Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28 сентябрындагы № 82
“Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар” жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында, 2023-жылдын 17-августундагы Таш-Добо айылдык аймагынын жашоочулары менен уюштурулган жыйындын протоколдук чечимин эске алуу менен, Таш-Добо айылдык аймагынын административдик-аймактык рефармалоо боюнча долбоорду карап жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Таш-Добо айылдык кеңешинин 31-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Таш-Дөбө айылдык аймактын аталышы Таш-Дөбө боюнча калтырылсын.
2. Бул токтом Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн вэб сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттодон өткөрүлсүн.
3. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө милдети Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |