Редакцияот 29.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ХАЛМИОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезексиз он тогузунчу сессиясы

 

2022-жылдын 29-ноябрындагы № 58

 

Халмион айыл аймагында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иш-чаралары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн тартиби жонүндөгү” жобонун талаптарын көзөмөлгө алуу максатында, Халмион айылдык милиция бөлүмчосунүн 2022-жылдын 29-ноябрындагы №15/142 катына негиз Халмион айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында Жаны-жыл майрамынын алдында сатылуучу пиротехникалык буюмдарды саткан бардык соода түйүндөрү, базар жетекчилери тарабынан аталган Жобонун талаптарын сакталышы көзөмөлгө алынсын.

2. Халмион айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине, мектеп, балдар бакчасынын жетекчилерине балаты майрамын өткөрүүдө пиротехника буюмдарын колдонууга тыую салынгандыгы эскертилсин.

3. Халмион айыл өкмөтүнүн аймагындагы соода түйүндорүнө пиротехникалык буюмдарды мыйзамда белгиленген тартипте сатылышын көзөмөлдөо жагы Халмион айылдык милиция бөлумүнө сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктолсүн.

 

 

Төраганын м.а.

Камилжанов Э.Ш.