эле ишкерлер үчүн электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭКК) киргизилди. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодасынын алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуучу жол-жоболорду автоматташтыруу үчүн товарды маркалоо жана көзөмөлдөө системасы, АМС, "Жыйынды пост" АМС, салык отчеттуулугун берүүнүн электрондук системасы, "СМАРТ Салым" чакан ишкердик субъекттеринин электрондук жайгашкан жеринин электрондук картасы, КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасы киргизилди. Бул чаралар формалдуу эмес ишканалардын салык төлөөдөн качуу мүмкүнчүлүгүн азайтат жана экономикалык иштин ачыктыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына социалдык чегерүүлөрдү жыйноо процессин башкарууну өткөрүп берүүнүн натыйжасында чогултулган социалдык төгүмдөрдүн көлөмү 2016-жылы 26558 млрд. сомду, ал эми 2022-жылы 51568 млрд. сомду түздү;
- "Жумуш издегендерди жана иш берүүчүлөрдү маалыматтык колдоо", "CV-matching", "Электрондук эмгек келишими" жана "Чек арасыз иш" системасын өнүктүрүү", "Жаштар стажировкасы", "Социалдык контракт" сыяктуу түрдүү сервистер киргизилүүдө, алар дайыма өркүндөтүлүүдө жана ишке ашырылууда, иш берүүчүлөр жана жумуш издегендер үчүн маалыматтын жана колдоонун жеңил жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат, бул формалдуу эмгек секторунун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Жалпысынан бул иш-чаралар жана демилгелер Кыргызстандын формалдуу эмес экономикасын төмөндөтүүгө жана формалдуу секторду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулуусун жана күч-аракетин көрсөтүп турат. Алар мыйзамдык жана административдик чаралардан баштап жаңы сервистерди түзүүгө жана ушул күн тартибин коомдук колдоону камсыз кылууга чейинки иш-аракеттердин кеңири спектрин камтыйт. Бирок белгилей кетсек, бүгүнкү күндө негизинен жумушчулардын эмес, ишканалардын жүгүн азайтууга багытталган ар кандай чаралар көрүлүүдө. Жогоруда саналып өткөн чаралар формалдуу эмес (көмүскө) экономиканын формалдуу эмес сектордо иш менен камсыз болуунун үлүшүнүн кыскарышына канчалык таасирин тийгизгенине баа берүү керек.
2.5. Формалдуу эмес ишканалардын жана жумушчулардын формалдуу секторго өтүшүнө тоскоолдук кылуучу факторлор
Мыйзамдык базанын бар экендигине карабастан, Кыргыз Республикасында санариптик технологияларды киргизүү, формалдуу эмес экономиканын жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун деңгээлин төмөндөтүү татаал маселе бойдон калууда. Формалдуу эмес ишканалардын жана жумушчулардын формалдуу секторго өтүшүнө тоскоол болгон төмөнкү факторлорду бөлүп көрсөтүү керек:
1. Методологиялык факторлор, мында экономика секторун жана эмгек рыногун жөнгө салууга жооптуу мамлекеттик органдар формалдуу эмес экономиканы жана иш менен камсыз кылууну аныктоодо жана чечмелөөдө ар кандай мамилелерди колдонот. Ушул Программанын 1-бөлүмүндө берилген терминдерди жана аныктамаларды бирдей колдонуу зарыл;
2. Маалымат жана окутуу факторлору, мында мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде пайдалар, жол-жоболор жана формалдаштыруу механизмдери боюнча системалуу маалыматтык-окутуу иштеринин жетишсиздиги белгиленет. Үзгүлтүксүз окутуу программалары жана консультациялар формалдуу эмес ишканаларга жана жумушчуларга формалдуу секторго өтүү үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алууга жардам берет;
3. Каттоо факторлору, мында формалдуу эмес ишканаларды каттоо процесси айыптык санкцияларды, туумдарды жана башка төлөмдөрдү эсептөө менен татаалданышы мүмкүн. Формалдуу эмес ишканалардын формалдуу секторго өтүшүн жеңилдетүү үчүн жеңилдетилген чараларды иштеп чыгуу жана каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү зарыл;
4. Башкаруу факторлору, мында формалдуу эмес секторду формалдаштырууга багытталган программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу ар кандай ведомстволордун аракеттерин натыйжалуу координациялоону талап кылат. Башкаруу жагын, анын ичинде чечим кабыл алуунун жогорку деңгээлин жана ар кандай органдардын координациясын жакшыртуу керек;
5. Дем берүүчү факторлор (салыктар, кредиттер ж.б. сыяктуу). Азыркы учурда иштеп жаткан дем берүүчү чаралар негизинен иштеп жаткан бизнести өнүктүрүүгө багытталган жана формалдуу эмес ишканалардын жана жумушчулардын өзгөчөлүктөрүн эске албайт. Формалдуу эмес ишканаларды формалдуу секторго тартуу үчүн аларга жеңилдетилген кредиттер, салыктык преференциялар сыяктуу тиешелүү дем берүүлөрдү көрсөтүү зарыл.
Ишкерлер сыяктуу эле, бийлик органдары да социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында алар кандай болгон болсо, ошондой түрдө формалдуу эместикке өбөлгө түзүүчү фактор боло алат деп эсептейт. Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан жүргүзүлгөн формалдуу эмес экономиканы баалоо боюнча ишкерлердин 26,8% жана юридикалык жактардын 50,8% Соцфондго жана киреше салыгына төгүмдөрдү төлөө зарылдыгын формалдуу эмес иштин себеби деп эсептейт. 26,8% жеке ишкерлер жана 28,6%га жакын компаниялар жумушчуларга социалдык кепилдик бербөө үчүн формалдуу эмес иштөөгө артыкчылык берет, ал эми ишкерлердин 73,2% жана юридикалык жактардын 55,6% жалдоо жана жумуштан бошотуу жол-жоболорунун татаалдыгын шылтоо кылат.
Аныкталган проблемалар төмөнкүлөр болуп саналат:
- ишкерлерде жана кызматкерлерде мыйзамдардын талаптары жөнүндө билимдин жоктугу, салыктык жана финансылык сабаттуулуктун жана тартиптин деңгээлинин төмөндүгү формалдуу эмес бизнеске жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылууга, ошондой эле салык төлөөдөн качууга жана мамлекеттин алдындагы финансылык милдеттенмелерди аткарбоого себеп болот;
- мыйзамдардын кабыл алынган ченемдерин аткаруу деңгээлинин төмөндүгү, анткени аларды ишке ашыруу механизмдери жок;
- формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун үлүшүнө статистикалык өлчөөнүн жоктугу (азыркы учурда формалдуу эмес сектордогу иш менен камсыз кылуу гана эсептелет);
- мындай чөйрөдө статистикалык маалыматтарды колдонуучулардын маалымдуулугунун жана статистикалык сабаттуулугунун деңгээлинин төмөндүгү формалдуу эмес экономиканы төмөндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алууда аларды натыйжасыз колдонуунун негизги себеби болуп саналат. Ошол эле учурда статистикалык органдар адамдык жана финансылык ресурстардын чектелгендигинен улам, ошондой эле респонденттердин отчеттук жүгүн кыскартуу саясаты кабыл алган маалыматтарды жогорку даражада өз убагында жана так чогултууну камсыз кыла албайт. Статистикалык органдарга бөлүнгөн ресурстардын чектелгендигинен улам формалдуу эмес экономиканын жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун түзүмү, масштабы, көлөмү жөнүндө колдо болгон статистикалык маалыматтар улуттук деңгээлде гана репрезентативдүү. Бул чөйрөдөгү статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүнүн төмөндүгү формалдуу эмес экономиканы кыскартуу боюнча чечимдерди кабыл алууда аларды натыйжасыз колдонуунун негизги себеби болуп саналат. Статистикалык органдар маалыматтарды жогорку тактыкта жана актуалдуулугуна карата чогултууну камсыздай албайт, ошондой эле алардын кызыкдар тараптар жана изилдөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздай албайт. Колдо болгон статистикалык маалыматтар формалдуу эмес экономиканын жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун түзүмү, масштабы, көлөмү жана өлкөнүн өнүгүүсүнө тийгизген таасиринин жалпы картинасы жөнүндө маалымат бере албайт;
- төмөнкү потенциал жана ишкерлер жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан салык салуунун жана салыктык башкаруунун белгиленген системасын түшүнбөө. Салык жол-жоболорунун талаптарынын татаалдыгы, ашыкча бюрократия жана санариптик көндүмдөрдү билбөө бизнестин формалдуу эмес секторго катышуусун улантуу үчүн шарттарды түзөт;
- формалдуу эмес сектордун кызматкерлери социалдык коргоо системасына жеткиликтүүлүккө ээ эмес: медициналык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар ж.б., бул алардын аялуулугун жогорулатат. Эмгек мыйзамдарынын ченемдерин, өзүнүн социалдык-эмгектик укуктарын коргоо механизмдерин билбөө, социалдык коргоо системасына жетүүнүн чектелгендиги кызматкерлердин арасында формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун жогорку деңгээлин сактоонун себептери болууда;
- формалдуу экономиканын артыкчылыктары жөнүндө калктын төмөн маалымдуулугу жана формалдуу эмес экономиканын коомдун жана мамлекеттин жашоосуна тийгизген терс кесепеттерин түшүнбөө кыйла олуттуу көйгөй болуп саналат. Ишкерлер жана калк тарабынан мамлекеттик органдардын, салык жана бажы кызматтарынын ишине ишенбөөчүлүк байкалат;
- коррупция жана чиновниктердин мыйзамсыз практикасы жагымсыз бизнес-чөйрөнү түзөт жана өлкөнүн укуктук системасын бузат;
- жеңилдетилген кредит берүү механизмдерин иштеп чыгуу, формалдуу сектордун ишканалары үчүн артыкчылык берүү укугу менен мамлекеттик тендерлерге, заказдарга жана сатып алууларга катышуу аркылуу ишканаларды формалдаштырууга мамлекет тарабынан дем берүү механизмдеринин жоктугу;
- кызыкдар органдардын: мамлекеттик органдардын, ишкерлердин, кесиптик бирликтердин жана коомдун ортосундагы начар координация. Координациянын начардыгы ар кандай органдардын күч-аракеттеринин кайталанышына, ресурстардын чачырашына, өз убагында башкаруучулук чечимдердин кабыл алынбашына жана формалдуу эмес экономиканы төмөндөтүүдө өзүнүн ролун жана жоопкерчилигин түшүнбөөгө алып келет;
- мамлекеттик органдардын башкаруу системасында кадрлардын тез-тез алмашуусу, ишти улантуучулуктун жоктугу жана жумушчулардын компетенттүүлүгүнүн жана жоопкерчилигинин төмөндүгү байкалууда;
- өзүн-өзү иш менен камсыз кылууну жөнгө салуунун жетишсиздиги жана эмгек мыйзамдарын колдонуудагы кемчиликтер формалдуу экономиканын ишканаларында формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну жайылтуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, анын натыйжасында жумушчулар эмгектик жана социалдык кепилдиктерсиз калат;
- мыйзамдардын сакталышына карата инспекциялоо жана текшерүү иш жүзүндө же таптакыр жүргүзүлбөйт.
Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын укуктук жөнгө салууну жакшыртууга, салыктык тартипти чыңдоого, формалдуу секторду өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, жумушчуларды социалдык жактан коргоону камсыз кылууга, ишканалардын жана жумушчулардын билим алуусуна жана кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө, калктын салыктык жана финансылык сабаттуулугун жогорулатууга ж.б. багытталган комплекстүү чаралар зарыл. Бул жагымдуу жана адилеттүү экономикалык чөйрөнү түзүү үчүн мамлекеттин, бизнес-сектордун, кесиптик бирлик уюмдарынын жана коомчулуктун натыйжалуу кызматташуусун талап кылат.
3. Программанын негизги максаттары жана артыкчылыктары
Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программа төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталат: 1) татыктуу эмгекке жетүү, жакырчылыкты кыскартуу жана теңчиликти жогорулатуу шарттары катары формалдуу эмес жумушчулардын көбүрөөк санын (формалдуу эмес жана формалдуу ишканаларда, үй чарбаларында иштеген) формалдуу секторго которуу; 2) катталбаган ишканалардын үлүшүн кыскартуу, анын ичинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун жана алардын жашоого жөндөмдүүлүгүн чыңдоо үчүн рынокко жеткиликтүүлүктү жогорулатуунун, ички жана тышкы рыноктордо адилеттүү атаандаштыкты колдоонун, ошондой эле алардын персоналынын татыктуу эмгегин камсыз кылуунун эсебинен; 3) мамлекеттин зарыл болгон чараларды көрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында формалдуу эмес ишти кыскартуу, атап айтканда мамлекеттик кирешелерди өстүрүү, анын мүчөлөрүнүн ортосунда укуктарды жана милдеттерди тең укуктуу бөлүштүрүү жолу менен коомдо укуктук тартипти жана адилеттүүлүктү чыңдоо.
Программанын негизги максаты Кыргыз Республикасында формалдуу эмес экономиканы жана иш менен камсыз кылууну формалдууга өткөрүү процессин тездетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Программанын прогрессин өлчөө үчүн төмөнкүдөй негизги индикаторлор каралган: көмүскө экономиканын үлүшүн 15%га чейин төмөндөтүү, формалдуу эмес сектордогу иш менен камсыз кылуунун үлүшүн 40%га чейин төмөндөтүү.
Негизги чаралар ишканаларды жана жумушчуларды формалдаштырууга дем берүүгө, бардык кызыкдар тараптардын координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө, жумушчулардын социалдык-эмгектик укуктарынын сакталышын кеңейтүүгө, калктын укуктук маданиятты сактоого умтулуусун жана жоопкерчилигин жогорулатууга ж.б. багытталат.
4. Программанын негизги милдеттери жана чаралары
Максатка жетүү үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча милдеттерди чечүү зарыл:
1-багыт. Формалдуу экономикага жана иш менен камсыз кылууга өтүү процессин тездетүү үчүн натыйжалуу жөнгө салуучу жана башкаруучу чөйрөнү түзүү;
2-багыт. Формалдуу экономикага жана иш менен камсыз кылууга өтүү процессинин жагымдуулугун жогорулатуу жана экономикалык дем берүү;
3-багыт. Формалдуу эмес экономиканы жана иш менен камсыз кылууну сактоонун терс жактары жана кесепеттери жөнүндө жарандардын түшүнүүсүн калыптандыруу.
4.1. Формалдуу экономикага жана иш менен камсыз кылууга өтүү процессин тездетүү үчүн натыйжалуу жөнгө салуучу жана башкаруучулук чөйрөнү түзүү
Бул артыкчылыктын алкагындагы негизги чаралар натыйжалуу жөнгө салуучу жана башкаруучулук чөйрөнү түзүүгө, ишканалардын экономикалык ишин формалдаштырууну жана жөнгө салууну жана формалдуу иш менен камсыз кылууну жогорулатуу үчүн так жана натыйжалуу укуктук эрежелерди жана жол-жоболорду белгилөөгө багытталат. Ченемдик укуктук чөйрөнү өзгөртүүлөр каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, жагымдуу стандарттарды, ишканаларды ачууга карата талаптарды түзүүгө, ишканаларды жана жумушчуларды формалдаштыруу үчүн дем берүүлөрдү иштеп чыгууга, ошондой эле белгиленген ченемдерди бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти жана санкцияларды белгилөөгө багытталат.
Формалдуу эмес экономиканын жана иш менен камсыз кылуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча натыйжалуу иш формалдуу эмес экономиканы жана иш менен камсыз кылууну эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн бирдиктүү методологияны жана мамилелерди кабыл алууну, ошондой эле формалдуу эмес экономиканы жана иш менен камсыз кылууну төмөндөтүү процессине түз же кыйыр таасирин тийгизген бизнести жана кесиптик бирликтерди кошкондо, ар кандай мамлекеттик органдардын, агенттиктердин жана уюмдардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты күчөтүүнү талап кылат. Негизги чаралар бардык кызыкдар тараптардын ортосунда биргелешкен маалыматтык системаны жана маалымат базаларын түзүүгө, эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү процесстерин автоматташтырууга, ошондой эле үзгүлтүксүз маалымат алмашууга багытталат.
Бул багыттын алкагында ишканалардын жана жумушчулардын формалдуу эмес ишин эрте аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ар кандай механизмдер (ведомстволор аралык жумушчу топтор, үзгүлтүксүз кеңешмелер жана маалымат алмашуу, биргелешкен оперативдүү иш-аракеттер ж.б.) каралат. Бул маалыматтарды чогултуу инструменттерин жана методдорун иштеп чыгууну, ишканаларды жана жумушчуларды классификациялоо системасын, ошондой эле формалдуу эмес экономиканы төмөндөтүүдөгү прогрессти өлчөө үчүн көрсөткүчтөрдү жана индикаторлорду белгилөөнү камтыйт.
Ченемдик укуктук база жана жалпы методологиялык мамиле бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде ишканалар, жумушчулар, мамлекеттик органдар, эксперттер жана коомчулук тарабынан ишке ашырылуучу чаралардын жеткиликтүүлүгүн жана түшүнүктүүлүгүн камсыздоого багытталат.
Негизги милдеттер:
- улуттук мыйзамдардын кабыл алынган ченемдерин ишке ашыруунун жана аткарууну контролдоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү жана аларды аткаруу сапатын жогорулатуу;
- ишканаларды жана жумушчуларды каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жана формалдаштырууга дем берүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- бизнес жана кесиптик бирлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен коррупциялык көрүнүштөргө жана мыйзамсыз практикаларга каршы аракеттенүү чараларын иштеп чыгуу;
- бардык кызыкдар тараптардын ортосунда маалыматты эсепке алуунун, чогултуунун жана алмашуунун сапаттуу системасын камсыз кылуу жана формалдуу эмес экономиканы жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну талдоо жана болжолдоо системасын иштеп чыгуу;
- ишканалардын формалдаштыруу ченемдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу;
- пландоо, артыкчылыктарды аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо этабында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн жана координациясынын натыйжалуу системасын камсыз кылуу.
4.2. Формалдуу экономикага жана иш менен камсыз кылууга өтүү процессинин жагымдуулугун жогорулатуу жана экономикалык дем берүү
Бул багыт формалдуу эмес экономикадан жана иш менен камсыз кылуудан формалдуу экономикага/иш менен камсыз кылууга өтүүгө өбөлгө түзүүчү жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган, ал өзүнө каттоо жана лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнү, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууну, административдик чыгымдарды кыскартууну жана жеке байланыштарды азайтуу жана санариптик технологияларды колдонуу жолу менен формалдуу ишканалар жана жумушчулар үчүн салыктык жана башка финансылык тоскоолдуктарды азайтууну камтыйт.
Социалдык коргоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, эмгекчилердин социалдык-эмгектик укуктарын коргоо механизмдерин киргизүү жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну азайтуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну азайтуу үчүн чаралар социалдык камсыздоо системасына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө (пенсиялык камсыздоо, медициналык камсыздандыруу, жумушсуздук боюнча жөлөк пулдар), эмгекчилердин социалдык-эмгектик укуктарын коргоо механизмдерин киргизүүгө жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну азайтуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, формалдуу эмес жумушчулардын социалдык-эмгектик укуктарын коргоону камсыз кылууга ж.б. багытталат.
Негизги милдеттери:
- формалдуу эмес ишканалар үчүн формалдуу сектордун артыкчылыктарын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- формалдуу эмес жумушчулар үчүн формалдуу иш менен камсыз кылуунун жагымдуулугун жана формалдуу эмес жумушчулардын социалдык-эмгектик укуктарын коргоодо кесиптик бирликтердин активдүүлүгүн жогорулатуу;
- формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүүнү тездетүү үчүн экономикалык дем берүүлөрдү, финансылык колдоо чараларын жана жеңилдиктерди иштеп чыгуу;
- окутуу системасын түзүү жана бизнес жүргүзүүнүн жол-жоболорун жана эрежелерин өзгөртүү жөнүндө анык маалымат алуу жана бизнес отчеттуулукту берүү.
4.3. Жарандардын формалдуу эмес экономиканын жана иш менен камсыз кылуунун терс жактарын жана кесепеттерин түшүнүүсүн калыптандыруу
Бул багыт сапаттуу маалыматтык ресурстарды түзүүгө, натыйжалуу коммуникациялык каналдарды аныктоого жана натыйжалуу маалыматтык кампанияларды өткөрүүгө багытталган, алар ишкерлерге, жумушчуларга жана калкка формалдаштыруу процесси, формалдуу бизнестин артыкчылыктары, колдоонун жеткиликтүү формалары жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө актуалдуу жана пайдалуу маалыматтарды алууга жардам берет. Бул веб-порталдарды, басма жана электрондук маалыматтык материалдарды иштеп чыгууну, семинарларды, конференцияларды жана билим берүү иш-чараларын уюштурууну камтышы мүмкүн.
Маалыматтык кампаниялар экономиканы жана иш менен камсыз кылууну формалдаштыруунун маанилүүлүгү жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жана формалдуу эмес экономиканын жана иш менен камсыз кылуунун терс жактарын түшүнүүгө жардам берет. Бул коомдук иш-чараларды, медиа кампанияларды уюштурууну, маалыматтык материалдарды түзүүнү, маалыматты кеңири жайылтуу жана коомчулуктун аң-сезимин жогорулатуу үчүн социалдык тармактарды колдонууну камтыйт.
Бул багыттын алкагында ишкерлерди жана жумушчуларды формалдаштыруу жана формалдуу экономиканы өнүктүрүү жаатында юридикалык жана салыктык база, финансылык башкаруу, бизнес-пландоо, маркетинг жана ишкердиктин башка негизги аспекттери боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган билим берүү программаларын жана тренингдерди иштеп чыгуу жана өткөрүү колдоого алынат.
Негизги милдеттер:
- формалдуулукка карата колдо болгон дем берүүлөр жөнүндө (ишканаларда мыйзамдарды сактоо маданиятын өркүндөтүү үчүн) жана формалдуу эместиктин терс кесепеттери жөнүндө (коомдо формалдуу эмес экономикалык ишке толеранттуулукту төмөндөтүү үчүн) жарандардын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу;
- катталган ишканалардын жана жумушчулардын санынын динамикасын көзөмөлдөө максатында мониторинг жүргүзүү системасын түзүү жана киргизүү.
5. Программадан күтүлүүчү натыйжалар
Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилет:
- катталган формалдуу эмес ишканалардын санынын өсүшү камсыздалды;
- формалдуу эмес экономиканы жана иш менен камсыз кылууну эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы, ошондой эле Кыргыз Республикасында формалдуу эмес экономиканы жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну талдоо жана болжолдоо системасы жөнгө салынды;
- ишканаларды жана жумушчуларды формалдаштыруу чөйрөсүндө укук колдонуу практикасы жакшыртылды;
- формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүүгө өбөлгө түзүүчү жагымдуу шарттар түзүлдү (ишканаларды каттоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү, бизнес жүргүзүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктар азайтылды, ишканаларды каттоо боюнча административдик чыгымдар кыскарды, ишканалар жана ишкерлер үчүн салыктык жана отчеттордун башка түрлөрү жакшыртылды ж.б.);
- пенсия, медициналык камсыздандыруу жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды кошо алганда, социалдык камсыздоо системасына жетүү мүмкүнчүлүгүн алган жумушчулардын санынын өсүшү камсыз кылынды;
- зарыл болгон билимдерге, санариптик көндүмдөргө ээ болгон ишканалардын санынын өсүшү камсыз кылынды жана алардын ишканаларды каттоо жана отчетторду офлайн жана онлайн форматта жүргүзүү системасына канааттануу деңгээли жогорулады;
- мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн жана жумушчулардын атынан кесиптик бирликтердин ортосунда формалдуу эмес экономиканы жана иш менен камсыз кылууну контролдоо, эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташтык күчөтүлдү;
- формалдуу ишканалардын бирдиктүү маалыматтык базасы түзүлдү, эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү процесстери автоматташтырылды, үзгүлтүксүз маалымат алмашуу жөнгө салынды;
- жарандардын формалдуу эмес экономиканын терс жактары жана кесепеттери жөнүндө маалымдуулугу жогорулатылды жана экономиканы жана иш менен камсыз кылууну формалдаштырууну колдоо калыптанды.
6. Программаны аткаруунун жагымдуу өбөлгөлөрү жана тобокелдиктери
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүү өбөлгөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттары менен байланыштыруу;
- формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү маселесин илгерилетүү;
- экономикалык бирдиктерди жана жумушчуларды формалдуу эмес экономикадан жана иш менен камсыз кылуудан формалдуу экономикага жана иш менен камсыз кылууга которуу маселелери боюнча кызматтарды көрсөтүү жаатындагы потенциалды чыңдоо;
- формалдуу эмес экономика жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу маселелерин жергиликтүү/региондук өнүктүрүү программаларына интеграциялоо ишинде мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуу;
- бийлик менен конструктивдүү диалогдо бизнес-ассоциациялардын активдүүлүгүн өстүрүү.
Программаны ишке ашырууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерге төмөнкүлөр кирет:
- иш менен камсыз кылуунун бардык түрүндөгү жумушчулардын экономикалык активдүүлүгүнө дем берүүгө мүмкүндүк берүүчү позитивдүү чаралардын жоктугу;
- өкмөттүк эмес уюмдарды өнүктүрүүнү жакшыртууга багытталган кызматташтыктын натыйжалуу чараларын илгерилетүү жана киргизүү чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик органдары менен өкмөттүк эмес сектордун, донордук уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын ортосундагы коммуникациянын жана координациянын жетишсиздиги;
- формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуудан формалдуу иш менен камсыз кылууга өтүүнү камсыз кылууга бөлүнүүчү финансылык жардамдын жоктугу;
- өлкөдөгү социалдык-саясий туруксуздук;
- экономикалык кризистин тереңдеши жана анын натыйжасында бизнестин жабылышы жана расмий эмес секторго кетүү;
- экономикалык дем берүүгө багытталган Программанын чараларын ишке ашырууга финансылык ресурстардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүүлүгү;
- эл аралык уюмдар, коомчулук жана башка бирикмелер тарабынан колдоонун жетишсиздиги;
- кызыкдар тараптардын ортосунда Программаны ишке ашыруу боюнча тийиштүү координациянын жана макулдашылган аракеттердин жоктугу.
7. Программаны финансылык камсыздоо
Пилоттук долбоорлорду каржылоону жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ресурстарынын эсебинен көз карандысыз эксперттерге эмгегине акы төлөөгө атайын тартылуучу каражаттарды кошпогондо, Программада каралган чараларды ишке ашыруу ведомстволордун ченем жаратуу ишин камсыз кылуу үчүн каралган республикалык бюджеттен кошумча каржылоо булагын талап кылбайт.
Программаны ишке ашырууну каржылоону камсыз кылуу үчүн донордук уюмдар менен жетишилген макулдашуулардын негизинде бюджеттен тышкаркы булактар пайдаланылууга тийиш.
Программаны кабыл алуу мезгилиндеги айрым чаралар боюнча финансылык ажырымдарды четтетүү Программа кабыл алынгандан кийин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө аны презентациялоо аркылуу кошумча ресурстарды тартуу үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен макулдашууну талап кылат.
8. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Мониторинг мамлекеттик саясаттын милдеттүү компоненти катары маалыматты системалуу чогултуу, талдоо жана программалык-пландык иш-чаралардын аткарылышын баалоо, ошондой эле оңдоолорду киргизүү инструменти болуп саналат.
Мониторинг Программанын кабыл алынган индикаторлору боюнча жыл сайын жүргүзүлөт.
Чогултулган маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жетишилген прогрессти деталдуу талдайт, иш-чараларды жана долбоорлорду аткаруунун жүрүшүндө начар жерлер жана кемчиликтер аныкталат. Өкмөттүк эмес сектордун уюмдары, эгерде алардын ишин каржылоо булактары болсо, туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн тартылат.
Программанын ар бир этабы аяктагандан кийин аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча андан аркы иштерди жакшыртуу боюнча зарыл болгон түзөтүүчү чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында жетишилген натыйжаларды баалоо жүргүзүлөт.
(1) КР УСК, Статистикалык бюллетень, 2021.
|
| 2024-2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасына тиркеме |
Формалдуу эмес экономика жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу боюнча ТЕРМИНДЕРДИН ГЛОССАРИЙИ
1. Формалдуу эмес экономика "мыйзамдар боюнча же практикада формалдуу мамилелер менен толук эмес же такыр камтылбаган жумушчулардын жана экономикалык бирдиктердин бүтүндөй экономикалык ишин" билдирет (булагы: Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү жөнүндө № 204 сунуш (ЭЭУ, 2015).
2. Формалдуу эмес секторго катышкан адамдарды жумуш жана киреше менен камсыз кылуу максатында товарларды өндүрүү же кызмат көрсөтүү менен алектенген бирдиктер кирет. Ал менчик ээлеринин жеке менчигинде турган жана алардан өзүнчө юридикалык жак болуп саналбаган, жок дегенде жарым-жартылай сатуу рыногу үчүн продукция чыгарган, бирок формалдуу бухгалтердик отчеттуулук системасы жок же тиешелүү улуттук органдарда каттоодон өтпөгөн ишканалардын жыйындысын билдирет. Аларга үй чарбаларынын айрым мүчөлөрү же бир эле же ар башка үй чарбаларынын бир нече мүчөлөрү ээлик кылат. Алар, эреже катары, уюштуруунун төмөнкү деңгээли, иштин чакан көлөмү жана өндүрүш факторлору катары эмгек менен капиталды бөлүштүрүүнүн иш жүзүндө жоктугу менен мүнөздөлөт. Формалдуу эмес секторду мүнөздөөчү индикаторлор иш менен камсыз кылуунун (мисалы, формалдуу эмес сектордогу иш менен камсыз кылынгандардын үлүшү, төмөндөгү 3-п. караңыз) экономикалык бирдиктерине (мисалы, формалдуу эмес сектордун экономикалык бирдиктеринин үлүшү) же формалдуу эмес сектордун экономикалык бирдиктери менен продукция өндүрүүгө (мисалы, формалдуу сектордун ИДПсынын пайызында формалдуу эмес сектор тарабынан түзүлгөн кошумча нарктын үлүшү) болушу мүмкүн (булагы: Формалдуу эмес сектордогу иш менен камсыз кылууну өлчөө жөнүндө резолюция, 15-ЭСЭК, 1993, (Женева).
3. Формалдуу эмес сектордогу иш менен камсыз кылуу (формалдуу эмес ишканаларда (экономикалык бирдиктерде) иш менен камсыз кылуу): жумуш берүүчү, жалданма жумушчулар, өз эсебине иштеген адамдар, үй-бүлөлүк формалдуу эмес (катталбаган же юридикалык жак статусун албаган) ишканалардын жумушчулары. Формалдуу эмес ишканаларда (формалдуу эмес сектордун экономикалык бирдиктеринде) эч кандай жумуш орундары, өзгөчө жалданма жумушчулар формалдуу болушу мүмкүн эмес жана жетиштүү болбосо да бирок зарыл шарт катары ишкананы формалдаштыруусуз формалдуу болушу мүмкүн эмес (булактар: Формалдуу эмес сектордогу иш менен камсыз кылуу статистикасы жөнүндө резолюция, 1993-жылдын январы жана ЭЭУ "Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү - өзгөрүү теориясы", 2021-жыл).
4. Формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу "жумуш формалдуу сектордун ишканасында, формалдуу эмес сектордун ишканасында же үй чарбачылыгында аткарылганына карабастан бардык формалдык эмес жумуш орундарын" камтыйт. Формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу аныктамасы иш менен камсыз кылуу статусуна негизделет жана тиешелүүлүгүнө жараша жалданма жумушчуларга, көз карандысыз жумушчуларга (иш берүүчүлөргө жана өзүнүн эсебине иштегендерге), үй-бүлө мүчөсү болгон жумушчуларга, ошондой эле ыктымалдуулуктун жогорку үлүшү менен көз каранды подрядчыларга карата ар кандай мааниге жана критерийлерге ээ. Жалданма жумушчулар (ошондой эле үй-бүлө мүчөсү болгон жумушчулар жана көз каранды подрядчылар) формалдуу эмес сектордон тышкары (б.а. формалдуу сектордо же үй чарбаларында) формалдуу эмес иш менен алектенген кызматкерлердин бирден-бир категориялары болуп саналат. Формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу жалпы иш менен камсыз кылуунун үлүшү катары аныкталат (булагы: "жумуш орду боюнча аныктама" - Формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун статистикалык аныктамасына тиешелүү сунуштар, 17-ЭСЭК, 2003):
- жалданма жумушчулар формалдуу эмес жумуш орундарында иштеген деп эсептелет, эгерде алардын эмгек мамилелери мыйзам боюнча же практикада улуттук эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынбаса; алардын кирешелерине салык салынбаса; алар социалдык коргоодон же жеңилдиктерди аныктоого укуктардан (жумуштан бошонуу жөлөкпулунан, акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүдөн же оорусу, кош бойлуулугу (аталыгы) боюнча өргүүдөн ж.б.) ажыратылса. Формалдуу эмес жумуш орундарын ээлеген жумушчулар формалдуу эмес сектордо, формалдуу сектордо же үй чарбаларында иштеши мүмкүн. Аларга: i) формалдуу эмес сектордогу бардык жалданма жумушчулар жана ii) формалдуу сектордо ар кандай кырдаалдагы жумушчулар, мисалы формалдуу эмес жумуш орундарын ээлеген сезондуу же убактылуу иштеген жумушчулар жана жалпысынан каттоосу жок же жашыруун (мыйзамсыз) жумушчулар; жана iii) үй чарбаларында формалдуу эмес жалданган үй жумушчулары кирет;
- көз карандысыз жумушчулардын (жумуш берүүчүлөрдүн жана өзүнүн эсебине иштеген адамдардын) жумуш орундарынын формалдуу (формалдуу эмес) мүнөзү алар ээлик кылган же башкарган ишкананын мүнөздөмөсүнө жараша болот. Эгерде бул ишкана формалдуу эмес секторго таандык болсо, анда алардын жумуш орундары формалдуу эмес (2-пункттагы формалдуу эмес сектордун аныктамасын караңыз) болуп саналат. Формалдуу эмес иштеген көз карандысыз жумушчулар, жалданма жумушчулардан айырмаланып, формалдуу эмес сектордо гана болушу мүмкүн;
- үй бүлө мүчөсү болгон жумушчулар аныктама боюнча формалдуу же формалдуу эмес сектордогу ишканада иштегенине карабастан формалдуу эмес иш менен алектенген болуп саналат.
5. Формалдуу эмес жумуш орундарынын өндүрүштүк критерийлери: жумушчунун төгүмүн толуктоо максатында жумушчунун атынан иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү социалдык камсыздоого төгүмдүн жоктугу (медициналык тейлөө; оорусу боюнча жөлөкпул, жумушсуздук боюнча жөлөкпул; курагы боюнча пенсия; өндүрүштүк жаракат алган учурда жөлөкпул; үй-бүлөлүк жөлөкпул; кош бойлуулук боюнча жөлөкпул; майыптык боюнча пенсия; багуучусунан айрылган учурда пенсия); жыл сайын акы төлөнүүчү өргүүнүн же анын компенсациясынын жоктугу; ооруп калгандыгына байланыштуу зарыл болгон акы төлөнүүчү өргүүнүн жоктугу (булагы: Формалдуу экономикага өтүүнүн комплекстүү стратегиясына карай: Азербайжан, Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Өзбекстан үчүн жол карталары).
6. Формалдуу эмес сектордун экономикалык бирдиктеринин жана көз карандысыз жумушчулардын формалдуу эмес жумуш орундарынын өндүрүштүк критерийлери: формалдуу эмес сектордун (жана ошону менен формалдуу эмес иштеген көз карандысыз жумушчулардын) экономикалык бирдиктерин аныктоо үчүн сунушталуучу негизги критерийлер төмөнкүлөрдү камтыйт: i) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жери (алар негизинен сатуу рыногуна жеткирүү үчүн арналганбы же жокпу), ii) толук отчеттуулуктун жана (же) iii) улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык каттоонун жоктугу (булагы: ILO, Women and Men in the Informal Economy - A Statistical Picture (third edition), 2018, 2-үзүндү).
7. Формалдуу мамилелер деп бийлик органдары тарабынан экономикалык бирдиктердин жана жумушчулардын ишин жана функцияларын жөнгө салуу, ошондой эле алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо (жана алардын практикалык колдонуу) тартибин түшүнүүгө болот. Формалдуу мамилелер менен камтуу өндүрүштүк ишти, ишканаларды жана (же) кызматкерлерди практикада административдик система тарабынан таанууну жана тиешелүү түрдө тигил же бул даражадагы коргоонун жана милдеттенмелердин болушун билдирет (булагы: ILO, Methodological Note - Diagnosis of Informality (ilo.org).
8. "Мыйзамда же практикада камтылган". Формалдуу мамилелер укуктук камтуу менен гана шартталган эмес. Камтуу ошондой эле "практикада" чагылдырылышы өтө маанилүү, бул мыйзамды иштиктүү колдонууну жана тиешелүү түрдө иштиктүү таанууну жана формалдуу мамилелердин жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле милдеттенмелердин аткарылышын билдирет. Формалдуу мамилелерге, атап айтканда, коммерциялык укук, салык мыйзамдары, эмгек жана социалдык камсыздоо мыйзамдары, ошондой эле экономикалык бирдиктин алкагында жүзөгө ашырылуучу иштерди коргоо жана жөнгө салуу жана кызматкерге жүктөлгөн экономикалык жана жеке тобокелдиктерди азайтуу үчүн экономикалык бирдиктердин жана жумушчулардын иш-аракеттерин жана функцияларын жөнгө салуучу коргоонун башка чаралары кирет. Мындай мамилелер жана эрежелер менен камтуунун шарты мыйзамда гана эмес, ошондой эле практикада да, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчү экономикалык бирдикти жана бул өндүрүштүк иш менен алектенген жумушчуларды расмий таануу саналат (булагы: Lapeyre, F. and Williams, С.С. (2020). Designing effective policy and coordination frameworks for transition to formality. In Islam, I. and Lapeyre, F. (eds.) Transition to Formality and Structural Transformation: Challenges and Policy Options, pp. 22-61. Geneva: ILO); ошондой эле 2-үзүндү, ILO, Methodological Note - Diagnosis of Informality, 2021)
9. "Толук эмес же такыр камтыбайт" минималдуу эмгек акынын же жөлөкпулдардын жетиштүүлүгүн, ошондой эле аларды алуу шарттарынын же коюлган талаптардын (мисалы, минималдуу иштеген сааттарга, эмгек келишиминин колдонуу мөөнөтүнө, ишкананын өлчөмүнө тиешелүү) мыйзамдуулугун камтышы мүмкүн болгон укуктук коргоонун даражасын (атап айтканда, эмгекти коргоо жана социалдык камсыздоо боюнча) жана анын колдонулушун (мыйзам жана практика боюнча) билдирет (булагы: ILO Transitioning to the formal economy through technology, or E-formality; a также вставка 2, Methodological note - Diagnosis of Informality, 2021).
10. Ишканаларды формалдаштыруу деген келип чыгуучу артыкчылыктары жана милдеттенмелери менен укуктук чөйрөгө өтүүнү билдирет. Бул салык, эмгек жана социалдык камсыздоо мыйзамдарынын көлөмүн, профилин же башка критерийлерин эске алуу менен бардык ишканаларга колдонулушун, ишканаларды мыйзам боюнча таанууну, аларды каттоону жана мыйзамдуу талаптарды аткарууну шарттайт (булагы: ЭЭУ, Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү - өзгөрүү теориясы, 2021).
11. Жумушчулардын формалдуу мамилелерге өтүшү алардын адекваттуу эмгектик жана социалдык жактан корголушун билдирет. Жагдайга жараша, бул төмөнкүлөрдүн бирин же бир нечесин кабыл алууну шарттайт: мыйзамдарды анын иш чөйрөсүнөн толугу менен же жарым-жартылай четтетилгендерге колдонуу; аларга укуктук коргоонун адекваттуу деңгээлин камсыз кылуу (мисалы, эмгек стажына коюлган талаптарга жооп бербегендиктен социалдык камсыздандыруудан ажыратылышы мүмкүн эмес); ошондой эле корго чараларынын жана жөлөкпулдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган мыйзамдардын жана эрежелердин натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу (булагы: ILO, Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү - өзгөрүү теориясы, 2021).
12. Мыйзамсыз эмгек деген мыйзамдуу мүнөзгө ээ, бирок бийлик органдарынан жашырылган ар кандай акы төлөнүүчү ишти билдирет (булагы: Educational and awareness raising campaign about the benefits of "declared work" by the EC’s European Platform Tackling Undeclared Work (2020).
13. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн программасы: жөлөкпулдарды алуу укугу (эсептөө укугу) корголгон адамдардын төгүмдөрүн төлөөгө түздөн-түз көз каранды болгон программа. Мындай программалардын эң кеңири таралган түрү - бул мамлекеттик социалдык камсыздандыруу программасы, ал адатта формалдуу экономикада жалданма кызматкерлерди жана кээ бир өлкөлөрдө жеке ишкерлерди камтыйт. Социалдык камсыздандыруу программалары жок болгон учурда белгилүү бир деңгээлде коргоону камсыз кылган ушул мүнөздөгү программанын дагы бир кеңири таралган түрү улуттук камсыздандыруу фонду болуп саналат, андан тигил же бул камсыздандыруу окуясы пайда болгондо (мисалы, белгилүү бир жашка жеткенде, ошондой эле майып болгондо же каза болгондо) бенефициарларга бир жолку төлөмдөр жүргүзүлөт (булагы: ЭЭУ. Формалдуу эмес экономикада иштеген жумушчуларга социалдык коргоону колдонуу: эл аралык тажрыйба сабактары (алдынкы тажрыйба материалдары боюнча колдонмо), 2021. https://www.social-protection.org/gimi/RessourcePDF.action?id=55728).
14. Социалдык төлөмдөр программасы: муктаждыкты текшерүүнү талап кылган жана талап кылбаган программалар, аларда тиешелүү жөлөкпулдарды алуу укугу адатта бенефициарлардын же алардын иш берүүчүлөрүнүн түздөн-түз салымдарын төлөөдөн көз каранды эмес. Бул термин программалардын кеңири спектрин камтыйт, анын ичинде бардык жарандар үчүн жалпы программалар (мисалы, саламаттык сактоонун улуттук системасы); калктын тигил же бул кеңири категорияларына арналган программалар (мисалы, белгилүү бир жашка чейинки балдар же белгилүү бир жаштан улуу адамдар), ошондой эле муктаждыкты текшерүүнү шарттаган программалар (мисалы, социалдык жардам программалары). Адатта, социалдык төлөм программалары салыктардын же мамлекеттик бюджеттин башка кирешелеринин эсебинен же болбосо айрым учурларда тышкы гранттардан же карызга алынган каражаттардан каржыланат (булагы: ЭЭУ. Формалдуу эмес экономикада иштеген жумушчуларга социалдык коргоону колдонуу: эл аралык тажрыйба сабактары (алдынкы тажрыйба материалдары боюнча колдонмо), 2021. https://www.social-protection.org/gimi/RessourcePDF.action?id=55728).