Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-апрели № 208
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281, 2019-жылдын 20-июнундагы № 302, 2021-жылдын 11-январындагы № 2 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды мамлекеттик колдоо максатында, "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмү бир айга 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө;
-(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жумушсуз жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 302 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык.
- Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби, 6-тиркемеге ылайык.
- Кыргыз Республикасында кесиптик багыт берүү жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281, 2019-жылдын 20-июнундагы № 302, 2021-жылдын 11-январындагы № 2, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эки айлык мөөнөттө төмөнкү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы коллизияларды жоюуга багытталган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкаруу схемасына толуктоолорду киргизүү тууралуу.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-октябрындагы № 707 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 7-сентябрындагы № 484 "Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу жана калкты ишке орноштуруунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан ишкерликти уюштуруу үчүн жумушсуз граждандарга финансылык колдоо көрсөтүүнүн жана чакан кредит берүүнүн, жумушсуз граждандар үчүн иш орундарын түзгөн иш берүүчүлөрдү финансылык жактан колдоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-ноябрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 39 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 7-сентябрындагы № 484 "Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу жана калкты ишке орноштуруунун мамлекеттик кызмат органдары тарабынан ишкерликти уюштуруу үчүн жумушсуз граждандарга финансылык колдоо көрсөтүүнүн жана чакан кредит берүүнүн, жумушсуз граждандар үчүн иш орундарын түзгөн иш берүүчүлөрдү финансылык жактан колдоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу | Т.А. Сариев |