Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-майы № 260
Радиожыштык спектринин параметрлери боюнча милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон техникалык байланыш каражаттарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин продукциянын шайкештигин ырастоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесин ишке ашыруу максатында, "Электр байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 14-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Радиожыштык спектринин параметрлери боюнча милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон техникалык байланыш каражаттарынын тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 1-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- техникалык регламенттерге шайкештик белгисине;";
- 4.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.2. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген Шайкештикти милдеттүү тастыктоодон өткөн продукцияга шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын жана берилген шайкештик сертификаттарынын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартибине ылайык түзүлүүчү шайкештик сертификатынын каттоо номери "№" реквизитинде келтирилет.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-майындагы № 40 (3593) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| 2-тиркеме |
"Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталуучу продукциялардын
тизмеси
№ | Продукциянын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору | Шайкештикти баалоо формасы | Документтердин белгилениши, ага ылайык шайкештикти ырастоо жүзөгө ашырылат |
1. Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталуучу продукциялардын тизмесине ылайык курулуш багытындагы продукция ("Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-тиркемеси) | ||||
2. Көз айнектер үчүн линзалар, оптикалык күчү нөлдүк маанидеги (оптикалык иштетилбеген) күндөн коргоочу көз айнектер | ||||
1 | Көз айнектер үчүн айнектен линзалар | 9001 40 200 0 9001 40 410 0 9001 40 490 0 9001 40 800 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ Р 51854-2001, 4.3.1, 4.4-пункттар ГОСТ Р 53950-2010, 5.2-пункт, 1-таблица, 5.3-пункт, 5.4.1, 5.4.1.2, 5.4.1.5, 5.5.2.1, 5.5.2.2-пункттар |
Көз айнектер үчүн башка материалдардан линзалар | 9001 50 200 0 9001 50 410 0 9001 50 490 0 9001 50 800 0 | |||
3. Пластмассадан ашкана идиш-аяктары, ашканага таандык приборлор, башкалар | ||||
2 | Флакондор жана ушул сыяктуу буюмдар: - преформалар; - ашкана идиш-аяктары жана ашканага таандык приборлор, башкалар (пластмассадан күнүмдүк үй предметтери жана гигиена же даараткана предметтери), 3 жашка чейинки балдар үчүн буюмдардан тышкары | 3923 30 101 0 3923 30 901 0 3924 10 000 0 3924 90 000 9 | Сертификациялоо же декларациялоо | КМС 1038:2021 5.2.5, 5.2.6-пунктчалар, ГОСТ Р 50962-96, 3.8-пункт, 1-таблица, 2, 3, 7, 11.4-позициялар |
4. Мунай продукттары | ||||
3 | 95тен төмөн, октан саны менен, 0,013 г/л көп эмес коргошунду камтыган бензин | 2710 12 411 0 2710 12 412 0 2710 12 413 0 2710 12 419 0 | Сертификациялоо | ГОСТ Р 51105-97, 4.2-пункт, 1-таблица, 1, 2, 6-позициялар, 4.3-пункт, 2-таблица, 1.2-позициялар, ГОСТ Р 51313-99, 3.2-пункт, 1-5-позициянын таблицасы, ГОСТ 2084-77, 2.2-пункт, 1-таблица, 1-4, 8-позициялар |
4 | 95 же андан жогору, бирок 98ден ашпаган октан саны менен, 0,013 г/л көп эмес коргошунду камтыган бензин | 2710 12 450 0 | ||
5 | 98ден төмөн октан саны менен, 0,013 г/л көп коргошунду камтыган бензин | 2710 12 510 0 | Сертификациялоо | ГОСТ Р 51313-99, 3.2-пункт, 1-5-позициянын таблицасы, ГОСТ 2084-77, 2.2-пункт, 1-таблица, 1-4, 8-позициялар |
6 | 98 же андан жогорку октан саны менен, 0,013 г/л көп эмес коргошунду камтыган бензин, | 2710 12 490 0 2710 12 590 0 | Сертификациялоо | ГОСТ Р 51313-99, 3.2-пункт, 1-5-позициянын таблицасы |
98 же андан жогору октан саны менен, 0,013 г/л көп коргошунду камтыган бензин | 2710 12 590 0 | |||
7 | Күкүрт камтыган газойлдар (дизелдик отун); - 0,05 мас. % жогору, бирок 0,2 мас. % ашпаган; - 0,2 мас. % жогору, бирок 0,5 мас. % ашпаган | 2710 19 421 0 2710 19 422 0 2710 19 423 0 2710 19 424 0 2710 19 425 0 2710 19 460 0 2710 19 480 0 | Сертификациялоо | ГОСТ 305-82, 2.2-пункт, 2-таблица, 2, 6, 7-позициялар |
5. Идиш-аяк | ||||
§ 1. Керамика буюмдары | ||||
8 | Фарфордон, фаянстан ашкана идиш-аягы, башкалар (чарбалык жана даараткана буюмдары), 3 жашка чейинки балдар үчүн буюмдардан тышкары | 6911 10 000 0 6911 90 000 0 6912 00 250 0 6912 00 290 0 6912 00 850 0 6912 00 890 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ 28390-89, 1.2.3, 1.2.4-пунктчалар, 1-таблица (термотуруктуулук), 1.2.8, 1.2.14-пунктчалар ГОСТ 28391-89, 1.2.7, 1.2.12, 1.2.14, 1.2.15-пункттар |
§ 2. Айнектен буюмдар | ||||
9 | Айнек керамикадан буюмдар (бокалдар, табактар, тарелкалар, салат салгычтар, чынылар, сервиздер жана ушул сыяктуулар), 3 жашка чейинки балдар үчүн буюмдардан тышкары | 7013 10 000 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ 30407-2019, 5.1.3, 5.1.4, 5.1.5, 5.1.12, 5.1.16, 5.1.20, 5.1.25, 5.1.29-пунктчалар |
10 | Ичүү үчүн буттуу идиштер, айнек керамикадан жасалгандардан тышкары: колго үйлөтүлгөн коргошундуу хрусталдан, оймолонгон же башкача кооздолгон идиштер жана башкалар (стакандар, чынылар, рюмкалар, бокалдар, фужерлер, сервиздер жана ушул сыяктуулар), 3 жашка чейинки балдар үчүн буюмдардан тышкары | 7013 22 100 0 7013 22 900 0 7013 28 100 0 7013 28 900 0 7013 33 110 0 7013 33 190 0 7013 33 910 0 7013 33 990 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ 30407-2019, 5.1.3, 5.1.4, 5.1.5, 5.1.12, 5.1.16, 5.1.20, 5.1.25, 5.1.29-пунктчалар |
11 | Ичүү үчүн идиштер, айнек керамикадан жасалгандардан тышкары: механикалык жол менен үйлөтүлгөн коргошундуу хрусталдан, оймолонгон же башкача кооздолгон идиштер жана башкалар (стакандар, чынылар, рюмкалар, бокалдар, фужерлер, сервиздер жана ушул сыяктуулар), 3 жашка чейинки балдар үчүн буюмдардан тышкары | 7013 37 100 0 7013 37 510 0 7013 37 590 0 7013 37 910 0 7013 37 990 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ 30407-2019, 5.1.3, 5.1.4, 5.1.5, 5.1.12, 5.1.16, 5.1.20, 5.1.25, 5.1.29-пунктчалар |
12 | Ашкана идиш-аягы (ичүү үчүн идиштерди кошпогондо), айнек керамикадан жасалгандардан тышкары: колго жана механикалык жол менен үйлөтүлгөн коргошундуу хрусталдан идиш-аяктар (тарелкалар, табактар, салат салгычтар, сервиздер жана ушул сыяктуулар), 3 жашка чейинки балдар үчүн буюмдардан тышкары | 7013 41 100 0 7013 41 900 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ 30407-2019, 5.1.3, 5.1.4, 5.1.5, 5.1.12, 5.1.16, 5.1.20, 5.1.25, 5.1.29-пунктчалар |
13 | Ашкана идиш-аягы (ичүү үчүн идиштерди кошпогондо), айнек керамикадан жасалгандардан тышкары: 0 градус Цельсийден тартып температуралардын интервалында Кда 5x10 (-6) ашпаган линиялык кеңейүү коэффициентине ээ айнектен идиш-аяктар (тарелкалар, табактар, салат салгычтар, сервиздер жана ушул сыяктуулар), 3 жашка чейинки балдар үчүн буюмдардан тышкары | 7013 42 000 0 7013 49 100 0 7013 49 910 0 7013 49 990 0 7013 91 100 0 7013 91 900 0 7013 99 000 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ 30407-2019, 5.1.3, 5.1.4, 5.1.5, 5.1.12, 5.1.16, 5.1.20, 5.1.25, 5.1.29-пунктчалар |
§ 3. Металл идиштер | ||||
14 | Чоюндан куюлуп жасалган, эмалданбаган жана эмалданган ашкана буюмдары, 3 жашка чейинки балдар үчүн буюмдардан тышкары | 7323 91 100 0 7323 92 000 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ Р 52116-2003, 5.5-5.13, 5.18-пунктчалар, 8-бөлүм, ГОСТ 24303-80, 3.4, 3.6, 3.7, 3.10, 3.13, 3.15, 3.17, 3.19-пунктчалар, 6-бөлүм |
15 | Дат баспаган болоттон ашкана буюмдары, 3 жашка чейинки балдар үчүн буюмдардан тышкары | 7323 93 000 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ 27002:2020, 5.1, 5.7, 5.9, 5.13, 5.15, 5.16, 5.18, 5.19, 5.21, 5.25, 5.26, 5.27, 5.28-пунктчалар, 8, 9-бөлүмдөр |
16 | Кара металлдардан жасалган, эмалданган, лакталган же сырдалган ашкана буюмдары, 3 жашка чейинки балдар үчүн буюмдардан тышкары | 7323 94 000 0 7323 99 000 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ 24788-2018, 4.3.1.2, 4.3.1.3, 4.3.1.7, 4.3.2.8-пунктчалар, 4.4-пункт |
17 | Алюминийден ашкана буюмдары, 3 жашка чейинки балдар үчүн буюмдардан тышкары | 7615 10 1000 7615 10 800 1 7615 10 800 9 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ 17151-2019, 4.3, 4.12, 4.18, 4.20, 4.32-4.34, 5.3, 5.4, 6.6, 6.9, 6.10, 6.16.5-пункттар, ГОСТ 32309-2013, 5.3, 5.8, 5.14, 5.24, 5.25-пункттар, 8-бөлүм |
18 | Дат баспаган болоттон ашкана буюмдары, ашкана приборлору, 3 жашка чейинки балдар үчүн буюмдардан тышкары | 8215 10 300 0 8215 10 800 0 8215 20 100 0 8215 20 900 0 8215 99 100 0 8215 99 900 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ Р 51687-2000, 5.15, 5.17, 5.24, 5.25-пунктчалар, 8-бөлүм |
6. Кагаз буюмдар | ||||
19 | Даарат кагазы, бет аарчылар, майлыктар, колду аарчуу үчүн сүлгүлөр: - рулондордо; - башкалар | 4818 10 100 0 4818 10 900 0 4818 20 100 0 4818 30 000 0 4818 20 910 0 4818 20 990 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ Р 52354-2005, 3.6.1-пункт, 2-таблица (2, 3.1, 4, 5-позициялар) |
20 | Аялдар үчүн гигиеналык прокладкалар, тампондор жана ушул сыяктуу буюмдар; чоңдор үчүн жалаяк-шымдар | 9619 00 400 0 9619 00 710 1 9619 00 710 9 9619 00 750 1 9619 00 750 9 9619 00 890 1 9619 00 890 9 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ Р 52483-2005, 5.11, 5.12-пункттар, 1-таблица (4, 5.2.1-позициялар), 5.13-пункт, ГОСТ Р 55082-2012, 5.10.1, 5.10.2-пункттар (1, 2, 3, 4-позициялар) |
7. Үстүртөн активдүү заттар жана тазалоочу каражаттар | ||||
21 | Чекене сатуу үчүн өлчөнүп оролгон каражаттар, үстүртөн активдүү каражаттар (порошок түрүндөгү синтетикалык жуучу каражаттар, пресстелген) колго жуучу жана активатордук типтеги машиналар үчүн | 3402 20 200 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ 25644-96, 3.4-пункт, 2-таблица (2-позиция), ГОСТ Р 52488-2005, 3.1.4-пункт, 1-таблица (1-позиция) |
22 | Чекене сатуу үчүн өлчөнүп оролгон каражаттар, жуучу жана тазалоочу каражаттар (тазалоочу, жуучу, агартуучу каражаттар, дезинфекциялоочу тиричилик химия товарлары) | 3402 00 900 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ 32478-2013, 3.1.3-пункт, 1-таблица (1-позиция) |
8. Ар түрдүү даяр буюмдар | ||||
23 | Чоңдор үчүн тиш жуучу щеткалар | 9603 21 000 0 | Сертификациялоо же декларациялоо | ГОСТ 6388-2003, 6-бөлүм |
Эскертүү:
Стандартташтыруу боюнча бардык документтер кайра каралууга жана актуалдаштырылууга тийиш экендигине байланыштуу акыркы басылмаларды колдонуу керек.".