Загрузка документа…
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча 12-тиркемеси |
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы,
компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды
жана айыптарды төлөө боюнча карыздарды
(өнбөс) эсептен чыгаруу
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 319 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарды эсептен чыгаруу эрежелерин жөнгө салат.
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставкалар боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле бажы алымдарын, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыз "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 83-беренесине ылайык өнбөс карыз деп таанылат.
2. Иш регионунда өнбөс карыз деп таанылган карыз пайда болгон бажы органынын буйругу менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарды эсептен чыгаруу боюнча комиссия түзүлөт.
3. Комиссия беш мүчөдөн кем эмес курамда бажы органынын кызматкерлеринин ичинен так санда түзүлөт жана ага бажы органынын башчысы же башчысынын орун басары башчылык кылат.
4. Комиссиянын ишине катышуу үчүн эксперттер чакырылышы мүмкүн.
5. Комиссиянын жыйналышы эгерде ага анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу болуп саналат. Комиссиянын жок мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт.
6. Комиссиянын чечими бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу форма боюнча таризделет жана төлөөчүнүн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарын эсептен чыгаруу үчүн негиз болуп саналат. Чечим тиешелүү бажы органы тарабынан эсептен чыгаруу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн 1 (бир) нускада түзүлөт. Төлөөчүнүн талабы боюнча чечимдин көчүрмөсү берилет.
7. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөөгө жооптуу жактардын карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1) бажы органынын бажы төлөмдөрүн эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн төлөөчүнүн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарынын бар экендиги фактысы жана аны эсептен чыгаруу зарылдыгы боюнча билдирмеси;
2) банктын төлөөчүнүн алыш-бериш эсептеринде акча каражаттарынын жоктугу же эсепти жабуу ж.б. жөнүндө маалымдамасы;
3) юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактын ишин токтотуу жөнүндө чечими;
4) бажы органынын бөлүмүнүн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын 6-бөлүмүнө ылайык төлөөчүгө карыздарды өндүрүү чараларын колдонууну камсыз кылууну чагылдырган билдирмеси.
8. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкрот деп таанылган юридикалык жактардын бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1) бажы органынын бажы төлөмдөрүн эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн юридикалык жактын бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарынын бар экендиги фактысы жана аны эсептен чыгаруу зарылдыгы боюнча билдирмеси;
2) уюмду, жеке ишкерди банкрот деп таануу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсү;
3) кредиторлордун чогулушунун уюмду банкрот деп жарыялоо жана соттон тышкары тартипте карызкорду атайын администрациялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө чечиминин көчүрмөсү;
4) кредиторлордун чогулушунун атайын администрациялоо жол-жобосунун аякташы жөнүндө чечиминин көчүрмөсү;
5) юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактын ишинин токтошун мамлекеттик каттоо жөнүндө буйругунун көчүрмөсү.
9. Каза болгон же сот тарабынан каза болду деп жарыяланган жеке адамдын бажы төлөмдөрү, пайыздар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1) бажы органынын бажы төлөмдөрүн эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн жеке адамдын бажы төлөмдөрүн, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарынын бар экендиги фактысы жана аны эсептен чыгаруу зарылдыгы боюнча билдирмеси;
2) жеке адамдын каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү же жеке адамды каза болду деп жарыялоо жөнүндө соттук чечимдин көчүрмөсү;
3) мураска укук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (мурасты башкаруу) же мурастан баш тартууну ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
4) мурасты кабыл алуучу жеке адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү;
5) мурас боюнча өткөн мүлк же анын бөлүгү жөнүндө маалымдама;
6) каза болгон же сот тарабынан каза болду деп жарыяланган жеке адамдын мураскору тарабынан мурастын кабыл алынган бөлүгүнө туура келген карыздардын төлөнгөндүгүн ырастаган документ же аталган карыздарды мураскордон өндүрүү мүмкүн эместиги жөнүндө расмий документтер.
10. Соттун чечими менен дайынсыз жок же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке адамдын бажы төлөмдөрү, пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1) бажы органынын бажы төлөмдөрүн эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн жеке адамдын бажы төлөмдөрүн, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарынын бар экендиги фактысы жана аны эсептен чыгаруу зарылдыгы боюнча билдирмеси;
2) жеке адамды дайынсыз жок же аракетке жөндөмсүз деп тануу жөнүндө соттук чечимдин көчүрмөсү;
3) камкордукту, көзөмөлдүктү белгилөө же мүлктү башкаруу жөнүндө документтин көчүрмөсү;
4) дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз жеке адамдын мүлкү жөнүндө маалымдама.
11. Ушул Тартиптин 7-10-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди берүү "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу аталган документтерди алган учурда талап кылынбайт.
12. Айрым мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарды эсептен чыгарууда, комиссиянын чечими аталган Мыйзамга ылайык таризделет.
13. Иш регионунда карыз пайда болгон бажы органы бажы төлөмдөрүн төлөө, эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздары эсептен чыгарылган төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтарды суммаларды көрсөтүү менен түзөт жана мындай маалыматтарды ар квартал сайын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
14. Эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздар эсептен чыгарылгандан кийин төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздарды төлөөдөн качуу максатында өзүнүн мүлкүн же акча каражаттарын башка жакка өткөрүп бергени же башка жол менен атайын жашырганы далилденген учурда, эсептен чыгарылган карыздар бажы органы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте эсептен чыгарылган карыздарды жабуу үчүн өндүрүүнү мүлккө же акча каражаттарына айлантуу жолу менен кайра калыбына келтирилет.