Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-сентябры № 625
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү айрым
токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 16, 18, 25, 27, 28-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:
– 3-пункттун экинчи абзацы «баалуу кагаздар рыногун» деген сөздөрдөн кийин «; виртуалдык активдер рыногун» деген сөздөр менен толукталсын;
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 50-пунктча менен толукталсын:
«50) виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнө мониторинг жүргүзүүнүн жана текшерүүнүн жүрүшүндө зарылдыгына жараша ушул максаттар үчүн түзүлгөн адистештирилген фонддун каражаттарынын эсебинен виртуалдык активдерди контролдук сатып алууну жүргүзүүгө.»;
– 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«– виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн виртуалдык активдерди контролдук сатып алуу максатында түзүлгөн фонддун каражаттарынын;».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 «Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) иши жана виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлорунун (криптобиржанын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:
– 2-пункттун экинчи – төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бенефициардык ээси – соңку эсепте (ээлик кылуу жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) жеке менчик укугуна ээ болгон же виртуалдык активдердин тооругунун операторун (криптобиржаны) контролдогон жеке жак (жеке жактар) же анын атынан же болбосо анын кызыкчылыгында операция (бүтүм) жасалган жеке жак;
кардар – тейлөөгө кабыл алынган же виртуалдык активдердин тооругунун операторунда (криптобиржада) тейлөөдө турган же болбосо виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) ишкер мамиле түзүп жаткан же буга чейин түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык бирикме;
проценттик скоринг – аны менен жүргүзүлгөн операцияларга жана акчаны адалдоо же терроризмди каржылоо сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге колдонуу ыктымалдыгы менен байланышкан башка факторлорго талдоо жүргүзүүгө негизделген виртуалдык активдин же виртуалдык капчыктын тобокелдик деңгээлин сандык баалоо;»;
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Эгерде виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) пайдалануучулардын активдерин өзүнүн балансында сактаган учурда, ал виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) финансылык активдерин, электрондук виртуалдык активдерди, виртуалдык активдердин тооругунун операторунда (криптобиржада) турган акча каражаттарын өзүнчө эсепке алууну камсыз кылууга милдеттүү.»;
– мамлекеттик тилдеги 11-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«18. Виртуалдык активдердин тооругунун борбордоштурулган оператору (криптобиржасы) кардар менен мамиле түзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле виртуалдык активдерди жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарга ылайык аны идентификациялоого же аралыктан идентификациялоого, ошондой эле идентификациялык маалыматтарын верификациялоого же аралыктан верификациялоого милдеттүү.
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча талаптарды сактоо максатында (AML жана KYT) кардарлардын виртуалдык активдер менен жүргүзгөн транзакцияларын бардык текшерүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган AML/KYT – кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн маалыматтык системасын (программалык камсыздоосун) колдонуу менен милдеттүү тартипте жүргүзүлүүгө тийиш.
Пайыздык скоринг ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 181-пункт менен толукталсын:
«181. Кардарларга виртуалдык активдерди акча каражаттарына же электрондук акчага сатуу же болбосо бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштыруу боюнча бүтүмдөрдү түзүүдөн мурда виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) кардарлардын аталган бүтүмдөрдү түзүү үчүн зарыл болгон жетиштүү билим деңгээлине (компетенттүүлүккө) ээ экенин тактоого милдеттүү.
Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) зарыл болгон билим деңгээли (компетенттүүлүгү) жок экени аныкталган кардарлар менен аталган бүтүмдөрдү түзүүгө укугу жок.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү түзүү үчүн билим деңгээлин (компетенттүүлүктү) аныктоо виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) тарабынан кардарларга суроолор баракчасын (тестти) толтуруу (чечүү) үчүн берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Суроолор баракчасы (тест) жана ага өзгөртүүлөр/толуктоолор ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу орган тиешелүү билдирүүнү алгандан кийин алынган суроолор баракчасын (тестти) талдайт жана эгерде сын пикирлер/сунуштар болгон учурда билдирүү катталган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде виртуалдык активдердин тооругунун операторуна суроолор баракчасын (тестти) иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) кардарды виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү түзүүдөгү тобокелдиктер жөнүндө бардык жеткиликтүү жана түшүнүктүү каналдар, анын ичинде платформадагы билдирүүлөрдү жокко чыгарбастан, электрондук каттар, тексттик жана видеоматериалдар аркылуу, ошондой эле каттоо процессинде же биринчи бүтүм түзүүнүн алдында маалымдоого тийиш.»;
– 23-пунктта:
«террористтик» деген сөз «кылмыштуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– кардарлардын билим деңгээлин (компетенттүүлүгүн) аныктоочу суроолор баракчасы (тест).
Виртуалдык активдер менен биржа тооругунун эрежелери виртуалдык активдердин тооругунун операторунун интернет-сайтында жарыяланууга жана тооруктардын бардык катышуучуларына таанышуу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 251-пункт менен толукталсын:
«251. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары Кыргыз Республикасынын резиденттери, ошондой эле резидент эместери болушу мүмкүн болгон кардарлар менен мамилелерди түзүүгө укуктуу.
Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) менен кардарлардын ортосундагы мамиле келишимдик негизде жана/же ачык офертада түзүлүшү керек.
Кардарлар менен мамилелер түзүлө турган келишимдерде жана/же ачык офертада виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) ушул Жободо, «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган шарттарды эске алууга милдеттүү.
Кардардын ачык офертаны кабыл алуусу толук жана эч кандай шартсыз болууга тийиш. Эгерде жарандык укук жаатындагы мыйзамдарда башкача каралбаса же ачык офертада көрсөтүлбөсө, ачык офертаны алган кардардын аны акцепт кылуу үчүн белгиленген мөөнөттө анда көрсөтүлгөн келишимдин шарттарын аткаруу боюнча аракеттерди көрүүсү акцепт деп эсептелет.»;
– 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«– кардарлар тарабынан суроолор баракчасын (тестти) толтуруунун (өтүүнүн) натыйжалары жөнүндө маалыматты беш жылдан кем эмес мөөнөттө сактоону камсыз кылууга;»;
– 30-пунктта:
биринчи абзац «уюштуруучулары/акционерлери» деген сөздөрдөн кийин «, бенефициардык менчик ээлери» деген сөздөр менен толукталсын;
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган санкциялык тизмеге кирбеген;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 301-пункт менен толукталсын:
«301. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамдары ыйгарым укуктуу орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
Талапкерлиги макулдашылууга тийиш болгон виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамдары болуп төмөнкүлөр саналат:
– директорлор кеңешинин жетекчиси жана мүчөлөрү (бар болсо);
– аткаруу органынын жетекчиси (аткаруу органынын функцияларын жалгыз аткаруучу адам) жана мүчөлөрү;
– башкы бухгалтер же жалгыз бухгалтер;
– тобокелдик жана комплаенс боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер же директор.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамы өзүнүн кызмат ордун ал дайындалган (шайланган) күндөн тартып 45 (кырк беш) календардык күндөн ашык эмес макулдашпастан ээлөөгө укуктуу.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин жана макулдашууга документтердин толук пакети берилбеген же макулдашуудан баш тартылган учурларда виртуалдык активдердин тооругунун оператору бул адам менен эмгек келишимин бузууга же болбосо эмгек келишими жок болгон учурда бул кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамынын милдеттерин ушул пунктта белгиленген мөөнөттөн ашык макулдашуусуз аткарууга (убактылуу жок адамды алмаштырууга) тыюу салынат.
Кызмат адамын макулдашуу үчүн виртуалдык активдердин тооругунун оператору ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен ар бир талапкерди макулдашуу (өзүнчө) жөнүндө катты берүүгө тийиш:
– талапкерди шайлоо/дайындоо жөнүндө чечимдин;
– талапкердин ким экендигин күбөлөндүргөн документтин;
– соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкаттын түп нускасын;
– ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча талапкердин анкетасынын түп нускасын.
Эгерде кызмат адамынын талапкерлигин макулдашуу үчүн документтер «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасында бар болсо, анда аларды ыйгарым укуктуу органга берүү талап кылынбайт.
Макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызмат адамдарынын курамы өзгөргөндө виртуалдык активдердин тооругунун оператору жаңы кызмат адамы шайланган (дайындалган) күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга өзгөрүүлөр жөнүндө кабарламаны берүүгө милдеттүү. Жаңы талапкерди макулдашуу жөнүндө кат жогоруда саналган документтерди тиркөө менен шайланган (дайындалган) учурдан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга берилет.
Анкетанын пункттарында камтылган маалыматтар өзгөргөндө макулдашуудан өткөн кызмат адамдары өзгөрүүлөрдөн кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде бул тууралуу ыйгарым укуктуу органга кабарлоого (жазуу жүзүндө) милдеттүү.
Кызмат адамын макулдашууга документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого) макулдук берүү үчүн берилген документтер ушул Жобонун талаптарына ылайык документтердин толук топтому берилген датадан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылат:
– кызмат адамдарынын ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбөөсү;
– виртуалдык активдердин тооругунун оператору тарабынан сын пикирлердин четтетилбеши же виртуалдык активдердин тооругунун операторунун сын пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтердин ушул пунктта белгиленген документтерди кароо мөөнөтү өткөндөн кийин берилиши;
– документтерди ушул пунктта белгиленген, кызмат адамы өз кызмат ордун макулдашуусуз ээлей ала турган мөөнөт өткөндөн кийин берүүсү.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) берилген макулдук төмөнкү негиздер боюнча чакыртып алынат:
– анык эмес маалыматтар аныкталса, алардын негизинде макулдук берилсе;
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан виртуалдык активдердин тооругунун кызмат адамына жана/же операторуна таасир этүү чаралары системалуу түрдө (акыркы 12 календардык айдын ичинде 3 жана андан ашык жолу) колдонулса, мында аталган кызмат адамы тиешелүү кызмат ордун ээлесе (акыркы 12 календардык айдын ичинде ээлесе);
– жоюлбаган соттуулугу болсо.
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдук чакыртып алынган учурда виртуалдык активдердин тооругунун оператору ошол адам менен чакыртып алууну алган күндөн тартып 14 (он төрт) календардык күндөн кечиктирбестен эмгек келишимин бузууга милдеттүү. Эгерде эмгек келишими жок болсо, виртуалдык активдердин тооругунун оператору ошол кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.»;
35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын резиденттери – жеке жана юридикалык жактарга виртуалдык активдердин тооругунун лицензияланбаган операторлору аркылуу виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.»;
– 8-глава төмөнкүдөй мазмундагы 391-пункт менен толукталсын:
«391. Виртуалдык активдердин тооругунун операторлоруна (криптобиржаларга) төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) купуялуулугу жогору болгон виртуалдык активдердин капчыктарын (Private Wallets) ишинде пайдаланууга, эгерде мындай капчыктардын ээлери/кармоочулары идентификацияланбаса;
2) ишинде уникалдуу мүнөздөмөлөрү менен токендерди (NFT) пайдаланууга;
3) чет өлкөлүк финансы мекемелери тарабынан чыгарылган алдын ала төлөнгөн карталарды ишинде пайдаланууга;
4) виртуалдык активдерди которууларды жүзөгө ашырууга жана онлайн-казинолордун жана виртуалдык казинолордун ишине байланышкан виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө;
5) пайыздык скорингдин натыйжасында аныкталган тобокелдиктердин жогорку деңгээлине ээ виртуалдык активдер, виртуалдык активдердин капчыктары менен операцияларды жүргүзүүгө.
Пайдаланууга тыюу салынган виртуалдык активдердин тизмелери ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана ыйгарым укуктуу органдын интернет-сайтында жарыяланат. Акыркысынын суроо-талабы боюнча жана мындай виртуалдык активдердин кармоочуларын идентификациялоонун деталдуу процесси жана мындай виртуалдык активдер менен байланышкан операцияларды контролдоо/мониторинг жүргүзүү системасы берилген шартта виртуалдык активдердин тооругунун айрым операторлоруна өзгөчөлүктөр жактырылышы мүмкүн.»;
– 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«51. Виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) тарабынан жүзөгө ашырылуучу виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү катары ишти жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн юридикалык жак ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди/маалыматтарды бир нускада, мамлекеттик же расмий тилдерде берет:
1) юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн лицензияны берүү жөнүндө арызды;
2) юридикалык жактын уюштуруу документтеринин (уставдын жана уюштуруу келишиминин (бирден ашык уюштуруучу болсо) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн; юридикалык жакты түзүү жөнүндө, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, директорлор кеңешин (бар болсо) жана башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо жөнүндө чечимдерди;
3) акционерлер/уюштуруучулар – жеке жактар жана юридикалык жактын бенефициардык ээлери боюнча документтерди/маалыматтарды (юридикалык жактын акыркы бенефициардык ээлерин аныктоого мүмкүндүк берген юридикалык жактын менчик түзүмүнүн схемалык сүрөтү; юридикалык жактын капиталындагы акциялардын беш жана андан ашык пайызынын ээлери жөнүндө, мындай адамдардын идентификациялык маалыматтарын, ар бир мындай акционер ээ болгон капиталындагы акциялардын санын жана пайызын камтыган мааылматты; паспортунун көчүрмөсүн (резидент үчүн ID-паспорттун көчүрмөсү, резидент эместер үчүн – чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсүн); документтер берилген датага карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган форма боюнча салыктарды төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсүн (резидент эмес – жеке жак үчүн өз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык ушундай эле документтерди берүү зарыл); соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты);
4) юридикалык жактын кызмат адамдарынын документтерин (паспортунун көчүрмөсүн (резидент үчүн ID-паспорттун көчүрмөсү, резидент эместер үчүн – чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсүн); документтер берилген датага карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган форма боюнча салыктарды төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсүн (резидент эмес – жеке жак үчүн келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушундай эле документтерди берүү зарыл); соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты; билимин, алган дипломдорун, ал өткөн тиешелүү кесиптик даярдоо курстарын, кесиптик тажрыйбасын, анын ичинде, атап айтканда ал иштеген бардык уюмдардын аталышын, ээлеген кызмат орундарынын мүнөзүн жана узактыгын, ишкердик беделин көрсөтүү менен актуалдуу өмүр баянын);
5) ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча акционерлер/уюштуруучулар, кызмат адамдары жана юридикалык жактын бенефициардык ээлери тарабынан толтурулган жана кол коюлган анкеталар же болбосо кийин түп нускасын берүү менен толтурулган анкеталардын сканерленген көчүрмөлөрүн;
6) юридикалык жактын корпоративдик башкаруу жана менеджмент менен байланышкан, ички башкаруу саясатын; ички контролдоо саясатын; уюштуруучулук/функциялык схемасын; тобокелдиктерди башкаруу саясатын; тобокелдиктердин жалпы матрицасын; ички саясаттардын/жол-жоболордун реестрин; штаттан тышкаркы кырдаалдар келип чыккан учурдагы иш-аракеттердин тартибин; окутуу боюнча колдонмо жана материалдарды; бүтүмдөрдү түзүүдө виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) катышуучуларынын өз ара эсептешүүлөрүнүн тартибин; агенттер аркылуу өтүүчү акча каражаттарынын кыймылынын тартибин; кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуучу куралды таратууга катышы бар адамдардын эл аралык жана улуттук тизмелери боюнча текшерүү боюнча жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымдамаларын башкаруу боюнча механизмдердин деталдуу сыпаттамасын; чет өлкөлүк виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунда (криптобиржа) чыгарылган жана жүгүртүлгөн чет өлкөлүк виртуалдык активдердин листингинин жол-жоболорун камтыган виртуалдык активдердин листингинин эрежелерин сыпаттаган ички документтеринин/саясаттарынын/жол-жоболорунун көчүрмөлөрүн (документтер көктөлүүгө, номерленүүгө, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш);
7) операциялык иш-аракеттердин программасын/планын;
8) виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө кеминде максаттардын аныктамасын, кеминде 3 (үч) жылга бул кызматтарды көрсөтүүдөн күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептөөлөрүн камтыган бизнес-планды (техникалык-экономикалык негиздеме);
9) юридикалык жак тарабынан көрсөтүлүүчү ар бир кызмат көрсөтүү үчүн блок-схеманы (кардарларга/пайдалануучуларга конкреттүү кызматты көрсөтүүдө пайда болуучу кадамдардын/процесстердин ырааттуулугун визуалдаштыруучу схема);
10) иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу саясатын жана планын;
11) виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды көрсөтүү үчүн кардарлардын жана өзүнүн агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн банкта алыш-бериш эсебин, ошондой эле юридикалык жактын чарбалык иши үчүн өзүнчө эсеп ачууга келишиминин көчүрмөсүн;
12) ушул Жобого ылайык уставдык капитал катары акча каражаттарын салууну ырастоочу документти;
13) акыркы отчеттук датага карата салык органдарына берилген, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн финансылык отчетту;
14) юридикалык жактын ресурстары жөнүндө маалыматтарды/документтерди (пландалган ишке бөлүнгөн кадрдык жана техникалык ресурстардын сыпаттамасы; иштин ар бир түрү боюнча кадрдык жана техникалык болжол; серверлерде жайгаштырылган платформаны орнотуу жана өндүрүштүк эксплуатациялоого киргизүү актысы, алардын бири (негизги сервер) Кыргыз Республикасынын аймагында, ал эми экинчиси (запастык сервер) программалык камсыздоону жана кибер чабууладардан коргоо максатында – чет мамлекеттин аймагында болууга тийиш);
15) юридикалык жактын кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү системасы боюнча документтерин/маалыматтарын (кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча колдонмо; кардарларды талаптагыдай сактык, идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболору; кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарларды кабыл алуу саясаты; кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарга жана транзакцияларга мониторинг жүргүзүү жол-жоболору; кылмыш ишин каржылоого жана легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында окутуу боюнча колдонмо; кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен макулдашуу; кылмыш ишин каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигинин матрицасы; кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышкан тобокелдиктерди баалоо үчүн инструменттердин функциялык мүмкүнчүлүктөрү; инструменттерде ишке ашырылган кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү сценарийи; кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө эскертүүлөрдүн көлөмү жана тобокелдиктер деңгээли боюнча классификацияланган кардарлардын саны);
16) юридикалык жактын киберкоопсуздук жана маалыматтык технологиялар саясаты боюнча документтерин (маалыматтык коопсуздукту (киберкоопсуздукту) камсыз кылуунун тартибин регламенттөөчү жол-жоболор – коопсуздукту уюштуруунун сыпаттамасы; маалыматтарды иштеп чыгуу саясаты (ички жана тышкы); киберкоопсуздук саясаты; кибертобокелдиктерди баалоо жана каттоо жол-жоболору; криптокапчыктардын ачкычтарын башкаруу жол-жоболору; кардарлардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу тартиби);
17) юридикалык жактын кардарларынын маалыматтарын/ документтерин (жалпы жоболор жана шарттар; доо ишин жүргүзүү тартиби; кардарлардын/инвесторлордун укуктарын коргоо саясаты; кардарлар үчүн баа саясаты; кардарларга акча каражаттарын кайтаруунун тартиби);
18) эгерде юридикалык жактын атынан ишеним кат боюнча өкүл иш алып барса, уюштуруу документтерине ылайык жетекчи же башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган, мөөрдүн оттиски менен лицензия алууга өкүлгө берилген ишеним катты;
19) юридикалык жактын ишкердик бедели жөнүндө маалыматтарды;
20) лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документти;
21) ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган AML/KYT-кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн.»;
– 16-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
– 90-пункттун биринчи абзацы «квартал сайын» деген сөздөрдөн кийин «, отчеттук квартал аяктаган датадан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен» деген сөздөр менен толукталсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 901-пункт менен толукталсын:
«901. Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун иши Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жаатындагы мыйзамдарына жана аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген аудитордук уюм гана виртуалдык активдердин тооругунун операторунун тышкы аудитору боло алат.
Финансылык жыл аяктагандан кийин виртуалдык активдердин тооругунун оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
– жаңы финансылык жылдын башынан тартып 90 (токсон) күнгө чейинки мөөнөттө виртуалдык активдердин тооругунун операторуна тышкы аудит жүргүзүүнү камсыз кылууга;
– жаңы финансылык жылдын башынан тартып 105 (жүз беш) күндөн кечиктирбеген мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн финансылык отчет жана аудитордун виртуалдык активдердин тооругунун операторунун жетекчилигине каты менен бирге берүүгө.»;
– жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) акционеринин/уюштуруучусунун, бенефициардык ээсинин жана кызмат адамынын анкетасы»;
– жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) акционеринин/ уюштуруучусунун, бенефициардык ээсинин анкетасы»;
– жогоруда аталган Жобонун 5–9-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жободо:
үчүнчү, төртүнчү, бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо – виртуалдык активдердин чыгарылышына виртуалдык активдерди чыгаруу ак кагазын (white paper) мамлекеттик каттоо менен коштолгон мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу, ошондой эле бул жөнүндө, анын ичинде виртуалдык активдер, алардын эмитенти жөнүндө маалыматтарды Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү;
виртуалдык активдин номиналдык наркы – виртуалдык актив жайгаштырууга билдирилген виртуалдык активдердин эмитентинин чечими боюнча улуттук же чет өлкөлүк валютада туюндурулган виртуалдык активдин наркы (баасы);
күрөө наркы – күрөө катары пайдаланылуучу активдин наркы;»;
тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
– 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо, ошондой эле Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.»;
– 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 31–311-пункттар менен толукталсын:
«31. Кыргыз Республикасынын аймагында камсыз кылынбаган виртуалдык активдерди чыгарууга тыюу салынат.
32. Виртуалдык активдерди чыгарууда алардын эмитенти виртуалдык активдердин ээлери катары реестрде катталган адамдардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн күрөөнү башкаруучуну дайындоого укуктуу. Күрөөнү башкаруучу виртуалдык активдердин эмитентине жана эмитенттин милдеттеринин өлчөмү анын активдеринин баланстык наркынын 10 пайызынан ашкан эминтенттин кандай болбосун кредиторуна карата аффилирленген жак болушу мүмкүн эмес.
33. Эгерде виртуалдык активдер боюнча камсыз кылуу жана/же күрөө үчүнчү жак тарабынан берилсе, виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечимге жана ак кагазга (white paper) ушундай күрөө жана/же күрөө берген адам да кол коюшу керек.
34. Виртуалдык активдердин күрөө предмети ушул Жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн виртуалдык активдердин эмитентинин активдери болушу мүмкүн.
35. Виртуалдык активдер боюнча күрөө предметинин түзүмү жана курамы:
1) виртуалдык активдер мамлекеттик баалуу кагаздардын күрөөсү менен камсыздалышы мүмкүн – виртуалдык активдердин эмиссиясынын көлөмүнүн 100 пайызынан кем эмес, мында виртуалдык активдердин эмиссиясын күрөө менен камсыздоо максатында мындай баалуу кагаздардын күрөө наркы бул баалуу кагаздардын бааланган наркынын 100 пайызынан кем эмес кабыл алынат;
2) виртуалдык активдер ачык акционердик коомдор формасында түзүлгөн, лицензияланган тооруктарды уюштуруучуда эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялар боюнча – виртуалдык активдердин эмиссиясынын көлөмүнүн 100 пайызынан кем эмес листингден өткөн Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин баалуу кагаздарынын күрөөсү менен камсыздалышы мүмкүн, мында виртуалдык активдердин эмиссиясын күрөө менен камсыздоо максатында мындай баалуу кагаздардын күрөө наркы баалуу кагаздардын баалоо наркынын 80 пайызынан ашпаган өлчөмдө кабыл алынат;
3) виртуалдык активдер юридикалык жакка таандык пайдалуу кендерди иштетүү укугунун күрөөсү менен камсыздалышы мүмкүн – виртуалдык активдердин эмиссиясынын көлөмүнүн 100 пайызынан кем эмес, мында мындай укуктун күрөө наркы көз карандысыз баалоо наркына ылайык пайдалуу кендерди иштетүүгө укуктун баалоо наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө кабыл алынат;
4) виртуалдык активдер улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы акча каражаттарынын күрөөсү менен камсыздалышы мүмкүн – 100 пайыздан кем эмес, мында улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы акча каражаттарынын күрөө наркы алардын номиналдык наркынын 100 пайызы өлчөмүндө кабыл алынат;
5) виртуалдык активдер алтындын күрөөсү менен камсыздалышы мүмкүн – 30 пайыздан кем эмес, мында алтындын күрөө наркы көз карандысыз баалоо наркына ылайык алтындын баалоо наркынын 100 пайызы өлчөмүндө кабыл алынат.
36. Виртуалдык активдер боюнча камсыздоонун жана/же күрөөнүн предмети болуп саналган мүлк виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттоо үчүн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин бир айдан кечиктирилбестен көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланууга тийиш. Күрөө наркын баалоо алты ай бою актуалдуу деп эсептелет.
37. Эгерде күрөөнүн предмети кыймылсыз мүлк болсо, виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттоо үчүн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.
38. Эгерде күрөөнүн предмети баалуу кагаздар болсо, виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим тиешелүү көз карандысыз реестр кармоочу же депозитарий тарабынан катталууга тийиш, мында күрөөнүн предмети болуп саналган баалуу кагаздар виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттоо үчүн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин депонирленет.
39. Эгерде күрөөнүн предмети алтын, акча каражаттары жана кенди иштетүү укугу болсо, виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) же күрөөнүн предмети болуп саналган бул мүлк виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтер берилгенге чейин депонирленген банк тарабынан катталууга тийиш.
310. Күрөөлүк камсыздоо катталганга чейин виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоого тыюу салынат.
311. Виртуалдык активдердин эмитенти алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда акыркысы күрөөнү башкаруучуга (эгер мындай башкаруучу дайындалган болсо) жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу, ал 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен төмөнкү аракеттерди жасоого милдеттүү:
– виртуалдык активдердин эмитентине эмитент тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы боюнча учурдагы кырдаалды түшүндүрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү талап менен кайрылууга жана эгерде мындай милдеттенмелердин аткарылышынын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, анда эмитентке 10 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө мындай мөөнөттү өткөрүп жиберүүнү четтетүү боюнча талапты жазуу жүзүндө билдирүүгө;
– эгерде күрөөнү башкаруучу 3 жумуш күндүн ичинде эмитенттен учурдагы кырдаалды түшүндүрүү жөнүндө билдирилген талапка жооп албаса же виртуалдык активдер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды төлөө жөнүндө талап коюлган эмитент аларды 10 күндүк мөөнөттө аткарбаса, күрөөнү өндүрүү кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган аракеттерди баштоого.
Күрөөнү башкаруучу (эгер мындай башкаруучу дайындалган болсо) виртуалдык активдердин эмитенти тарабынан алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелердин аткарылышы боюнча кырдаалга көз салып турууга жана виртуалдык активдердин ээлери эмитент тарабынан алардын ээлеринин алдында өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарбаган датадан тартып 30 (отуз) календардык күндөн ашык эмес убакыт өткөндөн кийин виртуалдык активдердин ээлери жок болгон учурда ушул пунктта көрсөтүлгөн аракеттерди көрүүгө милдеттүү.”;
– 4, 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана ачык жайгаштыруу жол-жобосуна төмөнкү этаптар кирет:
1) эмитенттин виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуусу;
2) эмитенттин ак кагазды (white paper) бекитүүсү;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо;
4) виртуалдык активдерди ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуу;
5) виртуалдык активдерди жайгаштыруу;
6) виртуалдык активдерди чыгаруунун жыйынтыгын ишке ашты же ишке ашкан жок деп таануу.
5. Виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим менен төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:
1) виртуалдык активдердин саны;
2) бир виртуалдык активдин номиналдык наркы;
3) виртуалдык активдерди жайгаштыруу мөөнөтү жана шарттары, анын ичинде виртуалдык активдин номиналдык наркынан дисконт менен алдын ала сатуу мезгили;
4) виртуалдук активди жүгүртүү шарты (жүгүртүү мөөнөтү, алмаштыруу жана кайтаруу шарттары, төлөө мүмкүнчүлүгү жана шарттары, виртуалдык активдерди үчүнчү жактарга өткөрүп берүү);
5) блокчейндин аталышы, виртуалдык активдердин эмитентинин капчыгынын жана смарт-контракттын дареги;
6) камсыздоого коюлган мүлктүн наркы жөнүндө маалыматтар жана виртуалдык активдерди чыгаруу күрөөсү;
7) күрөөнү башкаруучу (эгер мындай башкаруучу дайындалган болсо) жөнүндө маалыматтар;
8) күрөө берүүчүнүн күрөөгө коюлган мүлктөн виртуалдык активдердин ээлеринин пайдасына баш тартуу жөнүндө шарттары.
Виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.»;
– 3, 4, 7-главалардын аталышындагы, 13, 15–19, 28-пункттардагы «чыгарылышын» деген сөз «эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 9–11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн эмитент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
1) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;
2) виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим;
3) 3 нускада ак кагаз (white paper);
4) блокчейндин аталышы, эмитенттин виртуалдык активдеринин капчыгынын жана смарт-контракттын электрондук формадагы дареги;
5) эмитенттин юридикалык жак катары катталгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү (эмитент – юридикалык жак үчүн);
6) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эмитент – юридикалык жак үчүн);
7) паспорттун көчүрмөсү (эмитент – жеке жак үчүн);
8) каттоо жыйымынын төлөнгөндүгүн ырастаган документ;
9) эмитенттин милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуунун бар экендигин ырастаган документтер;
10) виртуалдык активдер боюнча камсыздоо жана/же күрөө предмети болуп саналган мүлктү көз карандысыз баалоочунун баалоосунун көчүрмөсү;
11) күрөөлүк камсыздоонун катталгандыгын ырастаган документ;
12) эмитент же эмитенттин уюштуруучулары/акционерлери тарабынан ушул Жобонун 4, 5-тиркемелерине ылайык толтурулган жана кол коюлган анкеталар же болбосо толтурулган анкеталардын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, кийин түп нускасын берүү менен.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн документтерди алган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күндөн кечиктирбестен виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын каттайт же виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышынан мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.
11. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда эмитентке ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо жөнүндө чечими жана катталган ак кагаздын (white paper) эки нускасы берилет.»;
– 17-пунктта:
экинчи абзац «эмиссиясын» деген сөздөн кийин «жана ачык жайгаштырылышын» деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацтагы «активдер эмиссиясы жөнүндө» деген сөздөр «активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«20. Виртуалдык активдер ак кагазда (white paper) белгиленген мөөнөттүн ичинде ачык сунушталышы мүмкүн.»;
– 26, 27-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«26. Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырылышын мамлекеттик каттоо үчүн жыйым (каттоо жыйымы) ошол чыгарылыштагы бардык виртуалдык активдердин жалпы номиналдык наркынын 0,01 пайыз өлчөмүндө ошол виртуалдык активдер боюнча тооруктар жана котировкалар болгон шартта төлөөнүн учурунда криптобиржалардагы курс боюнча алынат.
27. Бул виртуалдык актив боюнча тооруктар жана котировкалар жок болгон учурда криптобиржаларда виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоо үчүн виртуалдык активдердин эмитенти тарабынан билдирилген ушул чыгарылыштагы бардык виртуалдык активдердин жалпы номиналдык наркынан 0,01 пайыз өлчөмүндө жыйым алынат.»;
– 31-пункттун биринчи абзацындагы «4-тиркемесине» деген сөздөр «6-тиркемесине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 32-пункттун үчүнчү абзацындагы «чыгарылышынын жана жайгаштырылышынын» деген сөздөр «эмиссиясынын жана/же ачык жайгаштырылышынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жогоруда аталган Жобонун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
– жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинин аталышындагы «чыгарууну» деген сөз «эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жогоруда аталган Жобонун 6-тиркемесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Виртуалдык активдердин эмиссиясынын жана/же ачык жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо»;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 3-тиркеме ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн сертификаттарды каттоо жана берүү тартибинде:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасы – транзакциялардын блогун биргелешип түзүү жана берилген эсептөө ресурстарына ылайык сыйлыктарды бөлүштүрүү максатында виртуалдык активдердин майнинги боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин эсептөө кубаттуулуктарын бириктирүүгө арналган маалыматтык-технологиялык платформа;
Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучусу – виртуалдык активдердин майнинг боюнча ишти жүзөгө ашырган, белгиленген тартипте катталган жана өзүнүн эсептөө кубаттуулуктарын Бирдиктүү коллективдик майнинг мамлекеттик системасына кошкон субъект;
жеке кабинет – Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын платформасындагы персоналдаштырылган маалыматтык бөлүм, ага кирүү электрондук санариптик колтамга менен ишке ашырылат.»;
– 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«31. Кыргыз Республикасынын аймагында майнинг жүргүзүүнүн натыйжасында алынган виртуалдык активдер Кыргыз Республикасынын аймагында лицензияланган виртуалдык активдердин тооругунун операторунун платформасында милдеттүү баштапкы жайгаштырылууга жана сатылууга тийиш.»;
– 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
«111. Арыз ээси лицензия алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн, ошондой эле маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга өз убагында кабарлоо үчүн Кыргыз Республикасынын администрациялык укук жаатындагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.»;
– 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 211-пункт менен толукталсын:
«211. Майнерлер сертификатты кайра каттоо үчүн негиз болуп саналбаган, сертификат берүү үчүн арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлоого милдеттүү. Кабарлоо өзгөртүүлөр пайда болгондон кийин 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен аталган өзгөртүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускаларын берүү менен) менен бирге жазуу жүзүндө берилет. Ыйгарым укуктуу орган кабарлоо келип түшкөн датадан тартып 3 жумуш күндүн ичинде Майнерлердин электрондук реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.»;
төмөнкүдөй мазмундагы 9–12-главалар менен толукталсын:
«9. Эсеп жана отчеттуулук
25. Майнерлер ай сайын ыйгарым укуктуу органга оперативдүү отчеттуулукту берүүгө милдеттүү. Отчеттуулуктун формасы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
26. Майнерлер квартал сайын, отчеттук квартал аяктагандан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулукту ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
10. Майнерлерди Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасы аркылуу каттоо
27. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасында майнингди каттоо төмөнкү ыкмалардын бири менен жүргүзүлөт:
1) ушул Тартиптин 1–7-главаларына ылайык майнерди каттоо жана сертификат алуу менен бир убакта;
2) майнинг боюнча ишти жүргүзүүгө сертификат алгандан кийин.
28. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасында каттоо үчүн арыз ээси ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:
1) ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына каттоо тууралуу арыз;
2) майнинг жабдуусунун техникалык мүнөздөмөлөрү (модели, саны, хешрейти, электр энергиясын керектөөсү);
3) электр энергиясын керектөөнүн пландалган көлөмү жөнүндө маалымат;
4) майнинг жабдуусуна болгон менчик укугун же мындай жабдууну ижарага алуу келишимин ырастаган документтер.
29. Ыйгарым укуктуу орган Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына каттоо тууралуу арызды 10 (он) жумуш күнүнүн ичинде карайт жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) арыз ээсин Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына каттоо жөнүндө;
2) арыз ээсин Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына каттоодон баш тартуу жөнүндө.
30. Арыз ээсин Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына каттоодон баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) берилген документтердин ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык келбеши;
2) документтердин толук эмес топтомун тапшыруу;
3) анык эмес маалымат берүү;
4) майнинг жабдуусунун Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын техникалык талаптарына ылайык келбеши;
5) арыз ээсинин майнинг боюнча ишти жүргүзүүгө сертификатынын жоктугу.
31. Арыз ээсин Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына каттоо чечими кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу орган 3 (үч) жумуш күндүн ичинде:
1) Майнерлердин электрондук реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
2) арыз ээсине Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын платформасындагы жеке кабинетке кирүү үчүн эсепке алуу маалыматтарын берет;
3) майнинг жабдууларын Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына кошуу боюнча нускамаларды жөнөтөт.
11. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын иштөө тартиби
32. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын иштешинин техникалык параметрлери, кошуу протоколдору, жүктөмдү жана сыйлыктарды бөлүштүрүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
33. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучулары тарабынан алынган виртуалдык активдер Кыргыз Республикасынын аймагында лицензияланган виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун платформасында милдеттүү түрдө баштапкы жайгаштырылууга жана сатылууга тийиш.
34. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучуларынын ортосунда сыйлыкты бөлүштүрүү автоматтык режимде, берилген эсептөө кубаттуулугуна пропорционалдуу жүзөгө ашырылат.
35. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучусу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) берилген эсептөө кубаттуулугуна пропорционалдуу сыйлык алууга;
2) жеке кабинети аркылуу өз жабдуусунун иши тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде алууга;
3) ыйгарым укуктуу органга 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес милдеттүү түрдө кабарлоо менен Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына катышуусун убактылуу токтотуп турууга;
4) ыйгарым укуктуу органга 30 (отуз) календардык күндөн кем эмес кабарлоо менен Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынан чыгууга.
36. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Тартиптин жана Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын иштөө регламентинин талаптарын сактоого;
2) Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасына кошулган өз майнинг жабдуусунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга;
3) ыйгарым укуктуу органга билдирилген параметрлерге шайкештигин текшерүү үчүн майнинг жабдуусуна жеткиликтүүлүктү берүүгө;
4) майнинг жабдуусунун курамында жана мүнөздөмөлөрүндө болгон өзгөрүүлөр жөнүндө өзгөрүүлөр жөнүндө мындай өзгөртүүлөр болгон учурдан тартып кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга кабарлоого;
5) ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген маалыматтык коопсуздук боюнча талаптарды аткарууга.
12. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучуларын эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби
37. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучуларынын майнинг жабдууларынын иши, сый акыларды бөлүштүрүү жана жүргүзүлгөн транзакциялар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын платформасында автоматтык режимде жүргүзүлөт.
38. Ыйгарым укуктуу орган Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучуларынын кирешелери жөнүндө маалыматты түзүүнү жана салык органдарына берүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылат.
39. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучулары ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө алынган виртуалдык активдерди эсепке алууга жана ыйгарым укуктуу органга отчет берүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын алкагында гана иш жүргүзгөн катышуучулар ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген отчеттуулуктун жөнөкөйлөтүлгөн формасын берүүгө укуктуу.
40. Ушул Тартиптин жана Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын иштөө регламентинин талаптарын бузгандыгы үчүн катышуучу ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынан чыгарылышы мүмкүн.
41. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынан чыгаруу майнинг боюнча ишти жүргүзүүгө сертификаттын колдонулушун автоматтык түрдө токтотууга алып келбейт.
42. Бирдиктүү мамлекеттик коллективдик майнинг системасынын катышуучулары менен ыйгарым укуктуу органдын ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштар «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте чечилет.»;
– бул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 75 (3731) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| 1-тиркеме |
| "Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого |
Форма
Виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим
Эмитенттин толук аталышы/эмитенттин аты-жөнү _________________________ ______________________________________________________________________ Эмитенттин жайгашкан жери/жашаган жери: ______________________ ______________________________________________________________________ Байланыш телефондору: ________________________________________________ Мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар: _________________________________ ______________________________________________________________________ (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн) Бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтар: ________________________________ _______________________________________________________________________ (юридикалык жактар үчүн) Виртуалдык активдерди чыгарган эмитенттин интернет сайты жөнүндө маалыматтар: _______________ _______________________________________________________________________ Эмитенттин аты-жөнү: ____________________________________________________ (жеке жак үчүн) колу ___________ 20___-ж. "_____" _____________ Эмитенттин жетекчисинин кызмат ордунун аталышы: __________________________ _______________________________________________________________________ (юридикалык жактар үчүн)
Күрөөнү башкарган жетекчисинин кызмат ордунун аталышы: _________________________________________________________
Виртуалдык активдерди чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечимге киргизилүүчү маалыматтар: 1. Виртуалдык активдердин түрү. 2. Ар бир чыгарылган виртуалдык активдин номиналдык наркы. 3. Ушул чыгарылыштагы виртуалдык активдердин саны. 4. Ар бир чыгарылган виртуалдык активдин ээлеринин укуктарынын түрү жана көлөмү. 5. Чыгарылган виртуалдык активдерди жайгаштыруунун шарттары жана тартиби: - виртуалдык активдерди жайгаштыруу мөөнөтү; - виртуалдык активдерди сатып алуу жөнүндө келишимдерди түзүү жолу менен аларды жайгаштыруу башталган дата; - виртуалдык активдерди жайгаштыруу аяктаган дата. 6. Виртуалдык активдерди жайгаштыруу мөөнөтү виртуалдык активдерди чыгаруу тууралуу кандайдыр бир маалыматтарды ачыктоо датасын көрсөтүү менен аныкталат. 7. Виртуалдык активдерди жайгаштыруунун баасы (баалары) же бааларды аныктоо тартиби. 8. Виртуалдык активдерди төлөө шарттары жана тартиби. 9. Ушул сунуштун алкагында жайгаштыруу шартталган жана виртуалдык активдерди чыгаруу болуп өттү деп таануу үчүн эмитентке керек болгон виртуалдык активдердин минималдуу саны, ошондой эле чыгаруу болгон жок деп таанылган учурда виртуалдык активдерди төлөөгө берилген каражаттарды кайтаруу тартиби. 10. Блокчейндин аталышы. 11. Виртуалдык активдердин эмитентинин капчыгынын жана смарт-контракттын дареги. 12. Виртуалдык активдерди чыгарууну камсыздоого жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркы жөнүндө маалымат. 13. Күрөөнү башкаруучу жөнүндө маалымат. 14. Эмитенттин виртуалдык активдердин ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин төлөө үчүн күрөөлүк камсыздоону өндүрүп алуу шарттары. 15. Виртуалдык активдерди жайгаштыруунун башка шарттары.". |
| 2-тиркеме |
| "Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобого |
Форма
Ак кагаздын титулдук барагы (white paper)
Катталган: "____" _______ 20___-ж. Мамлекеттик каттоо номери ___________________________________________ _______________________________________________________________________ (каттоочу орган) ________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу адамдын колу) М.О. Виртуалдык активдерди чыгаруу ак кагазы (white paper) _________________________________________________________________________ (эмитенттин толук фирмалык аталышы/эмитенттин аты-жөнү) __________________________________________________________________________ (эмитенттин жайгашкан жери, байланыш телефондору) "____" ______________________ 20___-ж.
Ушул ак кагазда (white paper) камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылууга жатат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул ак кагазда (white paper) камтылган маалыматтардын аныктыгы жана аны каттоо үчүн жооп бербейт, жайгаштырылуучу виртуалдык активдерге карата өзүнүн мамилесин билдирбейт. Бардык берилүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн эмитент өзү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат. Эмитенттин виртуалдык активдерине каражаттарды салуу жөнүндө чечимди кабыл алып жатып, сиз ошол виртуалдык активдерге ээлик кылуу менен байланышкан жагымдуулугу жана тобокелдиги жөнүндө өзүңүздүн пикириңизге таянышыңыз керек. Ак кагаз (white paper) кеминде төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: 1. Ак кагаз түзүлгөн күн (white paper). 2. Долбоордун кыскача резюмеси, болгон материалдары жана максаттары. 3. Эмитенттин виртуалдык активдери жөнүндө маалыматтар: - азыркы учурга карата чыгарылган эмитенттин бардык виртуалдык активдери; - ачык сунушталган виртуалдык активдердин түрү; - виртуалдык активдердин номиналдык наркы; - ачык сунуштоого болжолдонгон виртуалдык активдердин саны; - блокчейндин аталышы, виртуалдык активдердин эмитентинин капчыгынын жана смарт-контракттын дареги; - сатуу ушул ачык сунуштоонун алкагында болжолдонуп жаткан, виртуалдык активдерди ачык сунуштоону ишке ашты деп таануу үчүн виртуалдык активдердин эмитентке керектүү болгон минималдуу саны; - ачык сунуштоодо виртуалдык активдердин баасы (бааны аныктоо тартиби); - виртуалдык активдерди ачык сунуштоону жүзөгө ашыруунун шарттары жана мөөнөттөрү; - сунушталып жаткан виртуалдык активдер мурда чыгарылгандыгына же болбосо жайгаштырууга сунушталгандыгына көрсөтмө; - виртуалдык активдерди төлөөнүн, виртуалдык активдер боюнча кирешелерди алуунун ыкмалары, кайрылуунун мөөнөтү, ошондой эле виртуалдык активдерди төлөөнүн тартиби (виртуалдык активдердин эмитентинин тиешелүү чечими бар болсо); - ачык жайгаштырылган виртуалдык активдерди сатып алууга артыкчылыктуу укуктун болушу, жайгаштырылган виртуалдык активдерди сатып алууга жана жүгүртүүгө бардык чектөөлөр (артыкчылыктуу укук же чектөөлөр болгон учурда); - виртуалдык активдерди ачык сунуштоону уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтар; - каражаттары боюнча виртуалдык активдерди сатуу болжолдонуп жаткан виртуалдык активдердин тооруктарынын оператору жөнүндө маалыматтар; - виртуалдык активдердин тооругунун операторунун листингине эмитентти киргизүү жөнүндө көрсөтмө; - эмитент кошумча экспертти (эксперттик уюмду) тарткан учурда ак кагазда (white paper) камтылууга тийиш болгон жана/же ак кагазга (white paper) шилтеме берилген эксперттин (эксперттик уюмдун) корутундусу; - виртуалдык активдерди ачык сунуштоо ишке ашкан жок деп таанылган учурда виртуалдык активдерди төлөөгө алынган каражаттарды кайтаруу тартиби; - виртуалдык активдерди чыгарууну камсыздоого жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркы жөнүндө маалыматтар; - күрөөнү башкаруучу жөнүндө маалыматтар; - эмитенттин виртуалдык активдердин ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин жабуу үчүн күрөөлүк камсыздоону өндүрүү шарттары. 4. Рыноктун параметрлери (рыноктун, потенциалдуу аудиториянын эсептери). 5. Маршруттук карта, айда долбоорду өнүктүрүүнүн мөөнөттөрү аныкталат. 6. Бизнес-план (техникалык-экономикалык негиздеме): - виртуалдык активдер менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө көздөлгөн максаттарды аныктоо; - кеминде 3 жылга бул кызматтарды көрсөтүүдөн күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдук эсептери; - чыгымды актоонун потенциалдуу мөөнөтү; - рентабелдүүлүк; - долбоорду ишке ашыруу үчүн акча каражаттарынын булактары. 7. Эмитенттин виртуалдык активдерин сатып алуу менен байланышкан тобокелдиктер (эмитенттин виртуалдык активдеринин ээлери кабылуучу тобокелдик факторлоруна кеңири талдоо келтирилет). 8. Атаандаштык чечимдер жана долбоордун алардын алдындагы артыкчылыгы. 9. Команданы, анын ичинде долбоорду илгерилетүүгө түрткү болгон кесиптик көндүмдөргө ээ адамдарды сыпаттоо. 10. Иштеп чыгуу тарыхы, ЖМКда чагылдыруу. 11. Юридикалык маалыматтар: 11.1. Эмитент жөнүндө жалпы маалыматтар. Эмитенттин толук фирмалык аталышы/эмитенттин аты-жөнү. Эмитенттин кыскартылган аталышы (юридикалык жактар үчүн). Эмитенттин аталышындагы жана уюштуруу-укуктук формасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн). Эгерде эмитент болгон убакыттын ичинде анын фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы алмаштырылса, анын мурдагы бардык толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары, уюштуруу-укуктук формалары, ошондой эле алар өзгөртүлгөн дата (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүлөт. Эмитентти мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалыматтар (жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн). Каттоо номери жана мамлекеттик каттоо жөнүндө дата (эмитентти мамлекеттик каттоону ырастоочу башка документтин), ошондой эле аны мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдын аталышы (жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн). Эмитенттин жайгашкан жери, почта дареги жана байланыш телефондору. Эмитенттин чарбалык ишинин негизги түрү. 11.2. Эмитенттин кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн). Эмитенттин башкаруу органдарынын түзүмү жана компетенциялары жөнүндө маалыматтар. Эмитенттин башкаруу органдарынын курамына кирген адамдардын тизмеси, башкаруучу уюм жөнүндө маалымат, эмитенттин башкаруу органдарына кирген адамдардын, акциялардын/үлүштөрдүн ири пакеттеринин ээлеринин жана акциялардын/үлүштөрдүн уюштуруучуларынын/катышуучуларынын, контролдук пакеттеринин ээлеринин ортосундагы аффилирленген байланыштардын мүнөзү. Эмитенттин жана анын туунду жана көз каранды коомдорунун кызмат адамдарына таандык болгон акцияларынын/үлүштөрүнүн саны. 11.3. Эмитенттин уюштуруучулары же катышуучулары жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн). Акциялардын/үлүштөрдүн ири пакеттеринин ээлери жана акциялардын/үлүштөрдүн контролдук пакеттерине ээ болгон уюштуруучулар/катышуучулар жөнүндө маалыматтар. Кызмат адамдары, акциялардын/үлүштөрдүн при пакеттеринин ээлери алардын аффилирленген жактары кызыкдар болгон, акыркы аяктаган 3 финансылык жылда же эгерде эмитент оз ишин 3 жылдан аз жүргүзгөн болсо, ар бир аяктаган финансылык жылда, ошондой эле ак кагазды (white paper) түзгөн датага чейинки мезгилде эмитент түзгөн бүтүмдөр тууралуу маалыматтар. 12. Башка маалыматтар. Виртуалдык активдерди чыгаруунун жана (же) жүгүртүүнүн башка өзгөчөлүктөрү жана шарттары. Виртуалдык активдерди сатуучу негизги жерлер (жер).
Эмитент (жеке жактар үчүн): ___________________________________ ____________________________________________________________ ____________________________________________________________
Жетекчи (юридикалык жактар үчүн): ________________________________ _______________________________________________________________
Башкы бухгалтер (юридикалык жактар үчүн): __________________________ ________________________________________________________________
М.О. Жетекчи (күрөөнү башкаруучу үчүн): __________________________________ _________________________________________________________________
М.О. 20-жылдын "____" ___________________.". |
| 3-тиркеме |
|
Виртуалдык активдерди алмаштыруу
операторунун иши жана Виртуалдык
активдерди алмаштыруу операторлорунун
реестрин жүргүзүү жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25, 27, 30-беренелерине ылайык иштелип чыккан.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши лицензиялануучу болуп саналат жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестринде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорун мамлекеттик каттоонун тартиби ушул Жобо менен аныкталат.
2. Ушул Жобого карата колдонулуучу төмөндө келтирилген терминдер төмөнкүдөй маанилерде пайдаланылат:
бенефициардык менчик ээси - түпкүлүгүндө (менчиктин жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээ болгон же виртуалдык активдерди алмаштыруу операторун көзөмөлдөгөн жеке жак же болбосо анын атынан же кызыкчылыгында операция (бүтүм) жүргүзүлүп жаткан жеке жак (жеке жактар);
кардар - виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тейлөөгө кабыл алынган же тейленип жаткан же виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору менен ишкердик мамилелерди түзгөн же түзүп жаткан жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу;
идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
пайыздык скоринг - бул виртуалдык активдин же виртуалдык капчыктын тобокелдик деңгээлин сандык баалоо, ал анын жүрүм-турумун, операцияларын жана акчаны адалдоо же терроризмди каржылоо сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерде колдонуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу башка факторлорду талдоого негизделет;
ыйгарым укуктуу орган - виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3. Башка терминдер "Виртуалдык актив дер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилеринде пайдаланылат.
4. Ушул Жобонун максаттары үчүн юридикалык жактар үчүн каралган талаптар чет өлкөлүк укукка ылайык түзүлгөн жана юридикалык жактардын статусуна ээ болбогон уюмдарга да жайылтылат (юридикалык жактардын обочолонгон бөлүмдөрүнөн тышкары).
2. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун
акционерлерине/уюштуруучуларына/катышуучуларына,
бенефициардык ээлерине жана кызмат адамдарына карата
талаптар
5. Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, резиденттери/резидейт эместери виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары, бенефициардык ээлери жана кызмат адамдары боло алат.
Юридикалык жактын акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары, бенефициардык ээлери жана кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар ушул Жобонун 1, 2-тиркемелерине ылайык анкетада берилүүгө тийиш.
6. Төмөнкүлөр виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары, бенефициардык ээлери жана кызмат адамдары боло албайт:
- оффшордук зонада туруктуу жашаган жеке жактар жана (же) айда катталган юридикалык жактар - резидент эместер;
- оффшордук зонада жайгашкан банктарда эсептери бар юридикалык жана жеке жактар;
- юридикалык жактар, эгерде алардын акционеры (катышуучусу) оффшордук зонада туруктуу жашаган жеке жак болсо;
- саясий партиялар, профсоюздар жана диний уюмдар;
- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган санкциялык тизмеге киргизилген юридикалык жана жеке жактар;
- терроризмге жана экстремизмге, баңги жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын, ошондой эле чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынан жана эл аралык уюмдардан расмий каналдар боюнча алынган маалыматтардын негизинде аларга карата терс маалыматтар болгон юридикалык жана жеке жактар;
- соттуулугу жоюлбаган адамдар, анын ичинде башка мамлекеттерде;
- өздөрүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча соттун аткарылбаган чечими бар адамдар.
61. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамдары ыйгарым укуктуу орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
Талапкерлиги макулдашууга тийиштүү болгон виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамдары болуп төмөнкүлөр саналат:
- директорлор кеңешинин жетекчиси жана мүчөлөрү (бар болсо);
- аткаруу органынын жетекчиси (аткаруу органынын функцияларын жеке өзү жүзөгө ашыруучу адам) жана мүчөлөрү;
- башкы бухгалтер же жалгыз бухгалтер;
- ыйгарым укуктуу кызматкер же тобокелдиктер жана комплаенс боюнча директор.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамы дайындалган (шайланган) күндөн тартып 45 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө өзүнүн кызмат ордун макулдашуусуз ээлөөгө укуктуу.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин жана макулдашууга документтердин толук пакети берилбеген же макулдашуудан баш тартылган учурларда виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору бул адам менен эмгек келишимин бузууга, же эмгек келишими жок болгон учурда бул кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамынын милдеттерин ушул пунктта белгиленген мөөнөттөн ашык макулдашуусуз аткарууга (убактылуу жок болгонду алмаштырууга) тыюу салынат.
Кызмат адамын макулдашуу үчүн виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ыйгарым укуктуу органга ар бир талапкерди макулдашуу жөнүндө катты (өзүнчө) төмөнкү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен берүүгө тийиш:
- талапкерди шайлоо/дайындоо жөнүндө чечим;
- талапкердин өздүк күбөлүгү;
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкаттын түп нускасы;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча талапкердин анкетасынын түп нускасы.
Эгерде кызмат адамынын талапкерлигин макулдашуу үчүн документтер "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасында бар болсо, анда аларды ыйгарым укуктуу органга берүү талап кылынбайт.
Макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызмат адамдарынын курамы өзгөргөндө виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору жаңы кызмат адамы шайланган (дайындалган) күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүү берүүгө милдеттүү. Жаңы талапкерди макулдашуу жөнүндө кат шайланган (дайындалган) күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жогоруда саналып өткөн документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга берилет.
Анкетанын пункттарында камтылган маалыматтар өзгөргөндө макулдашуудан өткөн кызмат адамдары бул тууралуу өзгөртүүлөрдөн кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга (жазуу жүзүндө) кабарлоого милдеттүү.
Кызмат адамын макулдашууга документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого) макулдук берүү үчүн берилген документтер ушул Жобонун талаптарына ылайык документтердин толук пакети тапшырылган датадан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн төмөнкүдөй негиздер боюнча баш тартылат:
- кызмат адамдарынын "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келбеши;
- виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору эскертүүлөрдү четтетпесе же сын пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору документтерди кароонун ушул пунктунда белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берсе;
- ушул пунктта белгиленген мөөнөттүн ичинде өз кызмат ордун макулдашуусуз ээлей ала турган кызмат адамы ошол мөөнөт өткөндөн кийин документтерди берсе.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) берилген макулдук төмөнкүдөй негиздер боюнча чакырып алынат:
- макулдук берүүгө негиз болгон маалыматтардын анык эмес экендиги аныкталса;
- тиешелүү кызмат ордун ээлеген (акыркы 12 календардык айдын ичинде) кызмат адамына жана/же виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна ыйгарым укуктуу орган таасир этүү чараларын системалуу түрдө (акыркы 12 календардык айдын ичинде 3 (үч) жана андан көп жолу) колдонсо;
- соттуулугу жоюлбаса.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдук чакыртып алынган учурда, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору чакыртып алуу алынган күндөн тартып 14 (он төрт) календардык күндөн кечиктирбестен ошол адам менен эмгек келишимин бузууга милдеттүү. Эгерде эмгек келишими жок болсо, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору бул кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.
3. Кардарлар менен мамиле түзүү тартиби
7. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын резиденттери да, резидент эместери да боло турган кардарлар менен мамилелерди түзүүгө укуктуу.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кардарлар менен болгон мамилелери келишимдик негизде жана/же ачык оферта аркылуу түзүлөт.
Кардарлар менен болгон мамилелер ал аркылуу түзүлгөн келишимдерде жана/же ачык офертада виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ушул Жободо, "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган шарттарды эске алууга милдеттүү.
Кардардын ачык офертаны кабыл алуусу толук жана шартсыз болууга тийиш. Эгерде жарандык укук жаатындагы мыйзамдарда башка каралбаса же ачык офертада көрсөтүлбөсө, ачык офертаны алган кардардын анын акцепти үчүн белгиленген мөөнөттө айда көрсөтүлгөн келишимдин шарттарын аткаруу боюнча иш-аракеттерди жасоосу акцепт деп эсептелет.
71. Кардар менен мамиле түзүү үчүн виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кылмыштуу ишти каржылоого каршы күрөшүү жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык кардардын идентификациялык маалыматтарын идентификациялоону же аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону же аралыктан верификациялоону жүргүзүүгө милдеттүү.
Кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) (AML жана КҮТ) боюнча талаптарды сактоо максатында кардарлардын виртуалдык активдер менен транзакцияларын бардык текшерүүлөр милдеттүү тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган AML/KYT-кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн маалыматтык системасын (программалык камсыздоону) пайдалануу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Пайыздык скоринг ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
8. Эгерде виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору өзүнүн платформасында электрондук жеке кабинетти түзүү мүмкүндүгүн кардарларга берсе, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору бир эле ошол кардардын эки жана андан ашык электрондук жеке кабинеттерди түзүүсүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
9. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору төмөнкүлөр менен мамиле түзүүгө укуктуу эмес:
- 18 жашка чыга элек жеке жактар менен;
- Кыргыз Республикасынын резидент эместери менен, эгерде бул жарандары (букаралары) Кыргыз Республикасынын резидент эместери болуп саналган жана (же) алардын жашап туруу укугуна (же ушуга окшош документке) же турган жерине (уюштурулган, катталган) ылайык туруктуу жашаган жери болгон мамлекеттин мыйзамдарына каршы келсе;
- жеке жактар, жеке ишкерлер, юридикалык жактар, ошондой эле бенефициардык ээлери террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган санкциялык тизмекке киргизилген юридикалык жактар;
- эгерде бул виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун келишимдик милдеттенмелеринде же виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун локалдык актыларында каралган болсо, башка жактар тарабынан.
10. Кыргыз Республикасынын жарандары менен аларга виртуалдык активдерди акча каражаттарына же электрондук акчага сатуу же болбосо бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштыруу боюнча бүтүмдөрдү түзгөнгө чейин виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору алардын мындай бүтүмдөрдү жасоо үчүн жетиштүү билим деңгээлине (компетенттүүлүк) ээ экендигине ынанууга милдеттүү. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору мындай билим деңгээлине (компетенттүүлүгүнө) ээ эмес деп аныктаган Кыргыз Республикасынын жарандарына карата аталган бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жасоо үчүн билимдин (компетенттүүлүктүн) деңгээлин аныктоо виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына толтуруу (чечүү) үчүн сурамжылоону (тестти) берүү аркылуу жүргүзүлөт.
Сурамжылоо (тест) жана ага өзгөртүүлөр/толуктоолор ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу орган тиешелүү кабарлоону алгандан кийин алынган сурамжылоону (тестти) талдайт жана эскертүүлөр/сунуштар болгон учурда кабарлоо катталган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна сурамжылоону (тестти) иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардарга виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жүргүзүүдөгү тобокелдиктер жөнүндө маалымдоого тийиш.
11. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардарды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча документтердин, анын ичинде кардарды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо боюнча документтердин, кардардын тиешелүү анкеталарынын, келишимдин, ал эми кардар юридикалык жак болсо - уюштуруу документтеринин, каттоо жөнүндө күбөлүктүн, ошондой эле ушул Жобонун 10-пунктунда каралган билим деңгээлин (компетенттүүлүгүн) аныктоонун жүрүшүндө алынган документтердин мындай документтерди алган күндөн тартып кеминде 5 (беш) жыл сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
12. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору Кыргыз Республикасынын резидент эместери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары алар менен мамиле түзүү үчүн (анын ичинде финансылык абалга жана абройго талаптар) ылайык келүүгө тийиш болгон критерийлерди аныктоого укуктуу.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан белгиленген критерийлер кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
13. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кардарлар менен сүйлөшүүлөрдүн байланыш каражаттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу үн жазууну (видео жазууну) жүргүзүүгө (бул тууралуу кардарга милдеттүү түрдө алдын ала билдирүү менен);
- үн жазуунун (видеожазуунун) маалыматтарын жана кардарлар менен болгон бардык кат алышууларды мындай үн жазуулар (видеожазуулар) жана кат алышуулар жүзөгө ашырылган (пайда болгон) күндөн тартып кеминде 5 календардык жылдын ичинде сактоого;
- ар бир жумуш күн аяктагандан кийин кардарлар тарабынан жасалган бүтүмдөр (операциялар) жөнүндө бардык маалыматтардын резервдик көчүрмөсүн жасоого;
- ушул Жобого ылайык виртуалдык активдерди акча каражаттарына же электрондук акчага сатып алууга жана (же) сатууга, же болбосо бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштырууга кардарлардын өтүнмөлөрүнүн өз убагында аткарылышын камсыз кылууга (мындай өтүнмөлөрдү аткаруу мүмкүнчүлүгү болгон учурда);
- виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кызматкерлеринин жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча алар тарабынан виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишин жүзөгө ашырууга түздөн-түз тартылган адамдардын виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, анын локалдык ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону билүүсүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле ушул Жободо каралган башка талаптарды аткарууга.
4. Жарнамага жана кардарларды маалымдоого
коюлган талаптар
14. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо каралган виртуалдык активдердин жана өзүнүн ишинин жарнамасына коюлган (анын ичинде ал аркылуу виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү (операцияларды) жасоого түрткү берген) талаптарды сактоого жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга милдеттүү.
15. Ушул Жобо менен Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырылуучу (жайылтылуучу) (анын ичинде үчүнчү жактарды тартуу менен) виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун виртуалдык активдеринин жана ишинин жарнамасына коюлган төмөнкүдөй талаптар аныкталат:
- жарнама айкын, ак ниеттүү жана жаңылышууга алып келбегендей болууга тийиш;
- виртуалдык активдерди сатып алган адам туш болуучу тобокелдиктер жөнүндө эскертүүлөр жарнамага жайгаштырылууга тийиш, айда виртуалдык активдердин толом каражаты болуп саналбай тургандыгы, мамлекет тарабынан камсыз кылынбагандыгы жана виртуалдык активдерди сатып алуу акча каражаттарынын жана виртуалдык активдерге алмаштырууга берилген жарандык укуктардын башка объекттеринин толук жоголушуна алып келиши мүмкүн экендиги (анын ичинде виртуалдык активдердин наркынын абдан өзгөрүлмөлүүлүгүнүн, техникалык үзгүлтүктөрдүн (каталардын); укукка каршы иш-аракеттерди жасоонун, анын ичинде уурдап алуунун натыйжасында) көрсөтүлөт;
- жарнамада жарнаманы жайылтуучуга, ошондой эле мындай жарнаманын керектөөчүлөрүнө чейин жарнаманы түздөн-түз жеткирген жакка жана ошол жарнамада сүрөттөлгөн жакка төлөнүүчү сый акынын булагы жана түрү (же болбосо тиешелүү мамилелер акысыз мүнөздө болгон учурда сый акынын жоктугу белгиленүүгө тийиш);
- эгерде жарнамада мурдагы натыйжалар, болжолдонгон натыйжалар же болжолдонгон күтүлгөн натыйжалар жөнүндө маалымат камтылса, ал так болууга жана мындай маалыматтардын мааниси, бул окуялар болгон убакыт жана аларга негизделген тыянактардын ыктымалдуулук даражасы жарнама жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен эки жактуу эмес мааниде ачылууга тийиш;
- офертаны камтыган жарнаманын мазмуну келишимди түзүүгө карата сунушталган бардык шарттарды, ошондой эле ушул офертанын акцептине алып келе турган иш-аракеттердин сыпаттамасын кароого тийиш;
- салык жеңилдиктери жарнамада эскертилген учурда (мындай учурда) ошол жеңилдиктер деталдуу түрдө сыпатталууга тийиш.
16. Виртуалдык активдерди же виртуалдык активдердин өзүн пайдалануу менен байланышкан иштин келечектеги натыйжалуулугуна (кирешелүүлүгүнө) берилген убада же кепилдик жарнамада камтылбоого тийиш (жарнамада пайдаланылбоого тийиш).
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунда ишенимдүүлүгү аудитордук уюм тарабынан ырасталган акыркы аяктаган финансылык жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун тиешелүү маалыматтары болсо виртуалдык активдерди пайдаланууга же виртуалдык активдердин өзүнө байланышкан иштин натыйжалуулугу (кирешелүүлүгү) жөнүндө маалыматтарды жарнамада пайдаланууга жол берилет.
Жарнамада төмөнкүлөрдү пайдаланууга тыюу салынат:
- кооз предметтер, бонустар жана арзандатуулар жөнүндө маалыматтарды;
- баюунун жеңил ыкмасы катары виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо тууралуу маалыматтарды;
- виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо коомдук таанууга, кесиптик же жеке ийгиликтерге жетүү үчүн маанилүү мааниге ээ экендигин ырастоону;
- жашы жете элек адамдардын образдарын;
- виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоонун натыйжасында киреше алуу ыктымалдуулугун күчөтүп же виртуалдык активдерди төлөөгө же виртуалдык активдерге алмашууга берилген акчаларды жана жарандык укуктардын башка объекттерин толук жоготуу тобокелдигинин даражасын азайтып айтуулар;
- виртуалдык активдерди пайдалануу менен байланышкан коомдук мамилелерге катышпай коюуларды айыптап айтуулар.
17. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинен виртуалдык активдердин жарнамасынын текстине жазуу жүзүндөгү макулдугун алдын ала алууну камсыз кылууга милдеттүү.
18. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардарларга маалымат билдирүүнү камсыз кылууга милдеттүү, мында кардардын көңүлү акча же электрондук акча үчүн виртуалдык активдерди сатып алууга жана (же) сатууга же болбосо бир түрдөгү виртуалдык активдерди башка түрдөгү виртуалдык активдерге алмаштырууга кардарлардын өтүнмөлөрдү аткаруу мөөнөтүнө, ошондой эле виртуалдык активдерди алмашуу оператору тарабынан келишимди бир тараптуу тартипте өзгөртүү жана токтотуу тартибине бурулууга тийиш (эгерде мындай тартип келишимде каралган болсо).
Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору алар менен тиешелүү бүтүмдөр жасалганга чейин кардарга төмөнкү маалыматтарды жеткирүүгө милдеттүү:
- виртуалдык активдерди сатып алган адамдар туш болуучу тобокелдиктер жөнүндө, айда виртуалдык активдердин төлөм каражаты болуп саналбай тургандыгын, мамлекет тарабынан камсыз кылынбагандыгы жана виртуалдык активдерди сатып алуу акча каражаттарынын жана виртуалдык активдерге алмаштырууга берилген жарандык укуктардын (инвестициялардын) башка объекттеринин толук жоголушуна алый келиши мүмкүн экендигин (анын ичинде виртуалдык активдердин наркынын өзгөрүлмөлүүлүгүнүн, техникалык үзгүлтүктөрдүн (каталардын), укукка каршы иш-аракеттерди жасоонун, анын ичинде уурдоонун натыйжасында) көрсөтүү менен;
- виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору жасоого пландаган бүтүмдүн объекти болуп анын платформасына (эмиссия бөлүгүндө эмес) жайгаштырылган камсыз кылынган же камсыз кылынбаган виртуалдык активдер чыга тургандыгы жөнүндө.
19. Ар бир кардарга өзүнчө (аны менен кардардын таанышуу фактысын ырастоону виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун алуусу менен) жеткирилүүгө тийиш болгон маалыматтар кардар үчүн жеткиликтүү түрдө болууга тийиш (текст так жана жеңил кабыл алынууга, анын ичинде логикалык жактан түзүмдөлгөн түрдө жана анда кабыл алуу үчүн татаал сөз курамдарын пайдаланбастан, жеңил окула тургандай шрифттин өлчөмү менен берилүүгө тийиш).
Кардар менен мамилелерди түзгөнгө чейин виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жөнүндө жарнамалоодо мындай маалымат билдирилгендигине карабастан, ар түрдүү чечмеленишин жокко чыгаруучу текст аркылуу (түшүнүктүү аныктама берилүүгө тийиш) баяндоо керек.
Маалыматтар виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун тиешелүү сайтынын башкы баракчасына же ошол сайттын өзүнчө баракчасына, ошол сайтка кирүүчүлөрдүн көңүлүн бура тургандай чараларды көрүү менен жайгаштырылууга тийиш.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун виртуалдык активдердин конкреттүү түрлөрүн сатып алууга же ишке ашырууга кардарларга түрткү берүүчү консультацияларды кардарларга берүүгө укугу жок.
5. Виртуалдык активдерди алмаштыруу
операторунун виртуалдык активдер менен
бүтүмдөрдү жасоо тартиби
20. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдер менен төмөнкүдөй бүтүмдөрдү жасайт:
- виртуалдык активдерди улуттук валютага, чет элдик валютага, электрондук акчага, анын ичинде эл аралык электрондук акчага сатып алуу;
- виртуалдык активдерди улуттук валютага, чет элдик валютага, электрондук акчага, анын ичинде эл аралык электрондук акчага сатуу;
- виртуалдык активдердин бир түрүн виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштыруу.
21. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору өзүнүн атынан жана өз кызыкчылыгында адистештирилген платформаны (өзүн-өзү тейлөө режиминде иштеген маалыматтык системаларды жана (же) программалык-техникалык комплекстерди) пайдалануу менен виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасайт. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун адистештирилген платформасына карата операциялык талаптар ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо үчүн оферталар болуп саналган виртуалдык активдерди акча каражаттарына же электрондук акчага сатып алуу жана/же сатуу же болбосо виртуалдык активдердин бир түрүн виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштыруу үчүн өтүнмөлөрдү кардарлардан алат.
Өтүнмөлөрдүн мазмунуна коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш жана аларды кабыл алуунун, аткаруунун жана эсептердин шарттары так аныкталган виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ички документтери менен аныкталат. Аталган талаптарга жооп берген өтүнмөнү аткаруу мүмкүнчүлүгү болсо, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору аны кабыл алууга жана аткарууга милдеттүү.
Өтүнмөнү аткаруу виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан ал алынгандан кийин жана кардар тиешелүү өтүнмөнү жиберген күнү кардарга билдирилген баа боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ошол учур келген убакытты мүнөтүнө чейинки тактык менен белгилөөнү жана виртуалдык активди сатып алуу, сатуу жана/же алмаштыруу датасын, убактысын, курсун, бүтүмдүн суммасын жана көлөмүн белгилөөнү караган электрондук кабарлоону жана/же документти кардарга жөнөтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
22. Өз ишинде өзүн-өзү тейлөө режиминде иштеген программалык-техникалык комплекстердин адистештирилген платформасын пайдаланган учурда виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору алардын сакталышын, анын ичинде алар турган жерлерде видеобайкоонун болушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле ошол комплекстерди күнү-түнү кайтарууга багытталган Күзөт жөнүндө келишимди коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган же болбосо кайтаруу каражаттарын жана системаларын пайдалануу менен юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объекттерин (мүлктөрүн) кайтаруу боюнча күзөт кызматтарынын лицензияланган күзөт агенттиги менен түзүүгө милдеттүү.
23. Кардар менен виртуалдык активдердин бүтүмдөрүн жасагандан кийин виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору дароо кардарга электрондук билдирүүнү же башка ырастоочу документти жөнөтүүгө, ал эми өзүн-өзү тейлөө режиминде иштеген программалык-техникалык комплекс аркылуу виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасаган учурда, жасалган бүтүмдүн бардык шарттарын камтыган чекти берүүгө милдеттүү.
24. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн жана (же) жайгаштырылган виртуалдык активдер менен жашыруун бүтүмдөрдүн жасалышын болтурбай турган чараларды көрүүгө милдеттүү.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлоруна төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- эгерде мындай капчыктардын ээлери/кармоочулары идентификацияланбаса, купуялуулугу жогорулатылган (Private Wallets) виртуалдык активдердин капчыктарын иште колдонууга;
- иште уникалдуу мүнөздөмөлөргө ээ (NFT) токендерди колдонууга;
- чет өлкөлүк финансылык мекемелер тарабынан чыгарылган алдын ала төлөнгөн карталарды иште колдонууга;
- виртуалдык активдерди которууга жана онлайн казинонун жана виртуалдык казинонун ишине байланышкан виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө;
- пайыздык скорингдин натыйжасында аныкталган тобокелдиктердин жогорку деңгээли бар виртуалдык активдер, виртуалдык активдердин капчыктары менен операцияларды жүргүзүүгө.
Пайдаланууга тыюу салынган виртуалдык активдердин тизмеси ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана ыйгарым укуктуу органдын интернет-сайтына жарыяланат. Өзгөчө учурлар виртуалдык активдерди алмаштыруучу өзүнчө оператор тарабынан экинчисинин суроо-талабы боюнча жана мындай виртуалдык активдердин кармоочуларын идентификациялоонун деталдуу процессин жана мындай виртуалдык активдерге байланышкан операцияларды контролдоо/мониторинг жүргүзүү системасы сунушталган шартта жактырылышы мүмкүн.
25. Виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү аткаруу үчүн виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардардан өзүнүн учурдагы (алыш-бериш) банктык эсебине, өзүнүн электрондук капчыгына, өзүнүн виртуалдык капчыгынын дарегине (идентификаторго) акчаны, электрондук акчаны, виртуалдык активдерди алат жана кардарга виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөрдүн түрүнө жараша тосмо берүү катарында акчаны, электрондук акчаны же виртуалдык активдерди берет.
Виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу боюнча кызматтарды көрсөтүүдө виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлору накталай эмес төлөмдөрдү гана колдоно алат.
26. Виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөр боюнча аталган милдеттерди тараптардын аткаруу ырааттуулугу виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору менен кардардын ортосундагы тиешелүү келишимде (тиешелүү келишимдерде) аныкталат.
Акча каражаттарын, электрондук акчаны же виртуалдык активдерди (виртуалдык активдер менен жасалган бүтүмдөрдүн түрүнө жараша) виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна берүү милдетин кардар аткаргандан кийин гана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун кардарга акча каражаттарын, электрондук акчаны же виртуалдык активдерди берүү милдетин аткаруусун тараптар макулдашкан учурда, виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору кардардан алынган акча каражаттарынын, электрондук акчанын же виртуалдык активдердин дайындалышын идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн (башкача айтканда виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна кардар берген ошол акча каражаттарынын, электрондук акчанын же виртуалдык активдердин алкагында өтүнмөнү бир маанилүү аныктоо мүмкүнчүлүгүн) камсыз кылууга милдеттүү.
27. Кыргыз Республикасынын аймагында виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) листингине киргизилген, виртуалдык активдердин тооруктарынын чет элдик операторлорунда (криптобиржаларында) чыгарылган жана жүгүртүлүп жаткан чет элдик виртуалдык активдерди кошпогондо, виртуалдык активдердин чыгарылышы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын резиденттерине - жеке жана юридикалык жактарга виртуалдык активдерди алмаштыруунун лицензиясы жок операторлору аркылуу виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
6. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик
көрсөткүчтөрү
28. Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, арыз берген датадагы акча каражаттары түрүндө 400000 эсептик көрсөткүчтөн аз болбоого тийиш.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун уставдык капиталын түзүү үчүн кредитке, күрөөгө алынган каражаттарды жана башка тартылган каражаттарды пайдаланууга жол берилбейт.
29. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун жеке каражаттары ушул Жобонун жогоруда аталган пунктунда белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.
30. Виртуалдык активдердин кызматтарын берүүчүлөрдүн бир нече түрүн айкалыштырган шарттарда жүзөгө ашырууда уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү ага карата уставдык капиталдын эн, чоң минималдуу өлчөмү белгиленген иштин түрлөрүнө коюлган талаптарга ылайык аныкталат.
7. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун
ишин жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн берилүүчү
документтер
31. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору тарабынан жүзөгө ашырылуучу виртуалдык активдердин кызматтарын берүүчү катары иш жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн юридикалык жак ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик же расмий тилдерде бир нускада төмөнкү документтерди/маалыматтарды берет:
1) юридикалык жактын аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын, анын турган жерин (почта дарегин), электрондук почтасынын дарегин, банк мекемесинин аталышын жана банк мекемесиндеги депозиттик жана/же алыш-бериш эсебинин номерин көрсөтүү менен лицензия берүү жөнүндө арыз;
2) юридикалык жактын уюштуруу документтеринин (устав жана уюштуруу келишими (эгерде бирден ашык уюштуруучу болсо); юридикалык жакты түзүү жөнүндө, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, директорлор кеңешин (болсо) жана башкаруунун аткаруучу органдарын шайлоо жөнүндө чечимдердин) нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) юридикалык жактын катышуучулары/акционерлери/уюштуруучулары - жеке жактар жана бенефициардык ээлери боюнча документтер/маалыматтар (юридикалык жактын акыркы бенефициардык ээлерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү юридикалык жактын менчигинин түзүмүнүн схемалык чагылдырылышы; юридикалык жактын капиталындагы акциялардын/үлүштөрдүн беш жана андан ашык пайызынын ээлери жөнүндө, мындай адамдардын идентификациялык маалыматтарын, ар бир мындай катышуучу/акционер/уюштуруучу ээ болгон акциялардын/үлүштөрдүн санын жана пайызын камтыган маалыматтар; паспорттун көчүрмөсү (резидент үчүн - ID-паспорттун көчүрмөсү, резидент эмес үчүн - чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсү); Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган формада документтерди берүү датасына карата салыктарды төлөө боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү (резидент эмес - жеке жак келип чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушуга окшош документтерди берүүсү зарыл); соттолбогондугу жөнүндө маалымкат);
4) юридикалык жактын кызмат адамдарынын документтери (паспорттун көчүрмөсү (резидент үчүн ID-паспорттун көчүрмөсү, резидент эмес үчүн - чет мамлекеттин жаранынын паспортунун көчүрмөсү); Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган формада документтерди берүү датасына карата салыктарды төлөө боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү (резидент эмес - жеке жак келип чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушуга окшош документтерди берүүсү зарыл); соттолбогондугу жөнүндө маалымкат; билимин, алган дипломдорун, ал өткөн кесиптик даярдыктын тиешелүү курстарын, кесиптик тажрыйбасын көрсөтүү менен учурдагы өмүр баяны, анын ичинде атап айтканда, ал иштеген бардык уюмдардын аталыштары, ээлеген кызмат орундарынын мүнөзү жана узактыгы, ишкердик бедели);
5) ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча юридикалык жактын катышуучулары/акционерлери/уюштуруучулары, кызмат адамдары жана бенефициардык ээлери тарабынан толтурулган жана кол коюлган анкеталар же кийин түп нускасын берүү менен толтурулган анкеталардын сканерленген көчүрмөлөрү;
6) корпоративдик башкарууга жана менеджментке байланышкан, ички башкаруу саясатын; ички контролдоо саясатын; уюштуруу/функционалдык схемасын; тобокелдиктерди башкаруу саясатын; тобокелдиктердин жалпы матрицасын; ички саясаттын/жол-жоболордун реестрин; өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда иш-аракеттердин тартибин; окутуу боюнча колдонмону жана материалдарды; агенттер аркылуу өткөн акча каражаттарынын кыймылынын тартибин; террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга катышкан адамдардын эл аралык жана улуттук тизмектери боюнча кардарларды текшерүү боюнча жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымдамаларын башкаруу механизмдеринин деталдуу сыпаттамасын; виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун эрежелерин баяндаган юридикалык жактын ички документтеринин/саясатынын/жол-жоболорунун көчүрмөлөрү (документтер көктөлүүгө, номер коюлууга, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш);
7) оперативдүү иш-чаралардын программасын/планын;
8) виртуалдык активдер менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө кеминде максаттарды аныктоону, кеминде 3 (үч) жылга бул кызматтарды көрсөтүүдөн күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептөөлөрүн камтыган бизнес-планды (техникалык-экономикалык негиздеме);
9) юридикалык жак тарабынан көрсөтүлүүчү ар бир кызмат үчүн блок-схеманы (кардарларга/пайдалануучуларга конкреттүү кызмат көрсөтүүдө ишке ашырылуучу кадамдардын/процесстердин ырааттуулугун визуаллаштыруучу схема);
10) иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуучу саясатты жана планды;
11) виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр үчүн кардарлардан жана өзүлөрүнүн агенттеринен алынган акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн банкта эсеп ачууга, ошондой эле юридикалык жактын чарба иши үчүн өзүнчө эсеп ачууга келишимдин көчүрмөсүн;
12) ушул Жобого ылайык уставдык капитал катары акча каражаттарынын салынгандыгын ырастоочу документти;
13) акыркы отчеттук датага карата салык органдарына берилген, юридикалык жактын жетекчисинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн финансылык отчетту;
14) юридикалык жактын ресурстары жөнүндө маалыматтарды/документтерди (пландалган ишке бөлүнгөн кадрдык жана техникалык ресурстардын сыпаттамасы; иштин ар бир түрү боюнча кадрдык жана техникалык болжол; серверлерде жайгаштырылган платформаны орнотуу жана өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүү актысы, алардын бири (негизги сервер) Кыргыз Республикасынын аймагында, экинчиси (резервдик сервер) мамлекеттик программалык камсыздоону коргоо жана кибер чабуулдан коргоо максатында - чет мамлекеттин аймагында;
15) юридикалык жактын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тутуму боюнча документтерин/маалыматтарын (кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча колдонмо; кардарларды талаптагыдай текшерүү, идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболору; кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарларды кабыл алуу саясаты; кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында кардарларга жана транзакцияларга мониторинг жүргүзүү жол-жоболору; кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында окутуу боюнча колдонмо; кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында кызмат көрсөтүүчүлөр менен макулдашуу; кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиктеринин матрицасы; кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен байланышкан тобокелдиктерди баалоо үчүн аспаптардын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү; аспаптарда ишке ашырылган кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү сценарийлери; кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө эскертүүлөрдүн көлөмү жана тобокелдиктердин деңгээли боюнча классификацияланган кардарлардын саны;
16) юридикалык жактын киберкоопсуздук жана маалыматтык технологиялар саясаты боюнча документтерин (маалыматтык коопсуздукту (киберкоопсуздукту) камсыз кылуунун тартибин жөнгө салуучу жол-жоболор, - коопсуздук уюмунун сыпаттамасы; маалыматтарды (ички жана тышкы) иштеп чыгуу саясаты; киберкоопсуздук саясаты; кибер тобокелдиктерди баалоо жана каттоо жол-жоболору; криптокапчыктардын ачкычтарын башкаруу жол-жоболору; кардарлардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу тартиби);
17) юридикалык жактын кардарларынын документтери боюнча маалыматтарды/документтерди (жалпы жоболор жана шарттар; доо иштерин жүргүзүүнүн тартиби; кардарлардын/инвесторлордун укуктарын коргоо саясаты; кардарлар үчүн баа саясаты; кардарларга акча каражаттарын кайтаруунун тартиби);
18) юридикалык жактын атынан ишеним кат боюнча өкүл иш алып барган учурда уюштуруу документтерине ылайык жетекчи же башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган, мөөрү басылган, лицензия алуу үчүн өкүлгө берилген ишеним кат;
19) юридикалык жактын ишкердик аброю жөнүндө маалыматтар;
20) лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
21) ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган AML/KYT-кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү.
Бардык документтерге жетекчинин колу коюлууга тийиш, ал эми электрондук документ түрүндө берилсе, санариптик кол тамга менен ырасталат.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлору лицензия алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга берилген маалыматтардын аныктыгы, ошондой эле маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга өз убагында кабарлоо үчүн Кыргыз Республикасынын административдик укук жаатындагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
8. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун
реестри
32. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестри ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт жана электрондук маалыматтар базасы болуп саналат, ага ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун ишин жонго салуу жана көзөмөлдөө функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар киргизилет.
33. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестри ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш, "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар ды кошпогондо, айда камтылган маалыматтар менен кызыкдар болгон жактардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.
34. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестри төмөнкүдөй негизги маалыматтарды камтууга тийиш:
юридикалык жактын - лицензиаттын аталышын, анын уюштуруу-укуктук формасын, турган жерин (почта дарегин), электрондук почтасынын дарегин, телефонун, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, анын башкаруу органдары жөнүндө маалыматтарды, байланыш маалыматтарын, веб-сайтынын маалыматтарын;
уюштуруучулардын уставдык капиталдагы үлүштөрү жөнүндө маалыматтарды;
лицензия берилген датаны жана номерин;
лицензиянын бланкынын сериясын жана номерин;
лицензияларды колдонууну кайра тариздөөнүн, убактылуу токтотуунун жана кайра жандандыруунун негиздерин жана датасын;
лицензияларды колдонууну токтотуунун негиздерин жана датасын;
лицензияларды жокко чыгаруунун негиздерин жана датасын;
дубликатты берүүнүн негизин жана датасын.
35. Лицензиялардын реестринде камтылган маалыматтар ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтында жайгаштырылат жана таанышуу үчүн ачык болуп саналат.
351. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлору лицензияны кайра каттоо үчүн негиз болуп саналбаган, лицензия берүүгө арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлоого милдеттүү. Кабарлама өзгөртүүлөр келип чыккандан кийин 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен бул өзгөртүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускаларын берүү менен) менен бирге жазуу жүзүндө берилет. Ыйгарым укуктуу орган кабарлама келип түшкөн датадан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
9. Эсепке алуу жана отчеттуулук
36. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору оперативдүү отчеттуулукту ай сайын ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү. Отчеттуулуктун формасы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
37. Виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору ФОЭСке ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулукту квартал сайын, отчеттук мезгил аяктаган датадан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
Финансылык отчеттуулуктун толук топтомуна төмөнкүлөр кирет:
(а) мезгил бүткөн датага карата финансылык абалы жөнүндө отчет;
(b) мезгил үчүн кирешелер, чыгашалар жана башка жалпы финансылык натыйжанын компоненттери жөнүндө отчет;
(с) мезгил үчүн өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;
(d) мезгил үчүн акча агымдары жөнүндө отчет;
(е) эсептик саясаттын негизги жоболорунан жана башка түшүндүрмө маалыматтан турган эскертүүлөр.
38. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жаатындагы мыйзамдарына жана аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагында Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген аудитордук уюм гана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун тышкы аудитору боло алат.
Финансылык жылдын аягында виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кеч эмес мөөнөттө виртуалдык активдерди алмаштыруу операторуна тышкы аудитти жүргүзүүнү камсыз кылууга;
- ыйгарым укуктуу органга жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз беш күндөн кеч эмес мөөнөттө финансылык отчеттуулук менен бирге аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун жетекчилигине аудитордун катын берүүгө.
| Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма Арыз ээсинин акционеринин/уюштуруучусунун/катышуучусунун анкетасы(1) (юридикалык жак тарабынан толтурулат) 1. Юридикалык жактын аталышы _________________________________ (юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы көрсөтүлөт)
(бул таблица жеке жак тарабынан толтурулат) | |||
1 | Аты-жөнү |
|
|
2 | Эгерде фамилиясын алмаштырган болсо: (мурдагы фамилиясы) | Качан: | Кандай себеп менен: |
3 | Туулган датасы: | Туулган жери: | |
4 | Паспорту | Сериясы: | Номери: |
|
| Ким тарабынан берилген: | Берилген датасы: |
5 | Жарандыгы: ______________________________________ | ||
6 | Үй-бүлөлүк абалы: | Иш жүзүндө жашаган жери: моб. тел.: __________________ | |
7 | Негизги иштеген жери: | Ээлеген кызмат орду: | |
| 2. Юридикалык дареги _______________________________________ 3. Түзүлгөн датасы __________________________________________ 4. ИСН ___________________________________________________ 5. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган датасы __________ (мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн №) 6. Алыш-бериш жана башка эсептер ачылган Кыргыз Республикасынын банктарынын аталышы жана жайгашкан жери: _____________________________________________________________ (1) Бул анкета ага карата колдонулуучу бөлүгүндө жеке жак тарабынан толтурулат. | ||
| Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун, бенефициардык ээсинин жана кызмат адамынын анкетасы (жеке адам тарабынан толтурулат)
| |||
1 | Ф.А.А. | ||
2 | Эгер фамилиясы алмашса: (мурдагы фамилиясы) | Качан: | Кандай себептер боюнча: |
3 | Туулган датасы: | Туулган жери: | |
4 | Паспорт | Сериясы: | Номери: |
| Ким тарабынан берилди: | Берген датасы: |
|
5 | Жарандыгы: | ||
6 | Иш жүзүндө жашаган жери: моб. тел.: | ||
7 | Негизги иштеген жери: | Ээлеген кызмат орду: | |
| 8. Алыш-бериш жана башка эсептер ачылган банктардын аталышы жана жайгашкан жери: _______________________ 9. ИЖН: _________________________________________ 10. Акыркы 3 жылдын ичинде сизге кылмыш (финансылык/экономикалык жана кылмыш-жаза) айып тагылгандыгын, анын ичинде ишти токтотуу же алып салуу учурларын көрсөтүңүз (ооба/жок) _______________________ 11. Өзүңүздүн финансылык милдеттенмелериңизди төлөө боюнча аткарылбаган соттун чечими болгондо, аларды санаңыз: ___________________________________________________ 12. Мен, ____________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) анкетада жогоруда берилген маалыматтар так жана толук болуп эсептелерин жана анкетада көрсөтүлгөн маселелер боюнча менин билимиме жана маалыматыма ылайык берилгендигин ырастайм.
_________________________ колу "____" _______________________ -ж. Эскертүү: - анкетанын ар бир барагына кол коюу зарыл; - анкетадагы оңдоолор "оңдолгону анык" деген сөздөр жана өз колу менен күбөлөндүрүлөт. | ||
| Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун, бенефициардык ээсинин анкетасы (юридикалык жак тарабынан толтурулат)
1. Юридикалык жактын аталышы ________________________ (юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышын көрсөтүү) 2. Юридикалык дареги ________________________________ 3. Түзүлгөн датасы ___________________________________ 4. ИСН _____________________________________________ 5. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган датасы _________________________________ (мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн №) 6. Алыш-бериш жана башка эсептер ачылган банктардын аталышы жана жайгашкан жери: 7. Юридикалык жактын оффшордук зонада туруктуу жашаган акционерлери (катышуучулары) - жеке жактар болсо көрсөтүңүз: 8. Юридикалык жак финансылык иш боюнча кимдир бирөө менен соттук талаш-тартыштарга катышканбы, эгерде катышса – акыркы үч жылдагы соттук талаш-тартыштын деталдары (доочу, жоопкер, талаш-тартыштын предмети, соттук иш кайсы соттук инстанцияда каралууда, ишти кароо кайсы этапта турат) жөнүндө толук көрсөтүңүз ________ 9. Өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча соттун аткарылбаган чечими болсо аларды санаңыз: ____________________________ Юридикалык жактын жетекчисинин колу Мөөрү ". |
| 4-тиркеме |
| "Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн сертификаттарды каттоо жана берүү тартибине |
АРЫЗ
Коллективдүү майнинг бирдиктүү мамлекеттик системасына каттоо жөнүндө ________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы) ____________________________________________________ (толук аталышы/аты-жөнү, юридикалык дареги/жашаган жери, иш жүзүндөгү дареги, мобилдик/стационардык телефон номери) Кыргыз Республикасынын коллективдүү майнинг бирдиктүү мамлекеттик системасына каттоону өтүнөм. Майнинг ишин жүргүзүү үчүн сертификат жөнүндө маалыматтар: Номери: ________________________________________ Берилген датасы: _______________________________ Майнинг жабдуусунун техникалык мүнөздөмөлөрү: Модели: ________________________________________ Саны: _________________________________________ Хешрейт (TH/s): __________________________________ Энергияны керектөөсү (кВт): ________________________ Энергияны керектөөнүн пландалган көлөмү (айына кВт.с): ____ Бул арызды толтуруу менен мен, арыз ээси Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары менен таанышкандыгымды ырастайм жана Коллективдүү майнинг бирдиктүү мамлекеттик системасында каттоо үчүн талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди тиркейм, атап айтканда: 1. Майнинг жабдуусуна менчик укугун же мындай жабдуунун ижара келишимин ырастаган документтерди: _________б. 2. Башка документтерди: ___________б.
Арыз ээсинин колу жана мөөрү 20-___ж. "____" ______.". |