Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-майы № 287
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Энергетика секторунун өзүн актоочулук принциптерин киргизүү жана акча каражаттарынын тартыштыгы шартында иштин негизги көрсөткүчтөрүн жыл сайын жакшыртуу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын ортосунда кайчылаш субсидиялоонун көлөмүн азайтуу максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатында (мындан ары - Орто мөөнөттүү тарифтик саясат):
- 3-главада:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн көлөмү 80 м2 чейинки турак жайдын жалпы аянты үчүн белгиленген жылуулук энергиясын ай сайын керектөөнүн социалдык ченеми каралат.";
төмөнкүдөй үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Турак жайынын жалпы аянтынын көлөмү 80 м2 жогору болгон тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн жылуулук энергиясына тарифтер социалдык ченемден ашкан ар бир м2 үчүн жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.";
төртүнчү, бешинчи жана он үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
он биринчи абзацтагы ", ал 2025-жылы ысык суунун наркын жабууну карайт" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"Жылуулук менен камсыздоочу уюмдар үчүн ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясына тариф эсепке алуу приборлору боюнча жана керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн керектөө ченеми боюнча ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн тарифке жараша жекече белгиленет.";
- Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
"131. Тиричиликтик керектөөчүлөр (калк) үчүн 80 м2 чейинки турак жайдын жалпы аянты үчүн көлөмдөрдүн чегинде жылуулук энергиясын ай сайын керектөөгө социалдык ченем колдонулат.
Жылытуу үчүн жылуулук энергиясынын салыштырмалуу чыгымы (айына 1м2 үчүн Гкал) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
Nжылытуу - 1 м2 жылытуу үчүн (айына 1 м2 үчүн Гкал) жылуулук энергиясынын салыштырмалуу чыгымы;
Qфакт - жылытуу мезгилинде бир ай үчүн турак жайдын жалпы аянты тарабынан керектелген жылуулук энергиясынын иш жүзүндөгү саны (Гкал/ай);
Sкв - турак жайдын жалпы аянты (м2).
Социалдык ченем боюнча 80 м2 чейинки турак жайды жылытууга туура келген жылуулук энергиясынын чоңдугу төмөнкү формула боюнча аныкталат:
, |
мында:
Qсоц.ченем - социалдык ченемдин чегинде керектелген жылуулук энергиясынын саны (Гкал);
80 - 80 м2 социалдык ченеми боюнча турак жайдын жалпы аянты (м2);
Nжылытуу - 1 м2 жылытуу үчүн (айына 1 м2 үчүн Гкал) жылуулук энергиясынын салыштырмалуу чыгымы.
Социалдык ченемден ашкан турак жайды жылытууга туура келген жылуулук энергиясынын чоңдугу төмөнкү формула боюнча аныкталат:
, |
мында:
Qсоц.ченемден ашык - социалдык ченемден ашык керектелген жылуулук энергиясынын саны (Гкал);
Qфакт - жылытуу мезгилинде бир ай үчүн турак жайдын жалпы аянты тарабынан керектелген жылуулук энергиясынын иш жүзүндөгү саны (Гкал/ай);
Qсоц.ченем - социалдык ченемдин чегинде керектелген жылуулук энергиясынын саны (Гкал).
Жылытуу үчүн жылуулук энергиясын эсепке алуу приборлору бар "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн социалдык ченемди эсептөө алгоритми окшош.
Жалпы аянты 80 м2 чейинки турак жайдын жылуулук энергиясын ай сайын керектөөсүнүн социалдык ченеминин көлөмдөрүн эсептөөдө төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
Турак жайдын жалпы аянты 80 м2 ашкан учурда жылуулук энергиясына тариф жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде ар бир ашкан м2 үчүн колдонулат.
Социалдык ченемдин чегиндеги, ошондой эле социалдык ченемден ашкан жылуулук энергиясынын наркы керектөөчүгө жылуулук менен камсыздоочу уюм тарабынан коюлган төлөө эсептеринде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 4-июнундагы № 42 (3595) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| Тиркеме |
| "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 1-тиркеме |
2021-2025-жылдарга карата акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга
тарифтер
№ | Керектөөчүлөрдүн тобу | Өлчөө бирдиги | Дата | ||||
2021-ж. | 01.06.2022-ж. | 01.06.2023-ж. | 01.06.2024-ж. | 01.06.2025-ж. | |||
Жылытуу максатындагы жылуулук энергиясына тарифтер | |||||||
1 | Калк(*) |
|
|
|
|
|
|
1) | айына 80 м2 чейин | сом/Гкал | 1134,76 | 1134,76 | 1248 | 1560 | 1950 |
| Өсүү | % | - | - | 10% | 25% | 25% |
2) | айына 80 м2 жогору | сом/Гкал |
|
|
| наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % |
|
|
| - | - |
2 | Өнөр жай | сом/Гкал | 1802 | 1802 | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % | 6,3% |
|
|
|
|
3 | Бюджеттик керектөөчүлөр | сом/Гкал | 1802 | 1802 | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % | 6,3% |
|
|
|
|
4 | Башка керектөөчүлөр | сом/Гкал | 1802 | 1802 | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % | 6,3% |
|
|
|
|
Ысык сууга тарифтер | |||||||
5 | Калк (ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн)(*) | сом/Гкал | 981,76 | 981,76 | 1120 | 1560 | 1950 |
| Өсүү | % | - | - | 14,1% | 39,3% | 25% |
6 | Өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр (ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясы үчүн) | сом/Гкал | 1802 | 1802 | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде | наркынын деңгээлинде |
| Өсүү | % | 6,3% |
|
|
|
|
| Эскертүү. (*) Жылуулук энергиясына жана ысык сууга жогоруда көрсөтүлгөн тарифтер бардык жылуулук менен камсыздоочу ишканалар үчүн (жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган жериндеги жеке жылытуучу отканаларды кошпогондо) "Калк" тобундагы керектөөчүлөр менен эсептешүүлөрдө колдонулат. Эсепке алуу приборлору жана керектөө ченеми боюнча ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясына тариф керектөөчүлөрдүн бардык топтору боюнча жылуулук менен камсыздоочу уюмдар үчүн ысык суу түрүндөгү жылуулук энергиясына белгиленген тарифке жараша жекече белгиленет.". | ||||||