Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июну № 328
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Алкоголдук продукцияны ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо максатында, "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 19-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- арыз-эсеби (ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык 2 нускада). Салык төлөөчүнүн арыз-эсебине өндүрүлүүчү жана/же импорттолуучу акциздик товарлардын аталыштарын көрсөтүү менен ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык акциздик буюмдарды өзгөчөлөө тиркелет. Арыз-эсебинин жана акциздик буюмдарды өзгөчөлөөнүн бир нускасы салык төлөөчүгө кайтарып берилет, экинчи нускасы салык кызматынын органында калат. Алкоголдук продукция үчүн акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсебинин көчүрмөсү салык кызматы органы тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет;";
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ташып киргизилүүчү акциздик продукцияга инвойстор, ушул келишим боюнча аны колдонуу мезгилинде өтүнмө алгачкы жолу берилген учурда бир жолу маркалануучу продукцияларды жеткирүүгө келишимдин түп нускасы жана салык төлөөчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Келишимдин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарып берилет. Маркалануучу алкоголдук продукция жеткирилген учурда инвойстордун жана келишимдердин көчүрмөлөрү салык кызматынын органдары тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет;";
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Импорттолуучу маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча 3 нускада ыйгарым укуктуу банк тарабынан түзүлөт. Акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык төлөөчүгө чечимде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын катар номерлерине ылайык берилет. Салык кызматынын органынын чечиминин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - салык төлөөчүдө, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат. Импорттолуучу маркалануучу алкоголдук продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечимдин көчүрмөсү салык кызматынын органдары тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.";
- 21-пункт "салык кызматынын органы" деген сөздөрдөн кийин "этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кийин билдирүү менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 23-пункттагы ", ошондой эле тамеки буюмдарын жүгүртүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 33-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерип, ыйгарым укуктуу банкка салык кызматынын органга бекиткен форма боюнча 3 нускада түзүлүүчү бузулган акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө чечимди кабыл алат. Акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - салык төлөөчүдө, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат. Алкоголдук продукцияга бузулган акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда бул чечимдин көчүрмөсү салык кызматы органы тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартибинде:
- 2-пунктта:
5-пунктчада "жана банк кепилдиктер" деген сөздөр алып салынсын;
6-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акчалардын салынганын ырастоочу төлөм документи.";
- 6-пунктта "же банктык кепидик берүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 7, 16-пункттарда "же банктык кепилдик берүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Ыйгарым укуктуу салык органы депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу боюнча милдеттенмелердин импортер тарабынан аткарылышын эсепке алат жана контролдойт. Импорттоочу салган акча каражаттарын эсепке алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы милдеттенмелерди аткаруунун суммалары боюнча реестр жүргүзөт.";
- 13-пункттун 1, 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын эсепке алуу;
2) импорттоочулардын аткарылбаган милдеттенмелери боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешесине ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебинен депозиттик төлөмдүн суммаларын өз убагында чегерүү;";
- 14-пунктта "же берилген банктык кепилдиктин" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |