Загрузка документа…
|
| 7-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында кесиптик багыт берүү жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жарандардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарга кесиптик багыт берүүнүн бирдиктүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Кесиптик багыт бул адамдын жеке жөндөмдүүлүгүнө, өзгөчөлүктөрүнө жана коомдун муктаждыктарына ылайыктуу кесипти тандоого жардам берген кесиптик маалымдоо, кесиптик консультация берүү, кесиптик тандоо жана кесиптик көнүктүрүү боюнча чаралардын системасы.
3. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды, ошондой эле билим берүү уюмдарында окуп жаткандарды жана алардын бүтүрүүчүлөрүн кесиптик даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун алдында алардын кесиптик багыты боюнча иш жүргүзөт.
4. Кесиптик багыт берүү төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) билим берүү уюмдарында окуп жаткандарга жана алардын бүтүрүүчүлөрүнө, жумушсуз жана жумуш издеген жарандарга кесибин, адистигин тандоодо, иштеген же окуган жерин табууга шыктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу менен жардам көрсөтүү;
2) кесипти эркин тандоо, иш менен камсыз кылуу формасы жана ички жана тышкы эмгек рыногунун өнүгүшүн эске алуу менен инсандын өзүн-өзү өстүрүү жолдору чөйрөсүндө социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу;
3) адамдын кесиптик кызыкчылыктарынын, анын психофизиологиялык өзгөчөлүктөрүнүн, эмгек рыногунун абалынын жана өнүгүүсүнүн ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү;
4) эмгек жана билим берүү рыногунда суроо-талап менен сунуштун ортосундагы тең салмакты кармоо боюнча консультация берүү.
5. Кесиптик багыт берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жашаган, турган, иштеген жана окуган жерине карабастан жарандардын төмөнкү категорияларына көрсөтүлөт:
1) жумушсуздарга;
2) жумуш издеген адамдарга;
3) жалпы билим берүү жана башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуп жаткандарга жана алардын бүтүрүүчүлөрүнө;
4) майыптыгы бар адамдарга;
5) жашы жете элек балдары бар адамдарга;
6) аскер кызматынан бошотулган жарандарга;
7) пробациянын кардарларына;
8) чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга.
6. Кесиптик багыт берүү формалары:
1) кесиптик маалымат жана төмөнкүлөр менен таанышуу:
- эмгек рыногу;
- кесиптердин мазмуну жана өнүгүү келечеги, аларды өздөштүрүүнүн формалары жана шарттары;
- өндүрүштүн заманбап түрлөрү;
- квалификацияга болгон талаптар;
- кесиптик-квалификациялык өсүү жана эмгектик иш процессинде өзүн-өзү өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү;
2) кесиптик консультация - консультация алуу үчүн кайрылган адамдын ар түрдүү эмгек ишмердүүлүгүнө, кесиптик өз ордун табууга жана кесиптик билим алууга болгон жөндөмүн изилдөө аркылуу кесипти жана жумуш ордун тандоодо кызыкдар адамдарга жардам көрсөтүү;
3) кесиптик диагностика адамдын белгилүү бир кесиптин талаптарына ылайык келүү даражасын (кесиптик жарактуулугун) аныктоого багытталган иш-чаралардын жыйындысы;
4) кесиптик тандоо - психологиялык, психофизиологиялык жана медициналык диагностиканын натыйжаларына негизделген кесипти, адистикти, ишти тандоо боюнча сунуштамаларды берүү;
5) кесиптик тандоо ченемдик талаптарга ылайык конкреттүү кесипке, адистикке (ишке, кызматка) адамдын кесиптик жарактуулугунун деңгээлин аныктоо;
6) кесиптик окутуу (кайра окутуу) - кайрылган жарандардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, эмгек рыногунда талап кылынган кесипти/адистикти алууга багытталган сунуштамалар;
7) кесиптик, өндүрүштүк жана социалдык көнүктүрүү - кызматкердин социалдык жана кесиптик сапаттарын калыптандырууга багытталган чаралар.
7. Кесиптик багыт берүү жана окутуу методдору төмөнкүлөрдү камтыйт: өзүн-өзү таануу, кесиптер жана карьера жөнүндө маалымат берүү, билим алуу жолдору, ишканаларга тааныштыруу экскурсиялары, чечим кабыл алуу процесси - ылайыктуу кесипти тандоо.
8. Кесиптик багыт берүү төмөнкүдөй түрлөрдө болот:
1) негизги - лекциялар, тесттер, консультация берүү;
2) кошумча - жолугушуулар, тренингдер, экскурсиялар, кесиптердин жарманкелери;
3) ортомчулук - жалпыга маалымдоо каражаттары, маалыматтык технологиялар, кесиптер боюнча маалыматтык материалдар аркылуу.
2-глава. Кыргыз Республикасында кесиптик багыт берүүнүн катышуучулары
9. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр - юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасында кесиптик багыт берүүнүн катышуучулары (мындан ары - кесиптик багыт берүүнүн катышуучулары) болуп саналат.
Кесиптик багыт берүү максаттарына жетүү үчүн кесиптик багыт берүүнүн катышуучулары өз компетенцияларынын чегинде бири-бири менен тыгыз өз ара аракеттенишет. Кесиптик багыт берүүнүн катышуучуларынын иши бул жааттагы мамлекеттик саясаттын максаттарына баш иет жана кесиптик кызыкчылыктарды, муктаждыктарды, мүмкүнчүлүктөрдү жана адамдын ден соолугун, эмгек рыногунун өнүгүүсүн жана керектөөлөрүн эске алуу менен кесиптик багыт берүүнү уюштурууга багытталган.
10. Эмгек рыногунун абалы жана муктаждыктары жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, кесиптик билим берүү менен эмгек рыногунун керектөөлөрүнүн ортосундагы ажырымды кыскартууга багытталган кесиптик билим берүү уюмдары менен иш берүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү, калкты иш менен камсыз кылууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле адам ресурстарын өнүктүрүү мамлекеттик органдардын кесиптик багыт берүү жаатындагы милдеттери болуп саналат.
11. Кесиптик багыт берүүнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, кызыкдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кесиптик багыт берүү жаатында макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу билим берүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
12. Кесиптик багыт берүүнү өнүктүрүү, аны натыйжалуу координациялоо максатында иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте тиешелүү аймактарда кесиптик багыт берүү маселелери боюнча билим берүү жапа иш берүүчүлөр системасын өзүнө камтыган социалдык өнөктөштүк системасын түзөт.
3-глава. Кесиптик багыт берүүнү уюштуруу
13. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле анын аймактык бөлүнүштөрү ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга кесиптик багыт берүү боюнча кызмат көрсөтөт.
14. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле анын аймактык бөлүнүштөрү:
1) иш чөйрөсүн, кесиптик даярдоонун, кайра даярдоонун жана ишке орноштуруунун түрүн тандоо (өзгөртүү) максатында ыйгарым укуктуу органга кайрылган адамдарга маалымдайт жана консультация беришет;
2) адамдын кызыкчылыктарын, керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле эмгек рыногун өнүктүрүүнү эске алып, иш менен камсыз кылуунун оптималдуу түрүн тандоого көмөк көрсөтүшөт (кесипке багыт берүүнүн ар кандай методдорун жана инструменттерин колдонуу менен);
3) кесипке багыт берүүчү иш-чараларды - кесиптердин жарманкелерин, ачык эшик күндөрүн, экскурсияларды, жалпы билим берүү мекемелеринде окуп жаткандар үчүн спикерлер менен реалдуу жолугушууларды жана иш берүүчүлөр үчүн тегерек столдорду өткөрүшөт;
4) аймактык бөлүнүштөрүндө кесиптик багыт берүү борборлорун түзүүгө укуктуу.
15. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенип, жалпы билим берүү уюмдарында жана кесиптик билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын арасында кесиптик багыт берүүнү жүргүзөт.
16. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку класстарынын окуучуларын кесиптик багыт берүүнү жүргүзүү үчүн калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жибере алат.
17.Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүү мектеби), кесиптик билим берүү уюмдарында, ошондой эле өзгөчө билим алуу муктаждыгы бар, деп соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуп жаткандардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) арасында жергиликтүү шарттарды жана окуп жаткандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттик стандарттардын жана ченемдердин негизинде саламаттык сактоо уюмдары менен бирдикте кесиптик багыт берүү ишин жүргүзөт;
2) бул ишке педагогикалык жамааттардын, ата-энелер коомчулугунун, тиешелүү уюмдар менен мекемелердин адистеринин катышуусу менен билим берүү программаларынын, окуу куралдарынын жана жалпысынан окуу-тарбиялоо процессинин кесиптик багыттуулугун камсыз кылат;
3) кесипке багыт берүү жана окутуу методдорун колдонуу менен системалуу, квалификациялуу жана комплекстүү кесипке багыт берүү ишин жүргүзөт;
4) региондун кадрларга болгон муктаждыгын эске алуу менен жалпы билим берүү уюмдарында окугандардын кызыкчылыктарына, ден соолугуна жана өзгөчөлүктөрүнө жараша кесип тандоого аң-сезимдүү мамилени калыптандырат;
5) окуудан тышкаркы убакта окуп жаткандарды техникалык жана көркөм чыгармачылыкка тартат, кесип тандоодо анын ролун жогорулатат;
6) окуп жаткандарга кесиптик маалымат жана консультация берүүнү уюштурат, алардын жеке психофизиологиялык өзгөчөлүктөрүн, ден соолугун, ошондой эле региондун кадрларга болгон муктаждыктарын эске алуу менен инсанды комплекстүү изилдөөнүн негизинде аларда кесиптик ниеттерди түзөт;
7) окуп жаткандардын жеке кызыкчылыктарын, жөндөмдүүлүктөрүн жана шыктарын толугураак ачуу үчүн аларды дифференцияланган окутууну уюштурат;
8) кесиптик багыт берүү иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн социалдык педагогдордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланат.
18. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде:
1) үзгүлтүксүз жүргүзүлүүчү профилактикалык кароолордун жүрүшүндө ден соолугунда кемчилиги бар балдарды жана өспүрүмдөрдү (билим берүү уюмдарында окуп жаткандарды), алардын кесиптик жарактуулугун аныктайт;
2) тигил же бул түрдөгү иш жасоого медициналык каршы көрсөтмөлөрдү эске алуу менен ден соолукту чыңдоо иш-чараларын, врачтык-кесиптик консультацияларды жүргүзөт, тиешелүү сунуштамаларды берет;
3) балдардын жана өспүрүмдөрдүн кесиптик даярдыгына жана эмгектик тарбияланышына врачтык контролду жүзөгө ашырат;
4) алдын алуу мүнөзүндөгү, баарынан мурда тобокелчилиги жогору топтордогу адамдарга карата чараларды уюштурууну камсыз кылат, алардын аткарылышын контролдойт.
19. Кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары ачык эшик күндөрүнүн, жумушчу кесиптердин майрамдарынын мүмкүнчүлүктөрүн, эмгек рыногу талап кылган кесиптерди алуунун мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары жөнүндө жаштарга маалымдоого багытталган башка иш-чараларды пайдалануу менен комплекстүү кесиптик багыт берүү ишин жүргүзөт.
20. Жумуш берүүчүлөр төмөнкү кесиптик багытты кызматтарды жапа жумуштарды көрсөтүшөт:
1) кызматкерлерге кесибин, иштеген жерин эркин тандоодо же алмаштырууда, кесиптик кызыкчылыктарын жана өндүрүштүн керектөөлөрүн эске алуу менен кадрлардын квалификациясын жогорулатууда жана кайра даярдоодо көмөк көрсөтөт;
2) калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өндүрүшкө окугандар үчүн экскурсия түрүндө кесипке багыт берүүчү иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт, кесип дүйнөсү менен тааныштыруу максатында мотивациялык жолугушуулар үчүн спикер катары катышат.
21. Менчигинин түрүнө карабастан башка мекемелер жана жеке жактар өз компетенциясынын чегинде кесиптик багыт берүү иштерин жүргүзүшөт.
4-глава. Кесиптик багыт берүүнү уюштурууну каржылоо
22. Кесиптик багыт берүүнү уюштурууну каржылоо кесиптик багыт берүүнүн тиешелүү субъекттеринин бюджеттеринин алкагында жүзөгө ашырылат.
Кесиптик багыт берүү системасына кирген мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланышы мүмкүн.