Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 11-сентябры № 511

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрели № 197, 2021-жылдын 5-мартындагы № 72  токтомдун редакциясына ылайык)

Башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Билим берүү жөнүндө" жана "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 245 "Баштапкы кесиптик билим берүү системасынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- преамбуладагы "мекемелеринин жана уюмдарынын" деген сөздөр "билим берүүчү уюмдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункттун экинчи абзацындагы "билим берүү мекемелер" деген сөздөр "билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- 2-пункттагы "Эмгек жана социалдык жактан коргоо" деген сөздөр "Эмгек, миграция жана жаштар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелери жөнүндө типтүү жободо:

аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө типтүү жобо";

преамбуладагы "билим берүү мекемелеринин" деген сөздөр "билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1-пункттагы "билим берүүчү мекемелер" деген сөздөр "билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"5. Баштапкы кесиптик билим берүүнүн белгилүү бир кесиптери боюнча даярдоо укугуна мамлекеттик аккредитация жөнүндөгү күбөлүк баштапкы кесиптик билим берүүнүн окуу жайларынын иштөөсү үчүн негиз болуп эсептелет. Ар бир жаңы ачылуучу кесиптер (адистиктер) боюнча даярдоо программасына аккредитациялык корутунду болушу керек. Окуу жайлар ар бир беш жылда аккредитациядан өтүүгө милдеттүү. Аккредитациядан өткөн окуу жайлар бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүүгө укуктуу.";

8-пункттагы "аттестациядан" деген сөз "аккредитациядан" деген сөз менен алмаштырылсын;

28, 29 жана 46-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

47-пункт "методикалык комиссиялар" деген сөздөрдөн кийин ", камкордук кеңештери" деген сөздөр менен толукталсын;

52-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"52. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарын кайра уюштуруу жана жоюу тартиби "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жүргүзүлөт.";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баштапкы кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары жөнүндө жободо:

бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "окуу жайлары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "билим берүү уюмдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-пункттун экинчи абзацындагы "баштапкы кесиптик билим берүүчү мекемелердин" деген сөздөр алып салынсын;

6-пункттагы "аттестация жана" деген сөздөр алып салынсын;

9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"9. Орто кесиптик билими бар адистерди даярдоого укугу бар башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылы 4-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык ишин уюштурат.".

2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрдагы № 560 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген дипломдун жана сертификаттын үлгүсүндөгү "Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу" деген сөздөр "Эмгек, миграция жана жаштар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев