Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 159 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу Кодексине, "Билим берүү жөнүндө", "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" токтому менен бекитилген Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелери жөнүндө типтүү жобого ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайларынын окуу, тарбия, методикалык иштерин жана өндүрүштүк ишин уюштуруунун тартибин аныктайт.
Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар (мындан ары - кесиптик окуу жайлар) өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу Кодексинин, "Билим берүү жөнүндө", "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде ишке ашырат.
2. Кесиптик окуу жайлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт, кайра түзүлөт жана жоюлат. Кесиптик окуу жайлардын уюштуруучусу билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кесиптик окуу жайлары өз ишин ыйгарым укуктуу органдын баштапкы кесиптик билим берүүнүн белгилүү бир кесиптери боюнча даярдоо укугун аккредитациялоо жөнүндөгү чечиминин негизинде ишке ашырышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кесиптик окуу жайлары ыйгарым укуктуу органга караштуу мамлекеттик окуу жайлар болуп эсептелинет.
5. Кесиптик окуу жайлары өз алдынча юридикалык жактар болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү тартылган жана мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөргө, өз алдынча баланска, жүгүртүү каражаттарына ээ болот. Алар өндүрүштүк иш жүргүзүүгө жана түшкөн кирешелерди өзүнүн окуу-өндүрүштүк базасын өнүктүрүүгө жумшаганга укуктуу.
6. Кесиптик окуу жайлардын иши, функциялары башка уюмдар, мекемелер жана ишканалар менен өз ара мамилелери, финансылык-чарбалык ишинин өзгөчөлүктөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген Устав менен аныкталат.
Кесиптик окуу жайлардын негизги милдеттери
7. Кесиптик окуу жайлардын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- эмгек базарынын талаптарын эске алуу менен түзөтүү мекемелеринде кармалып турган соттолгондорду (мындан ары - окуучулар) кесиптик даярдоо жана өндүрүштүк квалификациясын жогорулатуу;
- баштапкы кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын ишке ашыруу;
- тигил же бул кесипке даярдоо боюнча талаптарга ылайык кесиптик окутууну уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
- кесиптик багыт берүүгө (кайра багыттоого) катышуу, коомдук пайдалуу эмгекке аң-сезимдүү мамилени тарбиялоо.
Кесиптик окуу жайларын уюштуруу
8. Кесиптик окуу жайлары, эреже катары, ал мекемелердин өндүрүштүк тармактары боюнча бир, ал эми филиалдары менен жазык аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде 150 кем эмес окуучу болгондо администрациялык-аймактык түзүлүштүн чегинде уюшулат жана адистештирилет.
9. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелери кесиптик окуу жайларына окуу-өндүрүштүк устаканалары, окуу кабинеттери, класстары, лабораториялары үчүн зарыл болгон жайларды берет жана аларды өз каражаттарынын эсебинен окуу-өндүрүштүк жабдуулар, аспаптар, жабдыктар, кеңсе товарлары жана чарба шаймандары менен камсыз кылат.
10. Жайларды күтүү, ошондой эле бардык чарбалык-өндүрүштүк тейлөө, ремонттоо Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин каражаттары жана күчү менен жүргүзүлөт.
11. Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин жана кесиптик окуу жайлардын администрациялары кесиптик окуу жайларынын материалдык-техникалык базасын сактоону бирге камсыз кылышат.
Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин жана кесиптик окуу жайлардын администрацияларынын өз ара мамилелери
12. Кесиптик окуу жайлар квалификациялуу жумушчу кадрларын даярдоо боюнча окуу-тарбия иштерин түзөтүү мекемелеринин администрациялары менен бирдикте жүргүзөт.
13. Түзөтүү мекемелеринин жана кесиптик окуу жайлардын администрациялары квалификациялуу жумушчу кадрларын даярдоону соттолгондорго кесиптик билим берүү жөнүндөгү келишимдин негизинде жүргүзүшөт (1-тиркеме).
14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен баштапкы кесиптик билим берүүнүн кесиптеринин жана адистиктеринин тизмесине ылайык түзөтүү мекемелеринин жана кесиптик окуу жайларынын администрациялары кесиптер (адистиктер) боюнча турган түзөтүү мекемелеринде жана эмгек базарында керектүү болгон кесиптердин (адистиктердин) тизмесин биргелешип аныкташат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
15. Кесиптик окуу жайлары уюштурулган түзөтүү мекемелеринин администрациялары окуу процессин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт.
16. Кесиптик окуу жайларда, окуучуларды жаңы кесиптерге жана адистиктерге окутуу менен катар, аларды кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу да жүргүзүлөт.
17. Кесиптик окуу жайлары түзөтүү мекемелерине соттолгондорду массалык кесиптерге окутууну түздөн-түз өндүрүштө уюштурууда зарыл болгон методикалык жардамдарды көрсөтүшөт.
18. Административдик-окутуучу курам жана кесиптик окуу жайларынын өндүрүштүк окутуунун устаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелеринде белгиленген режимдик талаптарды сактоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
19. Ыйгарым укуктуу орган жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын борбордук аппараты түзөтүү мекемелердин алдындагы кесиптик окуу жайларына аларды бардык зарыл болгон станоктук жабдуулар, аспаптар жана материалдар менен түзөтүү мекемелеринин каражаттарынын, республикалык бюджеттин, демөөрчүлүк каражаттарды тартуунун, инвестициялардын жана жумуш берүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу боюнча ар тараптуу жардам беришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
Кесиптик окуу жайларынын окуу жана тарбия иштерин уюштуруу
20. Кесиптик окуу жайларында окуучуларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Баштапкы кесиптик билим берүүнүн кесиптеринин жана адистиктеринин тизмесине ылайык кесиптер (адистиктер) боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
21. Кесиптик окуу жайларында окуучуларды окутуу өндүрүштөн ажыратылбастан ар бир кесип үчүн бирдиктүү окуу пландары жана программалары боюнча жүргүзүлөт.
22. Кесиптик окуу жайлары окутуучулар жана өндүрүштүк окутуунун устаттары катары иштөө үчүн инженердик-педагогикалык кадрлар жана жогорку квалификациялуу жумушчулар менен толукталат.
23. Окуучулар үчүн кесиптик даярдыктын негизи болуп окуучулар тарабынан окуу устаканаларында, лабораторияларында түздөн-түз өндүрүштүк окуунун устаттарынын жетекчилиги менен жүргүзүлүүчү окуу-өндүрүштүк иштерин аткаруу процесстеринде ишке ашырылуучу өндүрүштүк окуу эсептелинет.
Өндүрүштүк окутууну уюштуруунун конкреттүү формасы кесиптик окуу жайы менен түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан өндүрүштүн шарттарына жана окутулуп жаткандардын кесибинин мүнөзүнө жараша аныкталат.
24. Кесиптик окуу жайларында теориялык окутуу практика менен тыгыз бирдикте жүргүзүлүп, кесипти терең, ар тараптуу жана аң сезимдүү өздөштүрүүгө зарыл болгон атайын технологиялык, жалпы техникалык предметтерди жана экономикалык билимдердин негиздерин окуп-үйрөнүүнү камтыйт.
25. Кесиптик окуу жайларында окутуунун мөөнөтү 5 айдан 10 айга чейин белгиленет.
26. Өндүрүштүк жана теориялык окуудан өтүү үчүн окуучулар кесиптери боюнча саны 20-25 адамдан турган окуу топторуна бириктирилет. Айрым окуу топтору материалдык-техникалык базанын болушуна жана абалына жараша 12-15 сандагы адамдардан түзүлөт. Окуу топтору жаш курагы чектелбестен салыштырмалуу билим деңгээлдери бирдей адамдардан топтолот.
Колония-поселениелердеги кесиптик окуу жайларынын бөлүмдөрүндө, тарбиялоо колонияларында 5 ай окуу мөөнөтү белгиленет жана топтордун толукталуусу 12-15 адамды түзөт.
Тарбиялоо мекемелериндеги кесиптик окуу жайларынын бөлүмдөрүнө окуучуларды кабыл алуу окуунун бардык мезгилинде жүргүзүлөт. Өндүрүштүк окутуу боюнча окуу топторунун окуучуларынын саны 12-15, бирок 6дан кем эмес адамды түзөт. Мындай ар бир топко өндүрүштүк окутуу устаты дайындалат.
27. Окуучулардын жумалык окуу түйшүгү окуу пландары менен 20 саат теоретикалык жана өндүрүштүк сабактардын чектеринде аныкталат. Теориялык окутуу боюнча сабактын узактыгы 45 мүнөттөн белгиленет.
28. Окутуунун негизги тилдери болуп кесиптик окуу жайларында мамлекеттик жана расмий тил эсептелинет, ошол эле учурда тиешелүү адистер болсо окутуу башка бардык тилде жүргүзүлүшү мүмкүн.
29. Кесиптик окуу жайларынын окуучуларынын билим өздөштүрүүсү сандык беш балл системасында бааланат. Билимдерди жана көндүмдөрдү текшерүү күндөлүк, мезгилдүү жана жыйынтык эсепке алуунун ар кандай формаларынын жардамы менен ишке ашырылат.
30. Кесиптик окуу жайларында окутуу квалификациялык бүтүрүү экзамендери менен аяктап, аны жүргүзүү үчүн курамына ыйгарым укуктуу органдын (төрага), жазык-аткаруу системасынын борбордук органынын, бирдей профилдүү окуу жайларынын өкүлдөрү, окутуучулар, өндүрүштүк окуунун устаттары, ошондой эле жумуш берүүчүлөр кирген квалификациялык комиссиялар түзүлөт.
Кесиптик окуу жайынын директору комиссиянын курамын бекитет, анын төрагасын, орун басарын жана катчысын дайындайт.
31. Квалификациялык комиссиянын ишинин жана экзамендерди өткөрүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген нускамалар менен аныкталат.
Кесиптик окуу жайларынын администрацияларына ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча окуу жайынан окуучуларды жаза аткаруудан бошотуу учурунда алардын квалификациясынын иш жүзүндөгү жетишкен деңгээли боюнча аларды мөөнөтүнөн мурда бүтүртүүгө укук берилет.
32. Кесиптик окуу жайларын бүтүргөн жана квалификациялык экзамендерди тапшырган окуучуларга өндүрүштүк квалификация берилет жана бардык кесиптик окуу жайлары үчүн белгиленген үлгүдөгү сертификат тапшырылат.
Бүтүрүү квалификациялык экзамендерге киргизилбеген же аларды тапшыра албай калган окуучуларга белгиленген үлгүдөгү маалымкат берилет. Бүтүрүү квалификациялык экзамендерди кайталап тапшырууга 6 айдан кийин гана уруксат берилет.
Кесиптик окуу жайын бүткөндүгү тууралуу окуучулардын документтери түзөтүү мекемелеринин атайын бөлүктөрүнө берилип, алар бул документтерди соттолгондордун өздүк көктөмөлөрүндө сакталат жана эркиндигинен ажыратылган жерлерден бошотулганда тил кат алуу менен колдоруна берилет.
33. Окуу процессинин эффективдүүлүгүн, окуучулардын сабактарга катышуусун жакшыртуу максатында түзөтүү мекемелеринин администрациялары тарабынан окуучулар мөөнөттөн ашык ишти аткарууга тартылышы жана окуу жылынын ичинде башка түзөтүү мекемесине оперативдик же медициналык себептерден тышкары которуу жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.
Эгерде башка түзөтүү мекемесине которгон учурда же мөөнөтүнөн мурда бошотулганда, соттолгон адам кеткен түзөтүү мекемесинин администрациясы бүтүрүү жөнүндөгү документти бара турган жериндеги кесиптик окуу жайына жөнөтөт.
Эгерде окуучу ошондой кесиптик окуу жайлары бар башка түзөтүү мекемелерине которулган учурда, ал кетип жаткан кесиптик окуу жайынын администрациясы көрсөтүлгөн кесип боюнча окууну бүтүрүүсү үчүн аларды которууну жүргүзөт.
34. Жакшы мүнөздөмөлөргө ээ болгон жана мыкты окуган окуучуларга кесиптик окуу жайларында башка кесипке кайрадан окууга уруксат берилет.
Түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайларында окуган окуучулар үчүн жашы боюнча чектөөлөр каралбайт.
35. Түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлары алардын ишин өнүктүрүүгө багытталган эл аралык долбоорлорго катышат.
Кесиптик окуу жайларынын окуучулары
36. Кесиптик окуу жайларынын администрациясы түзөтүү мекемелеринин администрациясы менен бирдикте кесиптери боюнча окуу топторун комплектөөнү жүргүзөт.
Кесиптик окуу жайга окуучуларды каттоо кесиптик окуу жайдын директорунун буйругу менен түзөтүү мекемесинин жетекчилиги менен макулдашылган соттолгондордун жеке арызынын негизинде жүргүзүлөт.
Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, пенсиялык куракка жеткен эркектер жана аялдар өздөрүнүн каалоосу боюнча тиешелүү кесиптик даярдыктан өтүшү мүмкүн.
37. Кесиптик окуу жайга кирип жаткан адамдар саламаттыгынын абалы боюнча тандап алган кесибине иштөөгө боло тургандыгын аныктоо үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек.
38. Кесиптик окуу жайынын окуучулары сабактарга тыкан катышууга, үйрөнүп жаткан адистиги боюнча билимдерге жана өндүрүштүк көндүмдөргө тырышчаактык менен ээ болууга, тартиптүү болууга, жүрүш-туруштун эрежелерин жана коопсуздук техникасын тыкан сактоого, окуу жайынын администрациясынын, устаттарынын жана окутуучуларынын талаптарын аткарууга, ишканада активдүү өндүрүшчүлөрдөн болууга милдеттүү.
39. Түзөтүү мекемелеринин администрациялары кесиптик окуу жайларынын окуучуларынын жетишүүлөрү жана катышуусу боюнча түрткү берүүчү чараларды көрөт. Алардын оңолуп түзөтүү даражасын аныктоодо, ошондой эле кармап туруу режимин өзгөртүүдө соттолгондордун кесиптик билим алууга жана кесиптик даярдыкка болгон мамилеси эске алынат.
40. Кесиптик окуу жайдын администрациясы түзөтүү мекемесинин администрациясынын алдында мыкты окуучуларды сыйлоону жана кесиптик окуу жайдын тартибин жана ички тартип эрежелерин бузган адамдарга жазалоо чараларын көрүү боюнча өтүнүчтөрүн билдирүүгө укуктуу.
41. Сабактарды себепсиз дайыма калтырган, адистикти алуудан качкан жана ошондой эле окуу жайдын ички тартибинин эрежелерин бузган окуучулар аларга карата бардык коомдук жана дисциплинардык чаралар колдонгондон кийин түзөтүү мекемесинин администрациясы менен макулдаштыкта кесиптик окуу жайынан чыгарылат.
Системалык түрдө окууда жетишпеген окуучулар да кесиптик окуу жайдан чыгарылышы мүмкүн.
Кесиптик окуу жайдын жетекчилиги жана педагогикалык кызматкерлер
42. Директор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Кесиптик окуу жайынын директору окуучуларды даярдоонун жана кайра даярдоонун сапаты, материалдык-техникалык базанын сакталуусу жана толукталуусу, мамлекеттик каражаттардын максаттуу жумшалышы, инженердик-педагогикалык коллективдин ишмердиги үчүн ыңгайлуу шарттардын түзүлүшү үчүн жооп берет, инженердик-педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын 5 жылда бир жолудан кем эмес көтөрүүнү камсыз кылат.
44. Кесиптик окуу жайынын башкы бухгалтери ыйгарым укуктуу органдын директору тарабынан дайындалат.
45. Түзөтүү мекемесинин алдындагы кесиптик окуу жайдын директорунун окуу-өндүрүштүк иштери боюнча орун басары кесиптик окуу жайынын директору тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Кесиптик окуу жайынын директорунун окуу-өндүрүштүк иштер боюнча орун басары окуу пландарынын жана программаларынын аткарылышына жооп берет, окуу, өндүрүштүк, методикалык, класстан тышкаркы тарбия иштерин уюштурат, педагогикалык персоналды жетектейт.
46. Улук устаттар кесиптик окуу жайынын директору тарабынан жогорку же атайын орто билими бар, жогорку өндүрүштүк квалификацияга жана кесиптик-техникалык окутуу боюнча иште 3 жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болгон адамдардын ичинен дайындалат.
Улук устат окуучулардын окуусун уюштуруу жана сапаттуу өндүрүштүк окутуу, белгиленген өндүрүштүк пландардын, тапшырыктардын аткарылышы, коопсуздук жана эмгекти коргоо эрежелеринин сакталышы үчүн жооп берет, өндүрүштүк окутуунун устаттарынын жана окуу жайынын башка өндүрүштүк кызматкерлеринин ишин жетектейт.
Кесиптик окуу жайынын штаттарында улук устаттын кызматы болбогон учурда, анын милдеттерин кесиптик окуу жайынын директорунун орун басары аткарат.
47. Түзөтүү мекемесинин алдындагы кесиптик окуу жайынын бөлүмүнүн ишине кесиптик окуу жайынын директору тарабынан дайындалып жана бошотула турган башчы жетекчилик кылат.
Кесиптик окуу жайларынын бөлүмдөрүнүн башчысына жогорку же атайын орто билими бар, жогорку өндүрүштүк квалификацияга ээ болгон жана кесиптик-техникалык окутуу боюнча 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар дайындалышат.
48. Өндүрүштүк окуунун устаттары болуп жогорку жана атайын орто билими, жогорку өндүрүштүк квалификациясы жана ушул кесипте 3 жылдан кем эмес иштеген стажысы бар адамдар кесиптик окуу жайынын директору тарабынан дайындалат. Зарыл болгон учурда устаттын кызмат ордуна баштапкы кесиптик билими бар адамдар дайындалышы мүмкүн.
Өндүрүштүк окутуу устаты өндүрүштүк окуунун программасын аткаруу, жумушчу орундарда тартиптин жана дисциплинанын сакталышы, коопсуздук техникасынын талаптарынын жана окутуу сапатынын талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү болот, окуучуларды жумушчу орундарга эффективдүү жайгаштырууну уюштурат, жумуштарды эң сарамжалдуу ыкмалар менен аткаруунун, технологиялык процесстерди жүргүзүүнүн жана эмгекти уюштуруунун алдыңкы ыкмаларына түздөн-түз үйрөтөт.
49. Кесиптик окуу жайынын окутуучулары кесиптик окуу жайынын директору тарабынан тиешелүү адистиктер боюнча жогорку же атайын орто билимдүү жана окутуучулук тажрыйбасы бар адамдар дайындалышат.
Кесиптик окуу жайынын окутуучусу окуучулардын окуу пландарына жана программага ылайык теориялык даярдыгынын сапатына жооп берет, окуучуларды окутуунун эң сарамжалдуу жана эффективдүү ыкмаларын колдонушат, алардын арасында тартипти жана дисциплинаны сактоого жооп берет жана класстан тышкаркы тарбия иштерин өткөрүүгө катышат.
491. Кесиптик окуу жайдын жетекчилери жана педагогикалык кызматкерлери аттестациядан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте өтүшөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
Кесиптик окуу жайынын педагогикалык кеңеши жана методикалык иш
50. Кесиптик окуу жайында окуу-тарбия процессине коллегиялдуу педагогикалык жетекчиликти жүргүзүү үчүн окуу-өндүрүштүк жана тарбиялык ишти уюштуруунун негизги маселелерин карай турган педагогикалык кеңеш түзүлөт.
51. Кесиптик окуу жайдын педагогикалык кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет: кесиптик окуу жайынын директору (төрага), директордун окуу-өндүрүштүк иштер боюнча орун басары, улук устат, окутуучулар, өндүрүштүк окутуунун устаттары кирет. Кесиптик окуу жайынын Педагогикалык кеңешинин курамы кесиптик окуу жайынын окутуучуларынын жалпы чогулушунун чечими менен бекитилет.
52. Кесиптик окуу жайынын педагогикалык кеңеши алдыда турган окуу жылындагы окуу жайынын иш планын, катышуу жана жетишүү, окуу-тарбия иштеринин жыйынтыгы, окутуунун сапатын жакшыртуу маселелерин талкуулайт, окутуучулардын жана устаттардын ишиндеги алдыңкы тажрыйбаларды жалпылайт жана жайылтат.
53. Кесиптик окуу жайында инженердик-педагогикалык кызматкерлерге методикалык жардам көрсөтүү үчүн кесиптер жана предметтер боюнча методикалык комиссиялар түзүлөт, Агенттиктин буйруктарынын, нускамаларынын жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде методикалык иштер уюштурулат.
Кесиптик окуу жайларын каржылоо жана отчеттуулугу
54. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайларын каржылоонун негизги булагы болуп республикалык бюджет эсептелинет.
55. Каржылоонун кошумча булактары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- юридикалык жана жеке жактардын каражаттары;
- жарыялоолордон алынган, илимий-изилдөө ишмердиги ж.б. каражаттар;
- ишканалар, ассоциациялар, фонддор, жеке адамдар жана башка демөөрчүлөр тарабынан акысыз берилүүчү каражаттар;
- карызга берүүлөр (ссудалар) жана гранттар;
- башка мыйзамдуу булактар.
56. Кесиптик окуу жайлары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген педагогикалык администрациялык башкаруучу персоналдын, өндүрүштүк окутуунун устаттардын айлык акыларын төлөөгө жана айлык акыга кошумчаларды эсептөөгө жылдык сметасы болот.
57. Филиалдары бар кесиптик окуу жайлары филиалдардагы окуу-тарбия иштерине көзөмөлдүк кылуу үчүн каражаттар "Командировкалык чыгымдар" беренеси боюнча каржылык каражаттар бөлүнгөн.
58. Түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайларынын инженердик-педагогикалык кызматкерлери үчүн соттолгондор менен иштегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде кошумча төлөм жүргүзүлөт.
59. Түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлары Агенттик менен белгиленген отчеттуулукту жана статистикалык маалыматтарды беришет.
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жобого тиркеме |
№ __ кесиптик окуу жайы менен № ___ түзөтүү мекемеси ортосундагы соттолгондорго кесиптик билим берүү жөнүндө КЕЛИШИМ
1-бөлүм
__________________________________________________________________
(түзөтүү мекемесинин аталышы)
_______________________________________________________________________
( ведомстволук таандыгы көрсөтүлгөн уюмдар)
мындан ары "Мекеме" деп аталуучу жетекчиси ____________________________ ________________________________________________________________ атынан
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
жана __________________________________________________________________
(кесиптик окуу жайдын аталышы)
мындан ары "Окуу жай" деп аталуучу окуу жайынын жетекчисинин атынан ___________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
бир тараптан, № _____ түзөтүү мекемесинде кармалып турган соттолгондордун төмөнкү адистиктер боюнча кесиптик билим алуусу жөнүндө ушул Келишимди түздүк: _________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(адистиктери көрсөтүлөт)
2-бөлүм
Түзөтүү мекемеси соттолгондордун ичинен жумушчуларды даярдоого муктаждыкты эсепке алуу менен төмөнкүлөргө милдеттенет:
1. Кесиптик окуу жайына соттолгондордун кесиптик билим алуусун уюштуруу үчүн зарыл болгон өндүрүштүк жана окуу жайларды бөлүп берүүгө.
2. Кесиптик окуу жайдын жайларын ремонттоону, окуу-өндүрүштүк устаканаларынын, полигондордун, окуу участкаларынын жана лабораторияларынын жабдууларын, кесиптик окуу жайынын электр жана сантехникалык жабдууларын ремонттоого жана жөнгө салууну камсыз кылууга.
3. Кесиптик окуу жайын даярдоосу түзөтүү мекемесинде өтүп жаткан жумушчулар жөнүндөгү зарыл болгон техникалык маалымат менен камсыз кылууга.
4. Кесиптик окуу жайды өндүрүштүк окутуунун квалификациялуу устаттары жана атайын дисциплиналарды окутуучулар менен камсыздоого жардам көрсөтүү.
5. Түзөтүү мекемесине кесиптик окуу жайынын администрациясынын кирүүсүн жана коопсуздугун камсыз кылууга.
6. Түзөтүү мекемесинин адистерин квалификациялык комиссиялардын курамында иштөө үчүн дайыма жиберип турууга.
7. Кесиптик окуу жайынын администрациясы менен бирдикте соттолгондордун кесиптик багыт алуусу боюнча иш жүргүзүү.
8. Соттолгондордун түзөтүү мекемелеринде билим алуусун жөнгө салуучу документтерден келип чыккан милдеттерди аткарууну камсыз кылуу.
3-бөлүм
Кесиптик окуу жайы милдеттенет:
1. Белгиленген тартипте бекитилген окуу пландары жана программаларына ылайык _____________________________ даярдоо боюнча (адистиктерди көрсөтүү) соттолгондордун кесиптик билим алуусун уюштуруу.
2. Кесиптик окуу жайларын бүткөн жана квалификациялык экзамендерди тапшырган окуучуларга өндүрүштүк квалификацияны тапшырууну жана бардык кесиптик окуу жайлары үчүн белгиленген үлгүдөгү сертификаттарды берүүнү.
3. Окуу материалдык базаны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө.
4. Окуучуларды окутуу үчүн түзөтүү мекемеси тарабынан бөлүнүп берилген имараттарды жана курулуштарды, жабдууларды, техниканы, колдонмолорду, аспаптарды жана шаймандарды өз арналышы менен пайдаланууну жана сакталышын камсыз кылуу, электроэнергияны, отунду, материалды үнөмдүү чыгымдоо.
5. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин эркин жалданма курам үчүн белгиленген ички тартибинин Эрежелеринин талаптарын аткарууга.
6. Соттолгондордун түзөтүү мекемелеринде кесиптик билим алуусун жөнгө салуучу документтерден келип чыккан милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууга.
4-бөлүм
1. Түзөтүү мекемеси кесиптик окуу жайынын инженердик-педагогикалык кызматкерлерин квалификациялуу жумушчуларды даярдоодогу жогорку көрсөткүчтөрү үчүн сыйлоого укуктуу.
2. Түзөтүү мекемеси келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда кесиптик окуу жайы кесиптик билим берүү үчүн соттолгондорду кабыл алууну токтотууга укуктуу.
3. Келишимди аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон пикир келишпестиктер эки тараптын тең жогорку органдары тарабынан каралат жана чечилет. Мүлктүк талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
4. Бул келишим _________________________ мөөнөткө түзүлдү. Келишим эки нускада түзүлдү.
Тараптардын юридикалык даректери:
№ _________ түзөтүү мекемеси Кесиптик окуу жай