Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27 -июлу № 1
“Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 85 “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Чаек, Кызыл-Жылдыз жана Көк-Ой айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: " Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши " мекемеси;
-Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Чаекского айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: " Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши" м-и.
- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Чаекского айылного аймака"
2. Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району, Актатыр айылы, Т.Мураталиев көчөсү № 69 болуп аныкталсын.
4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.
5. Чаек айыл аймагынын айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
| А.Муталиев |
| «Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин 2023-жылдын 27-июлундагы № 1 токтому менен бекитилген |
“Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши”
мекемесинин
Жобосу
1. Жалпы жоболор
1.1.“Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси (мындан ары - айылдык кеңеш) – тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айылдык кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ №87 Жарлыгы менен бекитилген «Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө» Убактылуу Жобого, башка ченемдик актыларга жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
1.3. Айылдык кеңештин уюштуру-укуктук формасы – мекеме.
1. 4. Айылдык кеңештин толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кенеш Чаекского айылного аймака”;
Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши” м-и;
- Расмий тилде: У-е “Айылный Кенеш Чаеккого айылного аймака”;
1.5. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району, Актатыр айылы, Т.Мураталиев көчөсү, үй № 69.
1.6.Мекеменин иштөө мөөнөтү чектелбейт.
1.7.Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналат. Айылдык кеңеш өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишим түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда негизги жана жүгүртүү каражаттарына, өз алдынча баланска, банктардагы алыш-бериш жана башка эсептерге, өзүнүн символикасы бар мөөргө, штампка жана бланктарга ээ болууга укуктуу.
1.8.Бириктирилген айыл аймактарынын курамына кирген айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганга чейин бириктирилген айыл аймактарынын айылдык кенештеринин депутаттары болуп саналат.
1.9. Бириктирилген айыл аймактарынын айылдык кенештери (мындан ары-айылдык кеңеш) юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, бланкы бар.
1.10. Айыл аймактардын деңгээлинде пилоттук режимде жүргузүлүүчү административдик-аймактык реформанын жүрушүндө айылдык кеңештин ишин уюштуруу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын II-бөлүмүнүн 3-главасынын ченемдери менен жөнгө салынат.
2. Айылдык кеңештин сессиясы
2.1. Жергиликтүү кеңештердин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп алардын сессиялары эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
2.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укуктуу. Айылдык кеңеш чечимди жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
2.3. Жергиликтүү кеңештердин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт. Жергиликтүү кеңештин сессиясын чакыруу жана жыйналышты өткөрүү тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
2.4. Айылдык кеңештин уюштуруу сессиясы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы (аким) менен макулдашуу боюнча же акимдин сунушунун негизинде айылдык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.
2.5. Айылдык кеңештин уюштуруу сессиясын депутаттардын улуусу ачат жана айылдык кеңештин төрагасы шайланганга чейин ага төрагалык кылат.
2.6. Айылдык кеңештин уюштуруу сессиясынын күн тартибине төраганы, төраганын орун басарын шайлоо жана айылдык кеңештин ишинин башка уюштуруу маселелери киргизилет.
2.7. Айылдык кеңештин төрагасы бириктирилген айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин төрагаларынын ичинен жашыруун добуш берүү менен шайланат.
2.8. Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо бир тур менен өткөрүлөт.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна бир талапкер көрсөтүлсө, анда сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин шайланган төрагасы болуп саналат.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна эки талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин төрагасы болуп саналат.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең бирдей сандагы добуш алса, айлдык кеңештин төрагасы чүчү кулак өткөрүү жолу менен аныкталат.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна экиден ашык талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин төрагасы болуп саналат.
Эгерде добуш берүүнүн жыцынтыгы боюнча бардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса, айылдык кеңештин төрагасы чүчү кулак өткөрүү жолу менен аныкталат.
2.9. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин төрагасынын бир орун басары, ал эми калкынын саны 20001 адамдан көп болсо-эки орун басары болот.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна/кызмат орундарына талапкерлер депутат же депутаттар тобу тарабынан көрсөтүлөт. Депутат же депутаттар тобу бир гана талапкерди сунуштоого укуктуу.
2.10. Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна бир талапкер көрсөтүлсө, анда сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин төрагасынын шайланган орун басары болуп саналат.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна эки талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин төрагасынын шайланган орун басары болуп саналат.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең бирдей добуш алса, айылдык кеңешетин төрагасынын орун басары чүчү кулак өткөрүү жолу менен аныкталат.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна экиден ашык талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин төрагасынын шайланган орун басары болуп саналат.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлер бирдей добуш алса, айылдык кеңешетин төрагасынын орун басары чүчү кулак өткөрүү жолу менен аныкталат.
3. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
3.1. Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештери мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
3.2. Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;
7) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
8) кеңештин регламентин кабыл алуу;
9) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
10) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди бекитүү;
11) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
12) ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
13) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;
14) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
17) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
4. Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
4.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Айылдык кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кеңештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес.
4.2. Комиссиялардын тизмегин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттык фракцияларынын, топторунун жана депутаттарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш аныктайт.
4.3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
4.4. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча чакан комиссияларды түзө алат.
4.5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
4.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
4.7. Айылдык кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, уюштуруу жана иш тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен белгиленет.
5. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
5.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого катышат;
2) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
3) жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат;
4) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
5) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында жергиликтүү кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү жергиликтүү кеңеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзөт.
5.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
6. Айылдык кеңештин төрагасы
6.1. Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
6.2. Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугуна депутаттык фракция же 5 депутаттан кем эмес сандагы топ ээ.
6.3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 5,6-бөлүктөрүнө ылайык калкынын саны 20001 адамдан кем эмес айылдык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишти кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.
Калкынын саны 20001 адамдан аз айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде 20001 адамдан ашык калкы бар айылдык кеңештин төрагасы үчүн белгиленген эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку компенсация алат.
6.4. Айылдык кеңештин төрагасы:
1) айылдык кеңештин сессияларын чакырат;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) айылдык кеңештин чечимдерине кол коёт;
4) депутаттардын шайлоочуларынын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
5) мыйзамдарда белгиленген тартипте айылдык кеңештин жооптуу катчысын ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, уюмдар менен жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыгында өз ара аракеттенет;
7) ага айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
6.5. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана шайлоонун башка жол-жоболук маселелери айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
6.6. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
7. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары
7.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары сессияда жергиликтүү кеңештин төрагасынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен шайланат.
7.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда аны алмаштырат.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасынын алмаштырган учурда ушул Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.
7.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча бошотулушу мүмкүн.
7.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
7.5. Айылдык кеңештин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылышат.
7.6. Депутаттын ыйгарым укуктары тийиштүү кеңештин биринчи сессиясы ачылган күндөн тартып башталат жана кийинки шайланган кеңештин биринчи сессиясы ачылган күнү бүтөт.
8. Айылдык кеңештин негизги милдеттери
8.1. Айылдык кеңештердин негизги милдеттерине “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине жана башка мыйзам актыларында аныкталган маселелерден тышкары, айыл аймактарын бириктирүүгө байланышкан төмөнкү маселелер кирет:
1) айылдык кеңештин регламентин иштеп чыгуу жана сессияда бекитүү;
2) айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын кайра түзүү жана алардын ишин уюштуруу;
3) айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун уставын кабыл алуу;
4) жергиликтүү коомдук өз алдынча башкарууларды (үй, көчө, кварталдык комитеттер), коомдоштуктарды (жамааттарды) эсептик каттоо жана ишин уюштуруу;
5) жергиликтүү коомдоштуктардын коомдук уюмдарын (аксакалдар кеңеши, аксакалдар соттору, аялдар кеңеши, жаштар уюму ж.б.у.с.) кайра уюштуруу боюнча ишти координациялоо.
9. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы
9.1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калкынын саны 6000 адамга чейин болгон айыл аймагындагы айылдык кеңештин ишин айыл өкмөтүнүн аппараты, калкынын саны 6001 адамдан ашык болгон айыл аймагында – айылдык кеңештин жооптуу катчысы камсыз кылат.
9.2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы:
- сессиялардын материалдарын жана айылдык кеңештин жана айлдык кеңештин туруктуу комиссияларынын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
- айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш планынын долбоорлорун иштеп чыгат, бектилгенден кийин алардын аткарылышын контролдойт;
- айылдык кеңештин жыйналыштарын чакыруу жөнүндө депутаттарга кабарлайт;
- айылдык кеңештердин сессияларынын, туруктуу комиссияларынын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт, кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча ишти камсыз кылат;
- айылдык кеңештин документтерин, анын ичинен туруктуу жана убактылуу дептутаттык комиссиялардын документтерин сактоону, сисемалаштырууну жана тиешелүү абалын камсыз кылууну уюштурат;
- убактылуу депутаттык комиссияларга уюштуруучулук жардам көрсөтөт;
- айылдык кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт, жарандардын келип түшкөн даттануулары жана кайрылуулары менен ишти уюштурат;
- айылдык кеңештин кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо боюнча ишти жүргүзөт;
- жергиликтүү коомдоштуктардын уставына жана айылдык кеңештин регламентине ылайык башка функцияларды ишке ашырат.
10. Жобого өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү тартиби
10.1. Айылдык кеңештин жобосуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү, аны жаңы редакцияда бекитүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен белигленген тарипте жүзөгө ашырылат.
10.2. Айылдык кеңештин ушул Жободо көрсөтүлбөгөн ишинин маселелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынат.
11. Айылдык кеңештердин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
11.1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары ушул чакырылыштагы айылдык кеңештин депутаттары шайланган мөөнөт аякташына байланыштуу, ошондой эле кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылышына байланыштуу токтотулат.
11.2. Айылдык кеңеш төмөнкүдөй учурларда Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда таратылышы мүмкүн:
1) тиешелүү айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добушу менен кабыл алынган чечим боюнча;
2) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же акимдин сунушу боюнча;
3) кайра уюштурууга алып келген тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин чек аралары өзгөргөн учурда;
11.3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими жарлыкты чыгаруу үчүн Президентке кеңештин төрагасы тарабынан жиберилет.
11.4. Административдик-аймактык бирдиктин чектерин өзгөртпөстөн анын аталышын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кеңешти таратууга алып келбейт. Президенттин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө жарлыгы, эгерде мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү административдик-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен чыгарылууга тийиш.
11.5. Мөөнөтүнөн мурда таратуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да таратуу жөнүндө Президенттин жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылды деп эсептелет.
11.6. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчысы тартат.
12. Айылдык кеңешти кайра уюштуруу жана жоюу
12.1. Айылдык кеңешти кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
12.2. Айылдык кеңештин иши токтотулган учурда анын документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Төрага: |
| А.Муталиев |