Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-февралы № 88
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн продукциянын шайкештигин ырастоо жана шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Улуттук мыйзамдарды Евразия экономикалык комиссиясынын ченемдик укуктук базасына шайкеш келтирүү боюнча чараларды андан ары көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө киргизүү/чыгаруу жөнүндө чечимдерин кабыл алуунун тартиби жана негиздери жөнүндө жобо.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишке ашырылары белгиленсин.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 41, 42-пункттар менен толукталсын:
"41. Жол-курулуш багытындагы продукциялардын, курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген, аккредитациялоо жааты декларациялануучу продукцияга жайылтылган сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар тарабынан ишке ашырылары белгиленсин.
42. Техникалык байланыш каражаттарын Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча аккредиттелген мамлекеттик орган тарабынан аккредитациялоо жаатына ылайык ишке ашырылары белгиленсин.";
3) 8-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Ыйгарым укуктуу орган, курулуш багытындагы продукцияларды же техникалык байланыш каражаттарын сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар:";
- 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоону ушул Жобого ылайык өз компетенциясынын чегинде ишке ашырсын;";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо үчүн арыз берүүчү продукциянын түрүнө жараша ыйгарым укуктуу органга же курулуш багытындагы продукцияларды же техникалык байланыш каражаттарын сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга шайкештик жөнүндө декларацияны жана ага тиркелген, ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтерди жана маалыматтарды кагаз жүзүндөгү документтер түрүндө жеке өзү, салуу тизими жана тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык почта аркылуу жөнөтүү менен же Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагын пайдалануу менен электрондук документтер түрүндө берет.";
- 4-пункттун биринчи абзацындагы, 5-пункттагы "Ыйгарым укуктуу орган же сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган", "ыйгарым укуктуу орган же сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Ыйгарым укуктуу орган же курулуш багытындагы продукцияларды же техникалык байланыш каражаттарын сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункттун экинчи абзацындагы "Продукцияны сертификаттоо" деген сөздөр "Курулуш багытындагы продукцияларды же техникалык байланыш каражаттарын сертификаттоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пункттун биринчи абзацындагы "сертификаттоо боюнча" деген сөздөр "курулуш багытындагы продукцияларды же техникалык байланыш каражаттарын сертификаттоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15, 16, 17-пункттардагы, 19-пункттун биринчи абзацындагы "сертификаттоо боюнча" деген сөздөр "курулуш багытындагы продукцияларды же техникалык байланыш каражаттарын сертификаттоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө киргизилген продукцияларды сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар бир айлык мөөнөттө шайкештикти ырастоо жана аккредитациялоо жааты боюнча жол-жоболорду ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-мартындагы № 18 (3571) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| Тиркеме |
|
Аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан
шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды
Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча
органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө
киргизүү/чыгаруу жөнүндө чечимдерин кабыл алуунун тартиби
жана негиздери жөнүндө
жобо
1. Бул Жобо улуттук аккредитациялоо органы тарабынан улуттук аккредитациялоо тутумунда аккредиттелген юридикалык жактарды Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин (мындан ары - Бирдиктүү реестр) улуттук бөлүгүнө киргизүү жана шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды Бирдиктүү реестрден чыгаруу боюнча чечимдерди кабыл алуу эрежелерин жана негиздерин белгилейт.
2. Бирдиктүү реестр улуттук бөлүктөрдөн турат, аны түзүүнү жана жүргүзүүнү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары камсыз кылат.
ЕАЭБдин Бирдиктүү реестринин улуттук бөлүктөрү төмөнкү маалыматтарды камтыган бөлүмдөрдөн турат:
- продукцияларды сертификаттоо боюнча органдар жөнүндө;
- сыноо лабораториялары жөнүндө;
- инспекциялоо органдары жөнүндө.
3. Бирдиктүү реестрге кирүүгө талапкер болгон шайкештикти баалоо боюнча орган (мындан ары - ШБО) Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө киргизүүгө арыз берүүгө жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун (мындан ары - КАБ) белгиленген жол-жобосуна ылайык маалымат берүүгө тийиш.
4. Аккредитацияланган ШБОну Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө киргизүү жөнүндө чечим Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүн түзүү жана жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган болуп саналган КАБ тарабынан кабыл алынат.
5. КАБдын Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө аккредиттелген ШБОну - сертификаттоо боюнча органды, сыноо лабораториясын (борборун), инспекциялоо органын киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алуусу үчүн негиз болуп бир эле убакта төмөнкү шарттарды сактоо болуп саналат:
- мындай чечимди кабыл алуу датасына карата белгиленген аккредитттелген ШБОнун Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен каралган Бирдиктүү реестрге аккредиттелген ШБОлорду киргизүү критерийлерине (мындан ары - киргизүү критерийлери) шайкештиги;
- ШБОну аккредиттөө жаатындагы чечимди кабыл алуу боюнча комиссиянын КАБ тарабынан кабыл алынган продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин укуктарынын талаптарына шайкештигин милдеттүү баалоо (тастыктоо) жаатындагы аккредиттелген ШБОнун иштөө мүмкүндүгү тууралуу оң чечиминин болушу.
6. Эгерде көрсөтүлгөн өтүнмө ага карата анын аккредитациясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган аккредиттелген ШБО, ошондой эле аккредитациялоо аттестатын колдонуу токтотулган аккредиттелген ШБО тарабынан берилсе, мындай арыз каралууга тийиш эмес, бул жөнүндө КАБ арыз ээсине аталган арыз келип түшкөн күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
Аккредиттелген ШБОну (анын ичинде сертификаттоо боюнча органдарды, сыноо лабораторияларын (борборлорду) жана инспекциялоо органдарын Бирдиктүү реестрге киргизүү критерийлери, аны түзүү жана жүргүзүү эрежелери ЕЭК Кеңешинин 2018-жылдын 5-декабрындагы № 100 чечими менен бекитилген Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды (анын ичинде сертификаттоо боюнча органдарды, сыноо лабораторияларын (борборлорун) Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизүү, ошондой эле аны түзүү жана жүргүзүү тартибине (мындан ары - Тартип) жана ушул Жобого ылайык белгиленген жана жүзөгө ашырылат.
7. КАБдын аккредиттелген ШБОну Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө киргизүү жөнүндө чечими же аккредиттелген ШБОну Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотко чейинки тартипте жана (же) соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
8. Аккредиттелген ШБОну Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө киргизүү жөнүндө КАБдын буйругуна кол коюлган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде аккредиттелген ШБО жөнүндө маалыматтар Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө киргизилет.
9. Аккредиттелген ШБОну Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө киргизүү же андан чыгаруу жөнүндө маселелерди кароодо ШБОну аккредиттөө жаатындагы чечимдерди кабыл алуу боюнча комиссия үчүн зарыл болгон материалдарды КАБдын жооптуу адамы даярдайт.
10. Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнөн аккредиттелген ШБОну чыгаруу КАБдын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
11. Аккредиттелген ШБОну Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнөн чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиздер болуп КАБда аккредиттелген ШБО киргизүү критерийлерине шайкеш келбей калгандыгын ырастоочу фактылардын болушу саналат, атап айтканда ишинин багытына жараша жана муну менен эле чектелбестен аккредиттелген ШБО тарабынан төмөнкүдөй бузуулар аныкталган учурда:
- аккредитациялоо чөйрөсүн бузуу, анын ичинде ашып кетүүнү;
- сертификаттоо схемасын бузуу;
- төмөнкү талаптарды бузуу: продукцияны идентификациялоо боюнча; продукциянын үлгүлөрүн (пробаларын) тандоого; персоналга; продукцияны сыноо/изилдөө (өлчөө) жана инспекция жүргүзүү программасын түзүүгө; продукцияны сыноо/изилдөө (өлчөө) жана инспекция жүргүзүүгө; продукцияны сыноо/изилдөө (өлчөө) жана инспекция жүргүзүү методун колдонуу.
12. Аккредиттелген ШБОну чыгарып салуу тууралуу КАБдын чечими эл аралык стандарттарда баяндалган шайкештикти баалоонун тиешелүү жол-жоболору жана аккредитациялоо талаптары боюнча өз ара салыштырма баалоонун терс натыйжаларын кошкондо, ШБОну аккредитациялоо жаатында чечимдерди кабыл алуу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде кабыл алынат:
- аккредиттелген ШБОнун Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнөн аны чыгарып салуу жөнүндө КАБга түшкөн арызы;
- ЕЭК Кеңешинин 2018-жылдын 5-декабрындагы № 100 чечими менен бекитилген Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды (анын ичинде сертификаттоо боюнча органдарды, сыноо лабораторияларын (борборлорун) Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизүү, ошондой эле аны түзүү жана жүргүзүү тартиби менен белгиленген талаптардын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген ШБОнун ишинде бузуу фактыларын ырастоо;
- аккредиттелген ШБОнун ЕЭК тарабынан уюштурулган КАБдын ишин өз ара салыштырма баалоо процессинин алкагында тандалып алынган КАБ белгиленген баалоо программасына ылайык баалоо жүргүзүүдөн баш тартуусу;
- КАБдын автоматташтырылган маалыматтык системасынын программалык камсыздоосунда ШБОнун ишинин багытына ылайык "ШБО аккредиттөө боюнча жол-жобо. Арыздарды берүү" КАБ-ПА1ООС аккредитациялоо боюнча белгиленген Ф.КАБ-ПА1ООС.ТС формасы боюнча аккредиттелген ШБО тууралуу маалыматтардын электрондук жазуу түрүндөгү маалыматын аккредиттелген ШБОго өз убагында бербөө.
13. Улуттук аккредитациялоо системасында аккредиттелген ШБОнун иши токтотулган учурда, ШБО Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнөн КАБдын тийиштүү чечими кабыл алынбастан чыгарылат.
14. Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына продукциянын шайкештигин милдеттүү баалоо (ырастоо) жаатында аккредиттелген ШБОнун иштөө мүмкүндүгүн баалоодо ШБО төмөнкү критерийлерге шайкеш келиш керек:
- сертификаттоо боюнча органдын жетекчисинин, сыноо лабораториясынын (борборунун) жетекчисинин, инспекциялоо органынын жетекчисинин жана алардын орун басарларынын адистик боюнча жогорку билиминин жана (же) багыты боюнча аккредитациялоонун бардык чөйрөсүнө же анын бир бөлүгүнө ылайык келген даярдыгынын жана шайкештикти баалоо жаатында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын/билиминин болушу, ошондой эле аккредиттелген ШБОнун өзү тарабынан белгиленген компетенттүүлүк талаптарына ылайык келиши;
- улуттук аккредитациялоо системасында аккредиттелген юридикалык жактын уюштуруучуларынын же катышуучуларынын курамында, мурда улуттук аккредитациялоо системасында аккредиттелген юридикалык жактын уюштуруучулары же катышуучулары болуп саналган жактардын, Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө киргизүү жөнүндө арыз берген күнгө чейинки 2 жылдын ичинде шайкештикти баалоо (ырастоо) жөнүндө жыйынтыктарды массалык же системалуу түрдө негизсиз берүү учурлары аныкталган/табылган башка аккредиттелген ШБОнун негизги персоналынын курамында же аккредиттелген ШБОнун ишине КАБды жүзөгө ашырууда баалоо жүргүзүүдөн качкан (пландуу, пландан тышкаркы, эскертүүсүз күтүүсүздөн) аккредителген ШБОнун иш жүргүзгөн адамдардын курамында иштеген адамдардын жоктугу;
- Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө чейинки 1 жылдын ичинде аккредиттелген ШБО менен, анын ичинде шайкештикти баалоо (ырастоо) жөнүндө жыйынтыктарды массалык же системалуу негизсиз берүү учурларына жол берген чет мамлекеттердин шайкештигин баалоо (ырастоо) боюнча органдардын шайкештигин милдеттүү баалоо (тастыктоо) боюнча иштерди аткарууда өз ара аракеттенүү фактыларынын жоктугу;
- 1 жылдын ичинде мүчө мамлекеттин мыйзамдарынын же ченемдик документтердин (бирдиктүү тизмеге киргизилген продукция үчүн) же Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келбеген продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга алып келген шайкештикти баалоо (ырастоо) жөнүндө натыйжаларды негизсиз берүү учурларынын жоктугу;
- 1 жылдын ичинде аныкталган шайкештикти баалоо (ырастоо) жөнүндө натыйжаларды массалык жана (же) системалуу түрдө негизсиз берүү учурларынын жоктугу;
- Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө аккредиттелген ШБОну киргизүү жөнүндө маселени КАБдын кароосунун алкагында аккредиттелген ШБО берген материалдарда анык эмес же бурмаланган маалыматтардын жоктугу;
- юридикалык жактын, сертификаттоо боюнча органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамында Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптары боюнча жана Евразия экономикалык бирлигинин укуктарында каралган аларды жүргүзүү методикасына ылайык шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча иштерди жана сыноолорду/изилдөөлөрдү (өлчөөлөр) жүргүзүүнү камсыз кылуучу Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө киргизилген жана шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча иштерди жана улуттук аккредитациялоо системасында аккредиттелген өздүк сыноо лабораторияларынын (борборунун)/инспекция органынын болушу. Юридикалык жактын курамында сыноо лабораториясы (борбору)/инспекция органы жок болгон учурда же аккредитациялоо жаатындагы сыноо лабораториясында (борборунда)/инспекция органында сыноолорду/изилдөөлөрдү (өлчөөлөрдү) жана инспекцияларды жүргүзүүнүн зарыл көрсөткүчтөрүнүн же методдорунун жана жол-жоболорунун бөлүктөрү жок болгон учурда аккредиттелген ШБОдо аталган изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана өлчөөлөрдү, инспекцияны/контролду жүргүзүүгө улуттук аккредитациялоо системасында аккредиттелген жана Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө киргизилген башка сыноо лабораториясы (борбору), инспекция органы менен тиешелүү сыноолорду/изилдөөлөрдү (өлчөөлөрдү) жана инспекцияларды аткаруу жөнүндө 1 жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлгөн келишимдин болушу бааланат;
- субподряддык уюмдарга туруктуу негизде баалоо этабын өткөрүп бербестен сертификаттоонун бардык жол-жоболорун сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдын өз алдынча жүргүзүүсү;
- сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдын улуттук сертификаттоо системасында Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө чейинки 1 жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу.
15. Комиссия аккредиттелген ШБОну Бирдиктүү реестрге киргизүү жөнүндө оң чечим кабыл алган учурда КАБ Евразия экономикалык комиссиясына беш күндүк мөөнөттө кабарлоо жөнөтөт жана алар тууралуу маалыматтарды КАБдын жана ЕАЭБдин Интернет тармагындагы расмий сайттарында аккредитацияланган ШБО жөнүндө маалыматты жайгаштыруу жолу менен "Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо органдарынын (анын ичинде сертификаттоо боюнча органдарынын, сыноо лабораторияларынын (борборлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү" жалпы процессинин тышкы жана өз ара сооданын интеграцияланган маалыматтык системасынын каражаттары менен ишке ашыруудагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү регламенттөөчү тартипке ылайык берет.
16. Аккредиттелген ШБОну Бирдиктүү реестрге киргизүү же аларды Бирдиктүү реестрден чыгаруу же аккредиттелген ШБО жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу зарыл болгон учурда, КАБ маалыматты Евразия экономикалык комиссиясына ЕАЭБдин жалпы процессинин интеграцияланган маалыматтык системасы аркылуу берет.".