Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-июну № 301
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 "Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жободо:
- 1.1-пунктта "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.8-пунктта:
"жеке адамдардын жана юридикалык жактардын депозиттик эсептериндеги" деген сөздөр "жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин депозиттик эсептериндеги жана банк тарабынан эмиссияланган, кармоочулары болуп жеке жактар жана жеке ишкерлер саналган электрондук акча эсептериндеги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"эсептик" деген сөз "расмий" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясынын отчетунун формасы жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын, катышуучу микрофинансылык компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниясынын отчетунун формасы жөнүндө нускамада:
- 17-пункт "юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү аманаттары" деген сөздөрдөн кийин ", банк тарабынан эмиссияланган, кармоочулары болуп жеке жактар жана жеке ишкерлер саналган электрондук акча эсептери" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19, 28, 34-пункттарда "эсептик" деген сөз "расмий" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 22-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке адамдардын депозиттеринин суммасы, миң сом менен" деген позицияга жеке адамдардын депозиттик эсептери, банк тарабынан эмиссияланган, кармоочулары болуп жеке жактар саналган электрондук акча эсептери банктын, МФК, ТСКК бекитилген Бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына ылайык киргизилет.
"Жеке ишкерлердин депозиттеринин суммасы, миң сом менен" деген позицияга жеке ишкерлердин депозиттик эсептери, банк тарабынан эмиссияланган, кармоочулары болуп жеке ишкерлер саналган электрондук акча эсептери банктын, МФК, ТСКК бекитилген Бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына ылайык киргизилет.";
- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. 12-графада юридикалык, жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге карыздын жалпы суммасы көрсөтүлөт, ал 2-11-графалардагы маанилердин суммасы катары аныкталат. "Депозиттин өлчөмү" деген сапка кирген графаларда ар бир аманатчыга (кардарга) карата карыздын жалпы көлөмү боюнча отчеттук датага карата топтоштуруу жасалат:
- 1000 сомго чейин;
- 100 000 сомго чейин;
- 200 000 сомго чейин;
- 500 000 сомго чейин;
- 1 000 000 сомго чейин;
- 1 200 000 сомго чейин;
- 1 500 000 сомго чейин;
- 1 800 000 сомго чейин;
- 2 000 000 сомго чейин;
- 2 500 000 сомго чейин.";
- 27-пункт "жеке адамдардын" деген сөздөрдөн кийин ", жеке ишкерлердин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 32-пункт "ишкерлердин аманаттык эсептеринин" деген сөздөрдөн кийин ", банк тарабынан эмиссияланган, кармоочулары болуп жеке жактар жана жеке ишкерлер саналган электрондук акча эсептеринин" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 4-тиркемесинде "Юридикалык жана жеке жактардын, жеке ишкерлердин депозиттери жөнүндө маалыматтар, суммалар боюнча бөлүштүрүү менен (көбөйүүчү жыйынтык менен)" таблицасынын биринчи сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
" |
| |||||||||||
Депозиттин өлчөмү | 1 000 | 100 000 | 200 000 | 500 000 | 1 000 000 | 1 200 000 | 1 500 000 | 1 800 000 | 2 000 000 | 2 500 000 | Депозиттин бардыгы | Депозиттер боюнча эсептелген пайыздар |
| ". | |||||||||||
".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 45 (3598) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| Тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо
боюнча агенттигине берилүүчү депозиттерди
коргоо системасынын катышуучу банкынын,
катышуучу микрофинансылык
компаниясынын, катышуучу турак жай-сактык
кредиттик компаниясынын отчетунун
курамы
№ | Тиркеме | Аталышы | Мезгилдүүлүгү | Мөөнөтү |
1 | 2 | Депозиттерди коргоо системасынын банк- катышуучу, микрофинансылык компания-катышуучу, турак жай-аманат жана кредиттик компания-катышуучу жөнүндө базалык маалымат | Квартал сайын | Отчеттук мезгилден кийинки кварталдын 15ине чейин |
2 | 3 | Депозиттик базанын күнүмдүк калдыктары жөнүндө маалыматтар | Квартал сайын | Отчеттук мезгилден кийинки кварталдын 15ине чейин |
3 | 4 | Суммалар боюнча бөлүштүрүлгөн депозиттик база жөнүндө маалыматтар (көбөйүүчү жыйынтык менен) | Квартал сайын | Отчеттук мезгилден кийинки кварталдын 15ине чейин |
4 | 5 | Кыргыз Республикасынын облустарында тартуу булактары боюнча депозиттердин көлөмү | Квартал сайын | Отчеттук мезгилден кийинки кварталдын 15ине чейин |
5 | 6 | Кыргыз Республикасынын облустарында депозиттик эсептер жөнүндө маалыматтар | Квартал сайын | Отчеттук мезгилден кийинки кварталдын 15ине чейин |
6 | 7 | Депозиттер жана колдонулуучу пайыздык ставкалар жөнүндө маалыматтар. Депозиттердин көлөмү | Квартал сайын | Отчеттук мезгилден кийинки кварталдын 15ине чейин |
|
|
|
| ". |