Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-майы № 263
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинде (мындан ары - Тартип);
- 1-пункттун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацында "Бишкек-1 темир жол станциясы" деген сөздөр "Бишкек-1, Бишкек-2 темир жол станциялары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункттун 15-пунктчасында "Жыйынды пост" автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - "Жыйынды пост" АМС)" деген сөздөр "товарлардын орун которууларын эсепке алуунун маалыматтык системасы (мындан ары - ТОКЭМС)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) товарларды төмөнкүлөр аркылуу ташууда товарларды ташуу жана/же менчик ээсине (жүк алуучуга) өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдар:
- темир жол транспорту - ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы;
- аба транспорту - ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому же болбосо товарларды эсепке алуу жана/же жүк алуучуга өткөрүп берүү боюнча милдет жүктөлгөн агент;
- почта байланышы - ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому;
- атайын байланыш - ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасы.";
- 5-пункттун төртүнчү абзацында "Жыйынды пост" АМСте" деген сөздөр "ТОКЭМСте" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына товарларды ташып киргизүүнү (импорттоону) жана/же убактылуу ташып киргизүүнү ишке ашырууга ниеттенген импорттоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкатты алууга. Салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкаттын формасы жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет;
2) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма жана тартип боюнча ташып киргизилүүчү товарларга коштомо кагазды тариздөөгө.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:
"61. "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкат жана коштомо кагаз төмөнкү учурларда талап кылынбайт:
1) "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому тарабынан почта жөнөтмөлөрүн ташып киргизүүдө (импорттоодо);
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасы тарабынан атайын кат-кабарларды, атайын жана/же баалуу жүктөрдү ташып киргизүүдө (импорттоодо);
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 299-беренесине ылайык салык кызматынын органдарына иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүү-каты болгон учурда товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо);
4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык таризделген, ЕАЭБдин алкагында товарларды убактылуу ташып киргизүү жөнүндө билдирүү болгон учурда аскердик машыгуулар үчүн товарларды (техниканы) убактылуу ташып киргизүүдө.";
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Товарларды ташып киргизүүнү (импорттоону) жана/же убактылуу ташып киргизүүнү ишке ашырууга ниеттенген импорттоочу салыктык катталган жери боюнча салык органына "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкат алууга арыз берет.";
- 16-пункттун жетинчи абзацы "гуманитардык жүк" деген сөздөрдөн кийин ", иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктусу, товарды кайтарып берүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 211-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"211. Автотранспорт каражаты товарларды эсепке алуу пунктунда эсепке алуу жол-жобосунан өтпөстөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу ташылып келген учурда автотранспорт каражатынын ээси же болбосо ал ыйгарым укук берген адам товарларды эсепке алуу пунктуна төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө милдеттүү:
- инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- автотранспорт каражатына документтердин көчүрмөлөрүн;
- нотариалдык ишеним каттын же болбосо ушул автотранспорт каражаты менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдарга кайрылууга ыйгарым укук берген башка документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
- эки нускада кагаз түрүндөгү коштомо кагазды.
Товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамы берилген документтердин негизинде коштомо кагазга Кыргыз Республикасындагы тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын тиешелүү маалыматтар базасында көрсөтүлгөн дата менен штамп коёт жана коштомо кагаздын бир нускасын автотранспорт каражатынын ээсине кайтарып берет.";
- 23-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 31-пункттун экинчи абзацы "кызмат адамына" деген сөздөрдөн кийин "ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек аралык контролдоо органдарынын белгиси (штампы) менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 32, 37-пункттарда "Жыйынды пост" АМСке" деген сөздөр "ТОКЭМСке" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 38-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) товарды импорттоочудан же анын ыйгарым укуктуу адамынан төмөнкүлөрдү кабыл алат:
- салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде таризделген электрондук коштомо кагаздын каттоо номерин, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкаттын номерин жана датасын;
- Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча электрондук эсеп-фактуралардын жана ошол товарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү укугун ырастаган, Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген тиешелүү коштоочу документтердин кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрүн.
Ошол эле учурда Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча электрондук эсеп-фактурада жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар Казакстан Республикасынын тиешелүү органдарынан алынган маалыматтарга шайкеш келүүгө тийиш;";
4, 8-10-пунктчаларда "Жыйынды пост" АМСтен", "Жыйынды пост" АМСине", "Жыйынды пост" АМСтин", "Жыйынды пост" АМСке" деген сөздөр тиешелүү түрдө "ТОКЭМСтен", "ТОКЭМСке" "ТОКЭМСтин", "ТОКЭМСке" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
- 40-пунктта "Жыйынды пост" АМСте" деген сөздөр "ТОКЭМСте" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 41-пунктта:
экинчи, үчүнчү абзацтарда "Жыйынды пост" АМСте", "жыйынды посттон" деген сөздөр "ТОКЭМСте", "ТОКЭМСтен" деген аббревиатураларга алмаштырылсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек ара контролдоо органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын белгиси (штампы) бар сканерленген товар коштоочу документтин жана/же эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (СМR) жоктугу;";
- 47-пунктта:
"Жыйынды пост" АМСтен" деген сөздөр "ТОКЭМСтен" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча эсеп-фактурасы жок жана Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген, ошол товарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү укугун ырастоочу тиешелүү коштоочу документтери жок товарларды ташып киргизүү фактылары аныкталган учурда мобилдик топ тарабынан ал товарларды Казакстан Республикасынын аймагына кайтарып берүү боюнча токтоосуз чаралар көрүлөт.";
- жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин 6-тиркемесинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому тарабынан 202___-жылдын ___________ үчүн берилүүчү почта жөнөтүүлөрүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүүнү эсепке алуу жөнүндө МААЛЫМАТ";
- Тартип ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 7-тиркеме менен толукталсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата товардык коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз - CMR же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер төмөнкүдөй мазмундагы 1921-пункт менен толукталсын:
“ |
|
|
|
|
|
1921 |
| Смартфондор, байланыштын уюлдук тармактары же байланыштын башка зымсыз тармактары үчүн телефондук башка аппараттар | даана | 2 | Бир жылдын ичинде |
|
|
|
|
| “. |
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-майындагы № 40 (3593) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
| "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке атууну камсыз кылуу тартибине |
Форма
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик
ишканасы тарабынан салык кызматынын органдарына 202___-жылдын ____________ үчүн берилүүчү
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү (товарларды) алып өтүүнү эсепке алуу жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
№ | Ташып киргизүү датасы | Жүк алуучу тууралуу маалыматтар | Инвойс эсеп- фактурасынын № жана датасы | Жүк тууралуу маалыматтар | Жүк жөнөтүүчү тууралуу маалыматтар | ||||||||
Субъекттин аталышы | ИСН | МСКБ коду | ТЭИ ТН боюнча товардын тобунун коду | Жүктүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Көлөмү (салмагы) | Наркы (сом) | Жөнөткөн өлкө | Субъекттин аталышы | Субъекттин ИСНи | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчинин колу
Жооптуу кызматкердин колу
М.О. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
“. | ||