Редакцияот 25.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

2024-жылдын 25-апрели № 2024-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы;

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору жөнүндө;

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Нотариалдык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо жана алардын сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратынын кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп батирлүү турак жайларды куруп берүү боюнча" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

 

 

Төрагасынын орун басары

 

Н.Азыгалиев