КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 20-октябры № 635-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 311-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Энергетика секторундагы чыгымдарды оптималдаштыруу жана кредиттик карыздарды азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна (макулдашуу боюнча) мыйзамдарда белгиленген тартипте Бишкек шаарынын ЖЭБи жана "Бишкекжылуулуктармагы" филиалдарынын мүлктүк комплекстерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун карыздык милдеттенмелерин жоюунун эсебине өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун карыздык милдеттенмелерин жоюунун эсебине кабыл алынган мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке өткөрүп берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 311-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2-1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалдары - Бишкек шаарынын ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" мүлктүк комплекстерин андан ары Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү үчүн аталган мүлктүк комплекстерди белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 311-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 701-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |