Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 5-июну № 306-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин ишин жөнгө салуучу ченемдерди өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 60-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши жөнүндө жободо:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Кеңештин жыйналыштары түздөн-түз катышуу же сырттан катышуу аркылуу зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат.
Жыйналыштар сырттан катышуу аркылуу өткөрүлгөн учурда Кеңештин чечимдери бюллетендин формасына (ушул Жобонун тиркемеси) ылайык Кеңештин мүчөлөрүн жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен кабыл алынат.
Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша видеоконференциялык байланыш форматында (онлайн-режимде) өткөрүлүшү мүмкүн.
Кеңештин жыйналышы, эгерде ага мүчөлөрүнүн жалпы санынан 2/3 кем эмес бөлүгү катышса, мыйзамдуу болуп саналат.”;
- төмөнкүдой мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
"81. Кенештин катчылыгынын сунушу боюнча мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору төмөнкү учурларда сырттан добуш берүү аркылуу Кеңеш тарабынан каралышы мүмкүн:
1) долбоор өзгөчө кырдаалдардын жана окуялардын алдын алууга же жоюуга багытталган;
2) долбоор кризиске каршы программаны ишке ашырууга же кризистен кийинки мезгилде экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган;
3) долбоор улуттук же тармактык программалардын индикаторлоруна же максаттарына жетүүгө багытталган.
Эгерде мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору жогоруда аталган бир же бир нече критерийлерге шайкеш келсе, анда бул долбоорлор Кеңеш тарабынан сырттан добуш берүү аркылуу каралышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин оң корутундулары болгон учурда мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча сырттан добуш берилиши мүмкүн.";
-төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
"91. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча Кеңештин жыйналыштары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жетекчилиги алдында өткөрүлүшү мүмкүн.";
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кеңештин жыйналыштарына Кыргыз Республикасынын финансы министринин, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин катышуусу милдеттүү болуп саналат.
Жогоруда аталган министрликтердин жетекчилери жок болгон учурда Кеңештин жыйналыштарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча алардын милдеттерин аткаруучу кызмат адамдары катыша алат.";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Кеңештин жыйналышына катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 бөлүгүнөн кем эмес көпчүлүк добушу менен чечимдер кабыл алынуучу мамлекеттик инвестициялардын долбоорун жактыруу боюнча маселелерден тышкары, Кеңеш ушул Жобого ылайык өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди көпчүлүк добуш менен кабыл алат. Добуштар тең болгон учурда Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:
"121. Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча Кеңештин чечимдери алардын милдеттерин аткаруучу кызмат адамдары тарабынан кабыл алынышы мүмкун.";
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) аткаруучу агенттиктин жетекчиси (ал жок болгон учурда - анын милдеттерин аткаруучу кызмат адамы) тарабынан кол коюлган долбоордун негиздеме-маалымкатынын.";
- ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| Тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин чечими
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин
сырттан добуш берүү
БЮЛЛЕТЕНИ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин чечими: | Добуш берүүнүн жыйынтыгы (Сиздин вариантыңыз "\/" белгиси менен көрсөтүлөт): |
(Донордук уюмду жана долбоордун жалпы суммасын көрсөтүү менен маселенин/долбоордун аталышы) | МАКУЛ ______ КАРШЫ _____ КАЛЫС ______ |
КЕҢЕШТИН МҮЧӨСҮНҮН КОЛУ:
Колу____ аты-жөнү ____________________ ___-ж. “__” ______”. |