Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-майы № 225
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 12-майындагы № 122 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-майындагы № 36 (3589) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |