Загрузка документа…
| 4-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомуна ылайык) |
Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн
сертификаттарды каттоо жана берүү тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556, 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 16-беренелерине ылайык, майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан майнерлерди каттоонун жана сертификаттарды берүүнүн тартибин аныктоо максатында иштелип чыккан.
Ушул Тартипте ошондой эле майнингди жүзөгө ашыруу боюнча ишке жана майнингди жүзөгө ашыруучу субъекттерге (майнерлерге) коюлуучу талаптар белгиленет.
2. Ушул Тартиптин алкагында төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
арыз ээси - ушул Тартипке ылайык электрондук түрдөгү сертификатты (QR-коду менен) аралыктан каттоо жана алуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен Интернет тармагы аркылуу электрондук түрдө каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылган юридикалык жак/жеке ишкер;
Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасы – транзакциялардын блогун биргелешип түзүү жана берилген эсептөө ресурстарына ылайык сыйлыктарды бөлүштүрүү максатында виртуалдык активдердин майнинги боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин эсептөө кубаттуулуктарын бириктирүүгө арналган маалыматтык-технологиялык платформа;
Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучусу – виртуалдык активдердин майнинг боюнча ишти жүзөгө ашырган, белгиленген тартипте катталган жана өзүнүн эсептөө кубаттуулуктарын Бирдиктүү коллективдик майнинг мамлекеттик системасына кошкон субъект;
жеке кабинет – Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын платформасындагы персоналдаштырылган маалыматтык бөлүм, ага кирүү электрондук санариптик колтамга менен ишке ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик жана муниципалдык административдик имараттардын аймагында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык имараттардын жана курулмалардын электр жана жылуулук тармактарына уруксатсыз туташтыруу аркылуу майнингди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
31. Кыргыз Республикасынын аймагында майнинг жүргүзүүнүн натыйжасында алынган виртуалдык активдер Кыргыз Республикасынын аймагында лицензияланган виртуалдык активдердин тооругунун операторунун платформасында милдеттүү баштапкы жайгаштырылууга жана сатылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Өнөр жай майнингин жүзөгө ашырган юридикалык жактын акционерлерине/уюштуруучуларына/катышуучуларына жана жеке майнингди жүзөгө ашырган жеке ишкерлерге карата коюлуучу талаптар
4. Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, резиденттер/резидент эместер юридикалык жактын акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары боло алышат.
Юридикалык жактын акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары жөнүндө маалыматтар ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык анкетада берилүүгө тийиш.
5. Төмөнкү жактар юридикалык жактын акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары боло алышпайт:
1) оффшордук зонанын аймагында жашаган жана/же катталган же болбосо оффшордук зоналарда катталган, катышуучулар катары аффилирленген жактары бар жеке жана юридикалык жактар, алардын тизмегин ыйгарым укуктуу орган аныктайт;
2) БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алган эл аралык санкциялар колдонулган жеке жана юридикалык жактар;
3) өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучулардын курамы жана юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин ишенимдүү идентификациялоого жана иликтөөгө мүмкүндүк берген башка бардык маалыматтарды/документтерди белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органга бербеген же болбосо юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин ишенимдүү идентификациялоого жана иликтөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же болбосо чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык соттун чечими боюнча аларга карата тыюу салынган же чектөөлөр киргизилген жеке жана юридикалык жактар.
6. Жеке майнингди жүзөгө ашырган жеке ишкерлерге карата ушул Тартипте каралган талаптар жеке ишкерлерге карата колдонуу бөлүгүндө коюлат.
3. Ыйгарым укуктуу органга берилүүчү документтерге карата коюлуучу талаптар
7. Өнөр жай майнингин жүзөгө ашырган юридикалык жак юридикалык жактарды башкаруучу тиешелүү орган чечим кабыл алган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөрдү ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү:
- жоюу же кайра уюштуруу жөнүндө;
- башкаруунун (директорлор кеңешинин - бар болсо) аткаруу, байкоо органдарынын курамынын өзгөрүшү жөнүндө;
- юридикалык жактын юридикалык жана/же жеке даректеринин өзгөрүшү жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын облустарында же анын чегинен тышкары өкүлчүлүктөрдүн жана/же филиалдардын ачылышы жөнүндө.
Өнөр жай майнингин жүзөгө ашырган юридикалык жак ошондой эле уюштуруучулардын (акционерлердин/ катышуучулардын) курамынын жана/же алардын уюмдагы акцияларынын/үлүштөрүнүн өлчөмдөрүнүн аларды сатып алуунун/сатуунун/кандай болбосун ыкма менен берүүнүн натыйжасында өзгөрүшү жөнүндө, ошондой эле юридикалык жактын уюштуруучуларынын (акционерлеринин/катышуучуларынын) акцияларын/үлүштөрүн үчүнчү жактарга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга электрондук түрдө кабарлоого тийиш. Уюштуруучулар (акционерлер/катышуучулар) тиешелүү чечимди/келишим түзүүнү/макулдашууну кабыл алган күндөн тартып 15 (он беш) күндүн ичинде билдирүүнү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүгө тийиш.
Билдирүүнү өнөр жай майнингин жүзөгө ашырган юридикалык жак юридикалык жактын башкаруу органынын күбөлөндүрүлгөн тиешелүү чечимдерин (же болбосо мындай чечимдердин көчүрмөлөрүнүн түп нускасын) тиркөө менен электрондук түрдө жөнөтүүгө тийиш.
8. Арыз ээсинин документтери (документтин түп нускасы жана/же анын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) ыйгарым укуктуу органга берилет. Резидент эмес акционерлер/уюштуруучулар/катышуучулар берген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө тийиш. Чет тилинде берилген документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерине талаптагыдай которулуп күбөлөндүрүлгөн котормолорун камтууга тийиш.
9. Ушул Тартипке ылайык ыйгарым укуктуу органга берилүүчү жана бирден көп баракты камтыган бардык документтер описке жазылууга, барактары номерленүүгө, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Документтер аралыктан каттоо мүмкүндүгүн берүү менен Интернет тармагы аркылуу электрондук түрдө берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ушул Тартипте каралган документтерди берүү менен бирге арыз ээси ушул Тартиптин 12-пунктунда каралган тартипте жеке маалыматтары ыйгарым укуктуу органга бериле турган жеке жактарга карата ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдук берүүгө тийиш. Жогоруда аталган макулдукту бербегендик берилген документтерди кароодон баш тартуу үчүн негиз болот.
4. Каттоо жана сертификат алуу үчүн керектүү документтер
11. Өнөр жай жана жеке майнингге сертификат алуу үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик же расмий тилдерде төмөнкүдөй документтерди берет:
1) ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык түрдө түзүлгөн сертификатты берүү жөнүндө арызды;
2) юридикалык жак үчүн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн: уставдын жана/же уюштуруу келишиминин (бирден ашуун уюштуруучу (акционер/катышуучу) болсо);
3) мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн, юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечимдин көчүрмөлөрүн;
4) арыз ээсинин жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамдын мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн байкоочу (бар болсо) жана башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо жөнүндө документти;
5) жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн - жеке ишкер үчүн;
6) уюштуруучулардын (акционерлердин)/катышуучулардын документтеринин көчүрмөлөрүн - юридикалык жак: уюштуручулук документтердин, мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн, ошондой эле салык органына берилген, юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамдын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акыркы отчеттук датага финансылык отчеттун;
7) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана уюштуруучулар (акционерлер/катышуучулар) толтурган жана кол койгон анкеталарды;
8) төмөнкүлөрдү минимум катары камтыган бизнес-планды:
- майнингди жүргүзүүдө көздөгөн максаттардын аныктамаларын;
- майнингди жүргүзүүдөн күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептерин, ошондой эле минимум катары 3 (үч) календарлык жылга электр энергиясын керектөөнүн болжолдуу эсептерин;
9) арыз ээсинин чарбалык иши үчүн банкта алыш-бериш эсебин ачуу келишиминин көчүрмөсүн;
10) арыз ээсинин ички документтеринин көчүрмөлөрүн, төмөнкүлөрдү караган майнинг иштеринин эрежесин:
- блокчейндин эсептик-эсептөө борборунун ишинин тартибин;
- электр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун тартибин, анын ичинде штаттык эмес кырдаал келип чыкканда аракеттердин тартибин.
Документтер номерленген жана жетекчинин жана/же жеке ишкердин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
11) эгерде ишеним кат боюнча арыз ээсинин атынан өкүл аракеттенген учурда, уюштуруучулук документтерге ылайык жетекчинин же ыйгарым укуктуу башка адамдын колу коюлган ишеним катты, сертификатты алууга өкүлгө берилген мөөрдүн кагазга түшүрмөсү менен кошо;
12) уюштуруучу арыз ээсинин (акционердин/катышуучунун) - Кыргыз Республикасынын резидентинин/резидент эмес жеке жагынын документтеринин көчүрмөлөрүн;
- паспорттун (резидент үчүн, резидент эмес үчүн ID-паспорттун - чет мамлекеттин жаранынын паспортунун);
- салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкаттарды жана/же резидент эместер үчүн чет мамлекеттин мыйзамдарында каралган түрдөгү документтер берилген датага кирешелер жөнүндө декларациянын; резидент эмес жеке жак чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жогорудагыга окшош документтерди бериши керек. Ыйгарым укуктуу орган "Түндүк" ЭВӨС аркылуу салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын резиденттеринин карыздарынын жок экендигин текшерет;
13) курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык курулуш нормаларынын жана эрежелеринин (мындан ары - СНиП) талаптарына ылайык келген блокчейндин эсептик-эсептөө борборунун (майнинг ферманын) имаратынын долбоорун. Блокчейндин эсептик-эсептөө борборунун (майнинг ферманын) имаратында майнинг жабдууларын орнотуу үчүн дайындалган, талаптагыдай сапаттуу электр менен камсыз кылуучу, өрт, санитардык жана техникалык коопсуздуктарынын талаптарын эске алган система болууга тийиш, блокчейндин эсептик-эсептөө борборунун (майнинг ферманын) имараты жеңил конструкциялардан же болбосо капиталдык курулуш объектинен болушу мүмкүн. Капиталдык курулуш жүргүзүлгөн учурда анда архитектуралык шаар куруучулук корутунду, тышкы электрдик тармактардын архитектуралык-техникалык корутундусу, эскиздик долбоор, жумушчу долбоор, жумушчу долбоордун мамлекеттик экспертизасы болууга тийиш;
14) капиталдык курулуш жүргүзүлгөн учурда, арыз ээсинин блокчейндин эсептик-эсептөө борбору (майнинг ферма) жайгашуучу имаратка менчик же ижара укугун орнотуучу документинин көчүрмөсүн;
15) капиталдык курулуш жүргүзүлгөн учурда, блокчейндин эсептик-эсептөө борбору (майнинг ферма) жайгашуучу имаратты мамлекеттик курулуш жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берген тиешелүү экспертизанын негизинде пайдаланууга киргизүү жөнүндө документти;
16) жеңил конструкция менен курулган учурда имаратта өрт, санитардык жана техникалык коопсуздуктун талаптарын эске алуу менен майнинг жабдууларын орнотуу үчүн дайындалган, талаптагыдай сапаттагы электр менен камсыз кылуу системасы болууга тийиш;
17) "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каттоо үчүн жыйымдардын төлөнүшүн ырастаган документти.
111. Арыз ээси лицензия алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн, ошондой эле маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга өз убагында кабарлоо үчүн Кыргыз Республикасынын администрациялык укук жаатындагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Документтерди кароонун тартиби
12. Сертификатты алуу үчүн берилген документтерди ыйгарым укуктуу органдын кароо мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.
13. Сертификатты алуу үчүн берилген документтердин пакетин кароо мезгилинде ыйгарым укуктуу орган арыз ээсин алдын ала текшерүүгө укуктуу.
14. Алдын ала текшерүү блокчейндин эсептик-эсептөө борборунун ишке жөндөмдүүлүгүн жана арыз ээси берген документтердин ушул Тартиптин талаптарына ылайык келүүсүн текшерүүнү камтыйт. Арыз ээси алдын ала текшерүү жүргүзүүгө (жайга, системага жана арыз ээсинин документтерине кирүүгө, кызматкерлер менен кеңешүүгө) көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Алдын ала текшерүүнүн мөөнөтү 10 жумуш күндөн ашпоого тийиш, ал ушул Тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө кирет. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча майнинг же виртуалдык активдерди жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан маалыматты акысыз негизде жана ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
15. Эгерде документтер ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык келбесе жана/же документтердин толук эмес пакети берилген болсо, арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде кошумча документтерди берүүгө тийиш. Мында берилген арызды жана документтерди ыйгарым укуктуу органдын кароо мөөнөтү ушул Тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы мөөнөттүн чегинде эсептелет.
16. Ушул Тартиптин талаптарына ылайык келбеген же үч жолудан ашуун толук эмес көлөмдө, же болбосо белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен документтер берилсе, ыйгарым укуктуу орган документтерди кароодон баш тартат жана бул жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү арыз ээсине жөнөтөт.
17. Документтерди биринчи кароодо ыйгарым укуктуу орган көрсөткөн кемчиликтер жана эскертүүлөр четтетилгенде гана сертификатты алууга арызды жана документтерди кайталап берүүгө жол берилет. Документтерди биринчи кароодо ыйгарым укуктуу орган көрсөткөн эскертүүлөр четтетилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган документтерди кароодон баш тартууга укуктуу, ыйгарым укуктуу органга документтер келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде мындай документтер жеткире иштеп чыгууга кайра жөнөтүлбөйт.
6. Майнерлердин электрондук реестри, сертификатты берүү
18. Майнерлердин электрондук реестринде (мындан ары - Реестр) каттоо жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү актысы менен таризделет жана электрондук түрдө сертификат (QR-коду менен) берүү менен коштолот.
Ыйгарым укуктуу орган берген сертификат мөөнөтсүз, ажыратылгыс болуп саналат жана үчүнчү жакка берилбейт.
19. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсин Интерактивдүү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталы менен интегралдашкан реестрге киргизүүгө милдеттүү. Сертификат кайра таризделген учурда (юридикалык жактын - арыз ээсинин аталышы өзгөргөн учурда) сертификаттын жаңы маалыматтары Реестрге киргизилет, аны ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
20. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
- ыйгарым укуктуу органдын толук аталышы жана дареги;
- майнер жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү (жеке ишкер үчүн), толук жана кыскартылган аталышы (юридикалык жак үчүн), уюштуруу-укуктук түрү (юридикалык жак үчүн), анын турган жери, юридикалык дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, анын башкаруу органдары (юридикалык жак үчүн) жөнүндө маалыматтар, байланышуу маалыматтары, веб-сайттын маалыматтары);
- каттоо/кайра каттоо датасы жана каттоо номери;
- Реестрден чыгаруунун негизи жана датасы;
- ыйгарым укуктуу орган аныктаган башка маалыматтар.
21. Реестр ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына милдеттүү жайгаштырылууга тийиш, анда камтылган маалыматтар менен кызыкдар адамдардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат, "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдалануу мүмкүндүгү чектелген маалыматтардан тышкары.
211. Майнерлер сертификатты кайра каттоо үчүн негиз болуп саналбаган, сертификат берүү үчүн арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлоого милдеттүү. Кабарлоо өзгөртүүлөр пайда болгондон кийин 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен аталган өзгөртүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускаларын берүү менен) менен бирге жазуу жүзүндө берилет. Ыйгарым укуктуу орган кабарлоо келип түшкөн датадан тартып 3 жумуш күндүн ичинде Майнерлердин электрондук реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Сертификаттын колдонулушун токтотуу
22. Ыйгарым укуктуу орган берген сертификаттын колдонулушу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- юридикалык жак жоюлса/жеке ишкер каза болсо же мыйзамда белгиленген тартипте жеке ишкер катары иши токтотулса;
- юридикалык жак/жеке ишкер виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды бузган учурда сертификатты чакыртып алса;
- иштин сертификатташтырылуучу түрүн жүзөгө ашырууну ыктыярдуу токтотсо;
- сертификатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе;
- сертификат берилген учурдан тартып 12 айдан ашуун майнер катары ишти жүзөгө ашырбаса.
23. Юридикалык жак/жеке ишкер сертификаттын колдонулушун токтоткон учурда түзүлгөн келишимдердин шарттарын аткарууга, төлөмдөрдү бүтүрүүгө жана үчүнчү жактын алдындагы финансылык милдеттенмелерди аткарууга жана сертификатташтырылуучу иштин түрүн "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтотууга тийиш.
8. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине даттануунун тартиби
24. Ушул Тартиптин алкагында ыйгарым укуктуу орган кабыл алган чечимдер "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
9. Эсеп жана отчеттуулук
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Майнерлер ай сайын ыйгарым укуктуу органга оперативдүү отчеттуулукту берүүгө милдеттүү. Отчеттуулуктун формасы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Майнерлер квартал сайын, отчеттук квартал аяктагандан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулукту ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Майнерлерди Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасы аркылуу каттоо
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасында майнингди каттоо төмөнкү ыкмалардын бири менен жүргүзүлөт:
1) ушул Тартиптин 1–7-главаларына ылайык майнерди каттоо жана сертификат алуу менен бир убакта;
2) майнинг боюнча ишти жүргүзүүгө сертификат алгандан кийин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасында каттоо үчүн арыз ээси ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:
1) ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына каттоо тууралуу арыз;
2) майнинг жабдуусунун техникалык мүнөздөмөлөрү (модели, саны, хешрейти, электр энергиясын керектөөсү);
3) электр энергиясын керектөөнүн пландалган көлөмү жөнүндө маалымат;
4) майнинг жабдуусуна болгон менчик укугун же мындай жабдууну ижарага алуу келишимин ырастаган документтер.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Ыйгарым укуктуу орган Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына каттоо тууралуу арызды 10 (он) жумуш күнүнүн ичинде карайт жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) арыз ээсин Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына каттоо жөнүндө;
2) арыз ээсин Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына каттоодон баш тартуу жөнүндө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Арыз ээсин Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына каттоодон баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) берилген документтердин ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык келбеши;
2) документтердин толук эмес топтомун тапшыруу;
3) анык эмес маалымат берүү;
4) майнинг жабдуусунун Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын техникалык талаптарына ылайык келбеши;
5) арыз ээсинин майнинг боюнча ишти жүргүзүүгө сертификатынын жоктугу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Арыз ээсин Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына каттоо чечими кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу орган 3 (үч) жумуш күндүн ичинде:
1) Майнерлердин электрондук реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
2) арыз ээсине Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын платформасындагы жеке кабинетке кирүү үчүн эсепке алуу маалыматтарын берет;
3) майнинг жабдууларын Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына кошуу боюнча нускамаларды жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын иштөө тартиби
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын иштешинин техникалык параметрлери, кошуу протоколдору, жүктөмдү жана сыйлыктарды бөлүштүрүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучулары тарабынан алынган виртуалдык активдер Кыргыз Республикасынын аймагында лицензияланган виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун платформасында милдеттүү түрдө баштапкы жайгаштырылууга жана сатылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучуларынын ортосунда сыйлыкты бөлүштүрүү автоматтык режимде, берилген эсептөө кубаттуулугуна пропорционалдуу жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучусу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) берилген эсептөө кубаттуулугуна пропорционалдуу сыйлык алууга;
2) жеке кабинети аркылуу өз жабдуусунун иши тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде алууга;
3) ыйгарым укуктуу органга 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес милдеттүү түрдө кабарлоо менен Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына катышуусун убактылуу токтотуп турууга;
4) ыйгарым укуктуу органга 30 (отуз) календардык күндөн кем эмес кабарлоо менен Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынан чыгууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Тартиптин жана Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын иштөө регламентинин талаптарын сактоого;
2) Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына кошулган өз майнинг жабдуусунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга;
3) ыйгарым укуктуу органга билдирилген параметрлерге шайкештигин текшерүү үчүн майнинг жабдуусуна жеткиликтүүлүктү берүүгө;
4) майнинг жабдуусунун курамында жана мүнөздөмөлөрүндө болгон өзгөрүүлөр жөнүндө өзгөрүүлөр жөнүндө мындай өзгөртүүлөр болгон учурдан тартып кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга кабарлоого;
5) ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген маалыматтык коопсуздук боюнча талаптарды аткарууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучуларын эсепке алуунун
жана отчеттуулуктун тартиби
(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучуларынын майнинг жабдууларынын иши, сый акыларды бөлүштүрүү жана жүргүзүлгөн транзакциялар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын платформасында автоматтык режимде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Ыйгарым укуктуу орган Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучуларынын кирешелери жөнүндө маалыматты түзүүнү жана салык органдарына берүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучулары ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө алынган виртуалдык активдерди эсепке алууга жана ыйгарым укуктуу органга отчет берүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын алкагында гана иш жүргүзгөн катышуучулар ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген отчеттуулуктун жөнөкөйлөтүлгөн формасын берүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Ушул Тартиптин жана Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын иштөө регламентинин талаптарын бузгандыгы үчүн катышуучу ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынан чыгарылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынан чыгаруу майнинг боюнча ишти жүргүзүүгө сертификаттын колдонулушун автоматтык түрдө токтотууга алып келбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучулары менен ыйгарым укуктуу органдын ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштар «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте чечилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн сертификаттарды каттоо жана берүү тартибине 1-тиркеме |
акционердин/уюштуруучунун/катышуучу арыз ээсинин АНКЕТАСЫ
1. Юридикалык жактын аталышы ____________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышын көрсөтүү керек)
(бул таблицаны жеке жак толтурат)
1 | Аты-жөнү |
|
|
2 | Эгерде фамилиясын алмаштырса: (мурдагы фамилиясы) | Качан: | Кандай себеп менен: |
3 | Туулган жылы: | Туулган жери: | |
4 | Паспорту | Сериясы: | Номери: |
|
| Ким тарабынан берилген: | Берилген датасы: |
5 | Жарандыгы: ______________________________________________________ | ||
6 | Үй-бүлөлүк абалы: | Иш жүзүндө жашаган жери: моб. тел.: (_____) ________________________ | |
7 | Негизги иштеген жери: | Ээлеген кызмат орду: | |
2. Юридикалык дареги/жашаган жери ____________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________
3. Юридикалык жак түзүлгөн дата/жеке жак туулган дата ___________________________________________
4. СИН/ИЖН __________________________________________________________________________________
5. Каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган дата
______________________________________________________________________________________________
(мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн №)
6. Ушул иш менен байланышкан эсептер Кыргыз Республикасынын кайсы банктарында ачылган:
______________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________
7. Юридикалык/жеке жак финансылык иш боюнча кимдир бирөөлөр менен болгон соттук талаштарга дуушар
болду беле, эгерде дуушар болсо - акыркы 3 (үч) жылдагы соттук талаштын жагдайлары
(доочу, жоопкер, талаштын предмети, соттук иш кайсы соттук инстанцияда каралууда, ишти кароо
кайсы этапта тургандыгы) жөнүндө толук көрсөт.
8. Арыз ээсинин пикири боюнча олуттуу болуп саналган башка маалымат:
________________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________________
Юридикалык жактын жетекчисинин/жеке жактын колу
Мөөр
|
| Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн сертификаттарды каттоо жана берүү тартибине 2-тиркеме |
Жеке маалыматтар субъектинин анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштеп чыгууга МАКУЛДУГУ
Калктуу конуш, дата
Мен ____________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
Бул даректе жашаймын:
________________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________________
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: __________________________________________________________
(документтин түрү)
сериясы ________ №___________
берилди ________________________________________________________________ (берилген күн) (ким берген)
(ишенимдүү адам үчүн)
_________________________________________________________________________________________ атынан
(аты-жөнү)
иш алып барууда
жашаган дареги: _________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________________
Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: __________________________________________________________
(документтин түрү)
сериясы ________ №___________
берилди _______________________________________________________________________________________
(берилген күн) (ким берген)
_____________________________________________________________________________________ негизинде
(ишеним каттын, мыйзамдын, башка ченемдик актынын)
ыйгарым укуктуу органга эркин, түшүнүү, өз эрким менен толук жана сөзсүз түрдө макулдугумду беремин:
- иштеп чыгууга (жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу жана топтоштуруу максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан же болбосо анын тапшырмасы боюнча ыкмаларга карабастан автоматтык каражаттар менен же ансыз эле аткарыла турган кандай гана болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле төмөнкүлөргө:
- жеке маалыматтарды берүүгө (ыйгарым укуктуу орган тарабынан "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык үчүнчү жактарга берүү).
Жогоруда көрсөтүлгөн макулдук ошондой эле төмөнкүдөй жеке маалыматтарга да жайылтылат: аты-жөнү (мурдагы аты-жөнү, өзгөрткөн датасы, жери жана себеби (өзгөртүлгөн учурда); туулган жери жана датасы; жарандыгы (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандыктар) жөнүндө маалыматтарга; билими (билим берүү уюмунун аталышы, бүткөн жылы, билими жөнүндө документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими жөнүндө документ боюнча адистиги) жөнүндө маалыматтарга; илимий даражасынын бар экендиги жөнүндө маалыматтарга; чет тилдерди билүүсү жөнүндө маалымат, сүйлөө деңгээли; жашаган жеринин (келген жеринин) дареги; байланыш телефонунун номери же байланыштын башка ыкмалары жөнүндө маалыматтарга; ким экендигин күбөлөндүргөн документтин түрү, сериясы, номери, аны берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы,
үй-бүлөсүнүн жана жакын туугандарынын курамы; эмгек иши (аскердик кызматы, айкалыштырып иштеген жумуштары, ишкердик иши, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдердин негизиндеги иштери д.у.с.) жөнүндө маалыматтарга; мамлекеттик сыйлыктары, башка сыйлыктары жана артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан сыйланган); соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө, анын ичинде ага колдонулган тартиптик, административдик жоопкерчиликтер, жоруктарды жана бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтер жөнүндө маалыматтарга; кирешелер, чыгымдар жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтарга; жеке сүрөтү).
Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн сертификаттарды каттоо жана берүү тартибинде каралган сертификатташтыруу жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашыруу максатында жогоруда аталган жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн беремин.
Менин жеке маалыматтарымдын ишенимдүүлүгүн текшерүү жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалыматтарды табуу үчүн аларды башка мамлекеттик органдарга берүү жөнүндө мага эскертилгендигин ырастаймын, муну менен бирге Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан көзөмөлдөө жана сертификатташтыруу жол-жоболорун ишке ашыруунун алкагында менин жеке маалыматтарымды жогоруда аталган жактарга берүүдө кийин мага билдирүү берүүнү талап кылбай тургандыгымды түшүнүү менен жана сөзсүз түрдө ырастаймын.
Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдү жана сертификаттоону жүзөгө ашыруу максатында дайыма колдонулат) жана ушул макулдукка кол коюлган күндөн тартып колдонулат.
"___" __________________ 20__ж.
Колу | Аты-жөнү |
|
____________________________ | ________________________________ |
|
|
| Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн сертификаттарды каттоо жана берүү тартибине 3-тиркеме |
|
| ___________________________________ |
|
| (ыйгарым укуктуу органдын аталышы) |
АРЫЗ
Майнинг ишин жүзөгө ашыруу ашыруу үчүн сертификат берүүңүздү сурайм
____________________________________________________________________
____________________________________________________________________
____________________________________________________________________
(толук аталышы/аты-жөнү, юридикалык дареги/жашаган жери, иш жүзүндөгү
дареги, мобилдик/стационардык телефон номери)
Мен арыз ээси болуп саналам, ушул арызды толтуруп жатып виртуалдык
активдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары
менен таанышкандыгымды ырастаймын жана жогоруда белгиленген иш үчүн
талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди тиркеймин, атап айтканда:
1. Акционер/уюштуруучу/катышуучу жөнүндө маалыматтарды
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
Башкаруунун аткаруу органынын курамы (юридикалык жактын жетекчисинин/жеке
ишкердин аты-жөнү)
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
Арызга тиркелди: _____ барак.
___________________________
Арыз ээсинин колу жана мөөрү
"___" __________________ 20____-ж.
|
АРЫЗ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык)
Коллективдүү майнинг бирдиктүү мамлекеттик системасына каттоо жөнүндө ________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы) ____________________________________________________ (толук аталышы/аты-жөнү, юридикалык дареги/жашаган жери, иш жүзүндөгү дареги, мобилдик/стационардык телефон номери) Кыргыз Республикасынын коллективдүү майнинг бирдиктүү мамлекеттик системасына каттоону өтүнөм. Майнинг ишин жүргүзүү үчүн сертификат жөнүндө маалыматтар: Номери: ________________________________________ Берилген датасы: _______________________________ Майнинг жабдуусунун техникалык мүнөздөмөлөрү: Модели: ________________________________________ Саны: _________________________________________ Хешрейт (TH/s): __________________________________ Энергияны керектөөсү (кВт): ________________________ Энергияны керектөөнүн пландалган көлөмү (айына кВт.с): ____ Бул арызды толтуруу менен мен, арыз ээси Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары менен таанышкандыгымды ырастайм жана Коллективдүү майнинг бирдиктүү мамлекеттик системасында каттоо үчүн талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди тиркейм, атап айтканда: 1. Майнинг жабдуусуна менчик укугун же мындай жабдуунун ижара келишимин ырастаган документтерди: _________б. 2. Башка документтерди: ___________б.
Арыз ээсинин колу жана мөөрү 20-___ж. "____" ______. |