Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого
орто мөөнөттүү тарифтик саясаты
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 420, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 623, 2024-жылдын 29-майындагы № 287 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Киришүү
Ушул Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (мындан ары - ОМТС) өлкөнүн энергетика тармагындагы каатчылыктын шарттарында керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга багытталган.
Ушул ОМТСтин максаты жылуулук энергетикалык тармагында өзүн-өзү актоо принциптерин акырындык менен киргизүү жана тарифтерди түзүүдө кайчылаш субсидияларды этап-этабы боюнча жоюу болуп саналат.
ОМТС орто мөөнөттүү мезгилде жылуулук энергиясына тарифтер менен наркын жабууга жетүүнү жана андан ары аларды жыл сайын өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлине карата түзөтүп турууну болжолдойт.
Импорттолуучу отун ресурстарынын (көмүр, газ, мазут) наркы дайыма өсүп жаткан шарттарда ушул ОМТСтин негизги милдеттеринин бири ушул ОМТСтин тиркемесинде келтирилген темптерге ылайык жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтерди өз убагында өзгөртүү болуп саналат. Мындай мамиле жылуулук энергиясына жана ысык сууга болгон тарифтерди акырындык менен алардын реалдуу наркына чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет, жыйынтыгында жылуулук энергетика секторундагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын финансылык туруктуулугун камсыз кылат.
2-глава. Жалпы принциптер
Бул ОМТС төмөнкү принциптерге негизделет:
- тарифтер жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча бардык чыгымдарын, ошондой эле карыздарды, капиталдык салымдарды жана башка тейлөөгө чыгымдарды жабышы керек;
- тарифтердин өсүү темпи акырындык менен жүргүзүлүшү жана керектөөчүлөр үчүн күтүүсүз экономикалык кыйынчылыктарды жаратпашы керек;
- электр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн ортосундагы кайчылаш субсидиялоо акырындык менен жоюлушу керек. Мында 2025-жылга чейинки орто мөөнөттүү мезгилде жылуулук энергетикасында субсидияларды толугу менен жоюу мүмкүн эмес, анткени бул калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтин өтө өсүп кетишине алып келет.
3-глава. Тарифтер
Калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтер
Тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн көлөмү 80 м2 чейинки турак жайдын жалпы аянты үчүн белгиленген жылуулук энергиясын ай сайын керектөөнүн социалдык ченеми каралат.
Турак жайынын жалпы аянтынын көлөмү 80 м2 жогору болгон тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн жылуулук энергиясына тарифтер социалдык ченемден ашкан ар бир м2 үчүн жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
Жериндеги жеке жылытуучу отканалар жылуулук менен камсыздаган жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн жылуулук энергиясына тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 287 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 287 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Өнөр жай жана башка керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтер
Өнөр жай жана башка керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
Бюджеттик керектөөчүлөр үчүн тарифтер.
2024-жылдын 1-январынан тартып бюджеттик керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
Ысык сууга тарифтер
Ысык сууну тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн да тарифтердин жыл сайын акырындык менен өсүшү каралууда.
Ушуну менен бирге калктын көпчүлүк бөлүгүндө ысык сууну эсеп алуучу приборлор жок болгондуктан, ысык сууга төлөм турак жайда жашаган ар бир адамга керектөө - айына 4,8 м3 эсебиндеги ченем боюнча каралган.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 287 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Өнөр жай жана башка керектөөчүлөр үчүн ысык сууга тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
2024-жылдын 1-январынан тартып бюджеттик керектөөчүлөр үчүн ысык сууга тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
Жылуулук менен камсыздоочу уюмдар үчүн ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясына тариф эсепке алуу приборлору боюнча жана керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн керектөө ченеми боюнча ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн тарифке жараша жекече белгиленет.
Тарифтердин туура жана өз убагында колдонулушу үчүн, алардын энергия менен камсыздоочу уюмдар жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөр тарабынан туура эмес чечмеленишин болтурбоо максатында, "Энергетика жөнүндө" жана "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык тарифтер тарифтерди колдонуу тартибин аныктаган, белгиленген тарифтер колдонулуучу керектөөчүлөрдүн топторунун тизмегин камтыган Жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди колдонуу боюнча нускамага ылайык колдонулат.
4-глава. Корутунду
Ушул ОМТСти ишке ашыруунун жүрүшүндө жыл сайын отун ресурстарына (газ, мазут, көмүр) баалардын өзгөрүүсүнө талдоо жүргүзүлүп турат. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча жылуулук энергетика секторундагы ишканалардын иштеринин негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн ОМТСте кабыл алынган көрсөткүчтөрдөн четтөөсү аныкталат. Ушуну эске алуу менен тарифтерди жогорулатуунун өсүү темпи жылуулук энергетикалык компаниялардын жабдууларды жана жылуулук тармактарын оң абалда кармап турууга, ошондой эле аларды өз убагында оңдоого жана жаңыртууга байланышкан инвестициялык жана кредиттик милдеттенмелерине жараша кайра каралышы мүмкүн.
Бул ОМТС төмөнкүлөргө түрткү берет:
- жылуулук энергиясын жана ысык сууну пайдалуу жана натыйжалуу максаттарда гана пайдаланууга;
- керектөөчүлөрдө жылуулук энергиясын жана ысык сууну пайдалануунун реалдуу наркын аныктоо мүмкүндүгүнүн пайда болушуна, бул керектөөчүнүн өз керектөөсүнүн түзүмүн кайра карап чыгуусу жана энергетикалык натыйжалуулук (жылуулоо жана изоляциялоо) үчүн өбөлгө түзөт;
- жылуулук энергетикасын субсидиялоону этап-этап менен кыскартууга.
| Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 1-тиркеме |
2021-2025-жылдарга карата акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга
тарифтер
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Керектөөчүлөрдүн тобу | Өлчөө бирдиги | Дата | ||||
2021-ж. | 01.06.2022-ж. | 01.06.2023-ж. | 01.06.2024-ж. | 01.06.2025-ж. | |||
Жылытуу максатындагы жылуулук энергиясына тарифтер | |||||||
1 | Калк(*) |
|
|
|
|
|
|
1) | айына 80 м2 чейин | сом/Гкал | 1134,76 | 1134,76 | 1248 | 1560 | 1950 |
| Өсүү | % | - | - | 10% | 25% | 25% |
2) | айына 80 м2 жогору | сом/Гкал |
|
|
| наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % |
|
|
| - | - |
2 | Өнөр жай | сом/Гкал | 1802 | 1802 | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % | 6,3% |
|
|
|
|
3 | Бюджеттик керектөөчүлөр | сом/Гкал | 1802 | 1802 | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % | 6,3% |
|
|
|
|
4 | Башка керектөөчүлөр | сом/Гкал | 1802 | 1802 | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % | 6,3% |
|
|
|
|
Ысык сууга тарифтер | |||||||
5 | Калк (ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн)(*) | сом/Гкал | 981,76 | 981,76 | 1120 | 1560 | 1950 |
| Өсүү | % | - | - | 14,1% | 39,3% | 25% |
6 | Өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр (ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн) | сом/Гкал | 1802 | 1802 | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % | 6,3% |
|
|
|
|
| Эскертүү. (*) Жылуулук энергиясына жана ысык сууга жогоруда көрсөтүлгөн тарифтер бардык жылуулук менен камсыздоочу ишканалар үчүн (жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган жериндеги жеке жылытуучу отканаларды кошпогондо) "Калк" тобундагы керектөөчүлөр менен эсептешүүлөрдө колдонулат. Эсепке алуу приборлору жана керектөө ченеми боюнча ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясына тариф керектөөчүлөрдүн бардык топтору боюнча жылуулук менен камсыздоочу уюмдар үчүн ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясына белгиленген тарифке жараша жекече белгиленет. | ||||||
|
| Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 2-тиркеме |
Жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди колдонуу боюнча
НУСКАМА
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 623, 2024-жылдын 29-майындагы № 287 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди колдонуу боюнча нускама Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын ишке ашыруунун алкагында ыйгарым укуктуу орган тарабынан колдонуу үчүн бекитилген жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди колдонуунун тартибин, ошондой эле белгиленген тарифтер колдонулуучу керектөөчүлөрдүн тизмегин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатында (мындан ары - ОМТС) белгиленген жылуулук энергиясына тарифтер отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен колдонуу үчүн бекитилет.
2. Тарифтердин колдонуу чөйрөсү
3. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленүүчү тарифтер төмөнкүлөр тарабынан иштелип чыккан жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого жайылтылат:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун жылуулук станциялары жана отканалары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун муниципалдык менчигинде турган отканалар;
- "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын отканалары;
- "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын башкаруусундагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын отканалары;
- жеке менчикте же башка уюмдардын өз алдынча балансында турган отканалар.
Иштелип чыккан жылуулук энергиясы акыркы керектөөчүлөргө төмөнкүлөр аркылуу берилет:
- түздөн-түз жылуулук менен камсыздоочу уюмдар;
- бөлүштүрүүчү ишкана - "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому аркылуу.
4. Жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын отканалары, министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук отканалары, акционердик коомдордун жана жылуулук электр станциялары, отканалары бар башка уюмдардын отканалары "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акыркы керектөөчүлөргө жылуулук энергиясын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча берүүгө милдеттүү.
5. Бул Нускамада жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3. Керектөөчүлөрдүн топтору
6. Жылуулук энергиясынын бардык акыркы керектөөчүлөрү төмөнкү топторго бөлүнөт:
"Калк" тобу;
"Өнөр жай" тобу (өнөр жай жана ага теңештирилген керектөөчүлөр);
"Бюджеттик керектөөчүлөр" тобу (республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу керектөөчүлөр);
"Башка керектөөчүлөр" тобу.
4. Тарифтердин түрлөрү
7. Жериндеги жеке жылытуучу отканалар жылуулук менен камсыздаган жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан тиричиликтик керектөөчүлөрдөн (калктан) тышкары, "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн жылытуу максатында пайдаланылган жылуулук энергиясын эсептөөдө ОМТСтин "Жылытуу максатында жылуулук энергиясына тарифтер" 1-тиркемесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө бирдиктүү тариф колдонулат.
8. Жериндеги жеке жылытуучу отканалар жылуулук менен камсыздаган жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан тиричиликтик керектөөчүлөрдөн (калктан) тышкары, "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн ысык суу менен камсыздоону эсептөөдө ОМТСтин "Ысык сууга тарифтер" 1-тиркемесинин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөгү тариф колдонулат.
9. Жериндеги жеке жылытуучу отканалар жылуулук менен камсыздаган жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
10. Жылуулук энергиясын эсептөөдө "Өнөр жай", "Бюджеттик керектөөчүлөр", "Башка керектөөчүлөр" сыяктуу тиричиликтик эмес акыркы керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн ОМТСтин "Жылытуу максатында жылуулук энергиясына тарифтер" бөлүмүнүн 1-тиркемесинин 2, 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөгү тарифтер колдонулат.
11. Ысык суу менен камсыздоону эсептөөдө "Өнөр жай", "Бюджеттик керектөөчүлөр", "Башка керектөөчүлөр" сыяктуу тиричиликтик эмес акыркы керектөөчүлөр үчүн ОМТСтин "Ысык сууга тарифтер" бөлүмүнүн 1-тиркемесинин 3, 4, 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөгү тарифтер колдонулат.
12. Тиричиликтик эмес керектөөчүлөрдүн бардык топтору (өнөр жай, бюджеттик жана башкалар) үчүн тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын өлчөмүндө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Тарифтин өлчөмү жылуулук станциялары (ЖЭБ) жана бардык жылуулук менен камсыздоочу уюмдардын отканалары тарабынан жылуулук энергиясын иштеп чыгууга, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга кеткен бардык чыгымдардын өлчөмүнө көз каранды болот.
5. Калк үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди колдонуу
13. Коммуналдык-тиричиликтик муктаждыктар үчүн жылуулук менен камсыздоочу уюм тарабынан "Калк" тобунун керектөөчүлөрүнө жылуулук энергиясын жана ысык сууну берүүдө акы төлөө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жылытууга жана ысык суу менен камсыздоого белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт. Бул тарифтерге үйдүн ички жылуулук менен камсыздоочу тутумун техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөм кошулбайт.
131. Тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн 80 м2 чейинки турак жайдын жалпы аянты үчүн көлөмдөрдүн чегинде жылуулук энергиясын ай сайын керектөөгө социалдык ченем колдонулат.
Жылытуу үчүн жылуулук энергиясынын салыштырмалуу чыгымы (айына 1м2 үчүн Гкал) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
Nжылытуу - 1 м2 жылытуу үчүн (айына 1 м2 үчүн Гкал) жылуулук энергиясынын салыштырмалуу чыгымы;
Qфакт - жылытуу мезгилинде бир ай үчүн турак жайдын жалпы аянты тарабынан керектелген жылуулук энергиясынын иш жүзүндөгү саны (Гкал/ай);
Sкв - турак жайдын жалпы аянты (м2).
Социалдык ченем боюнча 80 м2 чейинки турак жайды жылытууга туура келген жылуулук энергиясынын чоңдугу төмөнкү формула боюнча аныкталат:
, |
мында:
Qсоц.ченем - социалдык ченемдин чегинде керектелген жылуулук энергиясынын саны (Гкал);
80 - 80 м2 социалдык ченеми боюнча турак жайдын жалпы аянты (м2);
Nжылытуу - 1 м2 жылытуу үчүн (айына 1 м2 үчүн Гкал) жылуулук энергиясынын салыштырмалуу чыгымы.
Социалдык ченемден ашкан турак жайды жылытууга туура келген жылуулук энергиясынын чоңдугу төмөнкү формула боюнча аныкталат:
, |
мында:
Qсоц.ченемден ашык - социалдык ченемден ашык керектелген жылуулук энергиясынын саны (Гкал);
Qфакт - жылытуу мезгилинде бир ай үчүн турак жайдын жалпы аянты тарабынан керектелген жылуулук энергиясынын иш жүзүндөгү саны (Гкал/ай);
Qсоц.ченем - социалдык ченемдин чегинде керектелген жылуулук энергиясынын саны (Гкал).
Жылытуу үчүн жылуулук энергиясын эсепке алуу приборлору бар "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн социалдык ченемди эсептөө алгоритми окшош.
Жалпы аянты 80 м2 чейинки турак жайдын жылуулук энергиясын ай сайын керектөөсүнүн социалдык ченеминин көлөмдөрүн эсептөөдө төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
Турак жайдын жалпы аянты 80 м2 ашкан учурда жылуулук энергиясына тариф жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде ар бир ашкан м2 үчүн колдонулат.
Социалдык ченемдин чегиндеги, ошондой эле социалдык ченемден ашкан жылуулук энергиясынын наркы керектөөчүгө жылуулук менен камсыздоочу уюм тарабынан коюлган төлөө эсептеринде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Турак жай фондунун көп батирлүү үйлөрүнүн ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде турган үйдүн ички жылуулук менен камсыздоочу тутумун (жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо) техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөм керектөөчүнүн менчигинде турган жайдын жалпы аянтынын көлөмүнө жараша жүргүзүлөт. Акы төлөм жылытуу мезгилинин узактыгына карабастан, жыл ичинде бирдей төлөмдөр менен керектөөчүнүн менчигинде турган жалпы аянттын бир квадрат метринен ар айлык негизде алынат.
15. Бул Нускама менен жериндеги жеке жылытуучу отканалар жылуулук менен камсыздаган жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан тиричиликтик керектөөчүлөрдөн (калктан) тышкары, "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо максатында жылуулук энергиясына төмөндөгү тарифтердин түрлөрүн колдонуунун тартиби аныкталат:
- жылытуу максатында ОМТСтин "Жылытуу максатында жылуулук энергиясына тарифтер" 1-тиркемесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө;
- ысык суу менен камсыздоо максатында эсепке алуу приборлору жок (ысык суудагы жылуулук энергиясына эсептөө үчүн) керектөөчүлөр үчүн ОМТСтин "Ысык сууга тарифтер" 1-тиркемесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө;
- ысык суу менен камсыздоо максатында эсепке алуу приборлору менен ОМТСтин "Ысык сууга тарифтер" 1-тиркемесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө;
- керектөө ченеми боюнча ысык суу менен камсыздоо максатында ОМТСтин "Ысык сууга тарифтер" 1-тиркемесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө.
16. Жериндеги жеке жылытуучу отканалар жылуулук менен камсыздаган жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан тиричиликтик "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
17. Жеке эмгек иши менен алектенген жарандар тарабынан керектелген жылуулук энергиясына "Башка керектөөчүлөр" тобу үчүн белгиленген тарифтер боюнча төлөнөт.
18. Эсепке алуу приборлору жок көп батирлүү турак үйлөрдө жашаган керектөөчүлөрдүн жылуулук энергиясын керектегендиктери үчүн акы төлөм Имараттардын жылуулук энергиясына керектөөлөрүн эсептөө методикасына ылайык эсептелген бүткүл турак үйдүн жылуулук керектөөсүнүн негизинде ээлеген көлөмүнө жараша пайыз менен алынат.
19. Курулушу бүтө элек жана пайдаланууга бериле элек көп батирлүү турак үйлөрдү жылытуу үчүн керектелген жылуулук энергиясына "Өнөр жайлык керектөөчүлөр" тобу үчүн белгиленген тарифтер боюнча төлөнөт.
20. Берилген жылуулук энергиясына тарифтер конденсаттын жана тармактагы суунун толук кайтарылуусуна жараша белгиленет. Конденсаттын жана тармактык суунун кайтарылбагандыгына байланышкан чыгымдар керектөөчүлөр тарабынан төлөнөт.
21. "Калк" акыркы керектөөчүлөр тобуна турак жай үйлөрү, батирлер, батир тибиндеги жатаканалар, коммерциялык эмес типтеги окуу жайлардын, мектеп-интернаттардын жатаканалары, аскерлештирилген мекемелердин гарнизондорунун казармалары жана жатаканалары, түзөтүүчү мекемелердин тергөө изоляторлору жана башка министрликтердин жана ведомстволордун турак жай зоналары кирет.
6. Керектөөчүлөрдүн тиричиликтик эмес ("өнөр жай", "бюджеттик" "жана башкалар") топтору үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди колдонуу
22. "Өнөр жай", "Бюджеттик керектөөчүлөр" жана "Башка керектөөчүлөр" керектөөчүлөрдүн тиричиликтик эмес топторуна берилген жылуулук энергиясына тарифтер ар бир өзүнчө учурда жекече аныкталат жана бардык жылуулук менен камсыздоочу уюмдардын ар бир отканасынын жылуулук энергиясын иштеп чыгууга, өткөрүп берүүгө, бөлүштүрүүгө жана берүүгө кеткен бардык чыгымдарынын көлөмүнө көз каранды.
23. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 623 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 623 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
25. Жылытуу, желдетүү, технологиялык муктаждык максатында жылуулук энергиясын алган керектөөчүлөр үчүн тарифтер жылуулук алып жүрүүчүлөрдүн түрлөрү (буу, ысык суу) боюнча белгиленет.
26. Жылуулук менен камсыздоочу уюм менен керектөөчүнүн ортосундагы тармактарды бөлүү чектерине чейин (баланстык тиешелүүлүгү боюнча) жылуулук энергиясын ташуу жана жоготуу боюнча бардык чыгымдар тарифтерде эсепке алынган жана кошумча төлөөгө жатпайт. Жылуулук менен камсыздоочу уюм менен керектөөчүнүн ортосундагы тармактарды бөлүү (баланстык тиешелүүлүгү боюнча) чектеринен кийинки жылуулук энергиясынын жоготуулары келишимге ылайык жылуулук тармагынын ээсине, тактап айтканда керектөөчүгө таандык болуп саналат.
27. Керектөөчү менен жылуулук менен камсыздоочу уюмдун ортосундагы керектелген жылуулук энергиясы боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюна мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлгөн Ченөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана акт боюнча пайдаланууга жол берилген жылуулук энергиясын эсепке алуу каражаттары колдонулушу керек.
Эсептөө приборлору жок же алар бузук абалда болгон учурларда керектелген жылуулук энергиясы үчүн эсептөө коргоочу конструкциялардын жылуулук-техникалык мүнөздөмөлөрүнө жараша жана ысык сууну керектөөнүн белгиленген ченемдери боюнча Имараттардын жылуулук энергиясына керектөөлөрүн эсептөө методикасына ылайык келишимдин шарттарынын негизинде жүргүзүлөт.
28. Берилген жылуулук энергиясына тарифтер конденсаттын жана тармактык суунун толук кайтарылуусуна жараша белгиленет. Конденсаттын жана тармактык суунун кайтарылбагандыгына байланышкан чыгымдар керектөөчүлөр тарабынан төлөнөт.
29. "Өнөр жай" (өнөр жай жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр) тобунун керектөөчүлөрүнө продукцияларды өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген каалагандай уюштуруу формасындагы жана менчиктин түрүнө карабастан бардык ишканалар кирет, анын ичинде:
- бирикмелер, өндүрүштүк ишканалар (заводдор, анын ичинде айыл чарбалык оңдоо ишканалары, айыл чарба машиналарын жана механизмдерди оңдоо боюнча устаканалар, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдарынын сыноо заводдору, комбинаттар, фабрикалар, шахталар, рудниктер, карьерлер, разрездер, мунай, газ өндүрүштөрү, бургулоо орнотмолору жана башкалар);
- өндүрүштүк устаканалар, басмаканалар, муздатуучу орнотмолор, айылдык фермерлерден жана дыйкан чарбаларынан тышкары өндүрүштүк жана оңдоо базалары;
- курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканалар;
- айылдык курулуш уюмдарынан тышкары, курулуш жана монтаждык иштерин түздөн-түз жүзөгө ашыруучу курулуш уюмдары, анын ичинде ошол курулушту тейлеген транспорттук жана көмөкчү объекттер;
- темир жол, суу, автомобиль, аба жана шаардык транспорт ишканалары (оңдоочу жана башка заводдор, темир жол, троллейбус жана автобус деполору жана парктары, сорттоочу транспорттук объекттер, деңиз жана дарыя порттору, жүктү которуштуруучу базалар жана пункттар, автобазалар, мунай түтүктөрү, магистралдык газ түтүктөрү жана башкалар);
- бардык байланыш ишканалары (радиостанциялар, теле көрсөтүү борборлору, ретрансляторлор, телефондук жана телеграфтык түйүндөр жана станциялар, уюлдук байланыш станциялары, интернет-провайдерлер, почтамптар жана башкалар);
- коммуналдык чарба ишканалары (отканалар, жылуулук тармактарынын ишканалары, суу түтүк-канализация чарбаларынын ишканалары);
- материалдык-техникалык жабдуучу жана өндүрүштүк ишканаларга даярдоочу ишканалар жана уюмдар (кампалар, элеваторлор, базалар, анын ичинде жүктү которуштуруучу, ар түрдүү кабыл алуу пункттары, бөлүктөргө ажыратуучу жана даярдоо объекттери жана башкалар);
- канаттууларды, сүт жана сүт азыктарын, унду жана нанды өндүрүү боюнча ишканалар, анын ичинде чакан тегирмендер, чакан наабайканалар, балмуздакты өндүрүү боюнча цехтер;
- тамак-аш жана жеңил өнөр жай ишканалары, анын ичинде кондитердик жана тигүү цехтери;
- этти жана жашылча-жемиш азыктарын кайра иштетүү боюнча ишканалар;
- терилерди, жыгачтарды жана металлдарды иштеп чыгуу боюнча устаканалар;
- өсүмдүк майын өндүрүү үчүн май бышкычтар;
- оңдоочу-механикалык заводдор жана башка өндүрүштүк ишканалар;
- өндүрүштүк ишканалардын кампалары жана базалары;
- таңгактоо жана идиштерди оңдоо ишканалары жана уюмдары.
30. Бюджеттик керектөөчүлөргө (республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржыланган керектөөчүлөргө) төмөндөгүлөр кирет:
- бардык мамлекеттик мекемелер;
- мамлекеттик ооруканалар, эмканалар, профилакторийлер, консультациялар, төрөт үйлөрү, балдар тамак-ашын таркатуучу пункттар, майыптардын жана улгайгандардын үйлөрү жана башка социалдык стационардык мекемелер, санаторийлер жана башка дарылоо жайлары;
- мамлекеттик мектептер, мектеп-интернаттар, жогорку окуу жайлары, техникумдар, кесиптик окуу жайлары жана башка окуу жайлары;
- мамлекеттик бала бакчалар жана яслилер, балдар үйлөрү, эс алуу лагерлери жана башка балдар мекемелери;
- мамлекеттик киностудиялар, театрлар, концерттик залдар, кинотеатрлар, цирктер жана башка оюн-зоок ишканалары;
- мамлекеттик музейлер, көргөзмөлөр, китепканалар, китеп окуу жайлары, лекторийлер, планетарийлер, клубдар, маданият үйлөрү жана башка маданий-агартуу мекемелери;
- мамлекеттик стадиондор, ипподромдор, сүзө турган бассейндер, спорттук залдар жана башка спорттук курулмалар;
- мамлекеттик ботаникалык бактар, зоопарктар;
- бардык кызматтары менен аскердик бөлүктөр, анын ичинде казармалык жана аскер-кызматтык багыттагы турак жай үйлөрү; бардык кызматтары менен аскердик окуу жайлары;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана улуттук коопсуздук органдарынын карамагындагы башка ишканалар, мекемелер жана уюмдар;
- сот бийлигинин органдары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
- башка топторго кириши мүмкүн болгон, бирок республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен толук каржыланган башка керектөөчүлөр.
31. Бөлөк топторго кирбеген "Башка керектөөчүлөр" тобуна төмөнкүлөр кирет:
- жалпыга маалымдоо каражаттары (кабелдик телекөрсөтүү компаниялары, теле жана радиокомпаниялар, гезит, журналдардын редакциялары жана башкалар);
- жарнама агенттиктери, кыймылсыз мүлк агенттиктери;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан тышкаркы, банктар, ломбарддар, чакан кредиттик уюмдар жана башка финансы-кредиттик мекемелер;
- жабдууларды, машиналарды, приборлорду, металлдарды, мунай продуктуларын жана башка өндүрүштүк жана курулуш багытындагы продукцияларды берүү боюнча кампалар жана базалар, ошондой эле материалдык-техникалык жабдуу базалары жана соода уюмдарынын базалары;
- коомдук, укук коргоочу уюмдар жана бирикмелер;
- тиричиликтик-эксплуатациялык башкармалыктар (жеке муктаждыктарды кошо эсептөө менен);
- илимий-изилдөө, долбоорлоо жана изилдөөчүлүк институттар, эсептеп чыгаруучу борборлор, лабораториялар, конструктордук бюролор, башка илимий-изилдөөчү жана долбоорлоо-изилдөөчү мекемелер;
- темир жол вокзалдары, пристандар, автовокзалдар, аэровокзалдар, аэродромдор, аэропорттор, автобустук станциялар;
- гараждар жана жеке автомашиналар үчүн гараждык-курулуш кооперативдери, автопарктар, автомашина токтотуучу жайлар, май куюучу бекеттер, автооңдоо устаканалары, техникалык тейлөө станциялары, автожуучу жайлар;
- калкты тиричиликтик тейлөөчү ишканалар, чачтарачтар, фотоательелер, кийимдерди, бут кийимдерди, маданий-тиричиликтик багыттагы жана чарбалык турмуштагы буюмдарды оңдоо боюнча ательелер жана устаканалар, химиялык тазалоочу жана кир жуучу жайлар, прокаттык пункттар, мончолор, сауналар, душка түшүүчү жайлар жана башка тиричиликтик тейлөөчү ишканалар;
- менчик ооруканалар, эмканалар, профилакторийлер, консультациялар, төрөт үйлөрү, санаторийлер жана башка дарылоо жайлары;
- жеке мектептер, мектеп-интернаттар, жогорку окуу жайлары, техникумдар, кесиптик окуу жайлары жана башка окуу жайлар;
- жеке бала бакчалары жана яслилер, эс алуу лагерлери жана башка балдар мекемелери;
- мейманканалар, эс алуу үйлөрү, пансионаттар, мотелдер, кемпингдер, туристтик базалар;
- жеке киностудиялар, театрлар, концерттик залдар, кинотеатрлар, цирктер жана башка оюн-зоок ишканалар;
- жеке музейлер, көргөзмөлөр, китепканалар, китеп окуучу жайлар, лекторийлер, планетарийлер, клубдар, маданият үйлөрү жана башка маданий-агартуу мекемелери;
- маданий жана эс алуу парктары, бактар, ботаникалык бактар, зоопарктар;
- менчик стадиондор, ипподромдор, сууга сүзүү бассейндери, спорттук залдар жана башка спорттук курулмалар;
- диний сыйынуу мекемелери (мечиттер, соборлор, чиркөөлөр жана ушул сыяктуулар), анын ичинде диний окуу жайлары;
- дүкөндөрдүн бардык түрлөрү, бутиктер, салондор, соода комплекстери, дарыканалар, алмаштыруу бюролору, кеңселик борборлор;
- чакан дүкөндөр, чатырлар, азык-түлүк, кийим сатуучу авто унаалар, рыноктор, жарманкелер жана базарлар, мезгилдүү соода павильондору, киоскалардын бардык түрлөрү, үйдөгү дүкөнчөлөр;
- соода кампалары, чекене товарлардын базалары, соода уюмдарынын дүң базалары, жашылча-жемиш сактоочу жайлар, жашылча жана мөмө-жемиш базалар;
- ашканалар, муздак тамак-аш сатуучу жайлар, кафелер, барлар, чайканалар, ресторандар, буфеттер, фабрика-ашканалар, чала фабрикаттар комбинаттары, үй ашканалары;
- казино, ойномо автоматтар залы, интернет-кафелер жана башка оюн-зоок жайлар;
- менчигинин түрүнө карабастан азык-түлүк, өнөр жай товарларын, чала фабрикаттарды, ошондой эле тамак-аш жана суусундуктарды түздөн-түз сатуучу чекене соода тармактарынын жана коомдук тамактануунун ишканалары;
- бөлөк тарифтик топторго кирбеген башка керектөөчүлөр.