ТоктомКүчүндө

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28 сентябрындагы № 82 «Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция28.09.2023 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

ХХVIII чакыруу Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 31-чи кезексиз жыйыны

 

2023-жылдын 28 сентябрындагы № 82

 

“Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар” жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында, 2023-жылдын 17-августундагы Таш-Добо айылдык аймагынын жашоочулары менен уюштурулган жыйындын протоколдук чечимин эске алуу менен, Таш-Добо айылдык аймагынын административдик-аймактык рефармалоо боюнча долбоорду карап жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Таш-Добо айылдык кеңешинин 31-кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

1. Таш-Дөбө айылдык аймактын аталышы Таш-Дөбө боюнча калтырылсын.

2. Бул токтом Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн вэб сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттодон өткөрүлсүн.

3. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө милдети Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.