Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 токтому менен бекитилди) |
Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана
саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө
тарифтерди аныктоо
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 233, 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608, 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 220 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) тарабынан көрсөтүлүүчү борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди түзүү боюнча бирдиктүү методикалык көрсөтмө болуп саналат.
Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) табигый монополиянын субъекттери болуп саналат жана мамлекеттик жөнгө салынууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Тартиптин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди негизсиз белгилөөгө жана жогорулатууга жол бербөө;
2) керектөөчүлөрдү ичүүчү сууну этияттык менен пайдаланууга жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды колдонууга дем берүү;
3) борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу.
2-глава. Негизги түшүнүктөр
3. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) суу менен камсыздоо - Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Мыйзамынын талаптарына ылайык ичүүчү сууну алуу, жугушсуздандыруу, ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
2) саркынды сууларды чыгаруу - үй чарбаларынын, уюмдардын жана ишканаларынын аймагынан агынды сууларды калктуу конуштар үчүн коопсуз ыкма менен чыгарууну камсыз кылуучу жана аны айлана-чөйрөгө кайтарууда суунун сапатынын стандарттарына жооп берген агынды сууларды кабыл алуу, ташуу жана тазалоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
3) суу түтүк-канализация чарбасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн өздүк наркы - ишкананын (уюмдун) керектөөчүлөрдү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну камсыз кылуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана/же көрсөтүү үчүн зарыл болгон акчалай формадагы чыгымдарынын (пландалган жана/же иш жүзүндөгү) жыйындысы;
4) калькуляция - борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдигинин наркын эсептөө;
5) тикелей чыгымдар - борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү процесси менен түздөн-түз байланышкан чыгымдар, аларды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн өздүк наркына түздөн-түз киргизүүгө болот;
6) кыйыр чыгымдар - борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнүн өздүк наркына түздөн-түз киргизүүгө мүмкүн болбогон жана ишкананын (уюмдун) өндүрүштүк процесстерин жана бүтүндөй ишин камсыз кылган чыгымдар (мисалы, көмөкчү жана административдик-башкаруу персоналынын эмгек акысын төлөөгө чыгымдар жана социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр, электр энергиясына, жабдуулардын амортизациясына, ижара акысына чыгымдар, транспорттук чыгымдар, жалпы чарбалык чыгымдар ж.б.).
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 220 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыйыр чыгымдар төмөндө саналган критерийлердин бири боюнча бөлүштүрүлүшү (пропорциялуу) мүмкүн:
- тикелей материалдык чыгымдар (тикелей чыгымдардын суммасы);
- эмгек түйшүгү;
- кирешелердин үлүшүнө пропорциялуу;
- алынган шарттуу коэффициент.
5. Кыйыр чыгымдарды бөлүштүрүү методикасы ишкана (уюм) тарабынан өз алдынча аныкталат жана бааларды (тарифтерди) түзүүдө да, иш жүзүндө пайда болгон кыйыр чыгымдарды аныктоодо да колдонулат.
6. Бул Тартипте колдонулуучу башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар жана суу менен камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонулат.
3-глава. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо
жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн
тарифтерди аныктоонун негизги принциптери
7. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтер экономикалык негизделген өздүк нарктан (пландалган жана/же иш жүзүндөгү) жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын зарыл болгон деңгээлин колдоо жана эл аралык финансылык институттардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча карыздык милдеттенмелерди аткаруу үчүн, негизги фонддорду модернизациялоого, реконструкциялоого жана реабилитациялоого өздүк каражаттарды инвестициялоо үчүн резервди түзүү, суу менен камсыздоочу ишканалардын (уюмдардын) жамаатына жамааттык келишимге ылайык, бирок Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык мурдагы календардык жыл үчүн инфляциянын иш жүзүндөгү деңгээлинен төмөн эмес материалдык-социалдык жеңилдиктерди берүү үчүн жетиштүү кирешенин белгилүү өлчөмүнөн аныкталат.
Суунун өздүк наркын эсептөө алынган сууга кеткен чыгымдарды, жугушсуздандыруу боюнча чыгымдарды, ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча чыгымдарды белгилүү бир мезгилде (ай, квартал, жыл) сатылган суунун көлөмүнө бөлүү, ошондой эле агынды сууларды ташууга, кабыл алууга жана жугушсуздандырууга кеткен чыгымдарды белгилүү бир мезгилде (ай, квартал, жыл) абоненттерден тазалоого кабыл алынган агынды суулардын көлөмүнө бөлүү жолу менен жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608, 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 220 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү менен макулдашылган тарифти төмөнкү 3 категорияга дифференциациялоого укуктуу:
1-категория – жеке жактар (калк), жеке ишкерлерден тышкары;
2-категория – бюджеттик уюмдар;
3-категория – менчигинин түрүнө жана баланстык таандыктыгына карабастан башка керектөөчүлөр.
Же төмөнкү эки категорияга:
1-категория – жеке жактар (калк), жеке ишкерлерден тышкары;
2-категория – менчигинин түрүнө жана баланстык таандыктыгына карабастан башка керектөөчүлөр.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Тарифтердин наркын эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
P = Z1 / V + (In * (Z1 / V) / 100),
мында:
P – бир куб. метр (м³) үчүн суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тариф;
Z1 – ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык чыгымдар;
V – бардык керектөөчүлөр тарабынан суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөнүн пландалган көлөмү куб метр (м³) менен (болжолдонгон кошууларды эске алуу менен мурдагы мезгилдин иш жүзүндөгү көлөмдөрүнүн негизинде же керектөөнүн жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген ченемине ылайык);
In – ушул Тартиптин 7-пунктунда каралган чыгымдарды жабууну камсыз кылуучу пайданын ченеми.
Тарифти эсептөө жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрү боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Өзүнчө эсепке алуу бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы төмөнкүлөрдү белгилөөгө укуктуу:
1) 1-категориядагы керектөөчүлөр үчүн жеңилдетилген тариф менен эсептик тарифтин ортосундагы айырманын орду толукталган шартта жергиликтүү бюджеттин эсебинен жеңилдетилген тарифтерди;
2) ишкердик ишти жүргүзүү үчүн борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн ири көлөмдө пайдаланган менчигинин формасына жана баланстык таандыктыгына карабастан башка керектөөчүлөр үчүн белгиленген тарифке карата жогорулатылган коэффициентти.
Тарифке карата жогорулатылган коэффициент колдонулуучу мындай керектөөчүлөрдүн тизмеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жогорулатылган коэффициент борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө же болбосо ушул кызмат көрсөтүүлөрдүн бирине карата колдонулушу мүмкүн.
Коэффициенттин диапазону 1.0дөн (негизсиз) жана 3.0гө чейинки (максималдуу уруксат берилген жогорулатуу) чекте аныкталат.
Жогорулатылган коэффициент колдонулган учурда ичүүчү суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акыны эсептөө керектелген кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн тарифке (1 м³ үчүн) жана жогорулатылган коэффициенттин өлчөмүнө көбөйтүү аркылуу жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 233, 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтер монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашылат жана ушул Тартипке ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет.
4-глава. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо
жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн
тарифтерди макулдашуу жана бекитүү тартиби
12. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди макулдашуу үчүн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкү материалдар берилет:
1) коштомо кат (эркин формада);
2) тарифтердин прейскурантынын долбоору 2 нускада кагаз жүзүндө, аларга жетекчи жана башкы бухгалтер кол коюуга жана ишкананын (уюмдун) мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө, ошондой эле электрондук форматта берилүүгө тийиш;
3) ишкананын (уюмдун) негизги техникалык-экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү;
4) бардык тиркемелери менен баланстык отчет;
5) учурдагы тарифтерди суммалык жана сандык түрдө колдонууну талдоо;
6) беренелердин чечмелениши менен чыгымдардын калькуляциясы;
7) беренелердин чечмелениши менен калькуляциялардын көрсөткүчтөрүнүн салыштырма таблицасы;
8) коштомо чыгымдардын чечмелениши (коштомо чыгамдардын негиздемеси);
9) баалардын (тарифтердин) деңгээли өзгөргөндө себептердин негиздемеси;
10) пайданын (рентабелдүүлүк) кабыл алынган көлөмүнүн негиздемеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 220 токтомунун редакциясына ылайык)
121. Ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык эсептик материалдарды карап чыккандан кийин борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) мамлекеттик органдардын, керектөөчүлөрдүн жана алардын коомдук бирикмелеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу субъекттерин чакыруу менен табигый монополиянын субъектинин жөнгө салынуучу товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) баалардын (тарифтердин) же алардын чектик деңгээлдеринин долбоорун коомдук талкуулоо жол-жобосун өткөрөт.
Талкуулоо өткөрүүнүн принциптери:
1) ачык-айкындуулук;
2) керектөөчүлөрдүн жана суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу субъекттеринин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун сактоо.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы коомдук талкуулоону өткөргөнгө чейин акыркы керектөөчүлөр үчүн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) баалардын (тарифтердин) же анын чектик деңгээлинин күтүлүүчү өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматты өзүнүн интернет-ресурсуна жайгаштырат.
Коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтар суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу субъекти менен макулдашуусуз коомдук угууларда жарыяланууга тийиш эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 220 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Берилген материалдардын тууралыгы жана аныктыгы үчүн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканасынын (уюмдун) жетекчиси жоопкерчилик тартат.
14. Ушул Тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн материалдар жок болгон учурда, берилген документтер монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан каралбайт. Документтерди кароодон баш тартуу монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндөн кеч эмес суу менен камсыздоо ишканасына (уюмуна) жиберилет жана анда жетишпеген маалыматтардын тизмеги камтылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Берилген материалдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан ушул Тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн бардык эсептик материалдар келип түшкөн күндөн тартып 15 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каралат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608, 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 220 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15¹. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык бардык зарыл документтерди алгандан кийин борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин эсептөөлөрүндө жана негиздемелеринде дал келбестиктер табылган учурда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү арыз ээсине себептерин жана аныкталган дал келбестиктерди көрсөтүү менен жүйөлүү баш тартууну жазуу жүзүндө берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 220 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар (уюмдар) тарифтерди макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин бир жумалык мөөнөттө тарифтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүгө милдеттүү.
17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы макулдашылган тарифтерди алган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттүн ичинде макулдашылган тарифтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына бекитүүгө киргизүүгө милдеттүү.
18. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жакынкы сессияда тарифтерди бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алат же болбосо тарифтерди бекитүүдөн жүйөлүү (экономикалык жактан негизделген) баш тартууну борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишканага (уюмга) жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө жиберет.
19. Тарифтер Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жаңы тарифтер бекитилгенге чейин колдонулат.
Юридикалык жана жеке жактардын кайрылуулары, даттануулары, арыздары болгон учурда, ошондой эле ишканалар жана уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү ушул Тартипке ылайык тарифти өзгөртүүнү демилгелөөгө укуктуу.
19¹. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматын көрсөткөн ишкана (уюм) кайрылганда ушул Тартипке ылайык акыркы календардык жылдагы керектөө бааларынын индекси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарын эске алуу менен тарифтер кайра каралышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 220 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо
жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн
өздүк наркына киргизилүүгө тийиш болгон чыгымдардын
курамы
20. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн өздүк наркы төмөнкү беренелер боюнча түзүлөт:
1) материалдык чыгымдар;
2) технологиялык максаттагы отун жана энергия;
3) эмгек акы төлөөгө чыгымдар;
4) социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр;
5) негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациясы;
6) негизги каражаттарды оңдоо;
7) транспорттук чыгымдар;
8) административдик чыгымдар;
9) цехтик чыгымдар;
10) жалпы чарбалык чыгымдар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Материалдык чыгымдар беренесинде нормалдуу технологиялык процессти камсыз кылуу үчүн борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү процессинде пайдаланылуучу сатып алынуучу материалдардын (КНСти эсепке албастан), көмөкчү материалдардын (эгерде алар өзүнчө статьяда бөлүнбөсө) наркы чагылдырылат.
Эгер ишкана (уюм) КНСти төлөөчү болбосо, анда бул материалдардын наркы КНСти эсепке алуу менен аныкталат.
22. Технологиялык максаттагы отун жана энергия беренесинде технологиялык максатта сарпталган отундун бардык түрлөрүн сатып алууга кеткен чыгымдар көрсөтүлөт.
Эскертүү: өндүрүшкө сарпталган бир тектүү отун бекитилген ченемдердин чегинде натуралдык эсептегичтерде сактоо кампасында орточо салмактанып алынган баа боюнча бааланат.
Отундун өндүрүштө сарпталышы анын түрүнө жана маркасына карабастан шарттуу отунга айлантып эсептөө менен бирдиктүү эсептөөгө келтирилет.
Уурдоолор жана кыянаттык менен пайдалануулар болгон учурда чийки заттын жана материалдардын кем чыгуулары өздүк наркка киргизилбейт.
Сатып алынуучу энергияга чыгымдар белгиленген ченемдерге ылайык белгиленген баалар (тарифтер) боюнча аны төлөөгө кеткен чыгымдардан турат.
23. Эмгек акы төлөөгө чыгымдар беренесинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык штаттык расписаниеге, эмгек келишимине ылайык эсептелген иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн эмгек акыны, сый акыларды, тарифтик ставкаларга үстөк акыларды, өргүү акыларын, дем берүүчү төлөмдөрдү жана компенсацияларды төлөөгө кеткен чыгымдар чагылдырылат. Эмгек акыга кеткен чыгымдардын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ишканада (уюмда) кабыл алынган эмгек акы төлөө формаларына жана системаларына ылайык иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн баалап төлөөгө, тарифтик ставкаларга жана кызматтык маяналарга жараша эсептелген эмгек акы төлөөлөр;
2) кесиптик чеберчилиги, эмгектеги жогорку жетишкендиктери ж.б. үчүн тарифтик ставкаларга жана маяналарга үстөктөр;
3) иш режими жана эмгек шарттары менен байланышкан компенсациялоочу жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түнкү убакта иштегендиги, мөөнөтүнөн ашык иштегендиги, көп сменалуу режимде иштегендиги, эмгектин оор, зыяндуу, өзгөчө зыяндуу шарттарында иштегендиги үчүн тарифтик ставкаларга жана маяналарга үстөктөр жана кошумча төлөөлөр;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык иштеген жылдары үчүн бир жолку сый акылар (ушул чарбада адистиги боюнча иш стажы үчүн үстөктөр);
5) эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү эмгек акыны райондук жөнгө салуу менен шартталган төлөмдөр, анын ичинде райондук коэффициенттер жана жетүүгө кыйын болгон бийик тоолуу жана алыскы жерлерде иштегендиги үчүн коэффициенттер боюнча төлөмдөр, өзгөчө жаратылыш-климаттык шарттары (бийик тоолуу, барууга кыйын, алыс жайгашкан) райондордо иштин жагымсыз шарттары үчүн эмгек акысына компенсация каралган республиканын айрым региондорунда үзгүлтүксүз иш стажы үчүн каралган эмгек акыга үстөктөр.
24. Социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр беренесинде мамлекеттик Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү чегерүүлөр чагылдырылат.
25. Негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациясы беренесинде Салык кодексине жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык же эксплуатациялоо мөөнөтүнө жараша жеке каражаттардын эсебинен сатып алынган, акысыз негиздеги (грант) негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациялык чегерүүлөрүнүн суммасы чагылдырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Амортизациялык чегерүүлөр алардын баланстык наркына жана бекитилген ченемдерге же эксплуатациялоо мөөнөтүнө жараша борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүдө түздөн-түз пайдаланылуучу негизги каражаттарга жана материалдык эмес активдерге амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасын чагылдырат. Эскертүү: амортизация төмөнкүлөрдүн негизинде эсептелет:
1) экономикалык пайда алуу болжолдонгон убакыт мезгилинин;
2) көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүнүн.
27. Негизги фонддорду кайра баалоо Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
28. Негизги каражаттардын объектин сатып алууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар сатып алуу баасын, анын ичинде импорттук алымдарды жана сатып алуудагы орду толтурулбаган салыктарды, ошондой эле арналышы боюнча пайдалануу үчүн активди жумуш абалына келтирүү боюнча кандай болбосун тике сарптоолорду камтыйт. Ар кандай соода арзандатуулары сатык баасын аныктоодо алынып салынат.
29. Тике чыгымдар төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) аянтты даярдоо чыгымдары;
2) баштапкы жеткирүү жана түшүрүү чыгымдары;
3) орнотууга жана башка жөндөө-иштетүү жумуштарына чыгымдар;
4) суу менен камсыздоонун жана (же) саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган системаларын эксплуатациялоого байланышкан башка уюмдар аткарган жумуштарга жана (же) кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдар;
5) демонтаждын болжолдуу наркы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Негизги каражаттарды оңдоо беренесине отчеттук мезгилдин башына карата бардык негизги каражаттардын баланстык наркынын 15 пайызга чейинкисин түзгөн суммада иштер кошулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Транспорттук чыгымдар беренесине атайын техниканы жана автотранспортту күтүүгө иш жүзүндөгү чыгымдар чагылдырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Административдик чыгымдар беренесинде административдик-башкаруу персоналын (жетекчилик, бухгалтерия, юридикалык кызмат, кадрдык кызмат ж.б.) күтүүгө байланышкан чыгымдар чагылдырылат, анын ичинде:
1) башкаруучу жана жалпы чарбалык персоналга тиешелүү кызматкерлердин эмгек акысы. Эмгекке акы төлөө чыгымдарынын курамына ушул Тартиптин 23-пунктунда көрсөтүлгөн жана башкаруучу жана жалпы чарбалык персоналга чегерилүүчү бардык төлөмдөр киргизилет;";
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарына ылайык социалдык жана медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр;
3) башкаруунун административдик аппаратын, түзүмдүк бөлүмдөрдү тейлеген кызматкерлерди кармоого, аларды материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөөгө, анын ичинде кызматтык жеңил автотранспортту күтүүгө кеткен чыгымдар. Борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнүн өздүк наркына киргизилүүчү кызматтык жеңил автотранспорттун бирдиктеринин саны, аларды тейлөөгө кеткен чыгымдар ыйгарым укуктуу монополияга каршы орган менен макулдашылат;
4) башкаруунун техникалык каражаттарын, байланыш түйүндөрүн, сигнализация каражаттарын, эсептөө борборлорун жана башкаруунун өндүрүшкө тиешеси жок башка техникалык каражаттарын кармоого жана тейлөөгө чыгымдар (жалпы чарбалык багыттагы негизги каражаттардын эскириши, имараттарды, курулмаларды жана жалпы чарбалык багыттагы шаймандарды кармоого чыгымдар). Имараттарды жана курулмаларды оңдоо боюнча чыгымдар финансылык жылга түзүлгөн сметаларга ылайык наркка киргизилет, алар отчеттук мезгилде өздөштүрүлүүгө тийиш;
5) банктын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө (алыш-бериш эсебин ачуу жана жүргүзүү, акча каражаттарын которуу үчүн комиссиялык төлөмдөр ж.б.);
6) субъекттин штаттык расписаниесинде тигил же бул функционалдык кызматтар каралбаган учурларда жалпы чарбалык башкаруу боюнча башка уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу кызматтарга акы төлөө;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башкармалыктын административдик персоналынын иш сапарларына чыгымдар;
8) кеңсе, типография, почта, телеграф жана телефон чыгымдары;
9) санитардык-гигиеналык талаптарды аткарууну камсыз кылуу боюнча чыгымдар;
10) суу менен камсыздоонун жана (же) саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган системаларын ижарага алууга байланышпаган ижара акысы;
11) өндүрүштүк контролдоо программасын түзүүгө жана аткарууга, анын ичинде коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча ичүүчү сууга жана саркынды сууларга лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө чыгымдар;
12) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык өндүрүштүк эмес кызматкерлердин (башкаруу аппараты ж.б.) иштеген жылдары үчүн сый акы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
321. Цехтик чыгымдар, аларга төмөнкүлөр кирет:
– цехтин башкаруу аппаратын жана башкаруу аппаратына кирбеген кызматкерлердин эмгек акысын төлөө жана социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр боюнча чыгымдар;
– эмгекти коргоо чыгымдары;
– баалуулугу аз жана тез эскирүүчү предметтердин эскириши;
– жабдууларды күтүү жана эксплуатациялоо чыгымдары;
– өндүрүштүк эмес чыгымдар.
Цехтик чыгымдар эреже катары товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар кандай түрлөрүнүн ортосунда өндүрүштүк жумушчулардын эмгек акысынын, жабдууларды күтүү жана эксплуатациялоо чыгымдарынын суммасына жана чийки заттын, материалдардын жана жарым фабрикаттардын наркы болбостон негизги чыгымдардын суммасына пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Жалпы чарбалык чыгымдар беренесинде төмөнкүлөр камтылган:
1) салыктар (орду толтурулбаган);
2) жыйымдар;
3) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) булгоочу заттарды чыгаргандыгы (төккөндүгү) үчүн төлөмдөр;
5) ойлоп табуулар жана рационализатордук сунуштар үчүн сый акылар;
6) Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген ставкалардын чегинде банктардын кредиттери боюнча төлөмдөр (негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди сатып алуу менен байланышкан кредиттерди кошпогондо) жана товардык-материалдык баалуулуктарды (башка ишканалар тарабынан иштерди жүргүзүү, кызматтарды көрсөтүү) сатып алуу үчүн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн) кредиттери боюнча пайыздарды төлөөгө чыгымдар;
7) продукцияны сертификациялоого кеткен чыгымдар;
8) иш сапарга кеткен чыгымдар;
9) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого чыгымдар;
10) кызматкерлерди уюшкан түрдө ишке тартуу боюнча чыгымдар;
11) муниципалдык менчиктеги суу менен камсыздоонун жана (же) саркынды сууну чыгаруунун борборлоштурулган системаларына же алардын айрым объекттерине карата ижара акысы;
12) ведомстволук лабораторияларды кармоого кеткен чыгымдар;
13) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19) башка уюмдар тарабынан суу түтүк-канализация чарбасынын объекттерин кайтарууга кеткен чыгымдар;
20) лицензиялык-уруксат берүү документтерине кеткен чыгымдар;
21) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
22) коммуналдык чыгымдар;
23) кеңсе чыгымдары.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына төмөнкүлөр кирбейт:
1) турак жай шарттарын жакшыртууга материалдык жардам, пайызсыз ссуда жана башка социалдык төлөмдөр;
2) дарыланууга жана эс алууга, экскурсияга жана саякатка ж.б. жолдомонун акысын төлөө;
3) түздөн-түз эмгек акы төлөө менен байланышпаган төлөмдөрдүн башка түрлөрү;
4) соттук чыгымдар;
5) финансылык-чарбалык иштерди текшерүү менен байланышкан чыгымдар;
6) чарбалык иштеги бузуулар үчүн айып пулдар, туумдар жана санкциянын башка түрлөрү;
7) уурдоодон келип чыккан зыяндар;
8) демөөрчүлүк жардамдын бардык түрлөрүн көрсөтүү;
9) турак жай, жатакана үчүн төлөө;
10) реконструкция жана колдонуудагы кубаттуулукту көбөйтүү учурларынан тышкары, жаңы абоненттерди кошуу менен байланышкан капиталдык курулуштарга кеткен чыгымдар;
11) кызматтарды аткарууга түздөн-түз тийиштүү болбогон башка чыгымдар.
Ошондой эле төмөнкүлөргө тыюу салынат:
12) кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына (тарифине) киргизилген каражаттарды максатсыз колдонууга;
13) кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына (тарифине) киргизилбеген иштерди ишке ашырууга.
35. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканаларын (уюмдарын) чыгымдарды азайтууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга дем берүү төмөнкүлөр аркылуу чыгымдарды үнөмдөөнүн эсебинен кошумча пайданы алуу жана колдонуу мүмкүндүгүн берүү аркылуу жүргүзүлөт:
борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бир кыйла натыйжалуу методдорун жана технологияларын ишке киргизүү;
конкурстук (тендердик) жол-жоболорду жүргүзүүнүн натыйжасында акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу;
ченемдик технологиялык (техникалык) чыгымдарды (жоготууларды) азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
эмгекти уюштуруунун алдынкы методдорун ишке киргизүү;
энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү;
чыгымдарды кыскартуу жана оптималдаштыруу боюнча башка иш-чараларды жүргүзүү.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) тарабынан алынган чыгымдарды үнөмдөө жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча экономикалык негиздөө монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө берилген учурда оптималдаштыруучу иш-чараларды жүргүзүүгө чыгымдарды актоо мөөнөтү бүткөндөн кийин үч жыл аяктаганга чейин чыгымдарды үнөмдөө түзүлгөн мезгилдин ичинде тарифтерди эсептөөдө эске алынбайт (чыгымдарды калькуляциялоо үнөмдөөнүн болушун эске албастан жүргүзүлөт).
Чыгымдарды оптималдаштыруунун же борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бир кыйла натыйжалуу методдорун жана технологияларын колдонуунун натыйжасында кошумча пайданы алууда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканасы (уюму) үнөмдөлгөн сумманы жаңы өндүрүштүк активдерди түзүүгө, өндүрүштүк активдерди кеңейтүүгө, калыбына келтирүүгө, жаңыртууга, колдоого, реконструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга жумшайт, ошондой эле үнөмдөлгөн сумманы чыгымдарды үнөмдөөдөн алынган чоңдуктун 10 пайызынан ашпаган суммада кызматкерлерге сый акыны төлөөгө жумшоого укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу
жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүлөргө
карата тарифтин туура түзүлүшүн мамлекеттик контролдоо
36. Борборлоштурулган суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифти түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгын жана ушул Тартиптин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерге текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарына ылайык монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү жүзөгө ашырат.
7-глава. Ушул Тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
37. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматын көрсөткөн ишкана (уюм) макулдашууга материалдарды бербегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрү тиешелүү жазма буйрук берет.
38. Жазма буйруктун талаптарын аткарбаган учурда, ошондой эле тастыкталган маалыматтарды бербегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
38¹. Борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди аныктоо жана колдонуу тартибин бузуулардын түрлөрү жана ушул Тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобонун 6-бөлүмүндө аныкталган.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. Чечимдерге даттануунун тартиби
39. Суу менен камсыздоо ишканасы (уюму) монополияга каршы мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жана жергиликтүү кеңештин чечимине административдик иш жана административдик жол-жоболор тууралуу мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу. Суу менен камсыздоо ишканасы (уюму) административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда сотко кайрылууга укуктуу.