Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 26-июнундагы № 2-д
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы №4-д
“Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө (улуттук номерлөө ресурсун бөлүп берүү; байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радиожыштык нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификатын берүү; бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радиожыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү)» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүн кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 4-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө (улуттук номерлөө ресурсун бөлүп берүү; байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радиожыштык нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификатын берүү; бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радиожыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү)” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-тиркемесинин 7-пунктунун үчүнчү графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Алучуудан арызды кабыл алуу убакытынын чеги - 30 мүнөт; кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү арыз жана ага тиркелген документтердин топтому алынган күндөн тартып 10 иш күндөн ашпашы керек (анын ичинде электрондук форматта)”;
-2-тиркемесинин 7-пунктунун үчүнчү графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Бардык зарыл документтер болгон учурда кызмат көрсөтүүгө берилген өтунмө жаран кайрылган күнү дароо кабыл алынат. Жабдуулар белгиленген талаптарга ылайык келген учурда талаптар боюнча продукцияны милдеттүү түрдө сертификациялоону жүргүзүү мөөнөтү:
- КР улуттук мыйзамдарында 18 иш күндү түзөт, анын ичинде электрондук форматта дагы;
- Бажы бирлигинин/ЕАЭБдин техникалык регламенттери (ББ ТР 004/2011 жана ББ ТР 020/2011) 30 иш күндү түзөт, анын ичинде электрондук форматта (ИЛ республиканын чегинен тышкары жайгашкандыгына байланыштуу). Кыскартылган форма боюнча иштерди жүргүзүүнүн мөөнөтү арыз кабыл алынгандан тартып арыз ээсине шайкештик сертификаты берилгенге чейин бардык ырастоочу документтер болгон учурда бардык продукция үчүн, анын ичинде электрондук форматта да 2 күндөн ашпоого тийиш”;
-3-тиркемесинин 7-пунктунун үчүнчү графасынын төртүнчү абзацындагы “90” деген цифралар “75” деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы:
-ушул буйрук менен бекитилген мамлекеттик кызматтардын стандарттарын сактоону камсыздасын;
- мамлекеттик кызматтардын стандарттарын өздөрүнүн веб-сайтына жана маалымат такталарына жайгаштырсын;
-стандарт бекитилгенден кийин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Электр жана почта байланышын өнүктүрүү башкармалыгы ушул буйрук расмий сайтка жайгаштырылган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде ушул буйруктардын көчүрмөсүн жиберсин:
- ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн.
5. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин веб-сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.К. Кожомуратовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин digital.gov.kg расмий сайтында 2024-жылдын 01-июлунда жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри |
| Н.А. Кутнаева |