Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-ж. 19-июнундагы № 2215-VII токтомуна тиркеме |
Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана
мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна)
баа берүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Укук колдонууга жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) укуктук мониторинг жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) мамлекеттик органдар кабыл алган жана (же) иштеп чыгуучу болуп саналган, же болбосо алардын түздөн-түз компетенциясына кирген ченемдик укуктук актыларга (конституциялык мыйзамдарга, кодекстерге жана мыйзамдарга) алар тарабынан укуктук мониторинг жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Укуктук мониторинг кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда Кыргыз Республикасынын натыйжасыз ишке ашырылып жаткан, эскирген мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, кайталоолорду, боштуктарды жана коррупциялык факторлорду аныктоо, ошондой эле кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын ишке ашырылышын болжолдоо, талдоо, натыйжалуулугуна баа берүү жолу аркылуу аларды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында жүргүзүлөт.
3. Укуктук мониторинг жүргүзүүнүн негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ченемдик укуктук актыларды колдонуунун бирдиктүү практикасын киргизүү;
- ченемдик укуктук актыны укуктук жөнгө салуунун толук баалуулугун жана натыйжалуулук даражасын, ошондой эле анын коомдук кызыкчылыктарга жана мамлекеттин стратегиялык максаттарына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу;
- укук коргоо ишинин натыйжаларын изилдөө, укуктук жөнгө салуунун жана белгиленген факторлордун (оң жана терс) укук колдонуунун натыйжалуулук деңгээлинин өзгөрүүсүнө тийгизген таасирин изилдөө;
- ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды, коррупциялык факторлорду, ошондой эле мыйзамдардагы коллизияларды жана боштуктарды аныктоо жана жоюу;
- ченемдик укуктук актыларда бирдиктүү түшүнүктөрдүн жана терминдердин системасын түзүү;
- ченемдик укуктук актыны жакшыртуу боюнча алынган сунуштарды (маалыматтарды) түзүү, иштеп чыгуу жана аларга баа берүү.
4. Укуктук мониторинг жүргүзүүнүн объекти болуп конституциялык мыйзамдар, кодекстер жана мыйзамдар (мындан ары – ченемдик укутук актылар) саналат.
5. Төмөнкү ченемдик укуктук актылар боюнча укуктук мониторинг жүргүзүлбөйт:
1) мыйзамда белгиленген тартипте күчүн жоготкон ченемдик укуктук актылар;
2) ички уюштуруу тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актылар (локалдык актылар);
3) жергиликтүү жана республикалык бюджеттерди бекитүү тууралуу ченемдик укуктук актылар, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылар;
4) эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо боюнча ченемдик укуктук актылар.
6. Мамлекеттик жашыруун сырды жана мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле “Кызматтык пайдалануу үчүн”, “Басма сөзгө жарыяланбайт”, “Басма сөз үчүн эмес” деген белги коюлган ченемдик укуктук актылар боюнча укуктук мониторинг ушул ченемдик укуктук актыны кабыл алган (чыгарган) мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими боюнча жүргүзүлөт.
7. Укуктук мониторинг мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан алар кабыл алган жана/же иштеп чыгуучу болуп саналган, же болбосо алардын түздөн-түз компетенциясына кирген ченемдик укуктук актыларга карата жүргүзүлөт.
Укуктук мониторинг жүргүзүүдө мамлекеттик органдар мыйзамда белгиленген тартипте коомдук жана илимий уюмдарды, жарандарды тартууга укуктуу.
8. Мамлекеттик органдарда укуктук мониторинг жүргүзүү боюнча бөлүмдөрдүн ишин координациялоону юридикалык кызматтар, алар жок болгондо – мамлекеттик органдын жетекчиси аныктаган түзүмдүк бөлүмдөр (мындан ары – юридикалык кызматтар) жүзөгө ашырат.
9. Укуктук мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары – Юстиция министрлиги) жүзөгө ашырат.
2-глава. Мониторинг жүргүзүү планын иштеп чыгуу
жана бекитүү тартиби
10. Укуктук мониторинг жүргүзүү планы (мындан ары – мониторинг планы) мамлекеттик органдардын сунуштарынын, ошондой эле ушул Жобонун 16-пунктунда аныкталган көрсөткүчтөрдүн негизинде жыл сайын Юстиция министрлиги тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилет.
11. Мониторинг планында төмөнкүлөр чагылдырылат:
- укуктук мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылардын аталыштары;
- укуктук мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу мамлекеттик орган;
- укуктук мониторинг жүргүзүү мөөнөттөрү.
12. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жыл сайын 1-февралга чейинки мөөнөттө ушул Жобонун 16-пунктунда аныкталган көрсөткүчтөрдүн негизинде Юстиция министрлигине мониторинг планынын долбоорун түзүү боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгат жана мамлекеттик органдын жетекчисинин же аны алмаштырган адамдын кол тамгасы менен Юстиция министрлигине киргизет.
Юстиция министрлиги жыл сайын 20-февралга чейин мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде мониторинг планынын долбоорун иштеп чыгат жана Министрлер Кабинетине киргизет.
Министрлер Кабинети мыйзамдардын мониторинг планынын долбоорун 1-мартка чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары – Жогорку Кеӊеш) макулдашууга киргизет. Жогорку Кеңеши бир айдын ичинде мыйзамдардын мониторинг планынын долбоору боюнча сунуштарды карайт жана аны андан ары бекитүү үчүн Министрлер Кабинетине жиберет.
3-глава. Ченемдик укуктук актылар боюнча укуктук мониторинг
жүргүзүүнүн тартиби
13. Ченемдик укуктук актылары боюнча укуктук мониторинг жүргүзүүдө иштеп чыгуучу мамлекеттик орган максаттуу индикаторлорго жетишүү деңгээлине, кабыл алынган ченемдердин натыйжалуулугуна, ошондой эле ченемдик укуктук актын кабыл алгандан кийин келип чыккан башка кесепеттерге баа берет.
14. Ченемдик укуктук актылары боюнча укуктук мониторинг анын карамагына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актысын иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.
Ченемдик укуктук актысын иштеп чыгууга бир нече ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар катышкан, же болбосо ченемдик укуктук актысында бир нече мамлекеттик органдардын компетенциялары камтылган учурларда, тиешелүү мамлекеттик органдардын ар бири ушул ченемдик укуктук актыда камтылган өз компетенциясынын чегинде укуктук мониторинг жүргүзөт.
15. Ченемдик укуктук актылар боюнча укуктук мониторинг жүргүзүүдө иштеп чыгуучу мамлекеттик органдар төмөнкүлөрдү пайдаланышат:
1) өлкөдөгү конституциялык мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңешине ар жылдык кайрылуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотунун токтомдорунда, мамлекеттик пландоо системасынын ушул жааттагы башка актыларында камтылган маалымат;
2) мамлекеттик органдар тарабынан даярдалган ченемдик укуктук актыларды колдонуунун практикасына сереп;
3) мамлекеттик органдарга жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын талдоонун жана жалпылоонун натыйжалары;
4) көзөмөлдөө функцияларын прокуратура органдары тарабынан жүзөгө ашыруунун алкагында киргизилген прокурордук чара көрүү актылары;
5) сот практикасын талдоонун жана жалпылоонун натыйжалары;
6) мамлекеттик аудиттин натыйжалары (мамлекеттик аудит жана финансылык контролдоо органдарынын аудитордук корутундусу);
7) колдонуудагы мыйзамдардын көйгөйлөрү боюнча өткөрүлүүчү, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан сунушталган илимий-практикалык конференциялардын, семинарлардын, кеңешмелердин материалдары;
8) мыйзамдарды колдонууга карата коммерциялык эмес уюмдар, жарандар тарабынан коомдук мониторинг жүргүзүүнүн корутундулары (сунуштары);
9) жалпыга маалымдоо каражаттарында жана жалпыга жеткиликтүү телекоммуникация тармактарында, анын ичинде социалдык тармактардагы интернет ресурстарында камтылган маалымат;
10) ченемдик укуктук актыларды колдонуу маселелери боюнча укуктук жана социологиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары;
11) укук колдонуу практикасы боюнча статистикалык маалыматтар;
12) мыйзамдарды жакшыртуу боюнча аналитикалык материалдар;
13) жеке ишкердиктин субъекттеринин кызыкчылыктарын козгоочу колдонуудагы мыйзамдарды жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Бизнес-омбудсменинин, жеке ишкердик субъекттеринин бирикмелеринин сунуштары жана эскертүүлөрү.
16. Укуктук мониторинг жүргүзүүдө маалыматтар төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча талданат жана баа берилет:
1) кабыл алынышы жогорку юридикалык күчкө ээ болгон актыларда каралган мыйзам алдындагы актылардын болушу;
2) ченемдик укуктук актылардын эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келбегендиги;
3) жалпы мүнөздөгү ченемдик укуктук актылар менен атайын ченемдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктардын болушу;
4) бирдей мамилелерди жөнгө салуучу ар кандай мезгилдерде кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда карама-каршылыктардын болушу;
5) ченемдик укуктук актылардагы коррупциялык факторлордун, бири-бирин кайталоолордун, мыйзамдардагы карама-каршылыктардын жана боштуктардын, ошондой эле ченемдик укуктук актылардагы түшүнүктөр жана терминдер боюнча бирдиктүү системанын болушу;
6) боштуктардын болушу жана укуктук жөнгө салуунун толук баалуулугу;
7) ченемдик укуктук актыларда юридикалык жана техникалык каталардын болушу;
8) ченемдик укуктук актыны колдонууга карата кайрылуулардын (сунуштардын, арыздардын, даттануулардын) саны жана мазмуну;
9) ченемдик укуктук актыларды колдонуунун бирдиктүү практикасынын болушу (жоктугу);
10) ченемдик укуктук актыларды колдонууда алардын маанисинин бурмаланышы;
11) административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууда жана ченемдик укуктук актыларды колдонууда мыйзамсыз же болбосо негизсиз токтомдордун, аракеттердин (аракетсиздиктин) болушу;
12) ченемдик укуктук актыларды колдонуу чөйрөсүндө катталган укук бузуулардын, ошондой эле күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу учурларынын саны жана мүнөзү;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча соттук практиканын маселелери боюнча Жогорку Соттун Пленуму кабыл алган чечимдердин болушу;
14) ченемдик укуктук актыларда кемчиликтердин бар экендигин көрсөткөн башка көрсөткүчтөр.
17. Укуктук мониторинг жүргүзүүнүн отчетуна сөзсүз түрдө отчетто көрсөтүлгөн маалыматтардын негиздүүлүгүн жана аныктыгын көрсөтүүчү тиешелүү материалдар тиркелүүгө тийиш.
18. Ченемдик укуктук актылары боюнча укуктук мониторинг жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтардын аныктыгын текшерүү максатында Юстиция министрлиги укуктук мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларына кошумча изилдөө жүргүзөт.
19. Жыл жыйынтыгы боюнча ченемдик укуктук актыларына укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча көрүлгөн чаралар болуп төмөнкүлөр саналат:
- Мыйзам долбоорлоо иш планына тиешелүү мыйзам долбоорлорун киргизүү;
- Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун киргизүү.
4-глава. Мыйзамдардын туруктуулук даражасын аныктоо
20. Мыйзамдардын туруктуулук даражасы мыйзамдардын туруктуулук даражасына талдоо (мындан ары – талдоо) жүргүзүүчү мамлекеттик органдар тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча аныкталат.
Талдоо аларды иштеп чыккан же болбосо алардын компетенциясына кирген мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
21. Туруктуу ченемдик укуктук актылар деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
- жыл ичинде өзгөртүүлөргө дуушар болбогон мыйзамдар жана кодекстер;
- ченемдик укуктук актылар аркылуу жылына 3 жолудан ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилген кодекстер.
Салыштырмалуу туруктуу ченемдик укуктук актылар деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
- редакциялык мүнөздөгү, ошондой эле юридикалык техникага тиешелүү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ченемдик укуктук актылар менен жылына 2 жолудан ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилген мыйзамдар;
- ченемдик укуктук актылар менен жылына 4 жолудан жогору, бирок 6 жолудан ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилген кодекстер.
Туруксуз ченемдик укуктук актылар деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
- редакциялык мүнөздөгү, ошондой эле юридикалык техникага тиешелүү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ченемдик укуктук актылар менен жылына 2 жолудан ашык өзгөртүүлөр киргизилген мыйзамдар;
- ченемдик укуктук актылар менен жылына 6 жолудан ашык өзгөртүүлөр киргизилген кодекстер.
22. Мыйзамдардын туруктуулугун аныктоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону Юстиция министрлиги жүзөгө ашырат.
5-глава. Ченемдик укуктук актылардын (укуктук ченемдердин)
натыйжалуулугуна баа берүүнүн баскычы
23. Укуктук мониторинг жүргүзүү процессинде коомдук мамилелердин түрдүү чөйрөлөрүн укуктук жөнгө салуунун колдонуудагы механизмдеринин натыйжалуулугуна, укуктук ченемдердин натыйжалуулугуна баа берилет. Бул аналитикалык баа берүү иши көрсөткүчтөрдүн бирдиктүү системасына, ошондой эле түрдүү маалымат агымдарын (отчеттук, статистикалык, социологиялык ж.б.) комплекстүү пайдаланууга негизделиши керек.
Ченемдик укуктук актылардын (укуктук ченемдердин) иштөө натыйжалуулугуна баа берүү аркылуу тиешелүү коомдук мамилелерди жөнгө салуу даражасы аныкталат, боштуктар аныкталат, бирдей юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актылардын ортосундагы коллизиялар жана карама-каршылыктар четтетилет, бүтүндөй укуктук системанын ички ырааттуулугу камсыз кылынат, мыйзамдарды жакшыртуу, аны жаңылоо боюнча сунуштар иштелип чыгат ж.б.
24. Укуктук ченемдердин натыйжалуулугун аныктоо процесси эки этапка бөлүнөт:
1) ченемдик укуктук актыларда бекитилген ченемдердин конституциялык-укуктук табиятын аныктоо;
2) ченемдик укуктук актыларды (укуктук ченемдерди) практикалык колдонуунун натыйжалуулугун изилдөө.
25. Төмөнкүлөрдү колдонуунун натыйжалуулугу ченемдик укуктук базанын натыйжалуулугун изилдөөнүн предмети болуп болушу мүмкүн:
а) өзүнчө укуктук ченемдин;
б) ченемдик укуктук актынын;
в) укуктук институттун.
26. Ченемдик укуктук актылардын (укуктук ченемдердин) натыйжалуулугуна баа берүү баскычы өзүнө төмөнкүдөй аракеттерди камтыйт:
- талдануучу укуктук ченемдердин максаттарын аныктоо;
- укуктук ченемдердин иштөөсү жөнүндө маалыматты чогултуу жана иштетүү усулдарын (техникаларын) колдонуу;
- укуктук ченемдерди колдонуунун натыйжасы менен аларда камтылган укуктук жөнгө салуунун максаттарынын ортосундагы байланышты белгилөө;
- баа берүүнүн натыйжаларын мазмундуу чечмелөө.
27. Укуктук мониторинг жүргүзүү процессинде жүзөгө ашырылуучу ченемдик укуктук актыларды (укуктук ченемдерди) колдонуунун натыйжалуулугуна баа берүү, бир жагынан, укуктук ченемдерди практикада колдонуунун натыйжалуулугунун деңгээлин аныктоого, экинчи жагынан, келечекте ченемдик талаптарды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга багытталган болушу керек.
6-глава. Укуктук мониторинг жүргүзүүнү контролдоо
28. Мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтардын аныктыгын текшерүү максатында, ченемдик укуктук актыларга укуктук мониторинг жүргүзүү мезгилинде, же болбосо анын натыйжалары боюнча Юстиция министрлиги кошумча укуктук мониторинг жүргүзүшү мүмкүн.
29. Мониторинг планында белгиленген мөөнөттөр бузулган учурда, анык эмес же болбосо толук эмес маалыматтар, анын ичинде ушул Жобонун 15, 16-пункттарында аныкталган көрсөткүчтөр камтылбастан берилген учурда, укуктук мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча Юстиция министрлиги Министрлер Кабинетине аткаруу тартиби жана тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маалымат киргизет.
30. Юстиция министрлиги квартал сайын мамлекеттик органдар тарабынан укуктук мониторинг жүргүзүүнүн абалын талдайт, анын жыйынтыгы боюнча зарылчылыкка жараша мамлекеттик органдарга сапаттуу жана толук укуктук мониторинг жүргүзүлгөндүгү тууралуу тиешелүү кеңеш берет.
31. Мамлекеттик органдар тарабынан укуктук мониторинг планынын аткарылышынын абалы квартал сайын мамлекеттик органдардын коллегиясынын жыйналыштарында талкууланат.
32. Министрлер Кабинетинин жыл аягындагы жыйналыштарында Укуктук мониторинг планын аткаруу жана ушул Жобонун талаптарынын бузулушуна жол берген мамлекеттик органдардын жооптуу адамдарына карата чара көрүү маселеси каралат.
33. Мониторинг планынын аткарылышын контролдоо Министрлер Кабинетине, Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттерине, ошондой эле өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча мыйзам чыгаруу демилгесине ээ мамлекеттик органдарга жүктөлөт.
7-глава. Укуктук мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын тариздөө
34. Мониторинг жүргүзүүнүн жана ченемдик укуктук актыларды (укуктук ченемдерди) колдонуунун натыйжалуулугуна баа берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетторду түзөт, алар ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык таризделет жана квартал сайын кийинки айдын 10-күнүнө чейин Юстиция министрлигине жиберилет.
Юстиция министрлиги ченемдик укуктук актыларды (укуктук ченемдерди) колдонуунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду жалпылайт, жыйнайт, талдайт жана жыл жыйынтыгы боюнча ченемдик укуктук актыдагы кемчиликтерди четтетүү зарылчылыгы жөнүндө корутундулары менен кошо Аналитикалык эскертүү даярдайт жана Министрлер Кабинетине жиберет.
Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу аркылуу ченемдик укуктук актыларда аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча Министрлер Кабинети өзүнүн карамагындагы мамлекеттик органдарга тапшырмаларды, ошондой эле мыйзам чыгаруу демилгесине ээ мамлекеттик органдарга алардын карамагына кирген маселелер боюнча сунуштамаларды жөнөтөт.
35. Аналитикалык эскертүү түрүндө таризделген укуктук мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары ченем жаратуу ишинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо тууралуу жоболорду камтыган мамлекеттик программаларды иштеп чыгууда, мыйзам долбоорлорун даярдоонун жылдык пландарын түзүүдө, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун (анын ичинде концепцияларды) даярдоодо эске алынат.
36. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы укуктук мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетторду укуктук мониторинг жүргүзүүнүн мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
Бул маалымат мониторинг жүргүзүүнүн объекти, мониторинг жүргүзүү мөөнөттөрү жана анын алкагындагы иш-чаралар, түшкөн сунуштар жана аларда камтылган кыйла актуалдуу маселелер жөнүндө маалыматтарды камтууга, ошондой эле мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча негизги тыянактарды чагылдырууга тийиш.
| 1-тиркеме |
«__________________________________________» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата укуктук мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары тууралуу отчет
_______________________________________________________________________________________ (иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын аталышы) |
I БӨЛҮМ
1. Ченемдик укуктук актынын аталышы ____________________________________________________________________________
2. ЖТТнын жөнгө салуу саясат документинде көрсөтүлгөн индикаторлорго жетишүү деңгээли же маалымкат-негиздемеде чагылдырылган ченемдик укуктук актынын максаты (артыкчылыгына карай санариптик эсепте берилиши керек):
№ п/п | Баалануучу индикатор | Коюлган индикаторлорго жетүү деңгээли |
|
|
|
|
|
|
3. Ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун оң натыйжалары: _____________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________________________________
4. Ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун кесепеттери: __________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________________________________
5. Кабыл алынган ченемдик укуктук актыга карата коомчулуктун мамилеси (соттун чечимдерин, жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын талдоонун натыйжасында алынган маалыматтарды көрсөтүү менен (интернет-ресурстардагы, социалдык тармактардагы ж.б. маалыматтарды талдоо):
____________________________________________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________________________________________
* Ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун оң жана терс натыйжаларын сыпаттоодо жаңы ченемдик укуктук актыны колдонуунун практикасын талдоонун натыйжасында алынган маалыматтарды көрсөтүү зарыл (атап айтканда, түшкөн кайрылууларды талдоону, колдонуудагы сот актыларын ж.б. эске алуу менен).
II БӨЛҮМ
№ п/п | Укук ченемдердеги кемчиликтердин түрлөрү | Укуктук мониторинг жүргүзүүдө аныкталган ченемдик укуктук актынын түрү, кабыл алынган күнү, номери жана аталышы | Ченемдик укуктук акт шайкеш келбеген актынын бөлүгү, абзацы, пункту, беренеси, түрү, кабыл алынган датасы, номери жана аталышы / аналитикалык маалымат түзүлгөн дата | Аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар (ченемдик укуктук актынын долбоорунун аталышы, иштеп чыгуу же болбосо макулдашуу баскычы) | Укуктук мониторинг жүргүзүүдө аныкталган ченемдик укуктук акт жөнүндө маалымат |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1. | Натыйжасыз ишке ашырылып жаткан ченемдер |
|
|
|
|
2. | Карама-каршы келген ченемдер |
|
|
|
|
3. | Эскирген ченемдер |
|
|
|
|
4. | Коррупциялык факторлор |
|
|
|
|
5. | Кайталанма ченемдер |
|
|
|
|
6. | Укук ченемдердеги боштуктар |
|
|
|
|
6. | Башкалар |
|
|
|
|
Жыйынтыгы: |
|
|
|
| |
Тыянактар: _________________________________________________________________________________________________________________
_____________________________________ (Мамлекеттик органдын жетекчиси, же болбосо башка юридикалык кызмат маселелерин тескөөчү кызмат адамы) | __________________________________ (Ф.А.А.) | ______________________ (колу) | 20__-жылдын ___-______ |
| 2-тиркеме |
Мыйзамдардын туруктуулук даражасын талдоо
_________________________________________________________
(ченемдик укуктук актысынын аталышы)
Киришүү
1. Укуктук жөнгө салуу предмети
2. Мыйзам чыгаруу тармагы
Жалпы бөлүк
Ал ченемдик укуктук актысы жөнүндө маалыматтан турат жана анда жылдык, айлык көрсөткүчтөр боюнча өзгөрүү динамикасы, сандык өзгөрүүлөр көрсөтүлөт.
1-таблица. Жалпы маалымат
№ п/п | Ченемдик укуктук актысына өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө маалымат | Жооптуу мамлекеттик орган | Ченемдик укуктук актысына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү үчүн негиздер |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
2-таблица. Ченемдик укуктук актысына өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген ченемдик укуктук актыларынын жыл жана ай боюнча саны
Год | Январь | Февраль | Март | Апрель | Май | Июнь | Июль | Август | Сентябрь | Октябрь | Ноябрь | Декабрь | Жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Түзүмдүк талдоо:
Ал ченемдик укуктук актынын түзүмдүк элементтеринин санынан, өзгөртүүлөргө дуушар болбогон ченемдердин санынан жана өзгөртүүлөр киргизилген ченемдердин (анын ичинде алып салынган жана толукталган жаңы түзүмдүк элементтердин) санынан турат.
Түзүмдүк талдоо ченемдик укуктук актысынын айрым түзүмдүк элементтеринин (глава, параграф, бөлүм, бөлүмчө, берене, пункт, пунктча, бөлүк) сандык өзгөрүү динамикасын изилдөөдөн да турат.
3-таблица. Беренелер боюнча салыштырмалуу талдоо
№ п/п | ϴзгөртүүлөр киргизилген түзүмдүк элементтин номери, аталышын көрсөтүү менен | Саны | Өзгөртүлгөн жобонун маңызы/мазмуну | Ченемдик укуктук актысына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизген ченемдик укуктук актыларынын аталышы жана кабыл алынган датасы | Ченемдик укуктук актысына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү үчүн негиздер |
1. | 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр |
|
|
|
|
2. | 2-берене. |
|
|
|
|
3. | 3-берене. |
|
|
|
|
4. | 2-глава. |
|
|
|
|
| … |
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
| |
Мыйзамдардын туруктуулугун талдоо
Акт кабыл алынган учурдан тартып, отчеттук мезгилге туруктуулуктун максималдуу жана минималдуу мезгили көрсөтүлөт.
* ченемдик укуктук актылардын туруктуулук мезгили – ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилбеген мезгил;
* ченемдик укуктук актылардын туруктуулугунун максималдуу мөөнөтү – ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилбеген бир кыйла узак мезгил (ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн ортосундагы эң узак мезгил);
* ченемдик укуктук актылардын туруктуулугунун минималдуу мөөнөтү – ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнүн ортосундагы бир кыйла кыска мезгил.
Негизги тыянактар
Мыйзамдардын туруктуулугун талдоо мыйзамдардын өзгөрүү динамикасын, айрым ченемдердин өзгөрүү санын изилдөөдөн, ошондой эле мыйзамдардын туруксуздугунун негиздүүлүгүн белгилөөдөн турат.
«Негизги тыянактар» бөлүмү ченемдик укуктук актынын туруктуулугун, салыштырмалуу туруктуулугун жана туруксуздугун, ошондой эле мыйзамдардын туруксуздугунун негиздүүлүгүн аныктайт.
Мыйзамдардын туруктуулугун талдоо түрдүү мезгилде алынган натыйжалардан (ченемдик укуктук акт кабыл алынган учурдан тартып, жыл жана отчеттук мезгил үчүн туруктуулугун салыштыруудан), ченемдик укуктук актыны өзгөртүүлөрдүн ургаалдуулугунун жогорулашы же төмөндөшү боюнча көрсөткүчтөрдөн турат.
_____________________________________ (Мамлекеттик органдын жетекчиси, же болбосо башка юридикалык кызмат маселелерин тескөөчү кызмат адамы) | __________________________________ (Ф.А.А.) | ______________________ (колу) | 20__-жылдын ___-______ |