Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-майы № 232
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жол-жоболорун жүргүзүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна талапкерлерди тестирлөө борборлоштурулган негизде "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору" мекемеси тарабынан башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары ведомстволук баш ийүүсүндө турган мамлекеттик органдын бюджеттик каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 381-пункт менен толукталсын:
"381. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку натыйжаларды көрсөткөн, бирок аңгемелешүүдөн кийин дайындоого сунушталбаган талапкерлер башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине 1 жылдык мөөнөткө киргизилет. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордун ээлөө конкурсуна кийинки жолу катышканда кадрлар резервинде турган талапкерлер тестирлөөдөн өтүүдөн бошотулат, аңгемелешүүдөн жалпы негизде өтөт.
Кадрлар резервине киргизүүнүн жана анын иштешинин тартиби башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары ведомстволук баш ийүүсүндө турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 17-майындагы № 37 (3590) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |